ЭЛ ТАРЫХЫН САКТАГАН АГАЙ
- 10.02.2023
- 0
Элеттик агартуучу, Совет мамлекетинин эң жогорку “Ленин”, “Эмгек Кызыл Туу”, “Кызыл Жылдыз” ордендери жана бир канча медалдардын, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими”, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардак грамотасы, “Эл агартуунун отличниги” сыйлыктарына асыл эмгектери менен татыган, Аксы, Ала-Бука, Чаткал аймагынын биринчи мугалими Назармат Жайлообаев туурасында сөз болмокчу.
Биринчи мугалим Назармат Жайлообаевдин 130 жылдыгына арналат
Каарманыбыз 1891-жылы мурунку Наманган уездинин Куттук-Сеит болуштугунда, азыркы Жалал-Абад областынын Ала-Бука районуна караштуу Баймак кыштагында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Жайлообайдын алты уул, бир кызынын эң кенжеси Назармат болгон. Жашынан окууга өтө дилгир, зирек, чыйрак, токтоо мүнөзүн байкаган атасы аны жети жашынан Касан-Сай шаарындагы (Өзбекстан) Ислам жатак мектебине орноштурат. Ал мектепти 1904- жылы аяктаган соң, атасына чарба иштерине жардам берип калат. Назармат он үч жашка чыгып калган кезинде атасы Жайлообай ооруп калат. Атасы баласына: — Балам, аттиң сен жаш калдың, бизде илгертен бекитип келген дүнүйө бар. Менин көзүм өтүп кетсе ошол дүнүйө сага калат, балам. Эки дүйнөдө сенден суранарым, кырк жашка чыкпай ача көрбө! Айланайын, сураба, “Эмне үчүн? — деп. Бул мага атамдан калган шарт. Мына ошол шартты мен сага калтырып жатам, — дейт да каткан жерин айтат. Ошентип атасы, көп өтпөй апасы да каза болот.
Назармат жыл башынан “кызыл мугалимдер” курсуна кирип окуп, аны 1918-жылдын сентябрь айынын акыркы күндөрүндө аяктайт. Назармат 1918-жылдын ноябрь айынан баштап азыркы Ала-Бука районунун Өрүктү кыштагында Аксы аймагындагы биринчи жаңы замандын мектебин ачып, кыштактын жана жакын жайгашкан малчылардын балдарын жаңы багытта окута баштаган.
Назармат Жайлообаев ошол мезгилдеги Кыргызстандын көптөгөн жаштарынын билимге болгон мүдөөсүн орундатып, таланттарын ачкан Фрунзедеги педтехникумду белгилүү акын-жазуучулар М.Элебаев, К.Жантөшөвдер менен бирге окуп, 1931-жылы бүтүргөн. Кезинде Аксы, Ала-Бука, Чаткал аймагындагы көптөгөн жаштарды окутуп, тарбиялап чыгарды. Ошолордун катарында кыргыз элине белгилүү Төрөгелди Балтагулов сыяктуу мамлекеттик, партиялык, коомдук ишмерлерди айтсак ондоп саналат.
Назармат Жайлообаев Аксыкенттик Сайпидин молдонун “Мажму ат-таварих” (“Тарыхтар жыйнагы”) аттуу тарыхый кол жазма китебин нечен коогалаңдардан аман сактап, биздин күнгө жеткиргени тарыхчыларды, кыргыз журтчулугун кубандырбай койбойт. Бул эбегейсиз табылгыс таберик, баа жеткис байлык, атадан балага, кылымдардан-кылымга, муундан-муунга өтүп келе жаткан кыргыз элинин мурасы. Н.Жайлообаев абабыз өзү: “Мага атамдан калган, атама атасынан калган” — деп эскергендей, “Мажму ат-таварих” тарыхый кол жазма китебин замандардын ар кандай кооптуу, опурталдуу кырдаалдарынан аман сактап, элибизге баа жеткис мурас катары эсен-соо жеткиргенинин өзү баатырлыкка тете иш. Айтканга оңой, бирок канчалаган коркутуулар болду. Жыйырманчы жылдары араб, фарси тидеринде жазылган китептерин Касан-Сай шаарында (ал кезде Ала-Бука району Наманган уездине караган) башкалардан тартып алган китептерге кошуп Назарматтын көзүнчө бийликтин адамдары өрттөшкөнүнө күбө болду.
1967-жылдын 17-ноябрь күнү Кыргыздын атактуу жазуучусу Т. Касымбеков менен Жаңы-Жол райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Баймак кыштагында жашаган Жайлообаев Назарматтын үйүнө келип, анын баалуу китептери менен таанышат. Молдо Назармат килейген чоң китепти Т.Касымбековдун алдына коёт да, сөз баштайт: “Китеп төрт бөлүмдөн турат. Бүт монгол элинин, Чынгыз ханы менен, бүт байыркы кыргыз элинин тарыхы, Манас баатыры менен, Аксак Темир жаңгириң менен бүт түрк элинин тарыхы,” — деп айтат.
Булар тууралуу Т.Касымбеков “Назармат сактаган казына” аттуу макаласында (“Кыргызстан маданияты” 24.01.1968-ж.) төмөнкүчө эскерет: “Китептин титулдук бетин ачып, арабча сулуу тамгалар менен “Раузатул Сафа” деп жазылганын эжелеп окудум. Мындай аттуу байыркы китеп бар экенин укканымды эстей албай койдум. Мындай аттуу китеп жок. Мындай аттуу китеп качандыр бир кездерде окумуштуулардын көзүнө чалынган болсо, Манастын бул дүйнөдө жашап өткөн тарыхый адам экендиги жөнүндө алигече билет элек. Же болбосо, өзү окуган фарсы тилин жакшы билген Назармат аксакалдын далили боюнча, бул китепте Манастын туулган күнү көрсөтүлгөндө ачык жазылат. Манас баатыр, жунгар, калмактардын баатырлары Жолой, Коңурбайлар менен болгон согуштар, аларды кыргыз жеринен кантип кууп чыккандыгы тууралуу кеңири маалыматтар бар. Манас кыргыз баатыры, тарыхый адам экендигин китептеги далилдүү фактылар айгинелеп турат”.
Кыскасын айтканда, Назармат Жайлообаевдин кыргыз элинин байыркы тарыхы жөнүндөгү баалуу тарыхый китептерин жаман көздөн алыс кылып, Кара-Тоонун түбүнө суу, ным тийбегендей кылып оро казып, биздин күнгө жеткирген сактоочу адам катары аты эл арасында айтылып калды.
Т.Касымбеков Назармат Жайлообаевдин баалуу китептери, кол жазмалары менен таанышып кеткен соң, Кыргызстан илимдер академиясына барып, аларга кабарлайт. 1967-жылдын ноябрь айынын аягында Баймак кыштагына, Назармат аксакалдын үйүнө Кыргыз ССР илимдер академиясы атайын профессор Кусеин Карасаевди, илимдин кандидаттары Самар Мусаевди, Заир Мамытбековду жөнөтөт. Сүйлөшүп, конок болуп, чай ичилип бүткөндөн кийин Назармат аксакалга, тарыхый араб, фарси тилинде жазылган китептердин үзүндүлөрүнөн окутушуп, котортушат. Конокторго кээ бир китептердин мазмуну менен тааныштырып айтып берет. Кусеин Карасаев да фарси тилиндеги китептерден окуп которот. Назармат аксакал Касан-Сайдагы Ислам жатак мектебинде алты жыл, жана Кокондогу медреседе үч жыл араб, фарси тилдеринде окугандыктан, ошол тилдерди абдан жакшы өздөштүргөнү билинип турган.
Илимдер академиянын окумуштууларына катып жүргөн дүнүйөсүн ишенип, “Мажму ат-таварих (Тарыхтар жыйнагы), “Раузатул сафа” жана башка баалуу китептерди райондук аткаруу комитетинин төрагасынын ошол мезгилдеги орун басары А.Балтагулов жана Ала-Бука №1 мектебинин директору Дурусалиев Жумандын катышуусу астында аларга өткөрүп берет. Окумуштуулар тобунун жетекчиси Кусеин Карасаев Назармат аксакалга ыраазылыгын билдирип, төрт кол жазма китептерди алып кетишет.
1968-жылдын 24-январында көрүнүктүү даркан жазуучубуз Т.Касымбековдун “Назармат сактаган казына” аттуу “Кыргызстан маданияты” гезитине “Мажму ат-табарих” тууралуу эң алгачкы кабар басылып чыгып, кыргыз журтчулугуна белгилүү болгон.
Өкүнүчтүүсү, Назармат аксакал тарыхый китептерин профессор К.Карасаев баш болгон окумуштууларга өткөрүп берген соң, (1967-жылдан 1983-жылга чейин) он беш жыл алардан кабар күттү. Максаты – жакшы кабар уксам деген үмүт эле. Бирок эч кабар келбей бул дүйнөдөн кете берди. Арман дүйнө! Тарыхый кол жазма “Мажму ат-таварих” китебинен башка үч китебин кимдер алганы, кайсы жакта экени бүгүнкү күндө да белгисиз.
Дагы бир өзгөчө белгилеп кетчү нерсе, ал киши бала кезинде Касан-Сай шаарында Ислам жатак мектебинде өзүнүн окууга болгон жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, араб, фарси тилин жакшы өздөштүргөн. Тарыхый кол жазманын (1965-1967-жылдар аралыгында) бир бөлүгүн кыргызчалаган котормочу катары да белгилүү. Анын котормосу китепке басылып чыгарылган. Өз колу менен которуп жазганы жана агайларга которуп берип жаздырганы уулу Ормонбекте сакталууда. Тарыхый кол жазма элдин катмарына жетсе экен деген мүдөөсү анын көзү өткөн соң, Молдо Сабыр Досболов менен Омор Сооронов тарабынан ишке ашты. Бул котормо толугу менен которулган. Аны 1996-жылдын январь, февраль айларындагы “Заман Кыргызстан” гезити сандан-санга бастырып чыгарган. Ошол гезиттеги “Мажму ат-таварих” тарыхый кол жазманы кыргыз окурмандары өтө кызыгуу менен кабыл алышкан. Ошо котормо 2016-жылы өзүнчө китеп болуп эки жолу басылып чыгарылган.
“Мажму ат-таварих” кол китебинин бир нускасы Кыргыз илимдер академиясынын архивинде, эки нускасы Санкт-Петербург шаарында сакталып турат. Менин айтайын дегеним, ошол эки томдугун Кыргызстанга алдыруу зарылчылыгы учурдун талабы. Биринчиден, кыргыз тилине которуу маселеси, экинчиден, окумуштуулар тарабынан илимий изилдөө иштерин жүргүзгөнгө шарт түзүлмөк. Элибиз, коомчулук өз тарыхы менен кеңири маалымат алышмак. Көп талаш-тартыш маселелерге чекит коюлмак. Анткени тарых тактыкты талап кылат.
Ошентип, мындан 500 жыл илгери жазылган Сайпидин молдонун жана анын уулу Нооруз Мухамматтын “Мажму ат-табарих” аттуу тарыхый кол жазма китеби кыргыз элинин ушул мезгилге чейинки жазылып келген тарыхый эмгектердин туу чокусу, көөнөргүс байлыгы дээр элек. Анын келечеги абдан чоң экендигин да айта кетели.
Тарыхыбызды кылымдардын кысымынан, доорлордун азабынан аман сактап, алаканыбызга салып берген “Сактоочу”, тарыхчы, котормочу, алгачкы агартуучу мугалим Назармат Жайлообаевге таазим этип, аны дайыма эскерип турушубуз керек. Эгер бул киши болбогондо, бул тарыхый кол жазма китеби колубузга тийбей жок болуп кетиши толук мүмкүн эле. Анда тарыхыбыз далилдүү болбой, бүдөмүк бойдон калмак. Назармат атабызга келечек үчүн жасаган ушундай үзүрлүү эмгеги үчүн таазим этебиз.
Кубанганыбыз, агайдын балалыгынан тарта өмүрүнүн аягына чейинки элине ак дилден кылган эмгеги туурасында уулу Жайлообаев Ормонбектин “Биринчи мугалим — Жайлообаев Назармат” аттуу көлөмдүү китеби өткөн 2022-жылдын август айында жарык көрдү. Кыргыз эли агартуучу Назармат агабызды Кыргыз тарыхынын казынасын сактаган касиеттүү адам экендигин эч унутпайт деп ойлойбуз.
Чаткалбай Айтбаев, акын, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү
Комментарийлер