ЭЛ СЫЙЛАГАН ПЕДАГОГДОРДУН ДИНАСТИЯСЫ

  • 30.03.2021
  • 0

Элибизде чоң атадан балага, баладан небереге өткөн мугалимдик династия аз болсо да, бул туурасында гезитибизде көп эле жаздык. Биз сөз кылалы деп турган Бакен Ибраимов агайыбыз – мугалимдик кесипти чоң атасынан, өз атасынан мурастап алгандай эле ак кызмат өтөп, агартуу тармагына 40 жылдык өмүрүн арнаган инсан. Быйыл агайдын чоң атасы, алгачкы алиппени түзүү ишине катышкан белдүү педагог, партиялык жетекчи Ибраим АЛЫМБЕКОВдун төрөлгөнүнө 120 жыл толот. Ушуга байланыштуу билим тармагынын бай түп дарагына айланган үй-бүлө туурасында кеп кылсак.

Ар дайым алдыда жүргөн инсан

Ибраимов Бакен Ыскакович Токтогул районунун Үч-Терек айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Чоң атасы Ыбыштын
Ыскактан башка уулу болбогондуктан небересин багып алат. Ошентип, Бакен агай 1954-жылдан Коргон айылында чоң атасынын колунда чоңоёт. Мектепти бүтөөрү менен КМУнун физика факультетине кирип, аны 1975-жылы ийгиликтүү аяктайт. Ал студенттик жылдарында эле коомдук иштерге активдүү катышып баштайт. Биринчи курстан тартып факультеттин “Күмүш кылдар” ансамблинин солисти, спортто эркин күрөштөн университеттин курама командасында мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды алып жүргөн. Студенттердин турмуш-тиричилик секторун жетектеди. №5-жатаканада беш жыл жашап, студенттик кеңештин мүчөсү, орун басары жана жетекчиси болгон. Иштемчил агайыбыз 1975-жылы окуусун ийгиликтүү бүтүп, алгач Токтогул районунун борборунда жумушчу жаштар орто мектебинде лаборант, кийин физика мугалими болуп иштөөдөн эмгек жолу башталат.

ЭЛ СЫЙЛАГАН ПЕДАГОГДОРДУН ДИНАСТИЯСЫ

Көп өтпөй 1980-1983-жылдары Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн инспектору болот. Ал жерден өзүнүн иш билгилигин көрсөтө алганы үчүн райкомдун сунушу менен Бакен агай эң артта калган
Саргата орто мектебине директор болуп дайындалат. Агай чыныгы жетекчилик жөндөмдүүлүгүн ушул Саргата мектебинде көрсөтө алгандыгын өзү да жылуу эскергени бар.

1990-жылы өз айылындагы Н.Крупская атындагы орто мектептин директорлук кызматына которулат. 1992-жылы август айындагы катуу жер титирөө өзгөчө токтогулдуктарды кайгы муңга салганы эсибиздедир. Мектеп урап, жараксыз абалда калып, балдар бир кыш чатырларда окуп чыгышкан. Мектептин айланасындагы чабыралар бузулуп, мал каптап, бак-дарактар бүт талкаланып, арыктар көчүп, мектепке суу келбей, баары куураган. Ушундай кыйын шартта белди бек бууп, жалпы элге кайрат айтып, ынтымакташып иштөө менен мектептин ишин жолго коюу жоопкерчилиги Бакен агайга жүктөлөт. Натыйжада мектептин имараты 1996-жылы ноябрь айында сапаттуу бүткөрүлүп, мектепке Бакен агайдын чоң атасы Ыбыш Алымбековдун ысымы ыйгарылат. Ошондон баштап айланасы тосулуп, түркүн карагай, туя жана башка түрдүү бактар өсүп чыгып, ажайып жайга айланган.

Бара-бара мектептин материалдык базасы чыңдалып, окуу-тарбия иштери татыктуу деңгээлде жүргүзүлдү. Мектеп ар жылы кезектеги ремонттон сапаттуу өткөрүлүптурду. Эл аралык уюмдар менен иштөө жагынан алдыңкы сапка чыгып, облус боюнча эң мыкты мектеп аталды. Билим сапаты жогорулап, окуучулар республикалык сынактарда алдыңкы орундарды камсыз кылды. Мына ушунун баары Бакен агайдын күн тыным албаган эмгегинин аркасынан болгонун ал кезде агай менен чогуу иштешкен мугалимдери баса айтышып, ушу күнгө чейин көп кеп кылышат.

Агайдын ишмердиги 2008-жылы райондо өткөрүлгөн директорлордун семинарында кызуу талкууланып, директорлук иш-тажрыйбасын жайылтылуу колдоого алынган эле. Ал педагогикадагы 40 жылдан ашык эмгек стажынын 33 жылын мектеп директорлугуна арнады.

Бакен Ибраимовдун ак эмгегин кезинде райондук Билим берүү бөлүмү, министрлик, жергиликтүү бийликтер жогору баалап келишкен. Ал “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин, Билим берүү жана илим министрлигинин, райондук жана областтык админстрациясынын Ардак грамотасын алган.

“Манас – 1000” фестивалынын лауреаты, Мындан тышкары ал КР Өкмөтүнүн “Ардак белгисин“, коомдук ишмер Т.Сатылгановдун,
А.Сүйөркуловдун юбилейлик медалынын ээси. Ага Бел-Алды айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган. Мугалимдердин Республикалык I жана II курултайларынын делегаты, райондук кеңештин эки жолку, айылдык кеңештин беш жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Азыр Бел-Алды айыл өкмөтүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы.

Бакен агай үй-бүлөдө да ынтымак менен бийик тарбияны камсыздай алды. Ал үч кыз эки уулдун, тогуз неберенин таятасы, чоң атасы болду. Чоң атадан атага, атадан балага өтүп келе жаткан мугалимдердин династиясы ийгиликтүү уланып келет. Агайдын жубайы Исакова Бермет да физика мугалими. Мугалимдердин династиясы демекчи, биз эми төмөндө агайдын чоң атасы, атасы туурасында да кеп кылалы.

Бай түптүү башат кайдан башталган

Биз кеп кылып баштаган Бакен Ибраимовдун чоң атасы партиялык, советтик, эл агартуу кызматкери Ибраим Алымбековдун (айылында аны Ыбыш деп аташчу) быйыл туулганына 120 жыл болот. Анын үзүрлүү эмгеги, өрнөктүү өмүрү урпактарга үлгү болуп калды. Алымбеков Ибраим 1901-жылы Кетмен-Төбө районуна караштуу Бел-Алды айылдык кеңешинин Булак айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Бакен агайдын айтымында, Ибраим чоң атасы 1915-жылы Чыйакты бийдин балдарын ээрчип Наманган уезиндеги дин мектебине барып окуп келгендиктен, бала молдо деп коюшчу экен.

ЭЛ СЫЙЛАГАН ПЕДАГОГДОРДУН ДИНАСТИЯСЫ

Совет бийлигинин орношу менен сабатсыздыгын жоюп, билимин тереңдетүү ниетинде Фергана облусунун Наманган уезиндеги мектепке 1923-жылы кирип, аны 1924-жылы бүтүрүп чыгат. Келээри менен Муз-Төр мектебин уюштуруп, мугалим болуп эмгек жолун баштайт. Ошентип, ал Торкен айылына да мектеп ачат. Агайыбыз коомдук ишмер Абды Сүйөркуловдун биринчи мугалими болгон экен. 1925-жылы Фрунзе шаарында педагогикалык атайын окуу жайына кирип, үч жылдык курсту 1928-жылы бүтүрүп, мугалим адистигин алат. Ошентип, Кетмен-Төбө өрөөнүндөгүлөр эң алгачкы кызыл мугалим, Ыбыш молдоке деп калышат.

Жакшы иштеп, көрүнүктүү мугалим болгондуктан, 1927-жылы августта араб тамгасынан, латын алфавитине өтүү боюнча Кыргыз эл комиссариатынын комиссия мүчөсү болуп, алгачкы ирээт латын Алиппесин түзүшкөн экен. Ошол жылы жаңы «Алиппени» түзүү боюнча Баку шаарында өткөрүлгөн алгачкы илимий конференцияга Кыргызстандан беш делегат: К.Юдахин,К.Тыныстанов. К.Карасаев, Д.Базарбаев барышкан. Алардын арасында И.Алымбеков да бар эле.

Ибраим агабыз Кыргыз ССРнын эл агартуу комиссариатынын аттестациясынан өтүп, 1938-жылы башталгыч класстын мугалими жана улук методист деген категория ыйгарылган. Бул аралыкта райондун борборунда В.Ленин атындагы жети жылдык жатак мектебин уюштуруп, ага директор болуп эмгектенген.

– Ыбыш атам 1928-жылдары «Алиппе» түзүү иши боюнча Пишпеке келээрде райондук аткаруу комитетинин тапшырмасы боюнча Токтогул Сатылгановду атчан ала келип, эки ай аралыгында “Ударник“ кинотеатрында белгилүү музыка изилдөөчү Затеевичтин жетекчилиги менен Токтогулдун ырларын, күүлөрүн жаздырып кетишине көмөктөшкөн экен. Ошол жылы кыш эрте түшүп, кар оор жаагандыктан Төө ашуудан өтө алышпай, экөө Таластан Беш-Таш ашуусу аркылуу араң ашып өткөнбүз деп эскерер эле, — дейт Бакен агай.

Элдин айтымында, Ыбыш агай жаны тынбаган мугалим, уюштургуч, чарбакер, сарамжал болгон экен. Ошондон улам 1938-жылы мугалимдердин Республикалык биринчи курултайына делегат болуп, ошол жылы Коммунисттик партиянын мүчөлүгүнө кабыл алыныптыр.

1940-1946-жылдары Токтогул районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Алыскы Сары-Камыш айылдарына чейин мектептерди ачтырган. Согуш жылдары өтө оор болгондуктан мектептерди ачуу, балдарды окууга тартуу, мугалимдер менен камсыздоо, каржылоо оңойго турган эмес. 1946-1949-жылы райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп да эмгектенген. Бул жылдарда эл чарбасын калыбына келтирүүдө алгылыктуу иштерди жасаган. Бирок жалган жалаа менен кызматынан алынган экен. Ошентип, райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин башчысы болуп иштеп калат. 1954-жылдары республикада майда чарбаларды ирилештирип, колхоздорду кайра түзүү саясаты башталат. 30 миңинчилер деп коюшкан ошол саясаттын негизинде И.Алымбековду өз айлына башкарма кылып дайындап жөнөтүшөт.

– Ыбыш келип эмгек акы алып, кампаларга эгин батпай, бей-бечараларга жардамдар берилип, элдин ынтымагы артып, айыл-айыл болуп бөлүнбөй, бир үй-бүлөдөй ынтымак түзүлгөн деп айылдыктар көп эскеришер эле, — дейт Бакен агай.

– Чоң атам эң жөнөкөй, адилеттүү жетекчи болгон экен. Жаңы көчөгө кеңсе, медпункт, сегиз жылдык чоң мектеп курдуруп, элди маданиятташтыруу ишин баштаган. Совет колхозуна Иван деген орусту көчүрүп келип, бал аарычылыкты уюштурган. Аны эл үйрөнүп, улап кеткен. Пантелей деген орусту алып келип тоок фермасын түзгөн. Ошентип, эл тоок күтүп, чарбачылыкты кеңейткен. Петро деген орусту алып келип, айылда жапайы алмаларды кыйыштырууну, апорт алманы өстүрүүнү 1958-жылдан баштаган. Кийин анын аркасы менен түрдүү жашылчаларды тигип, өстүрүүгө атам жардамчы болгон экен. Ыбыш чоң атам колхоздун башкармасы болуп иштеген жылдары элдин турмушу оңолуп, колхоз кирешелүү чарба болуп, райондун ардак тактасынада турчу дейт. Элдин маданиятын, билимин өстүрүүгө, чарбанын экономикасын көтөрүүгө көптөгөн эмгектерди жасап, адилеттүү жетекчи катарында элдин урмат сыйына ээ болуп, 1961-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Чоң атамдын эмгегин өкмөт менен партия жана эли жогору баалап, бир топ сыйлыктарды ыйгарып, депутаттыкка шайлашып келишкен, — дейт небереси Бакен Ибраимов.

Ибраим Алымбеков “Эл агартуунун отличниги” төш белгисин 1945-жылы алыптыр. Кыргыз ССР Жогорку Советинин, СССР Жогорку Советинин ардак грамотасы менен бир нече ирет сыйланган. Эмгек Кызыл-Туу орденин 1948-жылы, «Ардак белгиси» орденин эки жолу (1949-1957-жылы) алган. Райондук кеңештин беш жолку депутаты, айылдык Кеңештин үч жолку депутаты болгон.

Ыбыш аксакал 1961-1970-жылдары да айылдын элдик көзөмөлдөө комитетин жетектеп, эл кадырлаган ардактуу карыяларынан болгон. 1983-жылы узак оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

ЭЛ СЫЙЛАГАН ПЕДАГОГДОРДУН ДИНАСТИЯСЫ

Сары-Сөгөт айылындагы элдин талабын туура кабыл алып, жергиликтүү бийликтер Ыбыш Алымбековдун ысымын Н.Крупская атындагы орто мектебине 1996-жылы ыйгарган. Ыбыш аксакалдын баласы Алымбеков Искак да Кетмен-Төбөдө биринчилерден болуп жогорку билим алып, 1951-жылы М.Горький атындагы жатак мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

Кийин ошол эле мектепте, андан соң Сталин атындагы мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп 1960-жылга чейин иштеген. 1960-68-жылдары райондук партия комитетинин инструктору жана Токтогул совхозунун партком төрагасы кызматында иштеген. 1968-жылы Бел-Алды айылдык Кеңешинде, Сары-Сөгөт айылында биринчи Н.Крупская атындагы орто мектеп ачылып, ага И.Алымбеков директор болуп келет. 1973-жылы айылдык Кеңештин төрагасына шайланып, кайрадан 1987-жылы мектептин тарбиялык иштери боюнча директорунун орун басарлык кызматында ардактуу эс алууга чыкканча эмгектенген.

Бакен агай ошол түптүү бай түп дарактан калган мугалимдик кесипти абийирдүүлүк менен аркалады. Каарманыбызды азыркы учурда эл журту терең урмат менен “Бакен агай!” деп ызаат кылып, атын сыймык менен аташат.

Майрамбек ТОКТОРОВ, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер