ИННОВАТОР МУГАЛИМ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН, БАЛДАРДЫН ДИЛИН БИЛЕТ

  • 05.03.2022
  • 0

2021-жылдын 10-декабрында Бишкекте өлкөбүздүн ар түрдүү аймактарынан келген новатор мугалимдер жана кыраакы жетекчилер, билим берүү тармагындагы эксперттер/кеңешчилер, КББАнын адистери, Мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана педагогикалык адистерди кайра даярдоо боюнча республикалык институтунун кызматкерлери, долбоорду ишке ашырган топ катышкан тегерек стол өткөрүлдү.

Бул жыйын мектеп билим берүү системасында аралыктан окутуу маселелери боюнча ар ким өз оюн эркин айтууга  негизги аянтча болду. Талкуунун жүрүшүндө: Мектепте аралыктан окутуудагы “инновация” деген эмне? Билим берүү процессине инновацияларды киргизүүнүн кандай келечеги, тоскоолдуктары бар? Окутууда инновациялардын туруктуулугуна кантип жетүү зарыл? Санариптештирүү шарттарында өзгөрүлгөн мугалимдин ролу кандай? Новатор мугалимдерге кандай колдоо керек? Санариптешүү шартында мугалимдин орду жана кесипкөйлүгүн жогорулатуунун зарылдыгы кандай? Ушул сыяктуу маселелер талкууланып, катышуучулар мүмкүн болушунча аталган суроолорго жооп беришти.  «Таалим-Форум» коомдук фонду мектепте инновациялык ыкмаларды аралыктан окутууда колдонууда ыңгайлуу тажрыйба алмашуу жана ачык диалог түзүү үчүн атайын аянтча түзүп берүүгө умтулууда.  

ИННОВАТОР МУГАЛИМ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН, БАЛДАРДЫН ДИЛИН БИЛЕТ

COVID-19 пандемиясы дүйнө жүзүндөгү мектеп билим берүү системасынын бардык көйгөйүн ачыкка чыгарды. Айрыкча, санариптештирүүгө жаңыдан өтүп жаткан биз сыяктуу өлкөлөргө  кыйынчылык жаратты. Ошондуктан, аргасыздан мектептердин жабылышы жана аралыктан сабак окутууга өтүү мугалимдерге гана эмес, окуучулар менен ата-энелерге да бир топ машакат алып келди.

Мектептер карантинге жабылып, окуучулардын көбү телефон же компьютер менен жалгыз калды. Жаңы форматтагы  окутууну,  өзүн өзү уюштуруу, жекече окуу көндүмдөрүн окуучу жеке өзү өздөштүрүүгө аргасыз болду. Ата-энелер да стресс болбой койгон жок. Анткени өздөрү жумушсуз калып, бир же бир нече баласын кантип телефон менен камсыз кыларын, сабакты үйдөн окуу үчүн жакшы интернет менен кантип камсыз кылууну билбей бир топ кыйналышты. Баласы сабак окуганда ага жардам керектигин түшүнгөн ата-энелер мугалим сыяктуу баласына колдоо зарылдыгын байкашты. Бирок бала менен иштөөгө бардык эле ата-эне даяр боло албагандыгы көрүндү. Пандемиянын стресс жана психологиялык шарттарында баласы менен тил табышуу оор болду.

ИННОВАТОР МУГАЛИМ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН, БАЛДАРДЫН ДИЛИН БИЛЕТПандемия учурунда бардыгы шок абалга кабылды. Окуу жайлар жабылып, бүткүл билим берүү секторуна чакырык ташталды. Менин кесиптешим, университеттин профессору, анын ишмердүүлүгү ушу менен бүткөндөй ойго келди. Мындай акыбалга көпчүлүк кептелди. Бирок, канткенде да, мектеп билим берүсүндө эң жакшы иштер иштелди деген ойдомун. Ошондой  шок болгон учурлар болду”,-дейт эксперт Асылбек Жоодонбеков.

 Мугалимдерге кыйын болду. Тез аранын ичинде маалымат коммуникациялык технологияларды өздөштүрүүгө, жаңы окутуу форматына өтүүгө туура келди.  Ушуга байланыштуу мугалим мурда алып жүргөн айлык менен окутууга эки эсе көп убакытын сарптады. Натыйжада, айрымдар жумуштан кетип, калгандары жумуштун көптүгүнөн чарчашты. Бирок арасында жаңы окутуу жолдорун издеп, табылгалары менен бөлүшкөн мугалимдер да болушту.

“Бул технологиялардын баарын кыска убакыттын ичинде өздөштүргөн мугалимдерге чоң рахмат, ошондо биз «Zoom»  деген эмне экенин жана аны кантип колдонууну билбей турган учурубуз эле”,-деп айтты Уланбек Мамбетакунов, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти.

Кыргызстанда пандемиянын учурунда ыктыярчы мугалимдер, демилгечилер жана эксперттер пайда болушту. Жөнөкөй суроолордон  онлайн платформада сабак өтүүгө, алдыңкы методикаларга чейин жардам көрсөтүүгө даяр  мугалимдердин бирикмелери түзүлдү. 

Ютуб, Фейсбук жана башка платформаларда мугалимдер үчүн актуалдуу темалардагы сабактар, вебинарлар, талкуулар өтүп жатты. Алардын арасында пандемия учурунда Кыргызстандагы мектептердин миңдеген мугалимдерине жардам берген ийгиликтүү демилгелердин бири  —  бул “Онлайн Мектеп” платформасы, “Санарип Мугалим”, “EduMugalim”  ж.б. мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуучу курстар менен коомчулуктарды атап өтсөк болот. 

ИННОВАТОР МУГАЛИМ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН, БАЛДАРДЫН ДИЛИН БИЛЕТ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан да көп иштер аткарылгандыгын да баса белгилеп кетүү керек.  ТК сабактары, платформалар, тиркемелер түзүлдү, МКТ көндүмдөрүн өздөштүрүүгө мугалимдердин билимин жогорулатуучу курстар өткөрүлдү,  мектепте онлайн окутууга зарыл болгон башка контенттер да ишке ашырылды.  

Ошентип, COVID-19 пандемиясынын кесепетинен улам мектептердин жабылышы билим берүү тармагын санариптештирүү процессин тездетти жана айрым инновацияларды киргизди. Азыркы учурда Кыргызстандагы шаардык жана айылдык креативдүү мугалимдер аралыктан окутууну жигердүү колдонуу менен окутуунун инновациялык методдорун өркүндөтүп жатышат.

ИННОВАТОР МУГАЛИМ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН, БАЛДАРДЫН ДИЛИН БИЛЕТ“Аралыктан окутуу өзү эле инновация. Анткени ал көптөгөн тармактарды камтыйт. Инструменттерди колдонууда онлайн сервис платформаларын биз салттуу окутууда колдонуп жатабыз.  Бирок булардын да жаңыланууларын эске алышыбыз керек, ошондой эле технологияларды жана методикаларды айкалыштырышыбыз керек. Инновация бул өзү эле жаңылануу, жаңылык киргизүү. Бүт бардык чөйрөдө жаңыланууну киргизишибиз керек”,-дейт Кочкордогу Н. Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын тарых мугалими  Айзада Байбосунова.

Талкуунун жүрүшүндө педагогдор жана эксперттер окутууда жаңычыл методдорду жана алдыңкы тажрыйбаларды колдонгон мугалимдерди колдоо зарыл экендигине токтолушту. Санариптешүү доорундагы реалдуулук мугалимдин ролун кайра карап чыгуу зарылдыгын көрсөттү. 

ИННОВАТОР МУГАЛИМ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН, БАЛДАРДЫН ДИЛИН БИЛЕТБиз туура түшүнүшүбүз керек, бүгүнкү күндө бардык маселени чече турган адам – бул мугалим. Окуу китеби боюнча чоң конференция болуп, ошол жерде да айттым. Эгер мугалим жакшы болсо, китептин жаманы деле проблема эмес, аны өзү жакшыртып коёт. Мугалим жаман болсо, китептин жакшысы маселе чече албайт. Аны мугалим жаман колдонот, анын пайдасын көрө албайт”,-деди Алмазбек Токтомаметов, Республикалык педагогика боюнча адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору.

ИННОВАТОР МУГАЛИМ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН, БАЛДАРДЫН ДИЛИН БИЛЕТАл эми Нарын районундагы Оттук айылындагы Түгөл уулу Усупбек атындагы мектептин директору Казыбек Асылбековдун айтымында, заманбап мугалимдин ролу башка нукка бурулушу керек: “Бул жерде мугалим багыттоочу болуш керек, маалымат булагы эмес, жардам берүүчү ментор, кызматташ, практик болуш керек. Сөзсүз түрдө шыктандыруучу, окуучу менен биргеликте үйрөнүүчү болуш керек. Окуу процессинде окуучу менен бирге иш алып барышы керек. Өзү сынчыл ойлонгон жана окуучулардын сынчыл ойломун өнүктүрө билген, медиа жана санарип сабаттуу, көп тилдүүлүк дагы өтө мааниге ээ, анткени мугалим жаңы маалыматтарды, жаңы нерселерди өздөштүрүүдө тил билүүсү маанилүү. Толеранттуу жана креативдүү болушу керек.”

Окутууну башкарууну автоматташтыруу аркылуу мугалимдердин ишин бюрократиялык чеңгелден чыгаруу дагы маанилүү экени көрүндү. Новатор мугалимдердин керектөөлөрүн актуалдаштыруу, жетекчилик тарабынан жеңилдиктерди, сыйлыктарды берүү, категория ыйгаруу, атайын сыйлыктарды тапшыруу, ошондой эле мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүү зарыл экендигин баса белгилеп өтүштү. 

“Мугалимдер жалаң гана кагаз толтуруп отчет берип калган. Мугалимде бүгүнкү күндө креативдүүлүк азыраак. Кыргызстанда эки чоң нерсе бар экен. Дистанттык билим берүүдө, онлайн окутууда эң негизги критерий бар экен: Мугалим менен окуучунун отурактуулугу. Мугалим менен окуучунун жеке жоопкерчилиги. Бизде так ушул жок экен,”-деди эксперт Асылбек Жоодонбеков.

Нурдан Эшимканов, математика мугалими, Тамчы мектеп-гимназиясынын директору, Тамчы айылы, Ысык-Көл.

“Окутууда негизги ролду мугалим ээлейт.  Анткени мугалим сабактын режиссеру, сабактын дирижеру, сценаристи деп айта алам. Мугалим өзүнө максат коюп сабагын пландаса,  ошончолук жемиштүү, натыйжалуу, көркөмдүү болот.” 

Ошондой эле аралыктан окутуу маалында ата-энелердин жоопкерчилигин да күчөтүү, баалоонун заманбап системасы кайрадан иштелип чыгышы зарыл деген сунуштар айтылды.

Айзада Байбосунова, Н. Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын тарых мугалими, Кочкор айылы, Нарын:

“Эгерде салттуу окутууда мугалим, психолог да, тарбиячы, окутуучу да көп функцияларды аткарып жатса, аралыктан окутууда ата-эненин милдетин көтөрүү керек. Бул да өзүнчө жаңылануу. Ата-эненин милдети  азыр эске алына элек. Канчалык деңгээлде ата-эне аралыктан окутууда наблюдатель боло алат. Ошол милдетти ата-энеге милдеттендирүү керек. Анткени бала жасап жаткан иштерин, жыйынтыгын, иш продуктусун ата-эне да көрө билиш керек”.   

Аралыктан окутуунун нормативдүү укуктук актыларына өзгөчө көңүл бурулушу шарт. Анткени азыркы учурда алар жок, ошондуктан мектептерде кыйынчылыктар кездешет. 

ИННОВАТОР МУГАЛИМ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН, БАЛДАРДЫН ДИЛИН БИЛЕТСалкын Карыпова, “Креатив-Таалим” жеке мектебинин директору, Бишкек шаары:  

“Онлайн кошумча билим берүү уюштурулган. Бирок Улан Мамбетакунов да айтып кетти, биздин билим берүү мыйзамында аралыктан окутуу же болбосо онлайн окутуу, онлайн мектеп деген дээрлик каралган эмес экен, демек бул жагынан да реформаларды талап кыла тургандыгын Алмазбек Даткабекович да айтып кетти. Биз күтүүдөбүз.”

Мугалимдердин компетенцияларын жогорулатууга көңүл буруу зарыл, жумушта туш болгон стресс маалында сезимдерин башкара алууда бул өтө маанилүү. 

ИННОВАТОР МУГАЛИМ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН, БАЛДАРДЫН ДИЛИН БИЛЕТЧынара Өмүркулова, эксперт, мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча адис: 

“Балдарга психолог керек деп айтабыз, бирок эмоционалдык чарчоодон сактоо үчүн мугалимге дагы колдоо керек. Кесипкөйлүгүн жогорулатуу курсунда стрессти башкаруу боюнча иш жүргүзүлүшү керек”. 

ИННОВАТОР МУГАЛИМ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН, БАЛДАРДЫН ДИЛИН БИЛЕТ

Ош шаарындагы “Олимп” мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Тайыр кызы Нургул офлайн шартка толук өткөндөн кийин да, онлайн сабактын элементтерин толук сактап калуу керек дейт: “Онлайн элементин алдыга сүрөп бараткан новатор мугалимдерди дагы издеп, аларга дагы колдоо көрсөтүп, иш тажрыйбаларын жайылтышыбыз керек  ошондо гана билим берүүнү бийиктиктерге алып чыга алабыз”. 

ИННОВАТОР МУГАЛИМ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН, БАЛДАРДЫН ДИЛИН БИЛЕТ

Ал эми Баткендеги Бүргөндү айылындагы мектептин информатика мугалими Асылбек Мадалиевдин айтымында, онлайн окуу офлайн окуу даражасынан дагы алдыга чыгат: “Онлайн окутууну кадимки окуу процессинде колдонуп калабыз. Онлайн окуу шаарда эң алдыңкы окуган бала менен айылдагы эң төмөн мектепте окуган баланын билим алуу деңгээлинин темпин бирдей кылат”.

Нурдан Эшимканов, Жети-Өгүз районундагы Тамчы мектеп-гимназиясынын директору, математика мугалими: “Аралыктан окутууда эң биринчи мугалимдин  квалификациясын көтөрүү зарыл. Билимин көтөрүп, кандай гана шартта болбосун, мугалим даяр болушу керек… Администрация тараптан колдоо керек. Эгер мугалимге эркиндик  берип, семинарларга катышуусуна, материалдык жактан болобу, шарттар түзүлүп берилсе, ал мугалимге чоң колдоо болмок.”

Жазгүл Акматова, № 5-мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, тарых мугалими, Талас шаары:  

“Келечекте  мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу курсунда бир эле предметти эмес, ошо предмет менен бирге компьютердик курсту кошуп окутууну киргизиш керек. Мисалы тарых сабагын окуткан мугалимге тарых предмети менен бирге компьютердик курсту окутуу зарыл. Келечекте мугалим компьютер менен иш жүргүзөрү анык.”

 Тегерек столдун видеосун төмөнкү шилтемеден көрө аласыз:

https://www.youtube.com/watch?v=GT9J1ikkRrE&t=29s ИННОВАТОР МУГАЛИМ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН, БАЛДАРДЫН ДИЛИН БИЛЕТ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер