ИЛИМИЙ КАДРЛАРДЫ КАНТИП ДАЯРДАЙБЫЗ?

  • 18.06.2021
  • 0

Мезгил деми

9-июнда Билим берүү жана илим министрлиги өткөргөн “Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун актуалдуу маселелери” аттуу семинарда ОшМУнун аспирантура бөлүмүнүн башчысы доцент Гүлжамал АНАРБАЕВА “Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо: абалы, көйгөйлөрү, келечеги (ОшМУнун мисалында)” деген темада баяндама жасады. Жыл сайын Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиктин ар жылы чыгарылуучу рейтингинде Кыргызстандын окуу жайларынын арасында ОшМУ илимий ишмердикти баалоо ж.б. көрсөткүчтөр боюнча 1-орунду ээлеп келет. Албетте, университеттин алдыга озуп чыгышына мурунку ректор, маркум Каныбек Исаковдун менен азыркы жетекчиси Кудайберди Кожобековдун ролу чоң экендиги белгилүү. Окуу жайдын бул жааттагы ийгилигинин сырларын билгиси келгендерге баяндамадан ушул келкини окуп көрүүнү сунуштайбыз.

Ош мамлекеттик университети  билим берүү менен биргеликте илимдин жана маданияттын да борбору катарында  жооптуу жана сыймыктуу милдетти аркалап келет. 80 жылдан ашуун  тарыхында окуу жайдын илимий ишмердүүлүгүндө илимдин түрдүү багыттары боюнча маанилүү жыйынтыктар алынып, сандык жана сапаттык жогорулоо болгондугун белгилөөгө болот.

Аспирантура  бөлүмү университеттин илимий деңгээлин өнүктүрүү максатында комплекстүү иш-аракеттерди ырааттуу жүргүзүүдө.

Аспирантуранын жана докторантуранын ишмердигин жөнгө салуучу ченемдик документтер иштелип чыгып, сапатты жогорулатуу иштери ырааттуу аткарылып келет. Аспиранттардын кирүү сынактарын, иш-милдеттерин,  окуу процессин,  кандидаттык сынактарды тапшыруусун, аттестациядан өтүүсүн, илимий изилдөө жумуштарын  ж.б. иш-аракеттерди уюштуруу жогорку деңгээлде натыйжалуу  уюштурулуп, өткөрүлүүдө.

 Эл аралык, республикалык, аймактык конференциялар, семинарлар түрмөк-түрмөк болуп үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Аспиранттар, изденүүчүлөр жана илимдин жаш талапкерлери үчүн “Илимий изилдөөлөрдүн негиздери”, “Изилдөө иштерине киришүү”, “Илимий изилдөө иштеринин методологиясы”, “Илимий иштерди баалоонун жаңы критерийлери”, “Web of sсience, Scopus системалары аркылуу илимий эмгектерди жарыкка чыгаруу” ж.б. темалардагы тренинг-семинарлар үзгүлтүксүз уюштурулуп турат. Жаш окумуштуулар мектебинин жайкы 3 күндүк тренинг-семинарлар түрмөгү ОшМУнун “Ак-Буура” эс алуу борборунда жыл сайын өткөрүлөт.

Студенттик илимий-изилдөө иштерин уюштуруу, өткөрүү, көзөмөлдөө жана координациялоо иш-аракеттери да аткарылып келет. Университетте 2014-жылдан бери Аспирантура бөлүмү тарабынан “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу аймактык илимий-практикалык конференция үзгүлтүксүз ийгиликтүү өткөрүлүп, анын материалдары “ОшМУнун жарчысы” илимий журналынын атайын сандарында жарыяланып жатат. Түштүк аймагындагы жогорку окуу жайлардын арасында 2008-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан аймактык олимпиадада ОшМУнун студенттери дайыма 1-орунду алып келүүдө.

Биздин бөлүм “ОшМУну 2019-2024-жылдары өнүктүрүү концепциясындагы” илимий ишмердикти өнүктүрүүнүн перспективдүү багыттарын жүзөгө ашыруу, эл аралык илим мейкиндигине интеграциялануу багытында ырааттуу кадамдарды жасап келет.

ОшМУда илимий ишмердиктин деңгээлин жогорулатуу максатындагы аткарылып жаткан стратегиялык иш-аракеттер:

илимий изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн лабораториялардын материалдык-техникалык базасынын системалуу өнүгүүсү;

илимий багыттагы иш-аракеттердин комплексинин – илимий конференциялардын, семинарлардын, симпозиумдардын, конгресстердин ж.б. үзгүлтүксүз өткөрүлүшү;

илимий мектептердин өнүгүүсү;

эл аралык илимий кызматташтыктын өнүгүүсү;

түрдүү илимий гранттар менен иштөө ж.б.

Илимий ишмердикке материалдык түрткү

Айлык акы ырааттуу түрдө жогорулатылып турат, 13-айлык толук берилет;

Аспиранттардын илимий жетекчилерине (ОшМУда иштебеген илимий жетекчилерге да) акы төлөнүп берилет;

Илимий сапарлар каржыланат;

Окутуучуларга Scopus, Web of Science системаларынан жарыкка чыккан илимий эмгектери үчүн акчалай сыйлыктар берилет;

Мыкты илимий эмгектердин конкурсунун жеңүүчүлөрүнө, автордук күбөлүктөрдүн, патенттердин авторлоруна акчалай сыйлык берилет;

Диссертация жактап жаткан окутуучулардын сапар чыгымдары төлөнүп берилет;

Кандидаттык диссертацияларын коргогон окутуучуларга 50 000 сом, доктордук диссертацияларын коргогон окутуучуларга 100 000 сом акчалай сыйлык берилет;

Илимий изилдөө иштери ички гранттардын эсебинен каржыланат.

 Аспирантуранын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ички сунуштар:

кафедраларда сапаттык көрсөткүчтү жогорулатуу;

жаштарды илимий изилдөө иштерине тартып, аспирантурадан окутуу;

тиешелүү кафедралардын аспиранттар менен болгон байланышын күчөтүү;

 илимий жетекчилердин жоопкерчилигин күчөтүү;

 аспиранттарды илимий мектептердин алкагында даярдоого басым жасоо;

 илимдин актуалдуу тармактары боюнча аспирантура ачууну улантуу;

 диссертациялардын темаларын тандап алууда илимдин артыкчылыктуу багыттарын, илимий изилдөөлөрдүн өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган салымын эске алуу;

 аспиранттардын чет өлкөлүк окуу жайларга, илимий мекемелерге илимий сапарларга барып турушуна кам көрүү.

Аспирантура системасын реформалоо үчүн тийиштүү ченемдик-укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду сунуштап жатабыз:

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” №92 мыйзамы,        2003-жыл, 30-апрель,

Кыргыз Республикасынын «Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө” № 103 мыйзамы, 2017-жыл, 16-июнь,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жыл, 16-июлдагы № 327 токтому менен бекитилген Жогорку аттестациялык комиссиянын “Кыргыз Республикасында илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жөнүндөгү ЖОБОсу”;

Аспирантурада илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун программасын расмий киргизүү.

Бөлүшүү

Комментарийлер