ЭЛЕТТИК МУГАЛИМДИН ТАБЫЛГАСЫ

  • 20.08.2021
  • 0

Ош облусунун Ноокат районунун Улуу-Тоо айылынан агартуу ардагери Абдиназар Эргешов өзү түзгөн портфолиолору аркылуу жаш мугалимдерге иштиктүү жардам берип келүүдө. Кырк жылдан ашуун өмүрүн билим берүү ишине арнаган педагог ардактуу эс алууга чыкканда да үйдө жөн жатып албады.

– Күн алыс ушул столума отуруп, күндөлүк сабактарга, класстык сааттарга, тарбиялык иш-чараларга арналган портфолиолорду барактайм, жаңы маалымат таап, кемтигин толуктайм. Алгач үйдөгү мугалим келиним колдонуп жүрдү. Анан жаш мугалимдер келе баштады. Ушинтип насаатчы болуп, өзүмдү эрмектеп жатам, — дейт ардагер.

ЭЛЕТТИК МУГАЛИМДИН ТАБЫЛГАСЫ

Эмгек ардагеринин келини Абдырахманова Алтынай мектепте орус тилинен сабак берет.

– Атамдын жазма иштери, жасаган портфолиолору мага аябай чон жардамын тийгизип келе жатат. Башка мектептин мугалимдери да атамдын жазма иштерин өздөрүнүн педагогикалык иштеринде колдонуп жүрүшөт. Портфолиолор – чынында өзүнчө чоң эмгекти талап кылган чыгармачыл иш. Мен атамдын эмгегин баалайм. Атамды мыкты чыгармачыл инсан деп билем, — дейт келини, шакирти Алтынай.

Эмгекчил мугалимдин педагогикалык табылгасын өз ишинде жалгыз эле келини Алтынай колдонуп жаткан жок. Башталгыч класстар мугалими Кутмидинова Гүлмайрам, тарых мугалими Жапарова Сүйүмкан алты-жети жылдан бери ардагер менен чыгармачылык байланышта иштешет. Күнүмдүк сабак өтүүдө болсун, тарбиялык иштерди уюштурууда болсун жогорудагы жаш педагогдор насаатчысына кайрылышып, иштиктүү кеп-кеңешин угушат. Албетте, мында устаты даярдаган портфолиолордун жардамы ченемсиз десек болот.

– Мен агайдын колдо жазылган портфолиолорунун көбүн компьютерде жазып чыкканмын. Ошондонбу көбү эсимде калды. Негизи портфолиолор тарбиялык иштерди алып барууда баа жеткис багыт болуп саналат. «Жакшы деген эмне? Жаман деген эмне?» деген темадагы бандамамды даярдоодо көп маалыматты ошол портфолиолордон таптым, — дейт Гүлмайрам эжей.

Абдиназар Эргешов көп жыл директор болуп иштеген Улуу-Тоо мектебин учурда Салиева Айнура жетектейт. Ал кесиптеши менен жалпы жамаат сыймыктанарын айтат.

– Агай менин да устатым болот. Эмгеги чоң, чыгармачылык менен иштеп, бизге аябай чоң жардамын тийгизип келет. Портфолиолорун биз, жаштар, жыл бою сабактарга пайдаланабыз. Башка мектептин мугалимдери да алып колдонушат. Айрыкча, тарбиялык сааттар үчүн жазган портфолиолорун бүгүнкү күнгө чейин колдон түшүрбөй колдонобуз, — дейт мектеп директору.

Иштерман мугалимдин колунан жаралган портфолиолордун тематикасы да өтө бай жана ар башка. Алардын арасында билим берүү мыйзамына, окуу программаларына, токтом, буйруктарга, предметтик сабактарга, класстык сааттарга, класстан тышкаркы иштерге арналып түзүлгөнү да бар. Айрым портфолиолордун аталышын атай кетсек: «Жакшы сабак – жан дүйнө азыгы», «Элдик педагогика – ата-бабадан урпактарга калган мурас», «Ата-энелер менен иштөө», «Класс жетекчинин ишмердүүлүгү», «Улуу ойчулдар», «Акыл мурастары», «Чыныгы достук деген эмне?», «Менин мүнөзүм жана темпераментим», «Тарых – адамзаттын басып өткөн жолу», «Талантка таазим», «Реформатор — министр», «Анна Андреевна Ахматова» ж.б.у.с.

Ар бир портфолиодо 30-35 баа жеткис, кызыктуу материал бар.

Элеттик ардагер мугалимдин бул табылгасын райондук билим берүү бөлүмү колдоого алды.

– Абдиназар Эргешов бир топ жыл Улуу-Тоо мектебинде директор болуп иштеген. Азыр деле жаштарга насаатчы болуп иштеп жатат. Агай ар кандай багыттагы мааалыматтарды гезиттерден топтоп, керектүүсүн кыркып алып коёт. Ар бир тема боюнча топтогон портфолиолору энциклопедияга тете. Көпчүлүк материалдарды кол жазма менен жазып чыккан, — дейт Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Зайнабидин Мамасадыков.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусунун пикиринде ардагер мугалимдин портфолиолору билген адамга казып бүткүс казына.

– Абдиназар агайдын портфолиолорунун практикалык баалуулугу өтө жогору. Алардын арасында учурда унутулуп бараткан накыл сөздөр, улуу педагогдор Макаренко, Сухомлинскийдин учкул сөздөрү бар, — дейт Зайнабидин.

Учурда райондук билим берүү бөлүмү ардагер мугалимге топтолгон материалдарды тематикалык жактан бөлүштүрүүгө жардам берип, ардагер мугалимдин алдыңкы тажрыйбасын жайылтууга ниеттенип жатыптыр.

– Быйыл буюрса ноябрь айында Абдиназар агайдын иш-тажрыйбасын облустук деңгээлде жайылтууну көздөп жатабыз. Облустук семинарды өткөрүп алсак, чоң иштин башталышы болмок, — дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу.

Мыкты педагог өз табылгалары менен райондук «Чыгаандардын чыйыры» бирикмесинин мүчөлөрү менен да такай бөлүшүп турарын окурмандарга кабарлап койсок.

Насаатчылык иштеринен тышкары Абдиназар агай айылдын коомдук иштерине катышып, жарандык активдүү позициясын көрсөтүп, башкаларга үлгү болорлук өмүр сүрүп келет. Анын «Улуу-Тоонун арманы» аттуу макаласы райондук гезитке чыгып, кызуу талкууну жаратты. Анткени, Улуу-Тоо союз кезинде 14 улуттун өкүлдөрү жашаган гүлдөгөн кыштак эле. Сымап кени өндүрүлүп, кенде иштегендердин маянасы, жашоосу жакшы болчу. Союз ураганда Улуу-Тоонун үмүттөрү кошо урайт. Кен казган шахта жабылып, мүлкү талоонго түшөт.

– Биздин айыл чек ара аймагында жайгашкан. Чек ара бекети жоктугунан, элдин малы Өзбекстан тарапка өтүп кетип жоголо баштады. Бир аксакалдын 27 жылкысы дайынсыз болду. Элдин чыдамы кетти. Ушул макаладан кийин айылыбызда бир топ өзгөрүүлөр жүрдү. Чек ара бекети курулду. ФАПтын имараты бүткөрүлдү. Быйыл сентябрга бала бакчанын жаңы имараты ачылганы жатат, — дейт Абдиназар агай кубанып.

Эмне дейбиз? Аз күндө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жаткан тоолуу мекенибизде биздин каарманыбыз Абдиназар Эргешовдой чыгармачылык менен изденип иштеген мыкты мугалимдер, мекен тагдырына, айыл турмушуна кайдигер карабаган мекенчил жарандар көп болсун!

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер