ЭШЕНААЛЫ АРАБАЕВДИН АЛИППЕЛЕРИНДЕГИ ОКУУ ЖАНА ТҮШҮНҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • 12.12.2022
  • 0
ЭШЕНААЛЫ АРАБАЕВДИН АЛИППЕЛЕРИНДЕГИ ОКУУ ЖАНА ТҮШҮНҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ

Эсенгулова М.М. педагогика илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу

Эшенаалы Арабаевдин алиппелериндеги окуу жана түшүнүү маселелери
«-Азыркы күндө эмнеге окутуу керек: билимгеби же түшүнүүгөбү?
-Мен жана менин көптөгөн кесиптештерим, абдан көп изилдөлөрдөн кийин бир жыйынтыкка келип жатабыз. Азыркы күндө түшүнүүгө окутуу керек…»

Академик Петр Капицанын көрүүчүлөр менен болгон маегинен
Окуу жана түшүнүү маселелери

Мектеп балдарга кандай билим бериш керек? Сапаттуу билим деген эмне? Эмне үчүн окутуш керек, эмнени окутуш керек жана кантип окутуш керек? – деген суроолорго жооп издөө балдарды окутуу тарыхында дайыма орчундуу орунда болуп келген. Берилген суроолорго ар кандай жооптор берилген, ар кандай багыттар белгиленген. Бирөөлөр балдар энциклопедиялык билимге ээ болгондой билим туралуу жөнүндө сөз кылса, экинчилери, балдарды ойлонууга үйрөтүш керек деген, үчүнчүлөр класста мугалимдин гана сөзү угулушу керек деп авторитардык багытты тандашкан.

Ал эми азыр биз кайсы жолду тандадык. Балдарды ойлонууга үйрөтүү жолун. Себебин түшүндүргөнгө аракет кылалык.

Мындан 10 жыл мурун Кыргызстанга «Сынчыл ой жүгүртүүнү өстүрүү үчүн окуу жана жазуу» деген программа келип, мугалимдердин сөздүгүндө жаңы термин пайда болду. Сынчыл ой жүгүртүү. Мугалимдер бул сөздү практикасында активдүү колдонулуп келе жатат. Бирок, көпчүлүк мугалимдер бул сөздү укканда сөзсүз тескери аныктама беришет, башкача айтканда «кандайдыр бир адамдын кемчилигин айтуу», «сыноо», «ийгиликсиз нерселерине көнүл буруу» ж.б.

Айтылган программанын алкагында бир топ инновациялык (жаңы) методикалык ыкмалар сунушталынат. Программанын авторлорунун (Женни Стил, Курт Мередит, Чарльз Темпл) оюу боюнча бул методикалык ыкмалардын максаты кенен. Ачык демократиялык коом үчүн өзгөчө инсандар керек. Мектептин ролу, миссиясы бул процессте өзгөчө орунда. Мектеп биринчилерден болуп мамлекетте жүрүп жаткан реформаларга маани берет. Бул реформалардын негизин түзгөн идея – ар бир окуучуну инсан катары кароо, алардын оюн эске алуу, угуу, ар бир баланы ийгиликтүү экендигине ынандыруу, лидерликке умтултуу. Азыркы күндө социалдык көндүмдөрү калыптанган адамдар рынокто ийгиликтерге жетишүүдө. Социалдык көндүмдөргө эмнелер кирет? Өз алдынча ойлоно алган, өзүнүн оюн коомдо айта алган, башка бирөөнүн оюн уга алган, командада иштей алган, лидерликке умтулган. Мугалим кантип бул сапаттарды балдарда тарбиялайт? Программанын алкагында сунушталган методдор, стратегиялар, ыкмалар аркылуу балдардын социалдык көндүмдөрүн өнүктүрсө болот. Бул процесс бала бакча, мектеп, ата-эне менен кызматташуу аркылуу башталса, чоң ийгиликтерге алып келет деген ойдобуз.

ПИЗА сынагы

ПИЗА сынагы – бул 15 жаштагы окуучулардын билимин баалоо менен изилдеген эл аралык сынак болуп эсептелет. Кыргызстан 2006-жылы биринчи жолу жана 2009-жылы экинчи жолу бул изилдөөгө катышкан. ПИЗА сынагы окуучулардын билимин баалоо менен жалпы билим берүүчү мектептерде билим берүүнүн сапатын аныктоого багытталган.

Сынакта китептеги нерсени курулай жаттоого эмес, окуучулардын ар кандай проблемаларды чечүүгө башкача көз караш менен карап, өзүнүн ой жүгүртүүсүн эркин өнүктүрүүгө көңүл бурулган. Мисалы,«кислоталык жамгыр кандай болот, ошону түшүндүрүп бергиле» — деген тапшырмалар берилген жана алар биздин окуучуларга аткарууга оор болгон. Көпчүлүк окуучуларыбыз окуп жаткан предметтерин турмуш менен байланыштырып айтуудан кыйналып калган, себеби биз ПИЗА сынагында бааланган компетенттүүлүк менен ар кандай маселелерди чечүү көндүмүн өнүктүрүүгө тапшырмаларды бербестен, материалды жаттап айтып берүүгө басым жасап окутабыз.
2006-жылкы сынакта эң негизги текшерилген так илимдердин (химия, биология, физика предметтеринин) турмуш менен байланышы, же болбосо алардын технологияда колдонушу болду. Бул окутумдар азыркы учурда кыргызстандык, өзгөчө айылдык мектептерде өтө эле начар окутулуп келе жатат ( ).

Мугалимдерге кайрылсак, көпчүлүгүндө сабактын билим берүүчүүлүк максатына гана маани беришип, балдар менен программаны аткаруу менен алектенишет Мектепке келген балдардын негизги ишмердүүлүгүнө көңүлүбүздү буралыкчы. Алар угушат, мугалимдин айтканын жазышат, жатташат, мүмкүн эч нерсе түшүнбөстөн, кандайдыр бир чыгарманы окуганда, түшүнгөнүңдү айтып бер дегенде дагы жаттаганын айтышат, мугалимдин көрсөткөнүн тартышат, ушундай чектерден чыгышпайт.

Э.Арабаевдин педагогикалык мурастарынын заманбаптуулугу

Кыргызстандагы билим берүү системасын калыптандыруу маселесине токтолгондо Эшенаалы Арабаевдын аты өзгөчө орунда болууга тийиш. Э.Арабаев жүз жыл мурун агартуучу катары, мугалим катары окуп-үйрөнүүнүн активдүүлүгүнүн жана маӊыздуулугунун маанилүү алып жүрүүчүсү катары болгон, ал «билимсиз» республикадагы билим берүүнүн тагдырын аныктаган. Кыргызстандагы сабатсыздыкты жоюунун ийгилиги Арабаев сыяктуу ишмерлер тарабынан даярдалган, ал советтик өкмөттүн декретине чейин эле (1919) өзү жалгыз сабатсыздык менен күрөшүүнү баштаган. 20-жылдын жарымында сабатсыздыкты жоюу мектептерин 263 000 ден ашык адам бүтүшкөн, бул иште Эшенаалы Арабаевдин билим берүүнүн администратору жана уюштуруучусу гана эмес, Кыргызстандын тарыхындагы биринчи «Чоӊдор үчүн алиппенин» автору катары эмгеги чоӊ.

Азыркы учурда Кыргызстандагы мектептерде (бирини класстан он биринчи класска чейин) жүзгө жакын окуу колдонмолору пайдаланылат. бардык эле учурда окуу колдонмосун жазуу – чоӊ эмгек. Ал эми биринчи окуу китебин жазуу – бул тарыхый мааниге ээ болгон эмгек, баатырдык, артта калган республикада — өзгөчө.

Азыркы күнгө чейин окуу процесси репродуктивдүү моделде болгону белгилүү, анда «мугалим – аны уккан окуучу – окуу китеби – көнүгүү» атуу схема үстөмдүк кылган. Биринчи окуу китептерин түзүп жатып, Арабаев, окуучу ушул моделде жөн гана фактылар, түшүнүктөр менен толтурула турган шише эмес жана бул жердеги башкы стимул – баа эмес экендигин түшүнө алган. Мыкты билими бар Арабаев жаш окуучу жөн гана окуу китебинен материалды жаттап албастан, өзүнүн ой жүгүртүүсүн өнүктүрө алган, өз алдынча иштей алган, ачылыштарды жасаган моделди табууга аракеттенген.

Эшенаалы Арабаев билим берүүнүн теоретиги жана практиги катары биринчилерден болуп Кыргызстанда билим берүүдөгү гуманизация маселесине токтолгон. Э.Арабаевдин түшүнүгүндө окуп-үйрөнүүнүн эӊ керектүү атрибуту катары гуманизация – бул ар бир окуп жаткан инсан толугу менен ачылууга мүмкүнчүлүгү бар болгондой жаш окуучуга шарт түзүү.

Ушул ойлорду М.Мамыровдун ««Оозеки чыгармачылыкты жыйноонун биринчи ийрими» ( ) макаласына кайрылуу менен тастыктай алабыз. Макалада автор Арабаевдин мектебинин ачылышына күбө болгон адамдардын эскерүүлөрү менен тааныштырат, Эшенаалынын биринчи окуучуларынын аттарын атайт. Мисалы, автор айылдын эӊ кары тургуну Алдышов Сейитказы мектеп тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди деп жазат: «Айылдын тургундары Эшенаалы молдого чоӊ сыйлоо менен мамиле кылышчу. Тогуз — Булакта эки эски тегирмен бар эле. Эшенаалы молдонун келерине дал ошол жерге 20 боз үй тигишип, мектепти даярдап коюшту».

Ушул жерде сабактарды айылдын чекесинде, тынч жерде өткөрүү антикалык мезгилдеги педагогикадагы традиция экендигин (Платондун Акадэмасындагы сабактар, аянттагы сократтык диалогдор) жана алар өзүлөрүнүн белгилүү жемиштерин бергени белгилүү болгонун белгилеп кетсек болот.

Э. Арабаев ачылган мектепте мектеп окуучуларынын логикалык ой жүгүртүүсү калыптанышына басым жасайт. Дал ушуга байланыштуу «Курмания» мектебинин өзгөчөлөнгөн сапаты катары математика, география, табият таануу предметерин окутуу эсептелген, бул дагы Э.Арабаевдин кругозорунун кеӊдиги жана билиминин кенендиги тууралуу күбөлөндүрөт. Айтылган макалада бул тууралуу төмөнкүлөрдү окуй алабыз: «Эшенаалы мурун окулбаган арифметика, география, табият таануу предметтерин киргизди» .

Эшенаалы жөндөмдүү окуучуларга окуусун андан ары улантып кетишине өзү жардам берген. Көпчүлүк окуучулар Эшенаалынын жолун жолдоп Токмок, Алма-Атадан окууларын улантышып, кийинчерээк мугалим болушкан. «Мени 19 жашымда мугалимдердин курсуна Токмок шаарына жиберди, ал үчүн мен абдан ыраазымын» — деп карыя мугалим О.Мамыров эскерет .

«Курмания» мектебинде билим берүү жекече окуу, мугалим жана окуучунун диалогу принцибине негизделген.
«Табият таануу алип бээси»
Эмгектеринин арасынан Э.Арабаев, Д.Шамгунов тарабынан жазылган «Табият таануу алип бээси» атуу окуукитебине өзгөчө токтолуп кетүүнү зарыл көрдүк.

Бул эмгекте авторлор биринчи планга жаӊы материалды, билимди өздөштүрүүнүн методу катары окуучунун өзүнүн изилдөөсүн коюшкан. Ушул жерде Э.Арабаев, Д.Шамгунов үчүн методдорун маӊызы окуучу өз алдынча изилдөө процессине кириши керектигинде турган. Бул тууралуу авторлор китептин киришүү сөзүндө жазышат: «Бул китеп табиятты байкоо, текшерүү жолу менен үйрөнүүгө негизделип түзүлгөн, ошондуктан ар темага карата байкоо үчүн мисалдар берилген. Ошол мисалдарга табиятты байкап, текшерүү тапшырмалар берилген» .

Авторлор дидактиканын бир топ актуалдуу маселелерин чечүүгө аракет кылышат. Аларды биринчи кезекте предметтин аныктамасы, мазмуну жана илимдердин негиздерин окутуунун иреттүүлүгү кызыктырат. Илимий предметтердин, алардын мазмунун окуп-үйрөнүү үчүн аныктоо маселеси (көйгөйү) педагогика илиминде бирден бир актуалдуу жана дагы өтө оор көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелинет. Улуу грек философу Платон өз учурунда ушул тууралуу: «билимдин жоктугу – өтө чоӊ жамандык эмес, тескерисинче, жаман тарбиялоодо маалыматтын көптүгү жана көптү билгендик наадандыктан көбүрөөк зындуураак» — деп баса белгилеген . Ошондуктан жаштарга абдан көп билим менен түйшүк салбастан, аларды көбүрөөк ачыктыкка жана көрсөтмөлүүлүккө, иреттүүлүккө жана убакытты туура бөлүштүрүүгө үйрөтүү зарыл.

Авторлор ушул традицияны улантуу менен, илимдин бай арсеналынан билим берүүчү жана тарбиялоочу маалыматтарды кылдаттык менен талдоого көнүл бурушкан.

«Табият таануу алиппесин» талдоо ага география, зоология, химия, физика, биология, астрономия, медицина, экология, анатомия, айыл чарба боюнча маалыматтар камтылганын көрсөттү жана авторлор биринчилерден болуп интеграциялап окутууну сунуш кылганын айта алабыз.

Интеграциялап окутуу процессинде окуучулар кызыгуу менен сабакка катышып, активдүү изилдөөчү болууга, топтук иштер аркылуу өзүнүн билбеген маалыматтарын башкалардан алган маалыматтары аркылуу толуктоого, өз оюн, билгендерин башкаларга үйрөтүүгө, ортолукта иш жүргүзүүгө үйрөнүшөт.

Интеграциялап окутууда балдар бирөөнүн оюн туура кабыл алууга, өз оюн кеңири түшүндүрүп берүүгө, ачык, так, даана айтууга, ондоого, бирөөгө жакшы мамиле жасап биргеликте иштөөгө үйрөнүп, татыктуу тарбия, билим ала алышат. Интеграция мамилелерди колдонуунун натыйжасында мугалим балдардын дүйнөгө карата илимий көз карашын комплексттүү калыптандырат, балдар дүйнөнү бүтүн кабыл алууга үйрөнүшөт, изилдөө көндүмдөрү калыптанат жана өнүгөт.

Корутунду

Эшенаалы Арабаев жана Дмитрий Шамгуновдун «Табият таануу алип бээ» китебин «Окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ой жүгүртүүнү өстүрүү» программасынын катышуучуларынын арасынан республикадагы алдыӊкы мугалимдерге карап чыгып, рецензия жазуу үчүн сунуштасак, алар таанышып, китеп 1930-жылы жазылганына абдан таӊ калышты. Себеби, ой жүгүртүүнүн өз алдынчалуулугу, проблемага болгон конструктивдүү көз караш, төмөнкү жана жогорку деӊгээлдеги суроолор, интеграцияланган окутуу – бул бүгүнкү күндүн мугалимдерин кызыктырган темалар жана алар бул тууралуу «Окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү» боюнча семинарларда талкуулашат. Мисалы, химия мугалими Сымбат Исмаилованын оюу боюнча китептин өзгөчө артыкчылыгы болуп «…ар бир теманы окуп бүткөндөн кийин өз алдынча изилдөө жүргүзүү үчүн жогорку деӊгээлдеги суроолордун берилиши эсептелинет. Мындай ыкма балага билимди даяр түрүндө бербестен, өз алдынча окуп-үйрөнүү процессинде түшүнүү аркылуу өзү жарата тургандыгы тууралуу баяндайт».

Ар бир жаӊы нерсе – бул унутулуп калган эски нерсе дегендей, улуу инсандардын ойлоруна кайрылуу, түшүнүү, талдоо, окуп-үйрөнүү, баалоо бүгүнкү күндүн талабы.

Бөлүшүү

Комментарийлер