ЭЛДИК ПЕДАГОГИКА-МУГАЛИМДЕРДИ ДАЯРДООНУН НЕГИЗГИ КАРАЖАТЫ

  • 13.05.2024
  • 0

ЭЛДИК ПЕДАГОГИКА-МУГАЛИМДЕРДИ ДАЯРДООНУН НЕГИЗГИ КАРАЖАТЫ

Кечээ жакында Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Абай» гуманитардык-экономикалык колледжинин окутуучусу, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасынын ээси Мүсүржан ТАГАЕВАнын иш-тажрыйбасына баш багып, баарлаштык. Төмөндө ошол дидарлашууну сунуш кылабыз.

Ааламдашуу, маалыматтык жыштык майданында коомдун ар тараптан өнүгүшү билим берүү кызматкерлерин креативдүү ой жүгүртүүгө, педагогикалык чыгармачыл жаратымдарды жан дүйнөгө аң- сезимдүү кабылдоого багыттап барат.   Өзгөчө, бир уюлга сиңирилген билим, тарбия маселеси болочок мугалимдерди даярдоо, аларды руханий жактан улуттук баалуулуктар аркылуу жетилтүү ишмердүүлүктүн башаты катары каралат.  Алп  жазуучу,  ХХ кылымдын ойчулу  Ч. Айтматов » Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу» — деп, философиялык ой түрмөгүн таштаса,  Ирландиялык  белгилүү драматург Бернард  Шоу «Биз суу астында балыктай сүзүүнү, асманда чымчыктай учууну үйрөндүк, бирок жер үстүндө адамча жашоону үйрөнө албай койдук» — деп жазган.

Ырас, жашоо турмушубузду күн сайын коштоп жүргөн ыйман, адеп- ахлак, нарк, каада-салт, ырым-жырым ж.б. жөрөлгөлөр менен сыпатталган улуттук баалуулуктарга жеткиликтүү көңүл бөлүнбөй, «жазылбаган мыйзамдарга» баш ийип, коломтобуз, көрөңгөбүз кемип турган учурлар болгону турмуштук аксиома. Ошондуктан, коомдук зарылчылыктан, жаңылануудан улам Президент С. Жапаровдун «Инсандын руханий — адеп- ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү Жарлыгынын ырааттуу уландысы катары «Улуттук нарк жөнүндөгү» Жарлыгы чыккан. Мында эң оболу тарбиялоонун негизги очогу болгон улуттук баалуулуктарга өзгөчө көңүл бөлүү ачыкталат. Бул багытта Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Абай» гуманитардык-экономикалык колледжинин окутуучусу, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасынын, «Ыйык тил» төш белгисинин ээси Мүсүржан Тагева төмөндөгүдөй ой бөлүшөт.

-Чүй районунун Кегети айылында төрөлүп, элет жергесинде эрезеге жеттим. Айыл турмушу өзгөчө эмеспи.  Жашымдан кол өнөрчүлүккө кызыгып, кесиптик окуу жайды бүткөн соң, кийимдерди бычуу-тигүү боюнча технолог болгом.  Кийин мугалимдик кесип багытында жогорку билим алып, колледжде болочок мугалимдерди кыргыз тили жана адабиятынан окутуп келем.  Азыр ойлосом, элибиз укмуштуудай баалуулуктарга бай экен. Аны мен алгач кол өнөрчүлүктөн байкагам. Бул мени нарк, каада-салт, үрп-адатыбызды тереңдетип үйрөнүү менен болочок мугалимдерге үйрөтүүгө түрткү болду десем жаңылбайм. Жер жүзүндөгү ар бир улуттук нарк адамзаттын жан дүйнө казнасынын табылгасы. Жалпы адамзаттык нарк улуттук-этникалык маданияттардын көп түрдүү биримдигинен түзүлөт.  Жаратылыштагы биоартүүлүк сыяктуу эле адамзат коомундагы социомаданий бөтөнчөлүк да мыйзам ченемдүү көрүнүш.  Ошондой эле башка элдерге да жакын жана түшүнүктүү болуп, жалпы адамзаттык баалуулуктардын катарына кирген.  Ал көп улуттуу калктардын, этностордун ынтымак-ырашкерлигин, түбөлүктүү достугун арттырып, өз ара мамилеге шайкешип, бириктирүүчү кызматын аркалайт, — дейт окутуучу Мүсүржан Тагаева.

УЛУУ ЭЛДИН ЭПОСУ ТАРБИЯГА ЗОР ӨБӨЛГӨ

Кыргыз коомчулугу көчмөн турмушту баштан өткөрсө да, улуттун уңгусу болгон нарк, каада-салт, үрп-адат, адеп-ахлак, жашоо жөрөлгөлөрүн жан дүйнөсүнө сиңирип, ар кандай шартта колдонуп келгени талашсыз. Элибиздин тарыхын, социалдык турмуш тиричилигин кылымдар бою өзөгүнө катып, «Кыргыз рухунун туу чокусу болгон «Манас» эпосундагы жашоо философияны туу, өрнөк, үлгү  тутуу менен элдин келечек ээлерин окутууда,  этнопедагогикалык жактан даярдоодо көп жылдан ашуун эмгектенген  Мүсүржан Тагаева өңдүү айымдар үлгү болуп келишет. Ал «Манас таануу» сабагында билим философиясы жана тарыхына өзгөчө үңүлүп,  системалаштырылган билим алуу зарылчылыгын белгилейт. Анын айтымында, белгилүү манастаануучулар, педагогдор айткандай философия, тарых жана педагогиканын кесилишиндеги интегративдүү окуу » Манасты» окуп, үйрөнүүдө негизги курал экендигин тастыктайт. Өзгөчө, окутуу процессинде балдар дүйнөсүнө жакын болгон Манас атабыздын балалык дооруна  аңдоо салып, анын төрөлүшүн, балалык чагын, жетилүүсүн  образдуу баяндайт.  Акылмандар айткандай «Күйүп турган чок болуп, жалындаган от болуп турган бала Манастын эстутумга, эмгекке, аскердик-жоокердик өнөргө, мекенчилдикке,  мекенчилдикке багытталган тентек мүнөзүндөгү энергиянын багытталышына ой чаптырат. Анын педагогикалык ишмердүүлүгү сабак өтүү менен гана чектелбестен А. Осмонов, Жайыл баатыр ж.б.  музейлерге саякат уюштуруп, таанып билүү жөндөмдүүлүктү арттыруучү иш чаралар, класстык сааттар менен коштолуп келет.

ТИЛ ЖАНА УЛУТТУК НАРК

Укук таануу, экономика жана бухгалтердик эсеп, башталгыч класстардын мугалими багыттарында адистерди даярдаган «Абай» колледжинде руханий баалуулуктарды калыптоочу класстык сааттар байма-бай өтүлүп келет. Жакында каарманыбыз Мүсүржан Тагаеванын жетекчилигинде өтүлгөн «Тил жана улуттук нарк» аталышындагы класстык саат тууралуу студент Аделия Мырзакулова:

-Колледжде эки жылдан бери окуп келе жатам. Бизде көптөгөн иш чаралар өтүлөт. Бул маселенин бир жагы деңизчи. Өзгөчөлүгү — иш чарага даярдануу учурунда ар түрдүү маалымат булактарына кайрылдым. Ата-бабалар аздектеп келген нарктуулук, каада-салт, үрп-адат, ырым-жырым ж.б. жөнүндө түшүнүк алдым. Көрсө, алар муундан- муунга көөнөрбөс асылдуулукту таберик калтырып, балдарды тарбиялоонун эң ийкемдүү жолдорун колдонуп келген тура.  Маселен, акыйнек айтууну эле алалы.  Акыйнек, акый- кыргыз оозеки поэзиясындагы айтыш жанрынын бир түрү. Ал музыкалык аспапсыз, обонго салынбай айтылып келген.  Акыйнек жалаң эле кордоо, мазактоо мүнөзүндө болбостон, сөзгө чечендикти, сөз тапкычтыкты калыптоо, ыкчам ой жүгүртүүнү өнүктүрүүнү көздөп, оюн- зоок, тамаша иретинде айтылган.  Ошондой макал- лакап, көркөм окууга көңүл бөлдүк.  Унутулуп бара жаткан топ таш, чүкө оюндарын көргөздүк.  Мен өзгөчө кийинип, бийлеп бердим. Соңунда сүрөткө түштүк. Сүйүктүү эжейим Мүсүржан  Абдукаимовна этнопедагогика, этномаданий түшүнүктөрүн аң- сезимибизге уялатканы баалуу. Биз да бир күндөрү балдарды окутабыз. Ошондо, бүгүн алган билимибизди улуттук баалуулуктар менен колдонобуз — деди ал.

МЕКЕНЧИЛДИК МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

Жаш муундарды  мекенчилдикке тарбиялоодо тарыхый эстеликтердин ролу өзгөчө. Окутуучу М. Тагаева мындай өзгөчөлүктү эске алуу менен Панфилов районундагы А. Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплекс, Кара-Балтадагы «Жайыл ата ж.б. музейлерге болочок мугалимдерди саякат жасатып, акындар баатырлар баянын тааныштырып келет.

-Туура, музейлер менен байма- бай кызматташып турабыз. «Жайыл ата» музейинин директору, КРнын журналисттер союзунун мүчөсү Бекбүбү Асанкулова

» … Келип калсаң Кара- Балта шаарына,

Музей турат тогуз жолдун тоомунда.

Кайрыла кет, угуп баатыр баянын,

Тосуп чыгам, даам алып колума» — деп, автордук ыры менен тосуп алат. Балдар музейден ата-бабалардын эрдиктери менен таанышат, — деп сөзүн жыйынтыктады Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасынын, «Ыйык тил» төш белгисинин ээси М. Тагаева. Акыйкатта тилибизди, улуттук нарктарыбызды, руханий дүйнөбүздү байытууга жана аны педагогикалык ыкка салып, жаштарыбызды тарбия-таалимге сугарып келе жаткан Мүсүржан  эжейибизге ыраазы болбой койбойсуң.  ЭЛДИК ПЕДАГОГИКА-МУГАЛИМДЕРДИ ДАЯРДООНУН НЕГИЗГИ КАРАЖАТЫ

Ибраим ЧОТОВ,  » Кут Билимдин«  өз кабарчысы

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер