ИЛИМДИН, БИЛИМДИН СУЛТАНЫ

  • 23.09.2022
  • 0

 

(Академик, Кыргыз Эл мугалими Султан Мамбеткалиевдин 80 жылдыгына карата)

Жусуп Баласагын байырлаган Сары-Өзөн Чүй байыртадан эле билим  казынасынын ордосу болуп, өрөөндүн чыгыш тарабындагы «Бурана» мунарасы, Кегети капчыгайы  элибизге таберик болгон тарыхый окуялардын көркөм дүйнөсүнө айланып, руханий жан дүйнөсү бай эчендеген таланттарды бапестеп өстүргөн ыйык жайга айлангандыгы менен мага ысык көрүнөт. Дегеним, Кегетинин бийик тоолорунан агып түшкөн мөлтүр булагындай таза сезимдер менен балалык чагын, керемет окуучу күндөрүн учкул кыялдары менен өткөргөн Султан Мамбеткалиев агай эс тараткандан бери колунан китебин түшүрбөй,акыры көксөгөн негизги мүдөөсүнө жетип, азыркы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинен жогорку билим алып, кийинки жаш муундарга жогорку билим берүү тилегине жетип, өзү Чүй университетин түптөп, чейрек кылым агартуу, илим тармагында үзүрлүү эмгектенип, академик, Кыргыз Эл мугалими, тилчи-окумуштуу катары тарыхтын алтын барактарында жазылып, изин калтырып кетти.

Бүгүн илимдин, билимдин Султаны болгон агайыбыздын 80 жылдык маарекесин белгилеп жатып, Союз мезгилиндеги педагогикалык ишинде чарчоо дегенди билбеген, илим-билимге сүңгүп кирген окутуучулук, окумуштуулук кези эске түшүп, азыр өзүнчө бир керемет аурасы бар Чүй университети республикабыздагы окуу жайлардын көч башында бара жаткан илимдин-билимдин ыйык ордосуна айлангандыгын анын жасаган эмгегинен көрүп абдан ыраазы болосуң. Кыргыз билиминин очогуна, кут даарыган ордосуна айланган ушул окуу жайда көзү өтсө да, кыргыз тилинин мартабасын көтөргөн Султан агайдын калдайган карааны аралап, анын жарыгы он миңдеген студенттерге тийип, басып өткөн өтөлгөлүү өмүр жолунда жасап кеткен үлкөн, билим берүүнүн табериги  катары ушул окуу жай элге илим-билим берүү жаатында ак кызматын көрсөтүүдө.

Султан агай тестиер кезинде эле руханий көркөм дүйнөнүн керемети болгон китеп дүйнөсүнө кирип, акыл  казынасына азык алып, ой- дүйнөсүн, руханий жан дүйнөсүн байытып, эргүү, шык алып, айрыкча кыргыз тил илимине кызыгып, андан ары билимин өркүндөтүү менен илим дүйнөсүнө кадам таштап, чоң секирик жасап, бүт өмүрүн тилчи-окумуштуу катары агартуучулук ишке арнаган. Тагдыры насип экен СССР мезгилиндеги эң ири окуу жайы болгон азыркы Кыргыз Улуттук университетинде көп жылдар бою кыргыз тили жана адабиятынын дөө-шаалары, корифейлери менен үзөңгүлөш иштеп, кийинки өмүр жолун өзү негиздеп, түптөп, курган Чүй университетин өз учурунда билим берүүнүн кут конгон, кыдыр даарыган билим уясына айлантып, өзүнчө бир гүлдөө доорун баштан өткөрдү. Эчен жылдар бою жыйнаган билим берметтерин адамзаттын көөнөрбөс көркөм-маданий баалуулуктарынын башаты болгон билимди, илимди кийинки муундарга жаңыча жеткирүү озуйпасын эң маанилүү деген, билим уясы катары Чүй университетинде аткарды. Анын акыбети кайтып, Кыргыз Эл мугалими деген бийик наамдын ээси болду.

Султан агай билим дүйнөсүнүн ысык-суугун жалгыз өзү көтөрүп, өз күчү, өзүнүн каражаты мене алгач борборлорду, колледждерди ачып, кийин Чүй университетин салып, жаштарга терең билим берүүнү максат кылып, иштин өтөөсүнө чыкты. Баардык багыттар боюнча жаштардын жеткиликтүү билим алуусуна ыңгайлуу жакшы шарттарды түзүп, республикада алгачкылардан болуп Чүй университетинде Болонья системасынын айрым принциптери окуу процессине киргизилген. Бул жаңы система аркылуу жаңы заман талабына шайкеш келчү инновациялык усул, принцип, концепция, идеяларды билим берүү системасына кеңири жайылтуу менен студенттердин, окутуучу-профессорлордун жоопкерчилигин арттырууга жетишилди.

« Билим-ийне менен кудук казгандай» деп накыл кепте айтылгандай,жаңы жогорку окуу жайды жогорку деңгээлге көтөрүп, республикалык, андан соң эл аралык масштабда алдыңкы окуу жай катары таанылышына Султан агайдын эбегейсиз, ат көтөргүс асыл эмгегинин натыйжасында гана жетишилди.

Агай билимдин баркы менен баасын эң жакшы билгендиктен окуу жайдын илимий жактан потенциалын жогору көтөрүп, университеттин ичин китепке толтуруп, китепкана ачып, бир бөлмөсүнө өзүнчө түндүк көтөрүп, кыргыздын боз үйүн келиштире салып, кыргыз жыттанган билимканага айлантып, дүйнөгө ушундай жылдызы жанган окуу жай бар экендигин даңазалап көрсөткөн. Агай окуу процессине окутуунун жаңы ыкмаларын киргизген жаңычылдыгы, студенттерге терең билим берүү менен бирге алардын интеллектуалдык жактан өсүп – өнүгүүсү үчүн татыктуу таалим-тарбия бергендиги, профессордук – педагогикалык курамды сапаттык жактан тандоодо кылдат мамиле жасагандыгы менен окуу жайды жаңыча өнүгүү жолуна салып, билим берүүнүн сапатын жогорку деңгээлге көтөргөндүгү менен агартуу тармагында эмгектенгендердин эсинде калды.

«Улут болсоң, тилиң менен улутсуң» деген кыргыздын накыл  улуу сөзүн жүрөгүндө бекем сактап, кыргыз тилин туу тутуп, СССР мезгилинде эле кыргыз тилин биринчи орунга коюп, эне тилибизди сактап, андан ары өнүктүрүү үчүн кыргыз тилин тез үйрөнүүнүн жаңы методикасын күнү – түнү дебей иштеп чыгып, анын ыкмасы менен мамлекеттик кызматчылар кыргыз тилин үйрөнүп чыгышып, «Университет» борбору кыргыз элинин колдоосуна алынып, кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрүп, эне тилибиздин накта күйөрманы катары кыргыз тилин өнүгүү жолуна салган. Кыргыз тилинин кыйырында Султан агай кыргыз тилин ыкчам үйрөтүү усулунун алтаны болуп калды.

Чыгаан илимпоз-педагог Султан Мамбеткалиев эмоциялык-маанилик метод боюнча кыргызчага тез үйрөтүү ыкмасын иштеп чыккан дүйнөлүк масштабдагы окумуштуу катары, эне тилин дүйнө жүзүнө тааныткан элдин уулу катары эл аралык деңгээлде илим, билим берүү тармагындагы эң мыкты академик, тилчи катары таанылды. Мындай көп ийгиликтерге ал илимий, уюштуруучулук жөндөмү, таман акы, маңдай тери менен жеткендигине мезгил өзү тараза. СССР мезгилинде эле «партноменкулатурадан» эч коркпостон эле, кыргыз тили үчүн күйүп, кыргыз тилине мамлекеттик статус беребиз деп демилге көтөрүп,  аны ишке ашыруу үчүн күйүп-бышып чуркап жүргөндөрдүн арасында Султан агай да бар болучу. Кыргыз тилине мамлекеттик статус беребиз деген көптөн күткөн үмүт-тилегибиз жүзөгө ашып, Кыргыз тилине мамлекеттик тил катары статус берилген мыйзам кабыл алынды. Мында албетте, Султан агайдын да кыргыз тилинин кадыр-баркын, мартабасын көтөрүүдө эмгеги абдан зор.

Чынын айтсам Султан агай жоктон бар кылган иштерман, чарбакер адам. Ал Чүй университетин түптөп жатканда көптөгөн тоскоолдуктарга, бут тосмойлорго карабастан сабырдуулук, чыдамкайлык менен ага карата жасалган бюрократиялык мамилелерди  жеңип чыкты. Бир сөз менен айтканда өзүнүн аракети менен негиздеп-түптөгөн университеттин негизги багытын аныктоодо жана  материалдык- техникалык базасын заманга ылайык түзүүдө аябагандай иштиктүү аракеттерди көрүп, окуу жайдын алдында турган бардык проблемаларды өз учурунда чечүүгө жетишти. Натыйжада, Чүй университети республикадагы эң мыкты окуу жай катары билим берүү системасында өз ордун таап, ишеним толук акталды. Окуу жайдын кадыр-баркы улам артып, билим-илим, таалим-тарбия берген куттуу билим уяга айланды.

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүндө академик, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, чыгаан тилчи-окумуштуу Султан Мамбеткалиевдин 80 жылдык маарекесинде ушул окуу жайдын түзүүчүсү жана президенти Султан агайыбыздын өтөлгөлүү, өрнөктүү, үлгү болорлук өмүр жолу ушундай илим-билим уялаган билимкана ачып, аны келечек муундардын билим алуусуна аманат кылып калтырып кеткедиги менен баалуу. Султан агайдын тарыхтын алтын барактарына таасын из калтырган таржымалы, санжырасы, басып өткөн даңктуу өмүр жолу ушул билим, таалим –тарбия берген куттуу уя- билимканада.

«Кут белгиси- билим» деп накыл кепте айтылгандай, ал түптөгөн билимканага канча бут кирсе, ошончолук кут кирип, билимдин ордосуна айланып, Султан агайдын арбагы мында окуган миңдеген студенттерге, аларга терең билим берген эмгек жамаатына, күжүрмөн дух менен көөнөрбөс рух берип, агайдын 80 жылдык байсалдуу өмүр жолу окуу жайдын санжырасынадагы бир даңктуу баракты жазып олтурат. Ал өлкөбүздүн келечегин билим-илимден, сабаттуулуктан көрүп, жаштарга терең билим, татыктуу таалим – тарбия берүү менен гана жогорку маалымдуулук аркылуу техникалык прогресске, өсүп-өнүгүүгө жетерибизди аңдап билген, алысты көрө билген көрөгөчтүгү билим алуу менен гана муратка, чоң  ийгиликтерге жетерибизди далилдеп койду.

Султан агай табиятынан эле кыргыздын каада –салтын бийик кармаган, кыргыз тилин сүйгөн, улуттук баалуулуктарыбызды аздектеп сактаган, ырыс-дөөлөттү көтөрө билген, нарк-насилдүү, колунан береке төгүлгөн март, жаш-кары дебей урматтап сыйлаган кыргыздын кең пейил, ак көңүл, алпейим инсаны болгондугу менен атына заты жарашып, илимдин, билимдин Султаны болгондугун өзүнүн жүрүш-турушунан, сөзүнөн, ишинен,  адамдык улуу, асыл сапаттарынан көрсөттү. Ал студенттерге «балдарым» деп кайрылып, терең билим алууга, талыкпастан ак эмгектенүүгө үндөгөн акыл-насааттарын көп айтчу. Адамдардын жаш курагына карабай кадырлап сыйлай билген, мээримдүү, уккулуктуу сөздөрү менен алардын жашоосуна, тазалыктын үрөнүн сээп, жакшылыкты ыроологон асыл касиеттери, мекенчилдиги, чынчылдыгы, тазалыгы менен элдин чоң ишенимине ээ болуп, чыгаан педагог, залкар адам катары эсинде калды. Бүт өмүрүн, тагдырын билимге, илимге байлаган Султан агай түгөнгүс азык бул- билим экендигин басып өткөн өмүр жолунда жасаган эмгектеринде калтырып кетти.

Султан агай адистик көрөгөч, намыскөй, айкөл, пейли кенен, адамдык сапаттары бийик, асыл инсан эле. Адистик көрөгөч дегеним, ал теория менен практиканы терең айкалыштыра билген, заманбап, ишкер адам экендигин Чүй университетин түптөп, билим берүү тармагында өз ордун таап, алдыңкы окуу жайлардын катарына алып чыгып, иш жүзүндө көрсөткөндө ынандым. Билим уясынан тамыр алып, чоң чынар дарак болуп өсүп чыккан Султан агай, жаңы окуу жайда студенттер менен эмгек жамаатына колунан келишинче бардык шарттарды түзүүгө жана «илим», «билим» деген бийик аттын баркын түшүрбөй, билимканага аздек мамиле кылууга бүт өмүрүн жумшап, студенттер менен ата-баладай, профессордук-окутуучулук курам менен кесиптештей эле камыр-жумур, эриш –аркак иштешип өттү. Анын жашоо образы кичинесинен эле жөнөкөйлүк, кичипейилдик сапаттар менен терең айкалышкан. Ошондон уламбы, агайдын көзү өткөндөн кийин анын басып өткөн жашоо-турмушу, билим берүү тармагына жасап кеткен асыл иштери абдан барандуу көрүнүп, анын илимий-практикалык иштеринин мазмуну бийик мааниге ээ болуп, жазып кеткен илимий эмгектеринин баасы, баркы күн сайын өсүп улам артып отурганын шакирти катары жакшы сезем. Мен Султан агайды кыргыз элинин, кыргыз тилинин, илимдин, билимдин, анык күйөрманы болгон, жаңыны жарата билген жаратман, нагыз эмгектен чоң ийгиликтерди жараткан «Улуу  мугалим», «Улуу адам» деп билем. Себеби, улуу адамда гана улуу ойлор жаралып, чоң иштер жасалат.

Билим берүү жана илим айдыңында ат көтөргүс иштерди жасап кеткен агайымдын өмүр жолуна саресеп салып олтуруп, анын жаратмандыгына, илим-билимдин накта Султаны болгондугуна абдан ыраазы болосуң.

Султан агай үйдө боорукер, камкор ата, жолдошторуна, кесиптештерине күйүмдүү, калыс, март адам эле. Адамдар көбүнесе байлык топтоого дилгир болушса, ал студент кезинде эле жаңы чыккан китептерди сатып алып топтоп, өзү туулуп-өскөн Кегети айылында өздүк китепкана түзүп, бир бөлмөсүн китепке толтуруп салган. «Китеп-билим булагы» деп айтылган кыргыздын философиялык накыл-кебин жүрөгүнүн түпкүрүндө сактап, байлык, мансап үчүн жүткүнбөй, кыргыздын жаштары илимдүү, билимдүү болсун деп Кыргызстандын келечек ээлерине, жаштарга билимдин үрөнүн сээп, керектүү кесипке ээ болушу үчүн билимдин чыйыр жолун салып, бүт өмүрүн билим берүүгө арнады. Себеби, өзү түптөгөн билимканасын боор этинен жаралган баласындай аздектечү. Ошондон уламбы ал билимкананын ички турмушун дайыма жандантып, руханий жан дүйнөсүнүн жарыгын чачып, студенттерге, эмгек жамаатына атасындай эле көңүл бурчу. Ошондуктан мында иштеп, окугандардын бардыгы аталык камкордукка бөлөнүп, анын таалимин, билимин алып, сыйын көргөндөр Султан агайга сыймыктанууга акысы бар.

Бүгүнкү 80 жылдык маарекесинде улуу устат катары Султан агайдын жаркын элесин эскерип, билим берүү жана илим тармагына жасап кеткен үлкөн иштерин айтып,

« Улуу адамды», «Улуу мугалимди» эстеп турганыбыз адамдык парзыбыз. «Кыргыз Республикасынын Эл мугалими»,  «Улуу адам», «Улуу мугалим», « Улуу устат» Султан Мамбеткалиевдин Кыргызстандын билим берүү, илим тармагына жасаган асыл эмгеги кийинки муундар үчүн үлгү болорлук болуп, тарых барактарында түбөлүк сакталып кала берет.

Данияр ШАБДАНОВ

 

                                                                                                            

Бөлүшүү

Комментарийлер