ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНДАРДЫ УЮШТУРУУ

  • 13.05.2022
  • 0

Барчын Абдылсакы кызы,
Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бүгүнкү күндө ар бир окуучунун башкаларга окшобогон өзүнүн көз карашы, ой чабыты, пикири, эң негизгиси, өзгөчө логикасы бар. Ар бир эле окуучу өзүндөгү бул куралды бир мертебе сынап көрүүнү каалайт. Ал эми окуучуларга бул мүмкүнчүлүктү жаратып берүү, аларда катылып жаткан белгилерди ачуу биздин иш-аракетибиз. Мектептерде жогорку класстар арасында интеллектуалдык оюндарды кандай өткөрүү керектиги тууралуу сиздерге маалымат беребиз.

Биринчи кадам: алгач оюн өтүүчү кең каананы тандап алыңыз. Ал каанада бардык командаларга көрүнүп туруучу чоң монитордун болуусу талап кылынат. Себеби суроолор дал ошол монитордон бардык командаларга көрүнүп туруусу керек. Ар бир команданын курамында алты оюнчу болушу керек.

Экинчи кадам: командаларга оюндун эрежелерин так жана туура түшүндүрүңүз. Командалардын баары бир эле учурда, бир суроого жооп беришет. Ар бир суроо оюндун алып баруучусу тарабынан монитордон так окулат. Андан кийин командаларга жооп берүү үчүн бир мүнөт убакыт берилет. Бул убакыт аралыгында мүмкүн болсо оюн каанасында секундомердин дабышы жаңырып турса жакшы болот. Бир мүнөттөн кийин командалар өздөрүнүн жообун алдын ала берилген баракчага жазып берет. Ал баракчада команданын аты да кошо жазылышы керек.

Үчүнчү кадам: бир мүнөттөн кийин командалардын жообун калыстарга алып келүүчү жардамчыны дайындап алыңыз. Ал жардамчы белгиленген мөөнөт бүткөн соң оюнчулар көтөрүп турган жооп баракчаларын жыйнап алып (кеч калган командалардын жооптору кабыл алынбайт), аны калыстар тобуна алып келет.

Төртүнчү кадам: калыстар тобун алдын ала шайлап алыңыз. Алар командалардын жооп берген жооп баракчаларын карап чыгып, ар бир туура жоопко бир упай берүү менен белгилеп барышат.

Бешинчи кадам: оюндун жыйынтыгында тең чыгып калган командалар болуп калуусу ыктымал. Андыктан беш суроо кошумча түзүп алганыңыз оң.

Эскертүү: оюндун кандай тартипте жүрүшүн YouTube аркылуу «МЕКТЕПТЕРДЕ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНДАРДЫ КАНДАЙ УЮШТУРУУГА БОЛОТ?» деген аталышта издеп көрсөңүздөр болот.

I ТУР (10 суроо)

  1. «Алладин» мультфильминин эпизоддорунун биринде Жафар султанга кат жеткирип, аны султанга окуп берет. Кызыгы, мультфильмдин ушул жеринде режиссёрлор бир ката кетиришкен. Суроо: Ал кандай катачылык?
  2. Бул эпизоддо катты окуп жаткан Жафардын көздөрү солдон оңго карай аракеттенет. А бирок анын көзү оңдон солго карай бурулушу керек эле. Себеби арабдар оңдон солго карай жазат.
  3. Тору Иватани ысымдуу бир жигит тамактануу үчүн ресторанга кирип, пицца буюртма берет. Официант анын алдына пиццаны алып келип койгондон кийин, Тору Иватани анын бир бөлүгүн жеп, калган бөлүгүн карап көпкө ойлонот. Жыйынтыгында ал бүгүнкү күндө көпчүлүгүбүзгө белгилүү болгон Хти ойлоп табат. Суроо: Х ордунда кайсыл сөз жашырылгандыгын айтыңыздар.
  4. Тору Иватани компьютер оюндарынын мурдагы дизайнери болгон. Ал Pac-Man жана Pole Position оюндарынын жаратуучусу.
  5. 1963-жылы Ливияда 75 кат ташуучу көгүчкөн өлүм жазасына өкүм кылынган. Бул өкүм өз убагында аткарылып, 75 кат ташуучу көгүчкөн өлтүрүлгөн. Кызыгы, ал көгүчкөндөр эч кандай кесел да болгон эмес. Ал тургай өз иштерин так аткарып жаткан болчу. Суроо: Андай болсо эмне үчүн ал көгүчкөндөр өлтүрүлгөн?
  6. Себеби алар контрабанда менен алектенген кылмышкерлердин көгүчкөндөрү болгон.
  7. Бул кесип ээлери башка адамдар өз ишин так аткарып жаткандыгына карабастан көп учурларда аларды шаштырып, сөгүп, ал тургай жек көрүшөт. Суроо: Сөз кайсыл кесип ээлери тууралуу болуп жатат?
  8. Айдоочулар.
  9. Франциянын аймагы Лотариндияда XV кылымда бир салт болгон. Ал салтка ылайык айылга сыйлуу конок келген учурда үй ээлери түн киргенде колдоруна таяктарды алып алышып, көлмөдөгү сууларды ургулоого мажбур болушкан. Суроо: Алар бул иш-аракеттерди эмне үчүн аткарышкандыгын айтыңыздар?
  10. Белгилүү болгондой көлмөлөрдө бакалар көп жашайт. Демек, үй ээлери бакалардын үнү уктап жаткан меймандын тынчын албоосу үчүн ушул иш-аракетти аткарышкан.
  11. Дүйнө жүзүндөгү эң семиз аюулар Аляскада жашашат. Изилдөөчүлөрдүн пикирине караганда, аюулардын семирип кетүүсүнө эки негизги себеп бар. Биринчиден, алар лосос балыктары менен азыктанышат. Лосос балыктары аябай майлуу болгондуктан, аюулар да семирип кетишет. Суроо: Сиздер экинчи себебин айтыңыздар.
  12. Аляскада аюуларды тез аракетке келтирүүчү табигый душмандары жокко эсе. Ал эми душмандын жокутугунан улам алардын кыймыл-аракеттери аз.
  13. Философ Виктор Франкл мындай дейт: «Бакыт ага окшойт. Сен аны канчалык кармап калууга аракеттенсең, ал ошончолук сенден узай берет. Ал эми көңүлүңдү башка нерсеге бурсаң, ал келип сиздин далыңызда тынч отурат». Суроо: Виктор Франкл бакытты эмнеге салыштырган?
  14. Көпөлөккө.
  15. Англиялык жазуучу жана драматург Агата Кристи мындай дейт: «Бир гана ушул кесип ээлеринде улам жылдар өтүп, аялы картайган сайын ага болгон махабаты күчөп барат». Суроо: Бул кайсыл кесип ээлери?
  16. Убакыттын өтүшү менен баалуу болгон ар кандай буюм-тайымдар кимдер үчүн баалуу болушу мүмкүн? Албетте, археологдор үчүн.
  17. Финляндиянын статистикасы көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө мамлекеттеги жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү кийиктерден улам келип чыгат. Суроо: Эмне үчүн мындай кырсыктар кыш мезгилинде көп
    болот?
  18. Себеби кыш мезгилинде жолдорго карды эритүү максатында туз себилет. Ал эми кийиктер туз жалаганы жолго көп чыгышат.
  19. 1962-жылдын 24-июлунда жарык дүйнөгө келген британиялык актриса Клео Рокос сиздер менен өзүнүн тажрыйбасын бөлүшөт: «Эгерде сиз кайсыл бир майрамдык кечеде коктейль ичип, өзүңүздүн ойлоруңуз менен жалгыз калгыңыз келсе, анда эч ойлонбостон дал ушул буюмду колдонуңуз». Суроо: Сөз кайсыл буюм тууралуу болуп жатат?
  20. Чоң шляпа. Мындай шляпалар, биринчиден, аралыкты сактоого жардам берет. Экинчиден, сиздин көздөрүңүздү маектешиңизден жаап-жашырып, бардык сүйлөшүүлөрдү токтотууга жардам берет.

II ТУР (10 суроо)

  1. Белгилүү актёр Георгий Вицин бардык унаалар эки топко бөлүнөрүн айтат: маданияттуу жана маданиятсыз болуп. Мисалы, трамвай жана метро – булар маданияттуу унаалар. Ал эми автобус менен автоунаалар маданиятсыз унаалардын тобуна кирет. Суроо: Андай болсо сиз шайтан араба бул эки топтун кайсы бирине кирерин себеби менен түшүндүрүп бериңиз?
  2. Шайтан араба маданияттуу унаалардын тобуна кирет. Себеби ал абаны булгабайт.
  3. Ар жылы декабрь айында АКШда чоң сынак уюштурулат. Кызыгы, дал ошол сынакта жеңишке ээ болгон нерсени ак үйгө алып келишет. Аны президенттин жубайы жеке өзү тосуп алат. Суроо: Сөз эмне жөнүндө болуп жатат?
  4. Жаңы жылдык балаты.
  5. Германиянын Дюссельдорф шаарында аллеяны кооздоо максатында дизайнерлер түн ичинде өзүнөн жарык чыгаруучу отургучтарды ойлоп табышкан. А бирок сейилдеп жүргөн адамдарга мындай отургучтар жага берген эмес. Себеби дизайнерлер кайсыл бир маселеге көңүл бурушкан эмес эле. Суроо: Сиз эмне үчүн ал отургучтарга адамдар отурбагандыгын айтыңыз.
  6. Себеби түн ичинде бардык чымын-чиркейлер жарыктын айланасына учуп келип, ал жерде отургандарга тоскоолдуктарды жаратышкан.
  7. Жакында doctor.ru деп аталган кыска аталыштагы сайт өзүнүн аталышын дагы да болсо кыскартуу боюнча чечим кабыл алды. Чындыгында, бир караган адамга бул сөздү мындан да кыска абалга келтирүү мүмкүн эместей сезилет. А бирок алар мунун да жолун табышты. Суроо: Сиз мага бул сайт кандай кыскартууга ээ болгонун айтыңыз.
  8. «03.ru».
  9. 1940-жылы курулган Пентагон имаратында ажатканалардын саны эки эсе көп. Суроо: Мунун себеби эмнеде?
  10. Ак жана кара денелүү адамдар үчүн өз-өзүнчө ажатканалар курулган.
  11. Эстониялык жазуучу Юхан Смуулдун бир чыгармасында камакканаларда убакыттын аябай акырын өтөрү айтылат. А бирок ушундай адамдар үчүн, жадагалса, камакканада да убакыт көз ачып жумганча өтүп кетет. Суроо: Кандай адамдар үчүн?
  12. Өлүм жазасына тартылуучу адамдар үчүн.
  13. Бүгүнкү күндө Жапониянын аэропортторунда жүргүнчүлөр жүк салынган баштыктарын жеңилирээк таап алуулары үчүн бир иш-аракетти жолго коюшкан. Суроо: Бул кандай иш-аракет?
  14. Алар жүк салынган баштыктарды түсү боюнча жайгаштырышат.
  15. Табышмак: желкеси бар, башы жок. Буттары бар, колу жок. Суроо: Бул эмне?
  16. Отургуч.
  17. Бир кесип ээси мындай дейт: «Менин ишим аябай оор. Анын үстүнө алган маянам да аз. Мындан да өкүнүчтүүсү бул жерде жумушту бир гана мен аткарамын. Ал эми калган адамдар эс алуу менен алек». Суроо: Бул кайсыл кесип ээси?
  18. Көр казуучу.
  19. Бул унаанын аталышы автоконструкторлор Петр Прусов жана ВАЗдын башкы конструктору Владимир Соловьевдин балдарынын ысымдарынан түзүлгөн аббревиатура болгон. Алардын балдарынын ысымдарына көңүл буруңуз: Наталья, Ирина, Вадим жана Андрей. Суроо: Сөз кайсыл унаанын түрү жөнүндө болуп жатат?
  20. Нива.

III ТУР (10 суроо)

  1. 1935-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарына тиешелүү болгон телефон маалыматнаамасында бул фамилияга ээ болгон 1024 адам катталган. Кызыгы, арадан он жыл өткөндөн кийин ал фамилия менен катталган адамдардын баары тизмеден жок болуп кетишкен. Себеби алардын көпчүлүгү өздөрүнүн фамилияларын өзгөртүшкөн. Суроо: Сөз кайсыл фамилия жөнүндө болуп
    жатат?
  2. Гитлер.
  3. Чуркоо боюнча мелдеште экинчи орунда келе жаткан спортчудан ашып кеткен адам канчанчы орунду ээлейт?
  4. Экинчи.
  5. 2011-жылы NASA өзүнүн космостук ракеталарын колдонуудан чыгарат. А бирок алардын космоско болгон учуулары улана берет. Кызыгы, мындан кийинки астронавт, космонавттарды даярдоодо алардын жадыбалына дагы бир илим кошулат. Суроо: Космостук учуулар ийгиликтүү улануусу үчүн астронавт, космонавттарга кошумча кайсыл илим окутула баштаган?
  6. Алар убактылуу Россиянын космостук ракеталарында учуп турушкан. Андыктан, алар орус тилин да үйрөнө башташкан.
  7. Белгилүү болгондой бир нече канаттуулар уя курууда түрдүү абалды эске алат: коопсуз, бийик, салкын. Ал эми дал ошол уяга түрдүү курт-кумурскалар жолобоосу үчүн алар уя куруп жатканда дал ушул чөптөн пайдаланышат. Суроо: Сиз ал чөптүн аталышын айтыңыз.
  8. Ырайхан.
  9. Скандинавиялык дастандардын биринде Норвегиянын алгачкы падышасы Харальддын апасы Рагнхильд Сигурдардоттир жөнүндө сөз болот. Ал уул төрөй элек мезгилинде үстү кызыл, ортосу жашыл, төмөн жагы кызыл болгон даракты түш көрөт. Ал көргөн түш төмөнкүчө жорулган: кызыл түс – Харальд көп күрөшүп, кан төгүүгө туура келет. Жашыл түс – жалбырактын түсү. Демек, Харальддын мезгилинде мамлекет гүлдөп-өнүгөт. Суроо: Андай болсо ак түс кандай чечмеленген?
  10. Ак түс дарактын үстүнөн орун алган. Демек, Харальд чач-сакалы агарып, көп жашайт.
  11. Сырдуу сандык! Борис Николаевич Ельциндин бою 1,87 м. болгон. Путин Владимир Владимировичтин бою 1,70 м. Дмитрий Анатольевич Медведевдин бою болсо 1,63 м. Кызыгы, тамашалуу кепке ылайык бул тартипте жетинчи президенттин бою 1,35 м. болуусу керек экен. Ал эми президенттер салыштырылган буюм азыр сандыкчанын ичинде. Суроо: Сандыкчада эмне бар?
  12. Матрёшка.
  13. Бир дарыгердин диета үчүн түзүп чыккан тизмесинде сизге төмөндөгү нерселер сунуш кылынат: малина, папайя, банан, капуста, кара өрүк, карагат жана кызылча. Дарыгер өзүнүн түзүп чыккан бул тизмесине Х деп наам берет. Суроо: Сиз дал ошол наамды айтыңыз.
  14. Күн желеси.
  15. Сырдуу сандык! 1960-жылдын башында фотограф Александр Геринас өзүнүн сегиз айлык кызын сүрөткө тартып, ал сүрөттү жаңы ачылган кондитер азыктарынын сырткы бети үчүн өткөрүлүп жаткан сынакка жөнөтөт. Кызыгы, ал сынакта дал ошол сүрөт жеңишке жетишип, аны биз бүгүнкү күндө да көп кезиктиребиз. Суроо: Сандыкчада эмне бар?
  16. «Алёнка» шоколады.
  17. Бул шаарда ылдамдыктын күчтүүлүгү турак жайлардын пайдубалын солкулдатуучу толкундардын күчү менен аныкталат. Суроо: Бул кайсы шаар?
  18. Венеция. Бул шаарда жергиликтүү тургундар моторлуу кайыктарда аракеттенишет.
  19. Сырдуу сандыкчанын ичинде турган предмет дыйкандардын басымдуу бөлүгүнүн бүкүрөйүп калуусуна чоң таасирин тийгизген. Ал эми орто кылымдарда бул нерсени деңиз согуштарында душмандын кемелеринин парустарын жана жабдыктарын жараксыз абалга келтирүү максатында колдонулган. Суроо: Сандыкчада эмне бар?
  20. Орок.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер