ИЛИМ ДЫЙКАНЫ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ

  • 15.07.2021
  • 0

Жакында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставына жараша КР УИА жаңы мүчөлөрү шайланат. Татыктуу илимпоздордун катарында экономика адистиги боюнча КР УИА корреспондент-мүчөлүгүнө республикабызда белгилүү окумуштуу, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти Джаилов Джумабек Сатаевичтин талапкерлиги көрсөтүлдү. Талапкер Джумабек Сатаевич жөнүндө кесиптештери, окумуштуу-экономисттердин пикирлерин сунуш кылабыз.

Устаттын өрнөгү

Джаилов Джумабек Сатаевич – өлкөбүздүн агрардык сектору, анын атаандаштык жөндөмдүүлгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу, интеграциялоо жаатында агроөнөржай тармактын туруктуу өнүү багыттарын жана механизмдерин аныктаган белгилүү илимпоз-экономист. Д.Джаилов эмгектеринде агрардык секторду реформалоонун эң маанилүү методикалык өңүттөрү, тармакты мамлекет тараптан жөнгө салууну жана колдоону күчөтүү зарылдыгы жана айыл чарба кооперациясынын өнүгүшү негизделген. ЕАЭБдин алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоонун бирдиктүү стандарттарын, агрардык тармактарды тең салмактуу өнүктүрүүгө багытталган, макулдашылган агроөнөржай саясатын жана биргелешкен азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштарын негиздейт.

Джумабек Сатаевичтин башка окумуштуулардан айырмаланып, айыл чарбаны улуттук экономиканын эң артыкчылыктуу тармагы катары баалап, анын аймактардын өнүгүүсүндө өзгөчө орду бар экендигин жаныча түшүндүрүп келди. Түштүк аймагынын экономикасын, өзгөчө айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча “Ош облусун комплекстүү өнүктүрүүнүн илимий негиздери”, “Жалал-Абад облусун өнүктүрүүнүн илимий негиздери”, “Кыргыз Республикасынын кичи аймактарын өнүктүрүүнүн илимий негиздери” ж.б. илимий эмгектердин автору болуп саналат. Аталган изилдөөлөрдүн жыйынтыктары Кыргызстандын бүгүнкү кездеги этабынын өнүгүүсүндө актуалдуу болуп кала берет.

Түштүк аймактагы окуу жайлар: ОшМУ, ОшТУ, ОшКУУ, ЖАМУ, К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университет менен илимий жактан кызматташып, семинарларды, конок лекцияларды өтүү менен, аспирант, докторанттардын диссертациялык иштерине илимий жетекчи, кеңешчи катары салым кошуп келүүдө.

2017-жылы 9-январда ОшТУда жана ОшМУда “Экономикалык интеграция шартында Кыргызстандын агрардык экономикасынын өнүгүүсү” деген темада илимий семинар, 2021-жылы 17-18-майда ОшТУда жана К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте “ЕАЭБдин алкагында Кыргыз Республикасынын агрардык секторунун атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу“ аттуу темада конок лекция өтүп берди.

Джумабек Сатаевич дайыма жаш илимпоздорго дем берип, колдоп турат. Ал шакирттеринен изилдөө жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын койгон талаптарын толук сактоого, теориялык изилдөө менен бирге методологиясын терең изилдөөнү, практикалык өңүттөрүн бекемдөө үчүн чарбалык субъекттер, мамлекеттик мекемелер менен тыгыз иштешүүнү, ири программалар жана долбоорлорго катышууну, сунуштарды берүүнү талап кылып келүүдө. Бул болсо анын илимге болгон чын ыкластан мамилесин билдирет.

Экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти Джаилов Джумабек Сатаевичтин жемиштүү илимий-изилдөө ишмердигин жогору баалап, талапкердин өзү «экономика» адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланууга татыктуу деп эсептейм.

Мурат Абдиев,

М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин доктору

 

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө жол чапкандардын бири

Д.Джаилов өзгөчө агрардык секторду реформалоо, агрардык реформаны тереңдетүү жана агробизнести өнүктүрүү, ааламдашуу шартында өлкөнүн узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялары, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн регионалдык өнүгүү жана экономикалык интеграция стратегиялары боюнча фундаменталдуу илимий эмгектери менен таанылган.

Д.Джаиловдун Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди тереңдетүүнүн ар кандай аспектилерине арналган илимий эмгектерин өзгөчө белгилеп кетүү керек. Бул эмгектерде биринчилерден болуп интеграция шарттарында Кыргызстандын макроэкономикалык өнүгүүсүнүн, соода-экономикалык кызматташтыктын жана улуттук экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүгүү боюнча негизги жыйынтыктары бааланды, өзгөчө интеграция учурунда улуттук экономикада болуп жаткан он жана терс жактары такталды. Д.Джаилов ушул багытта жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрдүн актуалдуулугу жана мааниси улуттук экономиканын Евразия экономикалык мейкиндигине натыйжалуу трансформациялоону камсыз кылуу зарылдыгына байланышкан.

Джумабек Сатаевич биздин К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университет менен илимий жактан кызматташып келүүдө. Айыл чарбасын өнүктүрүү, анын ичинде Жалал-Абад облусунда пахта, жашылча-жемиш, сүт жана эт кластерлерин түзүү боюнча эмгектери өзгөчө кызыгууну жаратат. Бул багытта окуу жайдын аспиранттары жана докторанттарына кеп-кеңешин берип, биргеликте илимий макалаларды, монографияларды, окуу китептерин даярдашкан.

Джумабек Сатаевичтин окуу жайга кошкон салымы үчүн К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2021-жыл, 11-майдагы №14 токтому менен илим жана билим жаатындагы сиңирген эмгеги үчүн аталган окуу жайдын ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

Мындан ары дагы Джумабек Сатаевич менен окуу жайыбыз кызматташууну күчөтүү менен алдыда К.Токтомаматов атындагы инновациялык илимий-изилдөө борбордун алкагында чогуу жасай турган бир канча иш-чараларды, биргелешип аткара турган илимий долбоорлорду, гранттарды, изденүүчүлөрдүн диссертациялык ишине илимий жетекчи катары чогуу иш алып барууну көздөөдөбүз.

Жогоруда айтылгандарды эске алып, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти Д.Джаиловдун талапкерлигин колдоо менен аны «экономика» адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланууга татыктуу деп эсептейм.

С. Омурзаков,

К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор

 

Реформачыл илимпоз

Джаилов Джумабек Сатаевич — республиканын көрүнүктүү экономисти, экономиканын агрардык секторунда, айыл чарбасында жана агроөнөр жай комплексинде базар мамилелерин өнүктүрүү жаатында айыл чарба илимпозу. Изилдөөчү катары ал Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын дубалында калыптанып, илимий чыйыр жолун Экономика институтунун кенже, улук, жетектөөчү илимий кызматкеринен илимий катчысына чейин басып өткөн. Анын чоң илимий жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү Кыргыз Республикалык агробизнес борборунун башкы деректири жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин алдындагы Экономикалык стратегиялар борборунун деректиринин орун басары болуп иштеген мезгилинде ачылган.

Джумабек Сатаевич өзүнүн илимий эмгектеринде айыл чарбасын өнүктүрүүдөгү дыйканчылык (фермердик) жашоо образынын маанисин баса белгилеп, айыл чарбасын ар тараптуу өнүктүрүүнүн негизинде айыл чарба кооперациясын ар тараптан өнүктүрүүнүн негизинде чакан товардуулугун жана жер тартыштыгын жоюу зарылдыгын белгилеген. Бул көйгөй экономикалык интеграциянын алкагында тармакты натыйжалуу трансформациялоону жана атаандаштык менен өнүктүрүүнү камсыз кылуучу негиз болуп калат. Мындай мамиле чакан өндүрүштөн орто жана ири масштабдуу өндүрүшкө акырындык менен өтүүгө мүмкүндүк берет, бул тармактын материалдык-техникалык, каржылык-экономикалык абалына, агроөнөржай комплексин өнүктүрүүдө интеграциялык процесстердин өнүгүшүнө жана ири инвестицияларды тартууга оң таасирин тийгизет

Анын жетекчилиги жана түздөн-түз катышуусу менен улуттук экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү, өлкөнүн экономикасында институционалдык реформаларды жүргүзүү, каржы-насыя тутумун өнүктүрүү жана бюджеттик-салык саясатын өркүндөтүү жана тоолуу аймактарды, чакан шаарларды жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча бир катар иштер даярдалды. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү концепцияларында жана стратегияларында өлкөнүн баардык аймактарын комплекстүү өнүктүрүү программалары, алардын туруктуу өнүгүүсүнүн илимий негиздери жана келечектери негизделген, ошондой эле сунуштар бүгүнкү күндө актуалдуулугун жогото элек.

Экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти Джаилов Джумабек Сатаевичтин жемиштүү илимий-изилдөө ишмердигин жогору баалап, талапкердин өзү «экономика» адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланууга татыктуу деп эсептейм.

Азисбек Ташбаев,

М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин «Бизнес информатика жана маалыматтык экономика» кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер