«ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ” СОКУЛУКТУ ДА КУЧАГЫНА АЛАТ

  • 21.03.2021
  • 0

Быйыл Сокулук районундагы Жаңы-Пахта орто мектеби үчүн эсте каларлык окуя болду: “Энелер мектеби — тарбиянын башаты” деген темада энелер мектеби ачылды.

Гапыр Мадаминов агайдын жарыгын биздин мектепке да жеткирсек деп ойлонуп жүрдүм эле, акыры үмүтүм акталды. Менин демилгемди деректирибиз дароо колдоду. Экинчиден, баткендик Курсанай, таластык Салтанат эжейлерге чексиз ыраазымын. Кат жазышканыбызда алар эң зарыл, пайдалуу кеңештерди беришти.

Бет ачарга келген ата-энелер мен күткөндөн да жакшы дилгирлигин көрсөтүштү – ар бири толкунданып, өз балдарынын келечеги үчүн жаңыча иштөөгө даяр турганын сездиришти.

Ал эми кыштын кычыраган суугуна, жолдун алыстыгына карабай келген сокулуктук Динара, Разима эжейлер, Салкынай, Айдай, сиздерге да терең ыраазычылык билдирем.

Айнагүл Жунусова, Жаңы-Пахтадагы орто мектептин кыргыз тил жана адабият мугалими.

Кесиптештер алкады

Гапыр Мадаминовдун тажрыйбасын үйрөнүп, аны иш жүзүндө колдоно баштаган Айнагүл Жунусованын демилгеси менен “Энелер мектебинин” бет ачарына катышканыма кубанам.

Ата-энелер таалим ишине катышуу зарылдыгын түшүнүп, өз кемчиликтерин көрүп, аларды жоюуга дилгирленип, мектеп жетекчилиги да бул саамалыкка колдоо көрсөтүп жатканы баарыбызга жакты.

Жогорку жактан көрсөтмө күтүп отурбай, пайдалуу ишти жасай берүү керек экендигин түшүндүм. Мектеп менен ата-эненин мамилесинен балдардын келечеги көз каранды экендигин бул жолугушууга катышкандардын баары жүрөгүнөн өткөрө алышты деп ойлойм.

Энелердин бет ачарында өздөрүн даракка окшоштургандыгы мен үчүн кызыктуу болду. Көчөт тиккенде, ал мөмө берип, чоңоюп, ысык аптаптан калкалагыдай көлөкөлүү болушу үчүн аны сугарып, түбүн жумшартып, убагында кам көрүү зарыл болгондой эле, энелерге да балдарын өстүрүү үчүн эрк, зээндүүлүк, чыдамкайлык, жоопкерчилик, аракетчилдик сыяктуу сыпаттардын зарыл экенин энелер өздөрү сезип, абдан жакшы көрсөтүп беришти.

Ырас, сын пикирлер айтылды. Бирок сындагандар да жаңы башталган иштин өтө маанилүү экендигин баса белгилешти. Талкуу учурунда ортого салынган айрым сөздөрдү келтирейин:

“Балдардын келечеги кең болушу үчүн аларга мээрим, акыл-эстүү тарбия беришибиз керек”.

“Мектептин түркүгү — ата-эне” (Чын эле, “Энелер мектеби” ата-эне менен мугалимдин ортосундагы түшүнбөөчүлүктү жоюп, дайыма акылдашып, жаңы багытка, бирдиктүү иштөөгө жол ачат эмеспи).

“Баланын эмоционалдык абалын сезип, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша үй жумуштарын аткартып, үйдө сабак окуусун уюштурууга энеси көмөктөшүү керек”.

Нарматбай кызы Салкынай, Сокулук районундун Атбашы айылындагы орто мектептин мугалими.

“Миң уккандан бир көргөн артык» деп, кечээ күнү Динара эженин чакыруусу менен Жаңы-Пахта айылында » Энелер мектебинин» презентациясына катышып келгенден кийин ушул ойлорумду жазып отурам. Биз, мугалимдер, “балдар окубайт, ата-энелер мектепке чогулушка чакырсак да келбейт” деп кейип калабыз го. Эми ушул маселенин чечилишине жакшы жол табылыптыр. Г.Мадаминов агай жашоодо байкагандарын, изилдегендерин жалпылаштырып, көп эмгектенип китеп түзүп бергенине чоң ыракмат айткым келет.

Азыркы убакта энелер билги кеңештерге өтө муктаж. Ырас, мындай кеңештерди ар түрдүү булактардан угуп-көрүп жүрөбүз, бирок бул китепте баары жөнөкөй тил менен, бир бүтүн бойдон түшүндүрүлүптүр.

Азыркы убакыт аз, убакыт жок деген заманда өз кызыкчылыгынан кечип баалуу сабактарын өтүп, энелерге сүйүүсүн көрсөтүп жаткан Курсанайга чоң ыракмат! «Убакыт аз» дегендердин ичинде өзүм да бармын, анткени тайпадагы сабактарды көргөнгө жетишпей калып жатам.

Өз жанынан акча төлөп, убактысын сарптап, башкалар үчүн иштеп бергендерге миң алкыш айтуу керек. Динара эже жана кечээ күнү мен таанышкан баардык эжекелер, азаматсыздар! Ар дайым адам сүйгөн эжекелерден болуп жүрө бериңиздер!

Чынара Муратбекова, Жаңы-Жер орто мектебинин мугалими.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер