“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР” ДОЛБООРУНУН ЭКИНЧИ БАСКЫЧЫ АЙМАКТАРДА УЛАНАТ

  • 13.05.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Борбор Азиядагы Америка университетинин алдындагы Инновациялык колледжи жана «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси менен биргеликте ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи баскычы Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Чүй облустарындагы  тандалып алынган 50 пилоттук мектептер менен ишке ашырыла башталды.

“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР” ДОЛБООРУНУН ЭКИНЧИ БАСКЫЧЫ АЙМАКТАРДА УЛАНАТ

Кыздарды техникалык илимге шыктандыруу

Иш-чарага катышкан билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов Кыргызстан 2025-жылы PISA эл аралык изилдөөсүнө катыша тургандыгын айтып, бул долбоор эл аралык изилдөөнүн приоритети болгон STEM предметтери (физика, химия, математика, биология) боюнча балдардын билим сапатын жана көндүмдөрүн жакшыртууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР” ДОЛБООРУНУН ЭКИНЧИ БАСКЫЧЫ АЙМАКТАРДА УЛАНАТ

— “Илимдеги кыздар” долбоору буга чейин 81 пилоттук мектеп менен иштеп, бир топ алгылыктуу жумуштарды жасап, мектеп жетекчилеринин, мугалимдердин, окуучулардын көз караштарын өзгөртүүгө аракет жасады. Кыргыз кыздары мейли гуманитардык багытта болсун, мейли табигый-математикалык багытта болсун дүйнө кыздарынан кем калбай ачылыштарды жаратып келет. Алсак, дүйнөнү дүңгүрөткөн Асель Сартбаева, кыргыз тилинин алгачкы грамматикасын негиздеген Б.Орузбаева ж.б. эжекелер менен сыймыктанабыз. Долбоорго эмне үчүн кыздар катышат? Анткени кыздар зирек, изденгич, баамчыл, өзгөчө жандар. Ошондуктан кыздардын жараткан илимдери дагы, ачылыштары дагы өзгөчө. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жумшап, дайыма  пилоттук мектептер менен бирге кабардар болуп, алардын иштешине дагы шык жаратып турабыз, — деди К.Акматов.

Долбоордун максаты — өспүрүмдөрдү илимге жана технологияга шыктандыруу, алардын мотивациясын күчөтүү жана жаңы кесиптерди алуу мүмкүнчүлүктөргө окутуп үйрөтүүгө шарт түзүү.

“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР” ДОЛБООРУНУН ЭКИНЧИ БАСКЫЧЫ АЙМАКТАРДА УЛАНАТ

— “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи баскычы эки жылга созулат. Бул аралыкта мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү саясатына талдоо жүргүзүү, гендердик-багыттоочу билим берүүнү интеграциялоодо жүргүзүлгөн билим берүү реформаларына сереп салуу, STEMге багытталган адаптивдик пландарын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү, өспүрүм кыздардын/балдардын мектептен кийинки билимин улантууга мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана мотивациялоо, STEM билим берүү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, аларды «тең-теңге» мамилелерин насаатчылыкты жана устатчылыкты колдонуу менен татыктуу жумуш орундарын тандоо жана STEM  тармагында карьера куруу үчүн жагымдуу шарттарды  түзүүгө багыт берүү үчүн иштер аткарылмакчы, — дейт фонддун директорунун милдетин аткаруучу Д.Кендирбаева.

Кырдаалдык талдоо

Долбоордун координатору,  “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун директорунун орун басары Р.Кайыкованын билдирүүсүнө караганда, пилоттук мектептердин пландоо иштеринде гендердик сезимтал педагогиканын жана STEM -компонетинин камтылышына кырдаалдык (ситуациялык) талдоо жүргүзүлөт.

“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР” ДОЛБООРУНУН ЭКИНЧИ БАСКЫЧЫ АЙМАКТАРДА УЛАНАТ

— Жети пилоттук райондордо консультациялык жолугушуулар өткөрүлөт.  Пилоттук мектептердин ситуациялык анализдеринин жыйынтыгы менен мектеп жетекчилерин, РБББ башчыларын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн, мектепке чейинки, мектептен сырткары, билим берүү мекемелеринин жетекчилерин ж.б. максаттуу топтун өкүлдөрүн тааныштырабыз.  Ой жүгүртүү (дизайн мышления) форматында ар бир пилоттук мектептин пландарын иштеп чыгууга көмөк  көрсөтүлөт, — дейт Р.Кайыкова.

STEM-багытындагы Эксперименталдык аянтчаларды түзүү  үчүн жети пилоттук мектепти аныктап,  керектүү иш-кагаздарын даярдоого кеңештер жана сунуштар берилет.  Алдыңкы педагогикалык жана чет өлкөлөрдүн  тажрыйбаларын, педагогикалык технологияларын жайылтууга көмөк көрсөтүү да каралган.

Долбоордун 1-фазасынын ийгилиги

Окурмандардын эсине сала кетсек,  2020-2022-жылдары ишке ашкан “Илимдеги кыздар” долбоорунун биринчи фазасынын алкагында 81 пилоттук мектептер менен (Бишкек,Чүй, Ош жана Кара-Суу) иш-чаралар натыйжалуу аяктаган.

— Ош жана Бишкек шаарындагы “СЕКОМ” окуу борборунда жалпысынан 444 кыз долбоордун каржылоосу менен Жалпы республикалык тестирлөөгө үч ай даярдалды. Жыйынтыгында, кыздарыбыз 100% жогорку окуу жайларга ѳтүштү, 66 % STEM тармагындагы адистиктерди тандашты, 34% гуманитардык багытка тапшырышты, алардын ичинен 12 кыз чет ѳлкѳдѳгү жогорку окуу жайларга ѳтүштү. Долбоордун дагы бир максатты — 7-10-класста окуган 2600 кызды насаатчылык программасынан ѳткѳрүү эле, жыйынтыгында Кыргызстанда атактуу жана ийгиликтүү тажрыйбасы бар, аны менен бѳлүшүүгѳ жѳндѳмдүү, айрыкча, технология, илим жана креативдик индустрия жаатында эмгектенип жаткан 217 айым-ментор 2772 менти кыздарды насаатчылык программасынан ѳткѳрүп бүтүштү. Беш ай бою устаттар ѳз убакыттарын тартуулап, конструктивдүү кеңештерин берип, кесип тандоодо баалуу малыматтар менен бѳлүшүп, багыт берип, колдоп, шыктандырып келишти, — дейт долбоордун координатору Р.Кайыкова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим

Бөлүшүү

Комментарийлер