ЭНЕ ТИЛ – УЛУТ УЮТКУСУ

  • 25.02.2023
  • 0

Планетардык масштабдагы Кыргыз эл баатыры, залкар жазуучу Ч.Айтматов айткандай, элдин түбөлүктүүлүгү анын тилинде. Кыргыз тили —  улут катары тааныткан улуу белги. “Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун” демекчи,  эне тилибизди мындан ары өнүктүрүп-өстүрүү, даңазалоо максатында Министрлер кабинети бир айлык жарыялаган эле. Билим берүү жана илим министрлиги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунда  Эл аралык  эне тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада бир айлыктын  жыйынтыгын чыгарды.

ЭНЕ ТИЛ – УЛУТ УЮТКУСУ

Ар улуттар биригели бөлүнбөй!

Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тил секторунун башчысы Гүлнара Ибраимованын айтуусуна караганда, бир айлыктын алкагында билим берүүнүн баардык баскычтарында  50 жакын ар түрдүү багыттагы  маданий, илимий конференциялар  болуп өттү.

— 21-февраль — Эл аралык эне тили күнү. 1952-жылы  так ушул күнү  Бангладеш өлкөсүндөгү жаштар өз эне тилине мамлекеттик тил статусун талап кылышкан. Митинг күч органдары тарабынан аёосуз басылып, демонстранттарга ок атылган.

Бул окуяны эскерүү максатында ЮНЕСКО тарабынан Эне тил күнү белгиленген, ошондон тартып маданий жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жатат. Тилдер биздин материалдык жана мүдөөлүк мурастарыбызды сактоонун жана өнүктүрүүнүн эң күчтүү куралы катары эсептелинет. «Улуу көч кайда барса, кийинки көч ошол жакка барат» демекчи, жаш муундарга кыргыз тилинин көркөм сөз көрөңгөсүн чыпчыргасын коротпой өткөрүп берели! Көп улуттуу өлкөбүз өсүп-өнүп, Ала-Тоонун түркүн-түстүү гүлүндөй, ар улуттар биригели бөлүнбөй, — дейт Г.Ибраимова.

Улут уңгусун кармаган – эне тил

Жогоруда аталган иш-чарага  Президенттик Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев, Президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, республикалык «Кыргыз тили» коомунун Президенти Раимжан Курбанов катышып, эне тил тууралуу жалындуу сөз сүйлөп, ошол эле кезде көйгөйлөргө да токтолушту.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулунун айтымында, Министрлер кабинети тарабынан жарыяланган  жараянын алкагында министрликтин буйругу менен атайын иш-чаралардын планы иштелип чыккан. Бир айлыктын алкагында ар түрдүү иш-чаралар өткөнүнө,  эл аралык эне тили күнүнүн тарыхына,  дүйнөдөгү  6000 тилдин  43% жоголуп кетүү коркунучуна  кептелгенине токтолду.

ЭНЕ ТИЛ – УЛУТ УЮТКУСУ

— Статистика боюнча  ар бир жумада бирден тил, бирден диалект жоголуп кетүү коркунучунда турат. Тилекке каршы, бир нече жүз гана тил билим берүү жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө алдыңкы ролду ойносо, санариптик технология айдыңында жүздөн ашуун гана тил колдонулат. Бул ойлоно турган цифралар жана статистика. Учурунда Ч.Айтматов таасын белгилегендей: “Элдин түбөлүктүүлүгү – анын тилинде. Эл аралык изилдөөлөргө таяна турган болсок, дүйнө калкынын 40% өзү түшүнгөн, өзү сүйлөгөн тилде билим алуу мүмкүнчүлүгү жок” деп айткан. Тилдер адамзаттын,  инсандын өздүгүн сактоо менен бирге эле кошо жашаган башка элдер менен түшүнүшүүнү камсыздайт. Тил туруктуу өнүгүүнү камсыздоочу стратегиялык фактор катары кызмат кылат. Бүгүн дүйнөдө тил маданият аралык байланышты эле камсыздабастан, билим берүүнүн сапатына түмөнсүз таасир этүүчү күч-кудуретке ээ, — деди министрдин орун басары.

Андан соң ал өткөн иш-чаралар бай болгонун, бирок мындай иш-чаралар компанейщинага айланып, формалдуу мүнөзгө ээ болбошу керек экенин айтты.

— Эне тилин билүү — милдет. Ал эми көп тилди  өздөштүрүү максат болуш керек. Эне тил улут уңгусун кармап турса, көп тилдүүлүк канат-бутакты кеңири жаюуга мүмкүнчүлүк берет. Ар бирибиз өз тилибизди сүйүп, баалап, коргоп гана тим болбостон, колдоно билип, ошол эле учурда башка тилдерди билишибиз зарыл. Эне тил жөнүндө анын баалуулугу тууралуу акындар ыр жазып, жазуучулар сөз калтырган. “…эртең тилим жоголоору чын болсо, анда жакшы бүгүн өлүп калганым…”  деп Р.Гамзатов бекеринен жазбаса керек, — деди Р.Авазбек уулу.

Тил – жүрөктүн тилмечи

Президенттик Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаевдин пикиринде, адамзаттын эң чоң табылгасы, кереметтүү касиети —  тилди ойлоп тапканында.

ЭНЕ ТИЛ – УЛУТ УЮТКУСУ

— Тил болбосо бүгүнкү биз жашап жаткан аалам, коом курулат беле, болот беле деген маселе турат. Тилдин арты менен технология бүгүнкү күнгө жетип жатат. Кыргыз элинин 3000 жылдык тарыхында тил аркылуу өзүбүздүн маданиятыбыз, салтыбыз, наркыбыз, атадан балага, энеден кызга өтүп келип отурат. Кыргыздын улуулугу эне тилибиз — эненин сүтү менен берилген. Эне баланы өз тилинде тарбиялап, элге, коомго кандай пайда келтириш керек экенин түшүндүрүп берген. Маданиятыбыз, адеп-ахлагыбыз тил менен калыптанат. Ошол тилди урматтабагандыгы кыянетчилик деп түшүнүшүбүз керек. Жогоруда белгилегендей, тилдин 43%  жок болуп бара жатат. Ошонун 17 катарында кыргыз тили турат. Ар бир эки күндө бирден тил жоголуп жатат. Тилди сүйлөп коюу менен гана адам  пайда келтирбейт, тил коргоого эмес, колдонууга муктаж. Биз канчалык тилибизди колдонсок, сүйсөк, күйсөк, ошондо гана өсөт, — деди О.Капалбаев.

Чыгыштын, Батыштын таасири менен алардын маданиятына ооп, жок болуп кетип бара жатканыбызга кенен токтолду. Таасир болгону менен, таңууланбай, атадан калган мурас биринчи орунда турушу керек дейт.

— КР Президентинин бир нече жарлыктары чыкты. Улуттук нарк жөнүндө айтсак. Ырым-жырым, каада-салт, үрп-адаттарды сиңиргенде гана кыргыздын нарктуу жигити, кызы, келини, аксакалы, аялзаты болот. Мына ушулардын баарын тең биздин ата-бабаларыбыз эбак эле басып  өткөн. Тил кимге керек? Кыргыз тили  — бизге  керек. Канча тил билсең, ошончо дил билесиң. Кыргыз эли өтө уникалдуу эл, бардык нерсени бат өздөштүрөт. Мисалы, Японияда 12 жашка чейин башка тилди үйрөтпөйт, окутпайт. Себеби 12 жашка чейин адам акылы калыптанып бүтөт. Биздин айтып жаткан сөздөрүбүз кимдин бирөөнүн жүрөгүндө калса, жөн эле иш-чараны уюштуруп коюу эмес, мындан жыйынтык чыгарсак, анда бул биздин жеткен ийгилигибиз, тапкан пайдабыз болуп эсептелет. 21-кылымда илимий технологиянын жетишкен учурунда тил жок болуп кетпеши керек. Жасалма интеллект боюнча 15 млн сомдук супер компьютер келди. Сүйлөп жаткан сөздөрдү текстке айлантып, текстти кайра үнгө айлантат. Акыркы муундагы  техниканы колдонуу менен бирге тилди сактап калууга, колдонууга шарттар түзүлдү. Бала эненин тили менен сүйлөйт. Ошондуктан бала — эненин көчүрмөсү, — деди ал.

Кыргыз элинин тарыхый өзүнүн мүнөзү, касиети бар

Президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек  Осмоналиев кыргыз тилине жарыяланган бир айлык саамалык 23-сентябрга караганда абдан маанилүү жана мазмундуу өттү.

ЭНЕ ТИЛ – УЛУТ УЮТКУСУ

— Эне тил күнү эл аралык мааниге ээ майрам. 6000 тилдин ичинен өзүнөн-өзү туруштук бере албай сырткы атаандашуудан жок болуп кеткен тилдер жок эмес. Биздин кыргыз тили дагы жоголгондордун катарына кирет деген кептер бар. Мен ага макул эмесмин. Кыргыз тили эч убакта жоголбойт. Ал өнүгүп-өсөт. Анткени кыргыз элинин тарыхый өзүнүн мүнөзү, касиети бар. Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө тилдердин абдан чоң кагылышы, атаандашуусу, керек болсо тилдердин согушу болуп жаткан кезде туруштук бере алабызбы, коргоп калалабызбы ж.б. маселелер турат, — деди К.Осмоналиев.

Тил жоголбойт

Ж.Абдрахманов атындагы КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистранты Баястан Азамат уулунун  тил тууралуу айткан ар бир курч, таамай айткан, кыргызды сестенткен сөзү көрөрмандардын купулуна толуп, айрымдарды ойго салды.

ЭНЕ ТИЛ – УЛУТ УЮТКУСУ

— Кыргыз барда тилибиз өчпөйт жана  жоголбойт. Атам замандан бери келаткан чечен өнөрү, караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан, кара кылды как жарган нечен деген олуя инсандар өткөн. Алсак,  Сарт аке, Мойт аке, Тилекмат аке ж.б. Биздин кемчилигибиз – башка элдин тарыхый инсандарын  мисал келтирип, бирок өзүбүздүн даанышмандарыбыздан келтирбейбиз. Бул — биздин милдет, алдыбыздагы жасалчу иш-аракеттер.  Кыргыз тилинин бир айлыгы деген өзү туура эмес. Кыргызстанда француз тилинин, же кытай, англис тилинин  бир айлыгы десе макул демекпиз. Ошол эле кезде ат оюндарын алсак, анда саяпкерлер аттарга  Бойко, Япончик деген ысымдарды беришет. Эмне үчүн Манастын Аккуласын, же  Телторуну айтпайбыз. Бул көйгөйлөрдү айтып койбостон ар бирибиз өз тармагыбызда иштейли, — деди магистрант.

Тилиңди сакта, дилиңди сатпа

Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тил секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова  жогорку деңгээлде өткөргөн иш-чарада  бир айлыкка активдүү катышкан айрым жогорку окуу жайлар, мектеп мугалимдери, окуучулар баалуу белек, диплом, ыраазычылык кат менен сыйланышты.

ЭНЕ ТИЛ – УЛУТ УЮТКУСУ

Иш-чарада акындар А.Исмаилов, А.Эгембердиева, Г.Станалиева, К.Усупбай уулу, Н.Рыскул кызы эне тили тууралуу ырларын окуп, иш-чаранын көркүн ачты.

Ал эми кыргыз ырларын созолонткон орус кызы Наталья Бутабаева, Индиядан келген Абибша Сагар, ар улуттун тилинде жаңырган макал-лакаптар, “Сейтек” борборунун “Шаттык”, “Улыбка”  үлгүлүү бий ансамблдеринин тарбиялануучуларынын көздүн жоосун алган костюмдары менен ар улуттун бийлерин чимирилип бийлеп, бий аркылуу ар улуттун дилин көрсөтө алышты.   Ошентип,  «Сейтек» борбору бул күнү шаңга бөлөндү.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер