ЭЛ АРАЛЫК “САПАТ” ЛИЦЕЙИНДЕГИ МЕН КУБАНГАН ЖАГДАЙЛАР

  • 13.12.2021
  • 0

2012-жылдын сентябрь айы. Мугалимдер каанасында отургам. Бул учур менин мугалимдик кесипти жаңыдан гана баштаган кезим. Бир кезде директордун окуу иштери боюнча орун басары агайыбыз жаныма келип: “Эже, кыргыз тили жумалыгын өткөрүү керек. Өтө жогорку деңгээлде өтүлсүн” деген мүдүрдүн талабы. Ошондуктан бир апталык кыргыз тилинин жумалыгынын планын тез даярдап, мүдүрбейге тааныштырып, бекитиңиздер, — деп чыгып кетти.

Кесиптешим экөөбүз жогорку окуу жайда көргөн тил майрамдарынын, мектепте өткөрүлгөн кечелердин сценарийлерин эске алып, план жазып алып кирдик. Бирок биздин мүдүр бул планыбызды “өтө жупуну” деп баалап, кайра иштеп чыгуубузду, кыргыз тили жумалыгы башка жумалыктардан өтө жогорку деңгээлде өтүлүшүн талап кылды. Биз бир чети жаш болгондуктанбы, тажрыйбабыздын аздыгынанбы айран таң калуу менен бир эсе маанайыбыз түштү. А менин бул мектепте мындан ары иштеп кете алышыма күмөндөнүп, планды кайра иштеп чыгууга кириштик. Ошентип, бир нече оңдоп-түзөөлөрдөн кийин, китеп, журнал, гезит, айтор, интернет булактарынан ар кандай маалыматтарды издеп жатып, иш-чаранын жаңы идеяларын издеп таптык. Мына ошондо гана бизди мүдүрбей жылуу маанай менен кубаттап, бизге ийгилик каалап, жумалыктын планын бекитип берди. Айтор, ошол күндөн баштап, изденүү, ой толгоо, чыгармачылык эмне экендигинин даамын татып, түйшүктүү жана сыймыктуу кесибимдин, башкача айтканда, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстарда кыргыз тили мугалими катары Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинде бир топ жылдан бери иштеп келе жатам.

Иш жолумда канчалаган кыргыз боло туруп, кыргызча билбеген, билгиси келбеген, билгенге кызыкчылыгы жок жаш муундарды көрдүм. Бул балдардын албетте, күнөөсү жок деп кесе айтууга арзыйт. Анткени үй-бүлөсүндө мамлекеттик тилге карата кайдигерликтенби, кызыкчылыктын же атуулдук демилгенин жоктугунанбы, эмнегедир, айрым мекендештерибиз эгемен Кыргыз өлкө болуп аталганыбыз менен таптакыр эле кыргыз тили өз өлкөсүндө кеңири колдонулбагандыктан “киргиз” аталган жаш жеткинчектерибиз өсүп келе жатат эмеспи.

Жакында Бишкек шаарында төрөлүп өскөн, ушул эле мекемеде мугалим болуп иштеп келе жаткан бир кесиптешимдин “мен бул мекемеге келгичекти Бишкек шаарынын бир топ мекемелеринде иштедим. Бирок эч кайсы ишканада мага кыргызча сүйлөө талабы болгон эмес. Өзүм да шаарда өскөнүмдөн улам, кыргызча сүйлөй алчу эмесмин. Ушу “Сапат” системасына келип иштегенден бери кыргызча сүйлөп үйрөнүүгө мажбур болдум. Бул мекеменин ар кайсы тармактарында иштебейин чогулуш-жыйындарынын баары кыргызча, жамаат кыргызча маектешкендигинен кыйналып атып сүйлөп, ошентсе да үйрөнүп кеткениме кубанам”  деп жылмайганы мага абдан таасир калтырды. Айтса-айтпаса төгүнбү, мен жеке өзүм  да бул билим берүү мекемесине келгичекти жеке менчик спорт мектебине кыргыз тили мугалими катары мугалимдик кызматка кабыл алындым. Мени өкүндүргөнү мектеп директору (ээси) кыргыз боло туруп, улуттук тилибизге кайдыгерлиги, башка предметтерге (чет тили, информатика) караганда  эне тилибиздин баасына төмөн көз карашы мага жаккан жок. Ошол себептен, кыскасы бул окуу жайда мен иштеп кете алган жокмун. Өз эне тили предметин төмөн баада кабыл алышы бул мени төмөн кабыл алган сыяктуу сезилип, аз өтпөй жумуштан чыгып кеттим. Балким, мен атуулдук милдетимди аткарып, ошол окуу жайда тилимди көкөлөтүп өстүрсөм болот беле, бирок мен күрөшө албадым…

Жыл сайын сентябрь айында Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесиндеги бардык мектептеринде улуттук этнографиялык баалуулуктар, үрп-адат, маданиятыбызды терең чагылдырган, атуулдук сезимди ойготуучу иш-чаралар өткөрүлүп, интернет социалдык тармактарында жарыяланып турат. Бул саамалыктар өтө жогорку деңгээлде майрамдалып, кыргыз калоритинде жасалгаланып, андан сырткары жаш муундарыбызга улуттук ар кайсы тармактагы баалуулуктарды камтыган көргөзмөлөрдүн өтүшү да заман талабы. Жыйынтыктап айтканда “Сапат” мектептеринин жетекчилик жамааты, анын ичинде кыргыз тилчи адистеринин бул иш-аракеттери аз да болсо тилибизге кошкон салым катары мени абдан кубандырат.

ЭЛ АРАЛЫК “САПАТ” ЛИЦЕЙИНДЕГИ МЕН КУБАНГАН ЖАГДАЙЛАР

Андан сырткары айтпай кетпесе болбос, бул мекеменин кыргыз тилчи мугалимдерине бир жылда эки жолудан ар кандай кесиптик өнүгүү багытындагы семинар, тренингдер өткөрүлүп, ушул кесиптин ээлерине мекеме тарабынан мамлекеттик тил, эне тил предметин жеткиликтүү үйрөтүү багытында талаптар коюлуп турат.

Биздин мектептин эң негизги максаттарынын бири- ар тараптан өнүккөн, мекенчилдик  сапаты жогору улан-кыздарды өстүрүп чыгаруу.

Көптөн бери бул багытта ой жүгүртүп жатып, лицейибиздин директору, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесин жетектөө тармактарында иштеп келе жаткан, кесиби боюнча түрк тили мугалими, учурда Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин директору Исмаил Сойсал агайыбызга “тартынбай кирип”  суроо узаттым.

-Агай, бул мектепте кыргыз тили жумалыгынын башка предметтерге караганда өтө жогору деңгээлде  майрамдык салтанат менен өткөрүлүшү, окуучулардын кыргыз тилинде пикирлешүүсү мектеп үчүн эң негизги талаптардын бири болушунун себебин түшүндүрүп бере аласызбы? -деп кайрылдым. Агайым жылмайган маанайда, өтө жөнөкөйлүк менен суроомо

— Сен да тилчисиң, мен да тилчимин. Адам баласына эң негизги билим кайсы? Бул албетте, анын эне тили, анан математика ж.б. предметтерди атай алабыз. Башкача айтканда эне тили бул билимдердин негизи, фундаменти. Адам өз эне тилин мыкты билсе гана башка предметтерди кабыл алышы, өздөштүрүп кетиши, ой жүгүртүшү туура нукта калыптанат. Ошондо гана биз ошол фундаменттин үстүнө жаңы, бекем  билимдерди  кура алабыз. А бирок эне тилин билбей туруп деле башка билимдерди ала алышы мүмкүн бирок, лицейибиздин атын алып жүргөн улуу жазуучу Ч.Айтматов айткандай “маңкурт” болуп калары ачык эле сөз да. Биздин милдет — ар тараптан өнүккөн, улуттук баалуулуктарды баалай билген, мекенин сүйгөн, атуулдук деңгээли жогору келечек муундарды өстүрүшүбүз милдетибиз, ошондой эле максатыбыз.

— Агай, “Сапат” билим берүү мекемеси дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө билим берип келишет, ошентсе да сиздин биздин өлкөгө келип,  иштеп калышыңызга эмне себеп болду эле?

— Ооба, бул билим берүү мекемесинде иштеп келе жатканыма жыйырма жылдан ашты. Ошончо жылдан бери кыргыз өлкөсүнүн суусун ичип, жерин мекендеп келемин. А менин ушул мамлекетте иштеп калышыма кыргыз эли  түрк элдери менен тектеш болгондуктан, бул элдин маданияты, тили жагынан жакындык, бул өлкөгө келишиме себеп болду. Өзүм да тарыхка, өзгөчө тилдердин тарыхына кызыкдар кишимин. Ошондуктан бул элди жакын көрүп, өз каалоом менен жашап, иштеп келе жатам, — деп жооп берди.

ЭЛ АРАЛЫК “САПАТ” ЛИЦЕЙИНДЕГИ МЕН КУБАНГАН ЖАГДАЙЛАР

Баланын тамырында каны менен айлансын!

Кесиптешимдин мамлекеттик тил сабагынан ачык сабагы болду. Ал абдан креактивдүү, изденгич эле. Анын сабагы окутуунун жаңы ыкмалары менен, заманбап технологияларды мыкты колдонуп, балдар активдүү, жандуу сабак болду. Сабактан соң кыргыз тили мугалимдери  окуу иштери боюнча директордун орун басары Сагалы кызы Бактыгүл эжейдин каанасына өтүлгөн сабакка анализ берүү үчүн жыйналдык. Баарыбыз “Педагогикалык талаптарга жооп бере турган мыкты сабак” деп бааладык. Чындыгында, бул сабакта эч кандай методикалык кемчилик жок, баары талаптагыдай өтүлгөн эле. Тилчилердин ар бири өз пикирин “мактоолорун” айтып бүткөн соң, Бактыгүл эжей сөздүн акырында,

-Ооба, бул өтө жогорку деңгээлдеги сабак болду. Анын үстүнө бул эжейдин изденгичтигин, аракетчилдигин билип эле жүрөбүз. Бирок, сабактагы көтөрүлгөн проблема баланын тамырында каны менен айландыбы? Бала ошол сабактан чыккандан кийин да сабактан алган сезимдер менен жашай алдыбы? Ошол маанилүү! Биздин сабак баланын аң сезимин бүтүндөй аңтарып, мекенчилдик сезимди анын жан дүйнөсүнө түбөлүккө орното ала тургандай деңгээлде өтүлүш керек. Акын менен жазуучу же тарыхый инсан, же кайсы бир чыгарма сабакта өтүлбөсүн анын мекен алдындагы эмгегин, жасаган кызматын баса белгилеп, көңүлдүн борборун ошол чекитке бура ала тургандай кырдаалды жаратуу керек. Ошондо гана өлкөбүздүн түбөлүктүүлүгүн сактап кала алабыз. Эжейдин бул сөздөрү мени таң калтырбай кое албады. Бир нече күн ошол ой менен жашадым. Мен өзүмө анализ берип, сабактарымда мекенчилдик сезимди жаратып, баланын кан-жанына айланта алчу кырдаал жарата алдымбы? – деп көпкө ойлонуп жүрдүм.

ЭЛ АРАЛЫК “САПАТ” ЛИЦЕЙИНДЕГИ МЕН КУБАНГАН ЖАГДАЙЛАР

Бала канчалык тентек болбосун башынан сылап эле окутуп коем

Жөнөкөйлүк адамгерчиликтин улуу сапаты эмеспи. Кандай гана жөнөкөй, билимдин кенчи сыяктуу деңиз эжем Ажар Раимова. Не деген татаал маселе болбосун, жазуучулардын чыгармаларынан, өмүр жолунан алган таасир, ойлор, суроолорумду эжейден сурап, толук купулума толо алган жооп ала алам. Ал ушул билим берүү мекемесинде көп жылдан бери кыргыз тили мугалим болуп эмгектенип келет. Ал эженин талантына сөз жок. Быйылкы окуу жылында кыргыз тилчи эжейлер араң көндүрүп, анын чыгармачыл адабий кечесин уюштурдук. Эже, көрсө, өз талантын да чыгаргандан тартынат экен. Ушунчалык жогорку деңгээлдеги чет элдик акын жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон котормочу, акын, тамсилчи, аңгемечи, ой толгоо сөздөрүнүн ээси экен. Китеп кылып басмадан чыгарбайсызбы деген сурообузга, сылык гана “убакыт келер” деп жооп берип койду. Илимий методикалык иш жазышыңыз керек, сиздин акылыңыз өзү эле китеп деген сунушума “Ал үчүн бир топ суммада  каражат керек. Өз атагым үчүн бул иштерди жасагым жок. Бирок, келечек планымда интернет айдыңында социалдык баракча аркылуу көптөгөн долбоорлордун планын иштеп чыктым. Учурда Facebook, YouTube каналдарында тил тармагындагы долбоорлорду ишке ашыра баштадым” дегени мени кубандырды. Мамлекеттик тилибиздин өнүгүшүнө бул да болсо чоң салым эмеспи. (кызыккандар Ажар Раимова деп издесе болот).

Бир күнү түштөнүү убагында эжейге кайрылып,

-Эже, тентек балдарды кантип сабакка кызыктыра алам. Алар менен иштөө мага бир топ түйшүктү жаратат. Сиз мындай балдар менен кантип иш алып барасыз деп кайрылгам. Эжейим,

-Мен тентек балдарды башынан сылап эле окутуп коем — деп жылмайса болобу.

-Кантип?

-Изден, оку. Биринчиден, адам катары баланын сезиминде жакшы пикир жаратып, аны сүйдүрө бил. Ошондо бала предмет же билим үчүн эмес, сенин көңүлүн үчүн, сени сыйлагандыктан окуп башташат. Канткен менен бала “бала” да,  жаш. Ал келечекти же предметтин маанилүүлүгүн көрө албайт. Бала предметти сен аркылуу тааныйт. Сен ошол предметтин ээсисиң. Экинчиден ал да инсан. Баланы инсан катары таанууну өздөштүрүү керек, -деген кеңешин берди. Эжей жаш кесиптештери үчүн тирүү энциклопедия же азыркы Google.

Анна Ахматова

Жыйырма бири. Түн бир оокум. Дүйшөмбү.

Шаар элеси мунарыкка сиңгендей.

Бир бекерчи өз оюнан чыгарып,

Айткан тура сүйүү бар деп, билгендей.

Зеригиппи, же жалкоолук  айынан,

Баары ишенип, мына ушинтип жашашат,

Жолугушуп, коркуп ажырашкандан,

Кайра – кайра сүйүү  ырын  ырдашат.

А.Блок

Кээде ойдун аныгына жетпейсиң.

Кээде өзү  неге мындай – билбейсиң,

Сен адамга ӨЗҮҢ бойдон келесиң,

Сен  адамдан ӨЗҮН  болбой кетесиң.     (которгон  А. Раимова)

ЭЛ АРАЛЫК “САПАТ” ЛИЦЕЙИНДЕГИ МЕН КУБАНГАН ЖАГДАЙЛАР

Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинде иштеп келе жатканыма, бул мекеменин өлкө алдындагы, келечек үчүн өз милдеттерин татыктуу аткарып жаткан иш-аракеттерине, ата-энелердин ишеничин жоопкерчилик менен актап жатканына жеке атуул катары ыраазычылык билдирүү менен кубанып кабыл алам.

Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин кыргыз тили мугалими Маматиллаева Чынара

Бөлүшүү

Комментарийлер