ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ МАТЕМАТИКА БОЮНЧА КАНДАЙ НАТЫЙЖАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮДӨ?

  • 13.09.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырылган USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында 2021 жылы улуттук деңгээлде экинчи жана төртүнчү класстардын окуучуларынын арасында өткөрүлгөн математикалык көндүмдөрдү баалоонун (EGMA) жалпыланган жыйынтыктары бул макалада берилген.

1-таблицада баштапкы баалоонун негизги параметрлери көрсөтүлгөн, ал эми 2 жана 3-таблицаларда — тесттин бөлүмдөрү жана үлгү тапшырмалар берилген. Макалада окуучуларды тестирлөөнүн негизги натыйжалары (күчтүү жана алсыз көндүмдөрү) окуучулардын жынысы, окуган классы, мектебинин жайгашкан жери (шаар же айыл) боюнча бөлүп келтирилген.

Жалпы маалымат

ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ МАТЕМАТИКА БОЮНЧА КАНДАЙ НАТЫЙЖАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮДӨ?

 

Бааланган көндүмдөр

Баалоо учурунда экинчи класстар үчүн тесттик тапшырмалар төмөнкү негизги математикалык көндүмдөрдү жана билгичтиктерди камтыды  (2-таблицаны караңыз)

 

ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ МАТЕМАТИКА БОЮНЧА КАНДАЙ НАТЫЙЖАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮДӨ?

Төртүнчү класстар үчүн жазуу жүзүндөгү тест төмөнкү математикалык көндүмдөрдү жана билгичтиктерди камтыды (3-таблицаны караңыз)

ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ МАТЕМАТИКА БОЮНЧА КАНДАЙ НАТЫЙЖАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮДӨ?

 

Тестирлөөнүн жыйынтыктары

 

Экинчи класстар боюнча жыйынтыктар

ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ МАТЕМАТИКА БОЮНЧА КАНДАЙ НАТЫЙЖАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮДӨ?Экинчи класстардын окуучулары төмөнкү негизги математикалык көндүмдөр боюнча салыштырмалуу жогорку натыйжаларды көрсөтүштү:

  • Эки орундуу сандарды кошуу
  • Эки орундуу сандарды кемитүү
  • Мейкиндик ой жүгүртүүгө жөнөкөй тапшырмалар

Экинчи класстардын окуучулары логикалык ой жүгүртүүнү талап кылган тапшырмаларды аткарууда кыйынчылыктарга дуушар болушту («Сан катары», «Тексттүү маселелер», «Сандар ортосундагы өз ара байланыш» бөлүмдөрү жана мейкиндик ой жүгүртүүгө татаалыраак тапшырмалар). Мисалы, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде экинчи класстардын окуучуларынын жарымынан азы (44%) төмөнкү сыяктуу тапшырманы туура аткара алышты «7+4=6+_».

Окуучулар ондук аркылуу өтүүнү (мисалы, 18 + 7=__) же кемитүүдө ондуктар разрядынан сурап алууну (мисалы, 25 — 7=__) талап кылган тапшырмаларды чыгарууда да кыйналышты.

Тестирлөө учурунда окуучулар тапшырмаларды аткарууда математикалык түшүндүрмөлөрдү колдонуу менен өзүнүн ой жүгүртүүсүн түшүндүрүп берүүдө кыйналары байкалды. Мугалимдер өздөрү тапшырманын чыгарылышын кантип түшүндүрүп берүү керек экендигин окуучуларга көрсөтүп берип, андан соң, сабак учурунда окуучуларга бул көндүмдү өз алдынча практикалоого жардам берүүсүнө муктаждык бар экендиги аныкталды.

Төртүнчү класстар боюнча жыйынтыктар

Кыргыз жана орус тилдүү мектептердин төртүнчү класстарынын окуучулары «Сандар жана арифметикалык амалдар» бөлүмү боюнча салыштырмалуу жогорку натыйжаларды көрсөтүштү. Ошол эле учурда, кыргыз жана орус тилдүү мектептердин окуучулары «Үлүштөр жана бөлүктөр», «Геометрия», «Статистика» (диаграммалардан маалыматтарды окуу) жана «Чоңдуктарды ченөө» бөлүмдөрү боюнча 50%дан аз упай топтошту. Мисалы, кыргыз тилдүү мектептерде окуучулардын жарымынан азы (48%) «Туурасы 6 см жана узундугу 17 см болгон тик бурчтуктун аянтын тап (тик бурчтуктун сүрөтү берилген)» сыяктуу тапшырманы туура чыгара алышты. «Сандар жана арифметикалык амалдар» бөлүмүндөгү эң төмөнкү упайлар тексттүү маселелерди чыгаруу тапшырмаларына туура келди (көбөйтүү, бөлүү жана калдык менен чыгаруу маселелери).

Экинчи жана төртүнчү класстар үчүн тесттерде «Мейкиндик ой жүгүртүү» бөлүмү боюнча окуучулардын салыштырмалуу төмөн көрсөткүчтөрү мектептерде окутуу процессинде манипулятивдик (демонстрациялык жана көрсөтмө) материалдар чектелүү гана деңгээлде колдонуларын жана окуучулардын мейкиндик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жетишсиз көңүл буруларын көрсөтүп турат.

Шаар жана айыл аймактарында жайгашкан мектептердин ортосундагы айырмачылыктар

Экинчи жана төртүнчү класстар боюнча (кыргыз жана орус тилдүү) шаардык мектептер айылдык мектептерге караганда жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү.

Эркек балдар менен кыздардын ортосундагы айырмачылыктар

Экинчи класстар деңгээлинде эркек балдар кыздарга караганда саал жакшыраак жыйынтыктарды көрсөтүштү; ал эми төртүнчү класстар деңгээлинде тесттин бардык бөлүмдөрү жана окутуу тилдери боюнча кыздар эркек балдарга караганда жогорураак жыйынтыктарды көрсөтүштү.

Окутуу тилдери боюнча айырмачылыктар

Экинчи класстардын деңгээлинде кыргыз тилдүү мектептердин окуучулары орус тилдүү мектептерге салыштырмалуу кыйла жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү. Ал эми төртүнчү класстардын деңгээлинде орус тилдүү мектептер кыргыз тилдүү мектептерден алдыга озуп чыгышты.

* Өзбек жана тажик тилдүү мектептер кыргыз жана орус тилдүү мектептерге караганда жогору жыйынтыктарды көрсөтүштү. Бирок жалпы мектептердин санында тажик жана өзбек тилдүү мектептердин үлүшү өтө кичине болгондуктан, алардын жыйынтыктары жалпы таблицаларда чагылдырылган жок жана 2024-жылы жыйынтыктоочу баалоо этабында өзүнчө салыштырылат.

Төмөндө экинчи класстар (1-сүрөт) жана төртүнчү класстар (2-сүрөт) үчүн бардык бөлүмдөрү боюнча тестирлөөнүн натыйжаларынын жалпыланган маалыматы берилди.

1-сүрөт Тесттин бардык бөлүмдөрү боюнча экинчи класстардын окуучуларын тестирлөөнүн  натыйжалары, окутуу тили боюнча, туура жооптордун орточо пайызы.

 

ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ МАТЕМАТИКА БОЮНЧА КАНДАЙ НАТЫЙЖАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮДӨ?

Бөлүшүү

Комментарийлер