ИНСАНДЫН СЕРГЕК ЖАШОО ОБРАЗЫНЫН НЕГИЗДЕРИ, СТРУКТУРАСЫ ЖАНА КАЛЫПТАНДЫРУУ БАГЫТТАРЫ

  • 25.03.2021
  • 0

Инсандын сергек жашоо образы – бул адам баласынын күнүмдүк жашоосунда тандалып алынган анын организминин резервдик мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө жана жакшыртууга арналган  көнүмүш иш-аракеттеринин тутуму катары таанылат. Аталган аныктаманын алкагында эки орчундуу жагдай бар. Биринчиси, адам баласынын саламаттыгы жана анын жетишээрлик деңгээлде чың болушу бала төрөлгөнгө чейин негизделээри жана, экинчиси, дээрлик көпчүлүк учурда мындай натыйжа бала чак кезекте калыптанаарын эстен чыгарбоо. Мына ошол себептен, мамлекеттин мыктылыгы өз жарандарынын ден соолугунун жакшы болушу, алардын ар түрдүү терс адаттарга берилбеши, эмгекке жана мекенди коргоого арналган жалпы даярдыктын жогору болушу ж.б.у.с. критерийлер менен мүнөздөлөт. Аталган критерийлер адам баласы жашаган жаратылыштык,  социалдык жана педагогикалык факторлордун таасири алдында өзгөрүүгө дуушар болуп турушат. Тилекке каршы, акыркы мезгилде бир катар кооптонууга негиз берүүчү тенденциялар пайда болду. Мисалы, бир катар илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларына таянсак жаңы төрөлгөн балдардын арасында ар түрдүү ооруларга чалдыгуу жана ара төрөлүү, тестиер балдардын өнөкөт оорулар менен көбүрөөк ооруганы жана алардын көрүү органдарынын, ашказан, кан-тамыр системасынын жабыркашы көнүмүш көрүнүшкө айлана баштады [1]. Анткени, жаш муундун дене чыңдоо, спорт менен машыгуу процесстерине тартылышы кескин азайып, алардын арасында тамеки тартуу, спирттик ичимдиктерди ичүү, жеңил желпи жүрүү учурлары жайылып, токсикомания жана наркомания көрүнүштөрү жайыла баштады.

Саламаттык менен байланышкан көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө эки фактордун тийгизген таасирлери  абдан чоң – бул айлана-чөйрөнүн ыгы жок булганышы жана адам баласы тандап алган жашоо образы [2,3]. Илимий изилдөөлөрдө экологиялык тазалыкты камсыздоо жана сергек жашоо образынын баркын жана баасын аңдап сезүү инсандык маданияттын бир бөлүгү катары мүнөздөлөт. Ошол эле учурда балдардын жана жаштардын саламаттыгын сактоо мектепке чейинки тарбия берүүчү мекемелердин, жалпы орто билим берүүчү уюмдардын жана үй-бүлөнүн бири-бири менен тыгыз иш алып баруусунан жана тарбия берүү вазийпасын аткарган мугалимдердин жана ата-энелердин сергек жашоо образын кармануусунан көз каранды экендигин баса көрсөткөн илимий изилдөөлөр жарык көрө баштады [2,4, 5].

Инсандын сергек жашоо образы өзгөчө структурага ээ [2]. Алардын катарына төмөндөгүлөр кирет:

  • адам баласынын өзүн-өзү жана айлана-чөйрөнү таанып билиши;
  • гигиеналык тазалыкты жана тийиштүү эрежелерди сактоого умтулушу;
  • жеке жана жетишээрлик көлөмдө кыймыл-аракет активдүүлүктө болушу;
  • күн нуру, муздак суу жана салкын аба менен денени чыңдашы;
  • туура жана рационалдуу тамактанышы;
  • оң эмоционалдык микроклиматка умтулган психо-гигиеналык аракетте болушу;
  • коомдо өкүм сүргөн моралдык оң жүрүм-турумду карманышы;
  • зыяндуу адаттарга берилбеши;
  • күнүмдүк турмуштагы коопсуздук эрежелерин сакташы;
  • өз алдынча билим алууга жана аны тереңдетүүгө умтулушу.

Инсандын сергек жашоо образынын калыптанышына  сырткы жана ички факторлор таасир тийгизет. Сырткы фактор катары жашоо процессин коштогон социалдык чөйрө, материалдык, жаратылыштык жана турмуш-тиричилик шарттары, коомдогу калыптанган маданият жана ошондой эле микро чөйрө кирет. Ал эми ички фактор катары адам баласынын инсандык муктаждык менен байланышкан каалоосу, жашоо тиреги катары карманган баалуулуктары, жеке мамилеси, дүйнө таануу өзгөчөлүгү жана  өзүн-өзү баалоосу таанылат.

Инсандын сергек жашоосун уюштурууда төрт деңгээлди ажыратып таануу маанилүү. Биринчи деңгээл – турмуш-тиричиликте жакшы жашоого багытталган материалдык жана социалдык негиздерди калыптандырууну талап кылат. Экинчи деңгээл – ар бир инсандын жеке өнүгүүсүн камсыз кылууну көздөп, анын билим алуу, коомдук иштерге аралашуу, саламаттыкты сактоо менен байланышкан спорттук иш-чараларга тартылышы менен мүнөздөлөт. Үчүнчү деңгээл – социалдык коммуникация маселелерине тийиштүү адистик, жолдоштук жана үй-бүлөлүк оң мамилелердин калыптанышын шарттайт. Ал эми төртүнчү деңгээл – энергетикалык сарптоолорду калыбына келтирүү менен байланышта болуп, тамактануу, жеке гигиеналык талаптарды так аткаруу, активдүү жана пассивдүү эс алууну уюштуруу маселелерин чечүүнү талап кылат.

Талданып жаткан проблеманын көп кырдуулугун жана татаалдыгын эске алып бул макаланын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мазмундук өзгөрүүлөрдү илимий-методикалык жактан негиздөөдө негизги ролду ойногон Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка, окуучу жаштардын сергек жашоо образын калыптандырууга багытталган иш-чараларына кыскача мүнөздөмө берип кетүү менен чектелүүнү тандап алдык. Аткарылып жаткан жумушту биздин оюбузча, эки багытка бөлүп караса болот. Биринчиси, мектеп билиминин алкагында орун алган дене тарбия жана спорт менен байланышкан мазмундук  реформаны жүргүзүү; экинчиси, ВИЧ-инфекция илдеттерин алдын алуу, сергек жана коопсуз жашоо образын калыптандыруу менен байланышкан программаларды иштеп чыгуу жана практикага киргизүү.

Биринчи багыт алкагында мектеп дене тарбиясы жана спорту менен байланышкан окуу процессинин максаты жана милдеттери заманбап талаптарды жана мүнөздүү тенденцияларды эске алуу менен такталганын белгилөө зарыл. Тийиштүү предметтик стандарт жана окуу программалары жаңы концептуалдуу негизде иштелип чыкты. Мектеп билиминдеги мазмундук реформанын өзөгүн окутуунун натыйжалуулугун камсыздоо менен байланышкан иш-чаралар түзгөндүгүн эсепке алып тийиштүү дене тарбия сабагы жана массалык физкультуралык-спорттук иш-чаралар ар бир окуучунун руханий калыптанышына, адептик-ыймандык тазалыгына жана физикалык жактан ар тараптан жетилишине багытталаары баса белгиленди. Аталган бийик максат — тийиштүү окуу-тарбия процессинин мазмунуна коюлуучу негизги талап катары таанылат жана ар бир окуучуну сергек жашоого, активдүү турмуштук позицияны карманууга жана тийиштүү билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү өздөштүрүүнү шарттайт. Түпкүлүгү мектеп дене тарбиясы предметинин программасын өздөштүргөн окуучу ата мекенди коргоого, үзүрлүү эмгектенүүгө жана өзүн-өзү турмушка даярдоо жана саламаттыгын контролдоо билгичтиктерине жана көндүмдөрүнө ээ болушу менен коштолгону маанилүү маселе катары таанылды.

Дене тарбия сабагынын мазмундук өзгөрүүсү мектеп билиминдеги жалпы мазмундук өзгөрүүгө үндөш уюштурулуп, тагыраак айтканда “натыйжага багытталган окутуу” көз карашын карманып, мектеп дене тарбиясында мурда орун алган практикадан айырмаланып бир катар базалык (метапредметтик) компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу, активдүү үйрөтүү ыкмаларын кеңири колдонуу жана окуу-тарбия процессинин жыйынтыгын баалоодо жаңы жана стандартташтырылган инструментарий-ыкмаларды сунуштоо негиз кылып алынды. Жогоруда аталган мазмундук реформанын өзөгүн дене тарбия процессин уюштурууда күтүлүүчү натыйжа катары “базалык” жана “предметтик” компетенцияларды калыптандыруу таанылды. Дене тарбия теориясында жана практикасында биринчи жолу окутуу жана тарбиялоо процессинин натыйжасы катары окуучунун “таанып билүү”, “мамиле кура билүү” (коммуникативдик) жана күнүмдүк турмушта кездешкен “проблемаларды чече билүү” компетенцияларын калыптандыруу маанилүү деп таанылды жана алар базалык (метапредметтик) компетенция иретинде аныкталды. Ал эми предметтик компетенциялар иретинде тийиштүү окуу программасында каралган кыймыл-аракеттерди, көнүгүүлөрдү аткара билүү, ылдамдык, ыкчамдык, чыдамкайлуулук, ийилчээктик жана күчтүүлүк менен байланышкан дене сапаттарын өрчүтүү, атайын иштелип чыккан нормативдик талаптарды аткаруу баса белгиленди. Аталган маселелерди чечмелеген мугалимдерге арналган методикалык курал даярдалып, билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилди жана кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде массалык тираж менен жарык көрдү жана башталгыч класстарга киргизилди.

Бирок жогоруда белгиленгендей, жаңылануу адистик билим берүүнүн баардык баскычтарында (баштапкы, орто жана жогорку адистик билим берүү) орун ала элек. Тилекке каршы, дене тарбия процессинде мазмундук жаңылануу жок деп айтсак болот. Анткени жогорку окуу жайлардагы дене тарбия сабагынын программасы акыркы жолу 2000-жылы иштелип чыккан. Ал эми баштапкы жана орто адистик билим берүү уюмдары үчүн тийиштүү документти иштеп чыгуу эгемендүү Кыргызстандын тарыхында колго алына элек. Андан да олуттуусу, физкультуралык-спорттук массалык жумушту уюштуруу жана аларды методикалык жактан камсыздоо маселелерин тейлеп келген “Жаштык” борбору мындай төрт жыл мурда министрликтин курамынан чыгарылган жана физкультура жана спорт агенттигине өткөрүлүп берилген. Аталган маселелерди жолго коюучу дене тарбия бөлүмү министрликтин курамынан эбак эле чыгарылып салынган. Натыйжада, билим берүү уюмдарындагы дене тарбия процессинин натыйжалуулугу кескин төмөндөөгө дуушар болду. Кээ бир жогорку окуу жайларда дене тарбия сабагынын саатын кыскартуу, спорттук залдарды башка максатта колдонуу, мамлекеттик стандарттын талаптарын эсепке албоо, дене тарбия сабагын экинчи сорттогу сабак катары баалоо орун ала баштады. Эң аянычтуусу жакында эле дене тарбия сабагын теориялык форматта өткөрүү, дене тарбия мугалимдерин окуу жүктөмүн ыгы жок жогорулатуу, мугалим/студент катышын аныктаган нормативдик талапты четке кагуу демилгеленди. Мына ушулардын баардыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29- январында жарык көргөн “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбия жөнүндө” Жарлыгынын түпкү маанисин түшүнбөө, керек болсо олуттуу мамиле кылбоо дегенди билдирет. Бул жагдай, кескин сындоону жана тартипке келтирүүнү талап кылат.

Экинчи багыт алкагында ВИЧ-инфекция илдеттерин алдын алуу, сергек жана коопсуз жашоо образын калыптандыруу маселелерин чечүү маанилүү деп эсептөө зарыл. Анткени, акыркы жылдары Кыргызстанда 15-29 жаштагы жаштардын аталган илдетти жуктуруп алуу фактылары кеңири орун ала баштаганы коомчулуктун көңүлүн бурууда. Жаштардын арасында тобокелчиликке негизделген жүрүм-турум, өзгөчө ийне сайып баңгичиликке, коргонуу чараларын көрбөй туруп жыныстык катнашууга баруу, сексуалдык өнөктөштөрдү тез-тез алмаштырып туруу сымал көрүнүштөр жайыла баштады. Атайын өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн тыянагына карасак, Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган адамдардын жалпы санынын 32% 15-29 жаштагы муунга, ал эми 7,8% — 14 жашка чейинки муунга таандык экендиги аныкталган [7,8].

ВИЧ-инфекциясынын кеңири жайылышына түздөн-түз таасир тийгизген факторлордун катарына жаштардын жашоо образы себепкер экенин белгилөө зарыл. Мына ошол себептен аталган илдет тууралуу толук жана объективдүү маалыматты таратуу, ар бир адамдын жеке жүрүм-турумуна жана анын калыптанышына жоопкерчилик менен мамиле кылуу сапаттарын тарбиялоого, тийиштүү жана ишенимдүү медициналык кызмат көрсөтүүнү жолго коюуга коюлган талаптар алдыңкы позицияга чыгышы шарт. Бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан төмөндөгү жумуштар колго алынганы белгилүү:

  • түрдүү билим берүү программаларын окуп үйрөнүүгө жана өздөштүрүүгө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
  • санитардык-гигиеналык жана сергек жашоо образдарын калыптандыруу менен байланышкан информацияларды так, ачык жана даана берүү;
  • ден соолукту чыңдоо, коопсуз жүрүм-турум, асоциалдуу жашоо образына жана түрдүү зыяндуу адаттарга каршы туруу демилгесин кеңири колдоо;
  • спорт, гигиена, сергек эс алуу менен байланышкан пайдалуу адаттарды өнүктүрүү жана ар тараптан колдоо;
  • билим берүү тармагында иштеген жана жогоруда аталган проблемаларга тийиши бар адистердин кесиптик потенциалын жогорулатуу;
  • укуктук-ченемдик жана методикалык базаны чыңдоо;
  • көп сектордуу ыкмага басым жасаган профилактикалык билим берүү жумушун колго алуу жана тийиштүү мекемелер жана адистер менен өнөктөштүк мамиле куруу.

Мектеп билиминде окуучулардын сергек жашоо маданиятын калыптандыруу маселелерин колго алуу зарыл. Класстан сырткары уюштурулуучу тарбиялык иштердин алкагында саламаттыкты сактоо жана ден соолукту чыңдоо маселелерин камтыган иш- чараларды уюштуруу милдеттендирилиши керек. Саламаттыкты сактоо, турмуш- тиричилик коопсуздугун камсыз кылуу маселелери бир катар сабактардын мазмунунда интеграция кылууну талап кылат. Алардын катарына “Дене тарбия”, “Аскерге чейинки даярдоо”, “Мекен таануу”, “Биология” ж.б.у.с предметтер кирет.

Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык жана бейөкмөт уюмдары менен биргелешкен иш-аракетинин натыйжасында жаштардын арасында жүргүзүлүүчү сергек жашоо образын калыптандырууга багытталган саясатын да калыптандыруу маанилүү. Сергек жашоо образын түптөө, окутуунун инновациялык технологияларын колдонуу аркылуу ВИЧ-инфекциясын алдын алуу менен байланышкан турмуштук көндүмдөрдү калыптандыруу, сергек жашоо маданиятын мүнөздөгөн информациялык жана практикалык багыттагы материалдардын топтомун аныктоо, аларды мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу процессине киргизүү жумушу улантылышы шарт. Жогоруда белгиленген проблемаларды чечүүнү көздөгөн эл аралык уюмдардын жардамы менен демилгеленген бир катар долбоорлорго карабастан, тилекке каршы, ВИЧ-инфекциясынын кескин төмөндөшү менен коштолгон жок. Биздин оюбузча, ага бир катар орчундуу объективдүү жана субъективдүү себептер таасир тийгизишти. Алардын негизгилери катары биз төмөндөгүлөрдү белгилейбиз:

  1. Жаштардын арасындагы тобокелчиликке негизделген сексуалдык жана “ийне сайынуу жүрүм-турумунун” кеңири орун алышы. Анын негизги себеби катары өлкөдө иштелип чыккан жана ишке ашырылып жаткан профилактикалык программалардын жетишээрлик деңгээлде эффективдүү эмес экендиги.
  2. Сергек жашоо маданиятын калыптандыруу менен байланышкан тематикалык билимдердин мектеп билиминдеги окуу-тарбия процессине милдеттүү түрдө интеграциялоо механизминин жоктугу жана мектеп мугалимдеринин бул багытта болгон умтулуусунун жетишсиздиги.
  3. Сергек жашоо образын калыптандыруу менен байланышкан профилактикалык программалардын дээрлик начар каржыланышы. Мындай абалдын негизги себеби катары өлкөдөгү оор экономикалык абалдын айынан тийиштүү иш-чараларды ишке ашырууга тартылуучу мугалимдердин эмгек акыларына жетиштүү деңгээлде финансылык каржы бөлүнбөй жатышы.
  4. Сексуалдуулукту, сексуалдык мамилелердин өзгөчөлүктөрүн жана коргонуу ыкмаларын мүнөздөгөн билимге карата коомдо тарыхый өңүттө калыптанып калган маданий, социалдык жана гендердик стереотиптеги көз караштын орун алышы. Мына ушул себептен бир катар окуу жана методикалык материалдардан тийиштүү темалардын чектелүүсү орун алып келүүдө.
  5. Билим берүү уюмдарынын жетекчилерин, башкаруу органдарынын, жалпы коомчулуктун жана ата-энелердин ВИЧ-инфекция жана СПИД илдеттери менен күрөшүү, аракечтик, баңгичилик, чылым чегүү менен байланышкан көрүнүштөрдү жоуюга болгон бекем көз карашынын жоктугу.

Жыйынтыктоо иретинде, сергек жашоо образын калыптандыруу ар бир атуулдун заманбап милдети катары таанылышын жана анын дене тарбия жана спорт иш-чаралары менен тыгыз байланышта экендигин, учурда олуттуу проблемалар катары ВИЧ-инфекция илдеттеринен, жеңил-желпи жүрүм-турумдан, аракечтиктен, баңгичиликтен жана тамеки чегүүдөн коргоонуу маселелери тургандыгын жана тийиштүү саясат, иш-чаралар ушул багытта уюштурулушу зарыл экендигин белгилейбиз.

Абакир Мамытов,

Кыргыз билим берүү академиясынын академиги,     педагогика илимдеринин доктору, профессор

Колдонулган адабий жана илимий булактар:

  1. Наши дети и мы. Информационный сборник. Составители Айтмурзаева Г.Т., Горкина В.А., Кутанова Р.А. – Бишкек, 2013.- 60с.
  2. Мамытов А., Иманбаев А. Основы здорового образа жизни. Учебное пособие для студентов. – Б.: 2007. -108 с.
  3. Виноградов Г.Н., Кульназаров А.К., Салов Ю.К. Теория и методика здорового образа жизни. Учебное пособие. –Алматы, 2004. -320 с.
  4. Жумакадырова Ч.Ж. Основы безопасности жизнедеятельности. Методическое пособие для учителей 5 класса.- Бишкек, 2014.
  5. Ден соолук. Медициналык энциклопедия. –Фрунзе, 1991. -456 б.
  6. Мамытов А. Саламаттыгыңды сактай бил. – Бишкек: УИА, 1996. – 200 б.
  7. Повышение эффективности программ по формированию здорового образа жизни подростков и молодежи Кыргызской Республики. Доклад А. Мамытова на региональной конференции “Образование для здоровья, развития и участия”. 3-4 декабря 2013 года. г. Киев. Украина. 2013.
  8. Национальная практическая конференция “Интеграция программ здорового образа жизни для подростков и молодежи в системе образования Кыргызской Республики. Бишкек, Отел “Хаят Реженси. 19 ноября 2013 года.
  9. “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жарлыгы. 2021 жыл. 29 январь. ПЖ №1

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер