“INTELLECT SCHOOL” – МЕЗГИЛ МЕНЕН ТЕҢ ЖАРЫШКАН МЕКТЕП

  • 06.02.2024
  • 0

Бишкектеги “Intellect school” жеке менчик мектеби программалоо жана англис тили багытында билим берет. Бул билим уясынын ачылганына аз гана убакыт болсо да, окуучулары эл аралык сынактарда дайыма алдыда.

Мектепти Нарын облусунун алыскы Ак-Талаа районунан чыккан билимдүү, бийик максаттары бар, жаш педагог Жакшылык Матанов негиздеген. Алгач 2016-жылы  Intellect school билим берүү борборун ачып, командасы менен беш жыл ичинде аймактарда жыйырмадан ашык филиалын ачууга жетишкен. 2021-жылы гана өзүнүн балалык кыялына жетүүгө белсенген. Мектепте учурда 500 бала тарбияланат. 1-класстан 4-класска чейин мамлекеттик программа менен орус тилинде, 5-класстан тартып кембридждик билим берүү системасы менен окутулат.

Билим берүү тармагындагы жаңычылдыктар, тарбия маселеси, канткенде окууга кызыктырабыз деген теманын тегерегинде жаш педагогду кепке тарттык.  

“INTELLECT SCHOOL” – МЕЗГИЛ МЕНЕН ТЕҢ ЖАРЫШКАН МЕКТЕП

 Кыргызстанда мектеп ачуу кыйынбы?

– Албетте. Биринчиден, мен өзүм моралдык жактан даяр болсом да, материалдык жактан кыйналдым. Экинчиден, 500 баланын ата-энеси мага ишеним көрсөтүп, баласын тапшырып жаткандан кийин алардын ишенимин акташым керек деген маселе болду.

 Учурдагы эң керектүү эки багытты тандап алыпсыздар.

– Ооба, биздин мектепти бүтүргөн окуучу жашоого даяр болуп чыгышы керек деп эсептейм. Ал 5-6 тилде эркин сүйлөп, Java Script, Scratch Android программаларын мыкты өздөштүрүшү шарт. Бүгүнкү күндө булардын баары  — биздин замандын талаптары. Азыр окуучуларыбыз мобилдик тиркемени иштеп чыга алат, Photoshop, анимация да жасаганды үйрөнүүдө. Эмнеге англис тили деп көпчүлүк суроо берет, себеби англис тилин билген окуучу дүйнөлүк маалыматтын 98% кабыл алат, орус тилинде 2,5%, ал эми кыргыз тилинде болсо 0,02 пайыз. Эмнеге кыргыз тилинде 0,02 пайыз? Анткени дүйнөлүк деңгээлдеги маалыматтар, ошол эле кызыктуу, пайдалуу китептер, подкасттар кыргыз тилинде жок. Мисалы, Кембридждин бир китебин кыргызчалаткыча эле ал эскирип, жарабай калууда. Дүйнө тездик менен өзгөрүлүп жаткан маалда биз которуп жетишпей калабыз. Анан ачык эле айтышыбыз керек, кыргыз тилиндеги китептер сапатсыз. Кыргыз тилин үйрөтүүнүн мыкты делген ыкмалары азыркыга чейин иштелип чыккан эмес. Эгер дүйнөнү кубалайм десең кыргыз тилинде жетишерлик маалымат таба албайсың. Ошондуктан биз англис тилин тандадык. Мектепте 5-класстан тарта бардык сабактар англис тилинде өтөт. Бул кыргыз тилин унуттук дегенди билдирбейт, мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында пайдалуу, окуучуларды кызыктырган окуу куралдарды кыргызчалатып, ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Келечекте кыргыз тилдүү мектеп ачуу планымда бар.

“INTELLECT SCHOOL” – МЕЗГИЛ МЕНЕН ТЕҢ ЖАРЫШКАН МЕКТЕП

 Сиздин мектептеги мугалимдердин окутуу ыкмалары менен бөлүшсөңүз, эмнеге басым жасалат?

– Биз биринчи көңүл бурган нерсе — тарбия. Билимсиз, бирок адептүү адамга караганда тарбиясы жок билимдүү адам коом үчүн коркунучтуу. Экинчи максатыбыз – мезгил менен тең жарышкан, дүйнөлүк балдардан кем калбаган, аларга атаандаш окуучуларды чыгаруу. Балдарга күчтүү мугалимдер сабак берет. Ар бир класста мугалимден сырткары бир психолог, эки тарбиячы бар. Эмнеге бир класста мугалим, психолог, эки агай тарбиячыбыз бар деген суроо жаралышы мүмкүн. Анткени учурда толук эмес үй-бүлөлөр Кыргызстанда эле эмес коңшу өлкөлөрдө да көбөйдү. Ата мээримине муктаж балдар тарбиядан өксүбөсүн деген максатта сабакка аралаштырдык. Балдар эжейине айта албаган сырын агайына айтып жеңилдеп алат. Психолог мугалимге ар бир баланын өзгөчөлүгүнө жараша мамиле кылууну, кайсы багытта жетишкендиги менен иш алып барууга жардам берет. Мугалимдерибиз да өз кесибин мыкты билген адистер. Бул багытта Мугалимдер академиясы бизге көмөк көрсөтүүдө. Мындан сырткары, алыскы, жакынкы чет мамлекеттерден да педагогдорду чакырганбыз.

 Мугалимдер академиясы тууралуу айтып берсеңиз. Ага бардык эле мугалимдер катыша берсе болобу?

“INTELLECT SCHOOL” – МЕЗГИЛ МЕНЕН ТЕҢ ЖАРЫШКАН МЕКТЕП

– Мугалимдер академиясын Алмаз Бейшеналиевич менен биргеликте ачканбыз. Биздин мугалимдер ал жактан чеберчилигин арттырып, заманбап технологияларды сабакта колдонууну, жаңы усулдар менен иштөөнү үйрөнүшөт. Ал жерде эки жарым ай онлайн, жазгы каникул учурунда офлайн окуйт. Бардык эле каалоочулар алдын ала жазылып коюп катышса болот. Эстониядан, Финляндиядан мыкты лекторлор лекция окуп, тажрыйбасы менен бөлүшөт. Үч айга 18000 сом. Биздин мугалимдер бекерге көнүп алган, айылдан чакыртсак окубай койгон күндөр да болгон. Бекер нерсе жукпайт экен. Ошондуктан курс 18000 сом, ичине тамак-ашы, окуусу кирет. Учурда 230 мугалим окуп жатат.

“Адам билбеген нерсесине душман болот” деген түрктөрдүн жакшы макалы бар. Биздин мугалимдер жаңы нерсени кабыл алгылары келбейт экен. Окуу учурунда кээ бирлеринин оюн сурап, кызыксыз экен деген жоопторду уктук. Аларга билген нерсесин, мындайча айтканда, эски ыкманы бышыктап берсең, ошону сонун өттү дешет. Азыркы баланы окууга кызыктырыш үчүн өзүңө тартып, жаңы ыкмалар, жаңы технологиялар менен сабак өтүү зарыл. Жаңы нерсени үйрөнгүсү келбеген мугалимдин деңгээли баланын деңгээлинен да төмөн болуп калат. Анан алар кантип балага бир нерсе үйрөтөт?.. Мен үчүн бул түшүнүксүз.

 Байкашымча, ар бир окуучуну атынан билет экенсиз, класстар таза, тыкан, баары орду-ордунда…

– Ар бир иштин майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурам. Сабактарга кирем, ар бир окуучунун жетишкендиктерин билем, бул ата-энелер жана мугалимдер үчүн пайдалуу. Эгерде ата-эне баласынын кандай окуп жатканын сураса, окуучунун жетишкендиктери жөнүндө толугу менен айтып бере алам. Бизде жетекчи–мугалим–ата-эне байланышы абдан жакшы нукка коюлган. Ар ишембиде ата-энелерге бала тарбиялоодогу багыттар, аталардын ролу, сабактагы жетишкендиктери боюнча семинарларды өткөрүп турабыз. Психологдор ата-энелер менен да иштешет. Ата-энеге дагы, окуучуларга дагы талапты катуу коёбуз. Анан ар бир семинарга катышкан ата-энеге төлөмдөн жеңилдетүү беребиз. Бул да болсо ата-энени мектепке тартуунун, баласынын тарбиясына катышуунун бир амалы. Азырынча жыйынтыгы жакшы.

“INTELLECT SCHOOL” – МЕЗГИЛ МЕНЕН ТЕҢ ЖАРЫШКАН МЕКТЕП “INTELLECT SCHOOL” – МЕЗГИЛ МЕНЕН ТЕҢ ЖАРЫШКАН МЕКТЕП “INTELLECT SCHOOL” – МЕЗГИЛ МЕНЕН ТЕҢ ЖАРЫШКАН МЕКТЕП

Маектешкен Эльвира Какиева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер