ЭНЕЛЕРДИ ОКУТУУ – КООМДУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН АЛГЫЛЫКТУУ ЖОЛУ

  • 30.07.2021
  • 0

Кереметтүү Кыргыз жергесинин эң четки аймагынан орун алган Лейлек районунун Жаштык айылындагы №3 эксперименталдык гимназиянын түптөөчү директору, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты, көптөгөн окуучулардын, мугалимдердин, ата-энелердин, директор-жетекчилердин, өзүн адамдык асыл сапаттарга тарбиялоону талап кылган инсандардын мыкты устаты Мадаминов Гапыр Маматкулович негиздеген “Энелер мектебине” 25 жыл толду.

ЭНЕЛЕРДИ ОКУТУУ – КООМДУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН АЛГЫЛЫКТУУ ЖОЛУ

Өзүнүн чейрек кылымдык тарыхы бар, көп убакыттык практикалык эксперименттин, илимий изденүүнүн негизинде түзүлгөн “Энелер мектеби” бүгүнкү күндө бүтүн Кыргызстандын жети дубанында кеңири кулач жайып өсүп-өнүгүүдө. Албетте, бүгүн заман жер шаарынан күлүк учуп, эртең менен уккан кабарыңыз бешимге барып жаңылык болбой калды. Мезгил агымы менен адамдардын көз карашы, инсандык баалуулуктар өзгөрүүдө. ИТР тездик менен өнүгүп, аң-сезимге бир жагынан пайдалуу да , бир жагынан пайдасыз да таасир берген виртуалдык аалам пайда болду. Миграция агымы токтобой, ата-эне менен балдар “тааныш, бейтааныштарга” айланды, чет элдерден келген түркүн азгырыктар эч жерде ооздукталбай, башаламандыкка чакырып, улуттук өздүгүбүз бир аз алсырап турганы жашыруун деле эмес. Бирок уюткулуу улуу журттун урпагы болгон элибиз ар кандай кыйын кырдаалдарда да акылгөйлүк менен амал таап келген эл эмеспи. Азыр да арабызда “караңгыда көз тапкан” даанышман инсандардан уучубуз куру эмес экендиги калкыбыздын жаркын келечегине илгери үмүт арттырат. Ошондой коомчулукта өзгөчө эмгек кылган адамдык бийик сыпаттарын өзүнүн жөнөкөйлүгү ашыра кооздоп турган бир инсан тууралуу Нуржигит Кадырбековдун сөзү менен айтайын:

“Калайык калкым, буюрса, биздин келечек жаркын.

Анткени, арабызда адамдар бар,

Кылган ишинин чыгарган майы менен кантын.

Ошондой инсандардын бири – Гапыр агай.

Колдогу алтын.

Бирок, бир нерсе бар,

Биз билбейбиз, колдогу алтындын баркын.”

Албетте, устатыбыз Гапыр агайдын ар бир эмгеги өзүнчө чоң, ааламдык деңгээлдеги ойлордун корутундусу экендиги талашсыз. Бирок алардын ичинен “Энелер мектеби” мектебин түзүү, иш алып баруу боюнча эмгектери өзгөчө баалуу. Жогоруда айтып өткөнүмдөй, бүгүнкү кырдаал азыр бизге көптөгөн көйгөйлүү суроолорду туурасынан коюп турат. Ал суроолордун чечими “Энелер мектебин” жандандыруу менен чечилери күн санап айгинеленип барууда. Автор өзүнүн “Ата-энелер, сиздер үчүн” китебинде белгилеп өткөндөй, өлкөнүн келечеги балдардын колунда, билимдүү, адеп-ахлактуу бала өнүккөн өлкөнүн гаранты, а баланын тарбиясы, билимге кызыгуусу үй-бүлөдөн, ата-энеден башталат. Айрыкча мында эненин ролу чоң. Андыктан энелерди окутуу – коомду өнүктүрүүнүн, жашоону жакшыртуунун эң туура жана алгылыктуу жолу. Арийне, “Энелер мектебинин” ишмердүүлүгү жакшы жолго коюлган мектептерде натыйжа мыкты көрсөткүчтөрдү берүүдө. Ушул жерден кошумчалай кетсем, мен өзүм “Жаңы-Турмуш” орто мектебинде бир группа энелерди окутуп чыгардым жана алардын дүйнө таанымында, көз карашында сезилерлик өзгөрүүнү, өсүүнү байкадым. Балдарына башкача мамиле кылып, окуусуна шарт түзүп, аларда да өнүгүү бар. Азыр жолуккан жерден ыракматын айтышып, устатыбыз Гапыр агайга ыраазычылык жолдоп турушат. Айрым энелер “Энелер мектеби” эң пайдалуу, эң зарыл окуу экендигине ынанып, бул ишимди дагы да оожалдырып иштешим үчүн бар мүмкүнчүлүктөрү менен жардам берип, колдоо көрсөтөрүн айтышканда, бала тарбиясына маани берүү эң керек маселе экенин аңдап түшүнүшкөнүн көргөнүмдө агайыбыздын көз майын түгөтүп, акылын сарптап, күн-түн дебей тыным албастан кылган эмгегинин, тарткан түмөн түйшүгүнүн акыбети кайтып жатканына ыраазы болгондон толкунданып алам.

Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад салоллоху алейхи вассалламдин куттуу хадистеринин биринин маанисинде: “Момундардын эң жакшысы – башкаларга көбүрөөк пайдалуурагы”, — деп айтылат.

Улуу жазуучу Ч.Айтматовду: “Адам бекер жаралбайт, ал жашоодо бир милдетти аткарганы төрөлөт”, — деп айтканы бар.

Бенджамен Франклиндин да: “Бул дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин да унутулгуңуз келбесе, же жакшы китеп жазыңыз, же китеп болуп жазыла турган өмүр сүрүңүз” деген сөзү бар.

Жогоруда акыл каймагы болгон асыл сөздөрдү айтып өтүүмдүн жүйөөсү бар. Айтмакчы болгонум, адамдын ички жан дүйнөсүн өзгөрткөн, жашоодогу ордуңду туура аңдап табууга багыт берген, жашоодо жакшылыкка, ийгиликке жетип, ага башкаларды да үндөй билүүдө, кыскасы күн сайын адам болуп жашоого себепчи болуп, шыктандырган заманыбыздын залкар инсаны, чыгаан педагог Устатыбыз Мадаминов Гапыр Маматкуловичте жогоруда айтылган накылдардагы сыпаттар түгөл бар. Агайыбыз агартуу жаатына гана эмес, бүтүндөй адамзат коомуна терең илим-билими, кесиптик чеберчилиги, кыраакы акыл көрөңгөсү, эмгектери, усулдары аркылуу чоң пайда алып келип, жан болуп жаралгандагы миссиясын татыктуу аткарып келүүдө.

Ал эми Франклиндин пикирине келсек, агай эки талапка тең жооп берген инсан. Кааласаңыз, агайдын чындап өлчөсө баасы ат көтөргүс китептерин окуп пайдаланыңыз, кааласаңыз, агайдын доордун чыныгы мекенчил инсаны катары акыйкатты туу тутуп, адилет жашап өтүүнү көздөгөн, кандай гана шартта, кандай гана кырдаалда болбосун келечек ээси болгон жаш муунду окутуп, тарбиялап, аларга кошуп энелерди, бүткүл коомду туура жолго чакырган өтөлгөлүү, өрнөктүү өмүрүн китеп кылып жазыңыз…

Агайды, агайдын жолун жолдоп “Энелер мектептеринде” иштеген кесиптештеримди, окуган энелерди, жалпы замандаштарымды 25 жылдык маареке менен куттуктайм. Тынчтык күндүн шарында “Энелер мектебинин” тамыры терең, арышы кенен, кулачы жайык, иштери ийгиликтүү болсун. Агайга бекем ден соолук, берекелүү жана узун өмүр тилек кылам.

Жамила АКМАТОВА,
 “Жаңы-Турмуш” орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, “Жаш мугалимдер мектебинин” координатору

 

Бөлүшүү

Комментарийлер