ЭНЕ ТИЛСИЗ ТААНЫР БЕЛЕМ ЭЛИМДИ

  • 16.02.2023
  • 0

21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнү!

 Америкалык белгилүү педагогдордун бири Дейл Карнеги мындай дейт: «Адам баласы үчүн кайсыл гана тилде болбосун эң жагымдуу жана эң маанилүү бир сөз бар. Ал анын ысымы». Чындыгында, бул сөздө терең маани камтылгандыгын байкоого болот. Ал анткени ар бир адам баласынын ысымы өзү жашап өскөн эли-жеринин, айлана-чөйрөнүн таасиринен келип чыгып, анын келечекке болгон үмүттөрүн чагылдырып турат. Бул ойго кыска гана корутунду жасоо менен төмөндөгүдөй тыянакка келсек болот: демек, адам баласы жер жүзүнүн кайсыл гана аймагында болбосун, ал үчүн эң маанилүү добуш анын эне тили.

 

Ала-Тоонун сүрдүүлүгү, касиеттүү Ысык-Көлдүн тереңдиги, нечен жылдык кылымды карыткан кымыз жыттуу кыргызымдын жайлоолору – булардын баары ар таңдын атышы менен бирге Кыргыз жерине өзгөчө керемет тартуулап, бул ааламдын кайсыл бир чекитинде кыргыз деген эл бар экендигин айгинелеп турса, ал эми ааламда атагы таш жарган «Манас» эпосубуздун алп эпос экендиги тилибиздин улуулугун, анын терең мааниге ээ кереметин чагылдырып турат.

Дал ушул күнү төгөрөктүн төрт бурчунда ар бир жаран өз эли-жеринин тарыхын көз алдынан чубалтып, Ата Мекенинин сулуулугуна тамшанып, туулган жердин баалуулугун сезип жаткан чыгар. Дал ушул күнү сан миңдеген адамдардын жан дүйнөсүндө «Мен эне тилиме канчалык деңгээлде салым кошуп жатамын?» деген ой жаралып жаткандыр. Дал ушул күнү нечендеген дүйнө эли өз эне тилинин өркүндөп-өсүп, же болбосо ыргыткан ташы өйдө кулабай, артка кетип жаткандыгына талдоо жүргүзүп, анын келечегине күйүп жаткандыр. Айтор, адамзаттын жан дйүнөсүн бирде жыргалдуу, бирде чуулгандуу ойлор менен курчаган бул ойлордун баары эне тилге болгон сүйүүнүн урматына жаралып жаткандыгын сезебиз.

Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестиндеги каармандардын бири Майсалбекте дагы бир ирет кат жазуу мүмкүнчүлүгү болсо, а балким, ал өз катында төмөнкү ойлорго токтолмок: «Мындан ары ар бир кыргыз өз эне тилдинде сүйлөөгө умтулса, ошол мен. Ар бир кыргыз эли-жеринин тарыхын терең билип, каада-салтына болгон урмат-сыйын көтөрсө, ошол мен. Ар бир кыргыз эне тилинде түш жоруп, айтор, тилинен чаң чыкканча жамактатып сүйлөй билсе, ошол мен. Ар бир кыргыз кыргыз тили менен бир катарда кыргыз адабиятын жан дилиндей сүйсө, ошол мен. Ошонун баары мен! Мен деп билип жүргүлө, касиеттүү элим!».

Эгемендүү мамлекетибиздин кучагында мекенчил жаштардын аракети менен бирге эне тилибиз өркүндөп өсө берсин!

ЭНЕ ТИЛСИЗ ТААНЫР БЕЛЕМ ЭЛИМДИ

Барчын Абдылсакы кызы, Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу»

мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер