ЭПИКАЛЫК МАСШТАБДА ОЙ ЖҮГҮРТКӨН АКЫН

  • 11.10.2024
  • 0

РЕДАКЦИЯДАН: Кыргыз эл жазуучусу, залкар акын Асан Жакшылыковдун 75 жылдык мааракесин коомчулук кызуу белгилеп жаткан кез. Терең ойчул акын агабыздын юбилейинин алдында чыгармаларынын 21 томдугу да жарыкка чыкты. Акындын жалпы чыгармачылыгын камтыган энциклопедия да түзүлдү. Кыргыз рухун көкөлөткөн агабыздын кутман курагында жазуучунун чыгармачылыгына терең көз салып, бийик баалаган макалалар байма-бай жазылууда. Биз төмөндө ошондой макалалардын бирине орун бердик.

ЭПИКАЛЫК МАСШТАБДА ОЙ ЖҮГҮРТКӨН АКЫН

Чыныгы элдик акындын табияты ушундай: Ал оомалуу-төкмөлүү бул дүйнөдө өз элинин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, кайгысы менен кубанычына ортоктош болот. Ошондуктан коомубузда болуп өткөн ар бир окуя, элибиздеги эчен кылымдар бою сакталып, баркталып келе жаткан ата салты, эне наркы өңдүү нравалык, адеп-ахлактык түшүнүктөр акынды айланып өтпөйт. Бекеринен белгилүү немис акыны Иоганн Гете «Эгер жерден жарака кетсе, ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт», – деп айтпаса керек. Биздин айталы дегенибиз: Асан Жакшылыковдун акындык тагдыры да мына ушундай чалкеш доорго туш келди. Акындын «Таңдын ырахаты» аттуу алгачкы ыр китеби чыккан 60-жылдардан баштап, азыркыга чейин атуул катары күйүп-бышып, ал өз кезегинде анын поэзиясында орун-очок алып келе жатат. Албетте, акындын алган тематикасы ар түрдүү, көп үндүү. Биз ошолордун ичинен элдик нарк жана адеп-ахлак темасынын чагылышына токтолуп өтсөкпү деп турабыз.

ЭПИКАЛЫК МАСШТАБДА ОЙ ЖҮГҮРТКӨН АКЫН

Аңтарылбас аксиомадай көрүнгөн коммунисттик идеологиянын нравалык түшүнүктөрүн аттап өтүп, жаңы ааламдашуу доорунун алкагына келип киргенибизде, кыргыз элинин кылымдар бою келе жаткан жашоо-тиричилигинде да чоң өзгөрүүлөр болуп, адеп-ахлактык түшүнүктөрү аңтар-теңтер болуп жатып калды. Мурунку «адам адамга дос жана бир тууган» деген моралдык кодекстин ордун кайдыгерлик, «заманаң бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол» деген императивдер ээледи, адамгерчилик түшүнүгүн көбүнчө акча алмаштырды, жазуучу, акын, илимпоз, мугалимдерге караганда, рекеттер, алдым-жуттум шылуундар абройлуу боло башташты ж.б.д.у.с. Бирок ошол эле мезгилде улуттук нарк-насилге, элдин тили менен маданиятына күйүп-бышкан айрым алдыңкы көз караштагы адамдар да болбой койгон жок. Мына ошол элдин келечегин ойлогон азганакей адамдардын алдыңкы катарында акын-жазуучулар турду. Ошолордун бири – бүгүнкү биздин каарманыбыз Асан Жакшылыков. Сөзүбүз куру болбос үчүн, акындын 2008-жылы жарык көргөн «Ыр чабыт» аттуу бир эле жыйнагындагы айрым ырларына токтоло кетели. Акын өзүнүн «Адам ата баяны» аттуу балладасында:

Оокат, оокат, оокат гана деп жүрүп,

Дүнүйөнүн кызыгына чектелип.

Бүт жашоонун жакшылыгын издеген,

Биз тагдырдын табышмагын чечпедик. (20-бет)

– десе, андан ары:

Байлык жыюу бийлик көксөө, арбашуу,

Душмандашуу, жан аябай кармашуу,

топ-топ болуп өчөгүшүп таймашуу

Шорго туулган адам ата тукуму,

Ар убакта кылган ишиң ушубу? (21-бет)

– деп, акын АДАМ АТА тукумуна кайрылат. Чын эле адам уулу ушинтип байлык, бийлик үчүн жанталашып, бири-бири менен кармашып калабы? Ушинтип отурсак «Анан кантип жолу, багы ачылсын». Балким, Кудай таала:

Адам уулу ак жолума түшөт деп,

Жатса керек сыноолордон өткөрүп. (22-бет),

– дегени чындыктыр?!

Мүмкүн, ошон үчүн акын чыгарманын аягында:

Жан дүйнөгө биз орнотсок бейишти,

Жеп ийбесек к у м а р аттуу жемишти.

Балким анда – Сулуулукка кайтабыз,

Ага чейин далай азап тартабыз.

– деп жатышы бекеринен эместир?!

Эл акыны «Ата намыс» аттуу балладасын да баштан-аяк жогорудагы биз сөз кылган темага арнаган. Атап айтканда, анда акындын жүрөгүнөн ар кимди түйшөлткөн төмөнкүдөй саптар жаралган:

Элимдин эртеңкиси кандай болот,

Кыргызды кандай тагдыр турат күтүп? (47-бет)

Эмнеге эр-азамат элин сатат,

Эне тил, эт жүрөгүн, жерин сатат?

Билинбей салтын жоюп, ичтен ирип,

Башканын жаман жагы бачым сиңип. (47-бет)

Ооба, эгемендикке ээ болгон кыска убакыттын ичинде айрым ишенген эр-азаматтарыбыз ата-бабаларыбыз канын төгүп сактап келген эли-жерин сатып, кылымдар бою элибиз көздүн карегиндей аздектеп келген эне тилибизди жерип, ыйык деп эсептелген ата наркы, эне салтын чанып, башкалардын калкыбызга жат салт-санаасын сиңирип алып жатышы акынды «элимдин эртеңкиси кандай болот, кыргызды кандай тагдыр күтүп турат» деп сары санаага салып жатат. Чынында эле мындай көрүнүштөр элибизди ойлонто турган көйгөйлүү маселе.

Ошондой эле «Топон суу жана тайгак жол жөнүндө баллада» аттуу чыгармасында:

Жан талашып жулунгандар көп болуп,

Элдин камын ойлогондор аз болуп.

Бир-бирине ичи тарып, көз артып,

Күндөн-күнгө эрегишип, өчү артып. (29-бет.) – дейт.

Жогоруда ыр саптарында көрүнүп тургандай, акын бул дүйнөнүн  кызыкчылыгын оокат-оокат деп, байлык жыюу, бийлик көксөө менен чектеп, адамдар бири-бири менен өчөгүшүп, кармашып жатканына жаны ачыйт. Ошондой эле эл камын ойлобой, өз көмөчүнө күл тарткандар көбөйгөнүн айтат. Кээде акын элинин эртеңки келечегин ойлоп, шаабайы сууйт:

Турамын шаабайым сууп, үмүт үзүп,

Мезгилдин агымынан жүрөк түшүп.  (Ата намыс, 47-б.)

Деги эле А.Жакшылыковдун  ырлары кыргыз элинин жашоого болгон көз карашын өзүнө сиңирип алган дүйнө таанымына, философиялык ой толгоолорго бай десек жаңылбайбыз. Алсак, акын «Алтын доорго арзуу» аттуу ырлар жыйнагындагы (2014)  ыр саптарында:

Оомал-төкмөл – бүгүн барың эртең жок,

Бүткүл аалам өзгөрүлмө, өтө шок.

Жүрөгүңдү шамалга да кенен ач,

Жашап көрчү, жашооң барда көңүл ток. (Күлүк. 67-б.)

– деп адамдарга кайрылат. Кунт коюп караган адамга элдик философиядагы «оомал-төкмөл» дүнүйө, ал «бүгүн бар да, эртең жок» деген философия кашкайып көрүнүп турат. Анын артында бул аалам өзгөрүлмө, байлыгыңа да, бийлигиңе да  ишенбе, бул дүйнөдө ак жашап өт, колуңдан келсе адамдарга кайрымдуу бол өңдүү санат, насыят катылып жатат.

Ошондой эле акын «Хипик же итке минген итий элге айлануу балладасында» мындай дейт:

Хипик бизге уу жуткурган каталык,

Туткун кылар кырк жыл бою элиңди,

Кырк жылда сен Жөөтстан аталып,

Таап көргүн Ош, Ысык-Көл, Кеминди…

Бул ыр саптарында да акын «Хипикке киребиз» дегендерге каршы туруп, мындай кадам жакшылыкка алып барбастыгын алдын ала айтып жатат.

Асан Жакшылыковдун поэзиясын кызыл сызык сымал аралап өткөн тема – бул кыргыз элинин наркы менен салтын урматтоо, «Манас» баш болгон маданиятыбызды көздүн карегиндей сактоо. Мисалга «Бүркүт уя» (2019) жыйнагында мындай дейт:

Кыргызмын – комузум бар, Манасым бар,

Алп тоолор асмандаткан канатым бар.

Дары ичпей Манас угуп, комуз тыңшап,

Дартка да даба тапкан адатым бар (Комуз, 31-бет).

Ооба, акын кыргыз элинин кан-жанына сиңген улуу мурасы Манас менен, кайгы-муңуна ортоктош болгон комузу менен сыймыктанат, өзүн алп тоолорду ашып өткөн канаттуу барчындай сезет. Керек болсо дары ордуна “Манасын” угуп, комузун тыңшайт. Минтип эл-жери менен киндиктеш болуп калган гана акын айта алышы мүмкүн.

ЭПИКАЛЫК МАСШТАБДА ОЙ ЖҮГҮРТКӨН АКЫН

Ал эми акындын эпикалык чыгармалары, Манаска кылган кызматы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Анткени акын Асан Жакшылыков эпикалык масштабда ой жүгүрткөн, оюнун кенендиги жана тереңдиги менен да өзгөчөлөнүп турган акын. Сөзүбүздүн акырында чыгаан акын, чыныгы талант Асан  Жакшылыковду 75 жаш кутман курагы менен куттуктап, узак өмүр, чыгармачылык ийгилик, чаалыкпас кайрат  каалайбыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер