ГЕРМАНИЯДАН БАКЫТ ТАПКАН КАСИЕТ

  • 18.03.2022
  • 0

Дүйнөлүк эң алдыңкы жүз университетке өткөн кыргызстандыктардын окууга кеткен чыгымын көтөрүп берүү демилгеси  мамлекет тарабынан көтөрүлүп жатканы кулак сүйүнтөт. Мындай кабарды өткөн жумада Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев айтып, коомчулукту, өзгөчө чет мамлекеттен билим алууну эңсеп жүргөн жаштарды сүйүнттү.

Албетте, бүгүнкү күндө түрдүү жолдор менен чет мамлекетте окуп жүргөн жаштарыбыз арбын. Бул демилге алардын санын дагы арбытып, билимдүү жаштардын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт деп ишенимдүү айта алабыз. Белгилүү болгондой, кыргызстандыктар чет мамлекетке эки жол менен гана окууга кете алышат. Көбү мамлекеттин башка чет өлкөлөр менен болгон эки тараптуу келишиминин негизинде кетишсе, айрымдары өз күчү менен тапшырып, окуп жатышат. Түрдүү программалар аркылуу иштейм деп барып, калып калгандар да жок эмес. Бүгүнкү биз сөз кыла турган Асекова Касиет дал ушул иштейм деп чет мамлекетке кетип, бирок өзүнүн келечегине өзү жол чаап, кыйынчылыктарга карабай кесиптик билим алып, ордун таап чет мамлекетте калып калгандардын бири. Ал 2013-жылы Au Pair программасы менен Германияга бир жылга бала багуу үчүн гана кеткен. Бирок бул жол аны менеджерликке чейин жеткирди.

ГЕРМАНИЯДАН БАКЫТ ТАПКАН КАСИЕТ

– Мен Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөм. Окууну аяктагандан кийин бир жылдык программа менен немис үй-бүлөнүн баласын карап бергенге Германиянын Крефельд шаарына келгем. Башында бир жыл иштеп эле кайра Кыргызстанга кетем дегем. Бирок буйрук экен, бул жактан жакшы үй-бүлөгө туш болдум. Алар мени колдоп, Германияда калып келечегиңди түзөм десең, моралдык жактан жардам беребиз деп, мени алып калышты. Тогуз жылдан бери ошолор менен чогуу жашайм. Au Pair программасынын негизги идеясы жаштарды иш менен гана камсыз кылбастан, немис тилин, маданиятын үйрөнүүгө да шарт түзүп берет. Ошондуктан баргандан баштап эле немис тилин, маданиятын кошо өздөштүрө баштагам, — дейт Касиет.

Каарманыбыз алгач бир жыл немис тилин үйрөнүп, андан кийин кесиптик билим алган. Үч жылдан бери балдардын стоматологиялык клиникасында ийгиликтүү иштеп келет.

– Бул жакка виза ачтыруу оңойго турбайт. Легалдуу түрдө окуганга же атайын программалар менен гана иштегенге кире аласың. Дарыгерлер менен ITишниктер гана өз кесиби боюнча иштей албаса, мага окшогон филологдор же башка кесиптин ээлери кесибин алмаштырууга туура келет. Ошондуктан мага кайрадан колледжден билим алууга туура келди. Виза берип жатканда да параграфтар боюнча кылдат карашат. Кайсы программа менен келдиң, эмнеге калгың келип жатат деп баарын дыкат текшерип туруп анан калтырышты. Ошентип, экинчи жылга калып, Berufskolleg Vera Beckers колледжинин алдындагы тил курсунан окудум. Биринчи немис тилин өздөштүрүп албасам максатыма жете албайт болчумун. Анын үстүнө бул жакта тил билүү боюнча тийиштүү сынактардан өткөндөн кийин гана окууга тапшыра аласың. Курсту окуп, сынактардан ийгиликтүү өтүп, сертификаттарды алгандан кийин колледжге тапшырып, тиш дарылоо боюнча үч жылдык билим алдым, — дейт Касиет.

Германияда окуу жайлар бир эле кесиптик билим бербестен, бардык тармактарда иштеп кетиши үчүн бухгалтериянын сырларын, менеджерликти да үйрөтөт. Касиет тиш дарыгери кесибин алганы менен учурда клиникада менеджерлик милдетти аткарат. Алгач дарыгердин ассистенти болуп иштечү.

– Окуп жүргөндө практикамды азыркы иштеп жаткан клиникадан өткөм. Бул жактын жумуш берүүчүсүнүн сунушу менен иштеп калдым. Кудайга шүгүр, үч жылдан бери ийгиликтүү иштеп, менеджерликке чейин жеттим. Көбүнчө документтер менен отурам. Жумушчулардын качан келип, качан кетиши керектигин көзөмөлдөп, иш убактысын коюп, наркоз бериле турган пациенттерди көзөмөлдөйм, — дейт Касиет.

ӨЗ ТЕҢИН ЛОНДОНДОН ТАПТЫ

Тагдырдын тамашасыбы же кудайдын берген белегиби, айтор, Касиет Германиядан кесиптик жолуна гана чыйыр салбастан, өмүрлүк жолдошун да таап, болгондо да Лондондо иштеп жаткан караколдук кыргыз жигитке турмушка чыккан. Экөө кокустан колледжди бүтөрүнө аз калганда интернеттен таанышып калган. Жолдошу көп жылдан бери Лондондо жашап, IT багытында иштейт. Эң кызыгы биринчи көрүшкөндө эле бири-бирин жактырып, баш кошууну чечишет. Бирок 2020-жылы пандемия күч алып тургандыктан, ата-энелеринин уруксаты менен Германиядан үйлөнүп, Кыргызстандын элчилигинде чакан той кылышкан. Бир жылдан кийин гана Кыргызстанга келип, той берип ата-энесинен, элден бата алып кетишкен. Азыр ишке байланыштуу жолдошу Лондондо, өзү Крефельд шаарында жашайт. Бирок эки шаардын ортосу учак менен жүргөндө бир сааттык эле жол болгондуктан, тез-тезден жолугуп турушат. Буюрса, жакында Касиет Лондонго кетет, же жолдошу Германияга келет.

ТАЛБАГАН ЭМГЕК ГАНА ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКИРЕТ

Касиет Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылынын кызы. Мектепте окуп жүргөндө эле мыкты окуп, активдүү окуучулардан болгон. Мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктаган. Германияга жаңы келгенде немис тилин билбей абдан кыйналган. Азыр болсо немистер менен тең тайлашып, камчы салдырбай иштеп, жакшы ийгиликтерге жетишүүдө. Касиет бул ийгиликке өзүнүн өжөрлүгүнүн аркасында жеттим деп эсептейт. Ал максатына жетүү үчүн кыйынчылыктарга карабай, күнү-түнү аракет кылуу керек деп эсептейт.

– Жаштарга айтаарым чет тилин окуш керек жана алдыга койгон максатка жетүү үчүн болгон аракетин, күчүн жумшаш керек. Себеби тил билген кишиге кайда болбосун жол ачык болот. Башында жакшы эле кыйналдым. Бирок алардын барын жеңдим. Көбү Германияда жүрөт десе эле укмуш акча таап жаткандай сезишет. Студент кезиңде акча табуу кыйын болот экен. Азыр болсо кудайга шүгүр, иштеп баштагандан кийин гана эмгегиңдин үзүрүн көрөт экенсиң, — дейт жердешибиз.

Бөлүшүү

Комментарийлер