ГҮЛЗАТ МУКАМБЕТОВА: “МУГАЛИМ КАНЧА БИЛСЕ ДА, АЗДЫК КЫЛАТ”

  • 11.10.2022
  • 0

“Конкурста өзүмдүн артыкчылыгымды да, кемчилигимди да сездим”, — дейт, Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясынын информатика мугалими, директордун усулдук иштер боюнча орун басары Гүлзат Муканбетова. Ал жакында эле “Жылдын мыкты мугалими-2022” республикалык сынагында байгелүү экинчи орунга ээ болуп, эмгек жамаатын сыймыкка бөлөдү.  

Гүлзат Мукамбетова борборубуздагы И.Арабаев атындагы университеттин физика-математика факультетинин математика-информатика бөлүмүн 2003-жылы аяктаганда, дароо эле ушул мектептин босогосун аттаган. Мектепте ага чейин информатик мугалим жок болгондуктан, ушул жылдар аралыгында өзүнөн кийин келген жаш адистерге насаатчы мугалим болуп калганымды байкабай да калыптырмын деген Гүлзат Бекбосуновна, такшалган адис катары бир топ жаштарды, анын ичинде, үй-бүлөсү менен информатик болгон жубайларды өз кесибине каныктыра үйрөткөнгө жетишип, тынымсыз мээнети аркылуу мына бүгүнкүдөй ийгиликтерди багындырып отурат.

Ийгилик жалгыз келбейт деген чын белем, үстүбүздөгү жыл Гүлзат Бекбосуновна үчүн жемиштүү жыл болду. Окуучусу Баястан Кусанов “Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” эл аралык форумунда Маалыматтык технологиялар жана программалоо номинациясынын жеңүүчүсү болуп, 1-даражадагы диплом менен сыйланды. Өзү ушул жайда республика боюнча төрт мугалимдин ичинде Турцияда өткөн иш тажрыйбаларды жайылтуу жана илимий практикалык конференцияга катышып келди.

ГҮЛЗАТ МУКАМБЕТОВА: “МУГАЛИМ КАНЧА БИЛСЕ ДА, АЗДЫК КЫЛАТ”

— Мен өзүм Ысык-Көл районундагы Чоң-Өрүктү айылында туулуп-өскөм. Мектепти да ушул айылда аяктадым. Мугалим болушума экинчи класстан баштап окуткан Гүлүшкан деген эжейим түрткү болду деп ойлойм. Себеби, негедир ошол эжейимди аябай жакшы көрчүмүн, ал менин балалык баео дүйнөмдү ачып, ачмак турсун, мугалимдик кесиптин үрөнүн сээп койсо керек. Баланын жан дүйнөсүн ачмак тургай, көңүлүн өзүңө бурдурган өтө татаал экендигин өзүм мугалим болгондо жон терим менен сезип отурбаймынбы. Болбосо, үйдө менден башка мугалимдик кесипте иштеген деле эч ким жок эле, адатта кесип тандоодо үй-бүлөсүндөгү улуулардын таасири күч болот эмеспи. Мектепте бардык эле сабактардан тырышып жакшы окудум, бирок физика боюнча олимпиадаларга катышып, облустук турунда байгелүү үчүнчү орунга жетишкендигим, кесип тандоого келгенде физикабы, математикабы, айтор, так илимдерин тандоомо алып келди. Физикадан сабак берген Бактыгүл эжейим: “Мага окшоп темир-тезек чогултуп жүрмөк белең, андан көрө информатика жагын танда, кийин информатика аябай баалуу болот, аябай өнүгөт” — деп багыт бергени эсимде. Эжейим көрөрмандык менен эң туура айткан экен деп, азыр ага аябай ыраазы болом, — дейт Гүлзат Бекбосуновна.

ГҮЛЗАТ МУКАМБЕТОВА: “МУГАЛИМ КАНЧА БИЛСЕ ДА, АЗДЫК КЫЛАТ”

Өзү айткандай, университеттин босогосунан келип иштей баштаган мектептен көптү үйрөнүп, тажрыйба топтоду. Айрыкча, азыр ардактуу эс алуудагы мектеп директору Канымжан Жусупбековнадан көп нерсе билди, көзү көп нерсеге каныкты. Ал жаш адистерге астейдил мамиле жасап, жакшы жактарын баса белгилеп, алдыга сүрөп, кароо-сынактарга катышуудан качпагыла, көзүңөр ачылат деген акыл-насааттарын көп айтар эле. Ошондон болсо керек, Канымжан Омурованы өзүнүн насаатчысы деп эсептеп, кумир тутуп келет.

ГҮЛЗАТ МУКАМБЕТОВА: “МУГАЛИМ КАНЧА БИЛСЕ ДА, АЗДЫК КЫЛАТ”

— Мыкты мугалим – бул балдарга мээримдүү, чыгармачыл, изденген, методикалык искусствону жогорку деңгээлде өздөштүрө алган, заманга шайкеш ар тараптан өнүккөн жана кесиптик позицияга ээ болгон адам деп билем. Мугалим күн сайын окуп, жаңы ыкмаларды өздөштүрүп турушу керек, себеби ал айланадагылардан, эң оболу, окуткан окуучуларынан көптү билүүгө тийиш. Мезгил өткөн сайын азыркы балдарды толук түшүнүү кыйын болууда. Муну ата-энелер да мойнуна алат болуш керек. Менин практикамда мугалимдерди, ата-энесин укпаган, проблемалуу балдар да кездешти. Ал кырдаалдан чыгуу үчүн психолог издеп, ата-энелерди, анан балдарды окутуп, андан кийин өзүм да окушум керек экендигин билдим. Мугалим тынымсыз окуп турушу керек. Балдардын ишенимине кирип, сыйына татыш эң кыйын. Мен окуткан балдарыма: “Силер “Z” замандын балдарысыңар” — деп, алардын артыкчылыктарын белгилеп, мотивация берип турам. Сабактарда Тик-ток тартып, “физминуткада” ар кандай ыкмаларды кошуп, кызыктырганга аракеттенем. “Икс” муундагы ата-энелери балдарын өздөрү тарбия алгандай тарбиялагысы келет. Азыр заман башка, талап башка. Балдарды урушуп же талап коюп эле кызыктыра албайсың. Мен мугалим өзү психологияны тереңдеп үйрөнүшү керек турбайбы деген бүтүмгө келдим да, психология боюнча коуч тренерден билим алдым. Азыр да “Анар групп” психологиялык-тренердик борборунда окуумду улантуудамын.

Чындыгында мугалим үчүн өзүнүн эле предметин билүү жетишсиз. Ал психологияны терең түшүнүп, мимика, жесттер менен иштей билген, эл алдына чыгып, өзүн эркин алып жүрө алган артисттик жөндөмдөргө да ээ болушу керек экен. Мен буга ушул жолу конкурска катышканда терең ынандым, — дейт Г.Мукамбетова.

Мугалимдердин жумушу көп эмеспи, айрыкча информатиктер жок иш бүтпөйт. Көрсөтмө куралдарды, ачык сабактарды, видеолорду даярдашып, айтор, бардык иш-чаралар аларсыз өтпөйт. Айрыкча, пандемия учурунда платформаларды үйрөнүп, башкаларга үйрөтүп жүрүп өзү да көптү үйрөндү.

ГҮЛЗАТ МУКАМБЕТОВА: “МУГАЛИМ КАНЧА БИЛСЕ ДА, АЗДЫК КЫЛАТ”

— Жаш адис, класс жетекчи жана мыкты мугалим деген кароо-сынактар жыл сайын эле өтөт да, алардын презентациясын, видеосун жасап, техникасын коюп жардамдашып жүрүп көптү үйрөндүм. Анан мен да өзүмдү сынап көрөйүн деп, конкурска катышууга бел байладым. Жылдын мыктысы сынагында мен өзүмө эмнени ачтым? Мен насаатчы мугалимдин деңгээлине жетип калсам да, аудиторияда иштөөнү толук өздөштүрө электигимди билдим. Чындыгында менин өткөн сабагым биринчи орунду алган жеңүүчүгө караганда, көбүрөөк упай топтогон. А бирок өзүң билгенди жеткире айта билүүнүн өзү да чоң чеберчилик болот экен, мен өзүм толук ачыла албай калдым деп ойлойм. Мугалимге артисттик чеберчилик боюнча да сабак алып коюу ашыктык кылбасына ынандым, — дейт Гүлзат Бекбосуновна.

Гүлзат Бекбосуновна өзү баамдагандай, так илимдер тармагында иштегендер сөзгө сараң келишет эмеспи. Анын сыңарындай, өзүнүн кесибине жараша күткөн олуттуу, токтоо мүнөзү, анан ал иштеген мектеп-гимназия сынактарда көптөн бери республикалык деңгээлге чыга электиги өз таасирин тийгизбей койгон жок окшобойбу. Гүлзат Мукамбетова конкурстун талабы боюнча өткөн мастер-классында алдыңкы методикалык ыкмаларды, педагогикалык технологияларды терең ойлонуштуруп, өз орду менен иш тажрыйбасында пайдалана билгендиги көрүнүп турду. Ал сабагын маалыматтык-компьютердик, ден соолукту сактоо, структуралык-логикалык, тренингдик, интеграцияланган, мультимедиалык, долбоордук окутуу технологиялары сыяктуу балдарга кызыктуу түрдүү ыкмаларды колдонуп, окуучулар менен иштей ала тургандыгын жогорку деңгээлде көрсөтө алды.

— Балдарга санариптик технологияларды көбүрөөк кошуп сабак өтүүгө аракеттенебиз. Эгерде биз жана бизден мурунку муундагылар ак жана кара деген түстөрдү гана кабыл алып келсек, азыркы альфа муундагы балдар, канча көп түстүү болсо, ошонун баарын кабыл алат. Азыр каалайбызбы, каалабайбызбы, гаджеттерди көбүрөөк колдонууга туура келет. Андыктан ден соолук технологиясын да кошо өздөштүрө билүүбүз кажет. Азыркы балдар бат тажайт. Слайд сабактардан да тажай баштайт. Балдар биз окуткан билим менен гана чектелбей, атайын курстарга барып, өз алдынча изилдөөлөрдү жасап, үйрөнүп жатканы кубандырат. Ата-энелери менен да чет өлкөлөргө чыгып, көп нерселерди көрүп келип жатат. Ошол себептен биз тынымсыз окуп-билүү, үйрөнүү жолунда болууга тийишпиз, — дейт.

ГҮЛЗАТ МУКАМБЕТОВА: “МУГАЛИМ КАНЧА БИЛСЕ ДА, АЗДЫК КЫЛАТ”

Кайсы иште болбосун, ийгиликке жетише алган адамдын артында анын үй-бүлөсү бекем чеп, бекем тирек болуп колдоо көрсөтүп турат. Гүлзат Бекбосуновнанын эң биринчи колдоочусу – жолдошу. Эгерде жолдошу бардык жагынан колдоо көрсөтүп турбаса, ал ушул ийгиликке жетише алары күмөн экени айдан ачык.

— Түмөн түйшүктүү мугалимдин колдоочусу көп болушу керек экен. Мага биринчи кезекте жолдошум бардык жагынан колдоо көрсөтүп, коштоп турат. Бул жерге каржылык маселени да кошо кеткеним ашыкча болбос. Сынакка катышам деген адам баарына кайыл болуп бел байлайт экен, ушул учурда ага чоң команданын жардамы талап кылынат. Менин жеңишиме эмгек жамаатымдын жардамы, колдоосу эбегейсиз зор болду. Жаңы келген жетекчибиз Чолпон Рыспаева башында турган кесиптештериме ыраазымын. “Атын атаса куту сүйүнөт” демекчи, Мунира Асанова, Зина Осмонова, Нуркыз Ниязалиева, Жийде Сагындыкова, Таалайкүл Турсуналиева, Аида Болотбековна, Назгүл Маматкуловна жана башка аты аталбай калган кесиптештеримдин баарынын жардамы, колдоосу менен ушул жеңишке жетишип, ийгилик жаралды, — дейт ал, ийгилик сырлары менен бөлүшүп.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер