ЭНЕРГЕТИКТЕРДИН ШААРЫНДАГЫ ЭСТЕН КЕТКИС ЖОЛУГУШУУ

  • 14.10.2021
  • 0

Гезитибиздин чыгармачыл жамааты өткөн жумада Кара-Көл шаарындагы алдыңкы билим берүү мекемелеринин ийгиликтери жана жасалып жаткан иштери менен таанышып кайттык.

Эки тоонун ортосунда, кооз жаратылыш койнунда жайгашкан   энергетиктердин шаарчасына барган адам шаардын таза абасына, элдин бейкапар жашоосуна суктанбай кое албайт экен. Бизди шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева баш болгон мектеп, бала бакчалардын директорлору жылуу тосуп алышты. Алардын жасаган ишинин, жетишкен ийгиликтеринин көптүгүн айт. Барган жерибизден киргенден чыкканга чейин куржунубуз жалаң жакшы кабарга толуп турду.

ЭНЕРГЕТИКТЕРДИН ШААРЫНДАГЫ ЭСТЕН КЕТКИС ЖОЛУГУШУУ

Бул шаарда  сегиз мектеп, үч бала бакча, бир спорт мектеби жана бир балдар чыгармачылык үйү бар экен. “Эшигин көрүп төрүнө өт” демекчи, Алымкан Бопоновна бизди түз эле Токтогул атындагы №1мектеп-гимназиясына жетектеп барды. Мектепте уюштурулган “Энелер мектебинде” мугалимдер ата-энелер менен биргеликте 9-класстын окуучуларына “Бала тарбиялоодогу кыргыз кереметтери” аттуу иш-чара өткөрүп жаткан экен. Анда Умай эне жана анын касиети, бала тарбиялоодогу атанын ролу, саламдашуу адеби, комуз аркылуу тарбиялоо, чач өрүү, бата берүү сыяктуу кыргыздан кереметтерин энелер мектебинин өкүлдөрү окуучуларга тааныштырышты.

ЭНЕРГЕТИКТЕРДИН ШААРЫНДАГЫ ЭСТЕН КЕТКИС ЖОЛУГУШУУ

Бул мектепте “Энелер мектеби” 2013-жылы уюштурулган. Энелер балдарды кыргыздын улуттук  кол өнөрчүлүгүн, адеп-ахлагын, каада-салтын, улуттук оюндарын   үйрөтүүгө  тарбиялашат. Энелердин мектепте өткөн сабактары  балдарга билим-тарбия берүүдө зор өбөлгө түзүп келет.

  • Сабактарды, класстан тышкаркы тарбиялык сааттарды өтүүдө энелерибиз дидактикалуу кыймылдуу оюндарын, ыр, бий сүрөт тартуу, ийлеп чаптоо, конструкциялоо, тил үйрөнүү, эне тилин өстүрүү, китеп окуу, жөнөкөй математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу ишмердүүлүктөрүн  балдар менен биргеликте өтүшүп, кайтарым байланыш жасашат.  Энелерибиз  ар кандай кырдаалга карабастан   балдарына жоопкерчилик менен мамиле жасашат. Пандемия учурунда “Эне ыйык – эне кымбат баарынан” деген темадагы онлайн  класстык сааттарга катышышты.   “Энелер мектебинин” астында “Умай эне – кут ордо”  долбоору уюштурулуп, “Апам жана мен”, “Мыкты эне”, “Чоң эне  жана небере” таймаштары өткөрүлүп,   энелердин кадыр-баркын жогорулатууга, аларды сыйлоого, туура тарбия  берүүгө чоң салым кошуп келе жатышат, — дейт мектеп-гимназиясынын директору Кокоева Гүлбайра.

ЭНЕРГЕТИКТЕРДИН ШААРЫНДАГЫ ЭСТЕН КЕТКИС ЖОЛУГУШУУ

Гимназияда “Насаатчылар мектеби” да иш алып барат.  “Жаш адистин модели” , “Устат менен шакирттин өнөрү”, “Насаатчыдан  кеңеш” , “Устат жана шакирт” деген темаларда  усулдук бирикмелердин негизинде  шаардык семинарлар жыл сайын   уюштурулуп  турат. “Жаш адистер” мектебинде ар  кандай тематикалык багыттагы класстан тышкаркы иш-чаралар уюштурулуп, маалымат каражаттарында системалуу түрдө жайгаштырылып  турат.

  • Шаардагы сегиз мектептин ар биринин тандап алган инновациялык темалары бар. Мисалы, 3-мектепте мектеп парламенти иштейт. Окуучу балдары кадимки Кырк чорону идеал кылып алып чыгышкан. “Элдик педагогика жана эне тили” деген багытта иш алып барып, улуттук каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды шаар ичине жайылтып жатышат. 1-мектеп болсо “Умай эне – кут ордо” деген теманы тандап алып, ошол багытта иш алып барышат. 2-мектепте куурчак театры иштейт. Окуучулар өздөрү түрдүү спектаклдерди  коюп, түшкөн акчага куурчак сатып алып, ишин улантып келишет. 4-мектепте болсо электрондук китепкана ачылган. 5-мектеп алма багын өстүрөт. Буюрса, бактары эмдиги жылдан баштап мөмө берет. Окуучуларга өзүнүн багынан  компот  бере баштайт. Азыр биздин эң башкы максат сегиз мектептин баардыгын ысык тамак программасына киргизип алуу болууда. Буга чейин алты мектеп ысык тамакка кирген. Быйыл жергиликтүү бийликтин жардамында 8-мектебибизге ысык тамак киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Эң башкысы – иштин ийгилиги үчүн жергиликтүү бийлик менен тыгыз мамиледе болуш керек экен, — дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева.

ЭНЕРГЕТИКТЕРДИН ШААРЫНДАГЫ ЭСТЕН КЕТКИС ЖОЛУГУШУУ

Бул мектептен кийин чыгармачыл топ Балдар чыгармачыл үйүнө, “Баластан” балдар бакчасына да баш багып, аткарылып жаткан иштери менен тааныштык (бул мекемелер жөнүндө кийинки чыгарылышыбызда кенен сөз кылабыз). Андан соң Фрунзе  атындагы №3 мектепте болуп, бул билим очогу дагы шаардагы алдыңкы мектептердин бири экендигине ынанып кайттык.

Мектеп 2019-жылы шаардык “Жылдын мыкты мектеби” кароо сынагында I орунду ээлеп, областтык “Жылдын мыкты мектеби” сынагында III даражадагы дипломдун ээси болуптур. 2020-2021-окуу жылынын жыйынтыгы менен областтык “2021-жылдын мыкты мектеби” сынагында экинчи ирээт III орунду жеңип алыптыр.

ЭНЕРГЕТИКТЕРДИН ШААРЫНДАГЫ ЭСТЕН КЕТКИС ЖОЛУГУШУУ

Окуучулары жыл сайын областтык жана республикалык  олимпиадаларда байгелүү орундарды алып келет. ЖРТдан ар жыл сайын 200дөн  жогорку балл алышат.

2019-2020-жылы 4-класстын окуучусу Жеңишбеков Аскат Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата өткөрүлгөн республикалык онлайн-фестифалында “Көркөм окуу” номинациясында 3-даражадагы дипломго ээ болгон. Ушул эле жылы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата USAID тарабынан уюштурулган “Аталардын эрдиктерин даңктайбыз” аттуу видео-түрмөктөр сынагында  Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган 3-класстын окуучуларынын   видео түрмөгү областта 140 иштин ичинен эң мыкты деп табылган.

ЭНЕРГЕТИКТЕРДИН ШААРЫНДАГЫ ЭСТЕН КЕТКИС ЖОЛУГУШУУ

8-класстын окуучусу Мамишова Аэлита Эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагында өзгөчөлөнгөндүгү  үчүн сертификатка ээ болгон.

  • 2020-2021-окуу жылында жогорку класстардын окуучулары Орто Азиядагы Эл аралык билим берүү Ассоциациясы ( IDEA CA) тарабынан “Борбордук Азияда жаштарга билим берүү” долбоорун ишке ашыруу максатында уюштурулган дебаттарга активдүү катышып, 10-класстын окуучусу Даниярова Айпери 2-орунду, Маметкабылова Асема 3-орунду ээлеп,  мектептин жогорку класстарынын 16 окуучусу республикалык туруна жолдомо алып,  активдүү катышып келишти, — дейт мектептин директору  Бахыт Мустафина.

ЭНЕРГЕТИКТЕРДИН ШААРЫНДАГЫ ЭСТЕН КЕТКИС ЖОЛУГУШУУ

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер