ИЛИМДИН ЭКИ ЧЫГААНЫ

  • 30.07.2021
  • 0

РОМАН ОМОРОВ

Артка кылчайсак, ал 1973-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун аяктап, «Автоматика жана телемеханика» адистигине ээ болгон. «Средазавтоматика» өндүрүштүк конструктордук бюродо ишин баштап, кийин «Автоматика жана телемеханика» кафедрасында мугалим болуп иштеген. 1979-жылы Ленинграддагы так механика жана оптика институтунун аспирантурасына тапшырып, 1985-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган. 1990-жылы ошол эле институттун докторантурасына кирип. 1993-жылы «Техникалык системаларды башкаруу» адистиги боюнча докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Жазган илимий эмгектери ата мекендик жана дүйнөлүк басма сөздө жарыяланган. Кыргыздын илимпозу көпчүлүктүн катарынан күлүктөй бөлүнүп чыгып, өзү тандап алган багытта фундаменталдуу эмгектерди жаратты.

ИЛИМДИН ЭКИ ЧЫГААНЫ

Элине эмгек өтөгөн окумуштуу 2015-жылы өлкөбүздүн окурман журтуна дагы бир бараандуу эмгегин тартуулады. Бул «Интеллектуалдык менчик» аттуу орус жана кыргыз тилинде өз-өзүнчө 30га жакын басма табак көлөмүндө чыгарылган китептери. Сөз башында эле айтып коюш керек, бул инновациялык китептер базар мамилелери шартында атаандаштыкка жарамдуу болууну көздөп отурган кыргыз коому үчүн аба менен суудай керек эмгектер. Азыркы 21-кылымда турмуштун баардык сфераларында ойлоп табуучулукту, интеллектуалдык инновациялык ишмердикти туу кылып жашаган өлкө гана мезгил менен тең кадам шилтеп, жаңы горизонтторго чыга алат, Ошол үчүн кыргыз, орус тилдеринде жарыяланган аты аталган китептер жалаң эле ойлоп табуучуларга, авторлорго, чыгармачыл инсандарга, окумуштууларга, патент кызматкерлерине, юристтерге гана эмес, өзүнүн жана өлкөсүнүн келечегин курам деген ар бир жаш адамга, ар бир жаранга, окуучуларга жана студенттерге, ар бир жетекчиге керек. Мындай уникалдуу китеп өлкөбүздө кыргыз тилинде чоң көлөмдө биринчи жолу Роман Оморовдун колунан жаралып отурат. « Интеллектуалдык менчик» — бир эле учурда фундаменталдуу эмгек, окуу китеби да, кайталангыс маалымдагыч, ошону менен бирге интеллектуалдык менчик жөнүндөгү өзүнчө бир энциклопедия, билимди, кругозорду, компетенттүүлүктү өстүргөн табылгыс агартуу куралы.

Интеллектуалдык менчик деген эмне? Ойлоп табуу деген эмне? Роционалдык сунуш деген эмне? Патенттик укук, автордук укук, чектеш укук деген эмне? Китептен ушуга окшогон ондогон, жүздөгөн, андан да көп, толгон-токой маселелердин теориясын жана практикасын кыска, нуска чечмелөөлөргө күбө болуп, окурман кызыкка батат. Кенен айтканда, бул китепте интеллектуалдык менчик обьектилерин укуктук коргоо тармагындагы негизги түшүнүктөр жана анын жоболору, теориялык жана практикалык багыттары каралган.

Окурман эмгектен интеллектуалдык менчик институтунун Европада жаралыш тарыхынан, анын ичинде патент укугунун жана автордук укуктун пайда болуу таржымалынан, интеллектуалдык менчиктин обьектилери эмнеден жана кайсындан турарынан, интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунан, анын эл аралык органдарынан кабар алып, эң керектүү түшүнүктөргө жана кругозорго ээ болот. Эмгекти улам барактап окуган сайын окурман «интеллектуалдык менчиктин» түрлөрүнүн жана обьектилеринин деталдаштырылып чечмеленгенине күбө болуп жүрүп отурат. Интеллектуалдык менчиктин укуктук аспектилери жөнүндө кеңири түшүндүрмөлөргө туш болобуз. Китептин «Интеллектуалдык менчикти жаратуудагы жана пайдалануудагы экономика жана маркетинги» аттуу бөлүмү да кызыктуу, терең жазылган. Эмгек теорияга, практикага жана мыйзамдык-укуктук, так документалдык базага негизделип, дүйнөдөгү жана кыргыз республикасындагы интеллектуалдык менчиктин тажрыйбасына таянып жазылган. Окурман үчүн эң пайдалуу жана жаңы нерсе, китепте Кыргызстандагы салтык билимдер жөнүндө түшүнүк берилип, ошол биздин салтык билимдерибизди коргоонуп укуктук чаралары көрсөтүлгөн. Бул бөлүм көп нерселерге биздин көзүбүздү ачат жана абдан баалуу.

Роман Оморовдун «Интеллектуалдык менчик» китеби ушундай мазмундуулугунан жана кызыктуулугунан, керектүүлүгүнөн улам 2015-жылкы биринчи чыгарылышында бат эле окурмандарга жана китепканаларга тарап, дукен текчелеринде калбай калды. Автор 2016- жылы суроо-талаптарды, турмуш муктаждыктарын эске алып, «Интеллектуалдык менчикти» экинчи жолу бастырып жарыкка чыгарды. Бул фактынын өзү китептин коом үчүн маанилүүлүгүн жана келечеги кең экендигин күбөлөйт. Бул китеп ойлоп табуучулардын, интеллектуалдык күчтөрдүн, патент кызматкерлеринин, жалпы эле чыгармачыл, кайсы тармакта болбосун жаңылык жаратам деген адамдын үстөл китеби болорунда шек жок. Буюрса, бул китептен республика бай түшүм жыйнайт деген үмүттөбүз.

Роман Оморов аталган китеби менен өзүнүн окумуштуулук жана аттуулдук жүзүн дагы бир жолу жарк эткизип көргөздү десек жаңылышпайбыз.

Роман Оморов бүгүн Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, техника илимдеринин доктору, профессор, УИАнын мүчө-корреспонденти, Эл аралык жана Кыргызстандын инженердик академияларынын академиги, Нью-Йорк илим академиясынын анык мүчөсү, 333-төн ашык илимий жана окуу-методикалык эмгектердин автору, синергетика жана башкаруу системалары, инноватика жана интеллектуалдык менчик тармактары боюнча илимпоз адис. Азыркы учурда «Евразиялык патенттик уюмунун патенттик ведомстволорунун биринчи башчыларынын эл аралык коомдук кеңеши» Коомдук бирикмесинин төрагасы. ИМДУнун (2003-ж.) ЕАПУнун (2006-ж.) В.И.Блинников атындагы Алтын медалдардын ээси. Р.Оморов Улуттук илимдер академиясынын академиги наамына толук татыктуу.

ТӨЛӨБЕК АБДРАХМАНОВ

Көрүнүктүү тарыхчы, окумуштуу Төлөбек Абдырахмановдун изилдөөлөрүнүн, китептеринин аттарына эле байкоо салып көрөлүчү: “Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясатынын негизги этаптары”, “Идеология образования: Что имеем?” “Өлкөнүн жогорку билим берүүсүнүн структурасын модернизациялоонун актуалдуу маселелери”, “Многоуровневая система подготовки специалистов как ключевой фактор в интеграции образовательных программ стран СНГи ШОС”, “Почему необходимо акционировать Вузы Кыргызстана”, “Мектеп – өлкөбүздүн билим берүү системасынын фундаменти”, “Проблемы финансирования высшего образования в контекста Болонского процесса”, “Переходные процессы и особенности демократического транзита Кыргызстана” (Бишкек, “Maxprint” басмасы, 2013), “Кыргызстандын жана дүйнөнүн билим берүү системалары XXI кылымда: реформалар, тенденциялар, проблемалар” (Бишкек-“Maxprint” басмасы, 2013), “Анотомия политического кризиса”, “Кыргызстанская модель постсоветского развития”, “Трофейная” экономика транзитного Кыргызстана: где выход?” ж.б.

ИЛИМДИН ЭКИ ЧЫГААНЫ

Мурда ЖОЖдо көпчүлүктүн арасында көп деле билинбей жүргөн окутуучунун күтүүсүздөн жогорудагыдай үлкөн, кең кулачтуу, глобалдуу маселелерди биринин артынан бирин көтөрүп, басма сөз аренасына чыгышы, чыкканда да ошол чоң, чоң проблемаларды терең аналитика менен түбүнөн түрө талдап, масштаб менен ишеничтүү жазышы Төлөбек Абдырахмановдун жана айтылгандай, көп жылдар бою илимий-интеллектуалдык, коомдук күжүрмөн ишке өзүн катуу даярдагандыгын, көөдөндөгү көрөңгөсүнүн, тула-боюндагы тубаса кудурет-талантынын күчтүү экенин айгинелеп койду. Бүгүнкү күндө Төлөбек Абдырахманов коюу чаңдан күлүктөй бөлүнүп чыккан, илим-билим, тарых сферасында кадимки “Тайторудай” жүгүргөн (“Манас”), өлкөбүздүн окуу-тарбия системасынын лидерлеринин бири. Биз аны республиканын ири окуу жайынын ректору болгону үчүн гана эмес, өзүнүн нукура илим-билими, интеллектуалдык даярдыгы, ой жүгүртүүсүнүн озгундугу боюнча лидер деп эсептейбиз.

Ой жүгүртүүсүнүн озгундугу дегенде, мына муну айтып өткүбүз келет. Мисалы, жогорудагы аты аталган “Переходные процессы и особенности демократического транзита Кыргызстана”, “Кыргызстандын жана дүйнөнүн билим берүү системалары XXI кылымда: реформалар, тенденциялар, проблемалар” аттуу китептеринде кыска айтканда, бир коомдук системадан экинчи коомдук системага, бир жээктен экинчи жээкке өтүп жаткан эгемендүү Кыргызстандын 20 жылдык демократиялык өткөөл доорунун кризистүү, драмалуу социалдык-саясий, социалдык-экономикалык бейнеси жана билим берүү реформасынын карама-каршылыктуу картинасы тартылып берилет. Бул жерде биздин белгилейли дегенибиз, мына ошол татаал социалдык динамиканын “портретин” тартууда жана талдоодо Т.Абдырахмановдун дүйнө таанымынын, дүйнө көрүүсүнүн бийиктиги, саясий кругозорунун кенен-чонондугу интеллектуалдык, социомаданий камылгасынын тереңдиги, ой чуркатуу чабытынын кең кулачтуулугу болуп отурат. Автордун мындай артыкчылыгы транзит мезгилиндеги кыргыз социумунун тагдырына дүйнөлүк геосаясий, демократиялык процесстердин контекстинен жана эл аралык билим берүү мейкиндигинин ыңгайынан серп таштап, ынанымдуу талдоолорду, чечмелөөлөрдү, жалпылоолорду, конструктивдүү сунуштарды бере билгендигинен ачык көрүнүп турат.

Китептеринде, эмгектеринде, макалаларында Т.Абдырахманов Кыргызстандын билим берүүсүн реформалоонун жолдорун, билим берүүнүн мындан аркы келечегин, ийгилигин эмнеден көрөт? Кенен алганда, билим берүүнүн келечегин Т.Абдырахманов XXI кылымдын постиндустриалдык-маалыматтык мүнөздөгү жагдай — шарттарына ылайык келген, ошону менен бирге кыргызстандын спецификасын эсепке алган жаңыча билим идеологиясын жана философиясын иштеп чыгуудан, көп тепкичтүү окутуу системасынын чындап, толук кандуу ишке чегилишинен, өлкөнүн билим берүүсүнүн эл аралык мейкиндикке интеграцияланышынан, билим берүү долбоорлорунун илимий-изилдөөлөрдүн натыйжаларына негизделип түзүлүшүнөн, илим-билимди, интеллектуалдык ресурсту – мекендин социалдык-маданий, экономикалык, илимий-техникалык, өнүгүүсүнүн локомотиви катары эсептеген мамлекеттик саясаттын активдүү жүргүзүлүшүнөн, бала бакча, мектеп, ЖОЖ аттуу институттардын биринин ишин бири улаган өз ара тыгыз ишкердүү байланышынын жолго коюлушунан, мектеп билиминин профилдешишинен көрөт. Ошондой эле, билим берүүнүн перспективасын жогорку окуу жайларына көбүрөөк экономикалык эркиндиктин берилишинен, алардын билим тармактары боюнча диверсификацияланышынан, диференцияланышынан, ЖОЖдордун көп каналдуу финансылык булактарга жетишишинен, административдик-бюрократиялык тушамыштардан бошотулушунан, акционерлештирилишинен, алардын рынок мамилелеринин чыныгы субъектилерине айланышынан, билимдин мазмунунун заманбап модернизацияланышынан, билимди баалоонун инновациялык технологиясынын кабыл алынышынан, окуучунун, студенттин инсанын, ой жүгүртүүсүн, өз алдынчалыгын, компетенттүүлүгүн, ички маданиятын, улуттук-этникалык иденттүүлүгүн өнүктүрүүгө басым койгон педагогиканын жигердүү иштешинен көрүп турат. Чынында эле, ушундай стратегиялык идеялардын жана багыттардын жолуна чындап түшсө, анда Кыргызстандын билим берүүсү ырасында, жемиштүү да, жеңиштүү да болор эле демекчибиз.

Жыйынтыктап айтканда, илимий-интеллектуалдык, аалымдык-агартуучулук сөзү менен да, реалдуу атуулдук күжүрмөн иши менен да айланасына аттын кашкасындай таанылып, алдыга суурулуп чыккан, өзүн ар дайым жөнөкөй, калыс, адамгерчиликтүү нарк менен алып жүргөн, жалпы улуттук, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө билген Төлөбек Абдырахмановдой мекенчил уулдун, билим берүүдө алысты көргөн жаңычыл жетекчинин бар экени кубандырбай койбойт. Ал Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти деген наамга татыктуу.

Советбек БАЙГАЗИЕВ,
Филология илимдеринин доктору, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер