ЭГЕМЕН ӨЛКӨНҮН ЭНЕ ТИЛ МЕКТЕБИН КИМ ОЙЛОЙТ?

  • 06.09.2021
  • 0

Мындан отуз жыл мурун эсиңиздеби, «Биз эгемендүү мамлекет болсок, мектебибиз улуттук болот, тилибиз мамлекеттик болот» деп кыялданганбыз. Ошол үмүт-тилектин канчасы орундалды?

Кайра куруу доорунда, андан кийин эгемендүүлүктүн баштапкы жылдары элибиздин каймагы болгон улуттук интеллигенция эне тил маселесин эч тайманбай көтөрүп чыкканы эсимде. Эне тил тууралуу жазбаган, бул маселеге күйбөгөн адам калган эмес. Ким жазбасын, радио, теледен сүйлөбөсүн, «70 жылда маңкурт болуп бүтүппүз! Борбор шаарда №5 мектептен башка кыргыз мектеби болбоптур!» дей берчү.

Эгемендүүлүккө жеткенде эми эне тилибизде мектеп ачып, билим берүү ишин эне тилинде жүргүзөт экенбиз деп кубанганбыз!

Азыр карап көрсөк, андан бери сезилерлик деле жылыш болбоптур. Учурда Бишкек шаарында 96 жалпы билим берүүчү мектеп болсо, анын 86 мектебинде билим берүү иши официалдуу тилде жүргүзүлөт.

Эң эле жаманы эне тил мектебине болгон кысым айыл жерине да жетти. Өткөн жума «Орус классын ачып бергиле!» деген талап менен Кара-Суунун Отуз-Адырынан үч ата-эне келиптир. Бул алардын конституциялык укугу деңизчи, бирок Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн, эгемендүүлүгүнүн көзгө басар белгиси болгон мамлекеттик тил статусу бар — кыргыз тилинин укугун ким талашат?

Эне тилибиз өз жеринде, өз элинде өсүп-өнө албаса, анда кайсы жерде тамыр байлайт?

Ушуну ойлоно жүргөнүбүз оң. Мектеп эле дейин десең, мектепке чейинки билим берүүдөгү эне тилдин үлүшү да мышык ыйлагыдай. Мамлекеттик бала бакчалардын саналуусу гана эне тилинде тарбия бербесе, калган менчик бала бакчалардын дээрлик баары таалим-тарбия ишин расмий тилде алып барат. Буга чара көргөн мыйзам жок.

Ушуну ойлоп, кабатыр болбой койбойсуң. Дагы бир өзүбүзгө тийиштүү маселе. Учурда биз мамлекеттик тилибиз болгон кыргыз тилин жалаң иш-чаралардын тилине айландырып алдык. «Улут болсоң, тилиң менен улутсуң!» деген көрнөктү көрүнгөн жерге илген менен, эне тилди ошол билим берүүнүн тилине айландыра алган жокпуз.

Союз маалында партиядан сестенсек, азыр кимден айбыгып жатабыз?

Эгемендүү мамлекетпиз, өз желегибиз, өз гимнибиз, өз президентибиз, өз парламентибиз бар.

Биздин колду ким кармап жатат?

Менимче, баардык күнөө өзүбүздө. Башка эл бизге тоскоолдук кылган жок.

Эгемендүүлүккө дейре эне тил биз үчүн кол жеткис бийиктик болсо, азыр ага жалаң экономикалык көз караштан карап, «эне тили менен алыс барбайсың» деп, алысты, келечекти көздөбөй, пайданы көздөп мамиле кылып калдык.

Интеллигенция өкүлдөрү «Мен орус тилин билбей калдым. Балдарым окусун!» десе, айылдан келгендер «Москвага иштеп калса, пайдасы тиер» деген пикирде болушат.

Анан ушул маселени көтөрсөң эле, «Кыргыз мектеби начар окутат, мугалимдеринин кесиптик даярдыгы талапка жооп бербейт. Биринчи шартын оңдош керек, мугалимдеринин потенциалын жогорулатыш керек, анан ата-эне баласын эне тил мектебине алып барат да!» деген шылтоону айтышат.

Бул куру шылтоо отуз жылдан бери айтылып келүүдө. Мурда өзүбүздө жашаган башка улуттар айтышса, азыр жалаң кыргыздар айта баштады. Эң өкүнүчтүүсү, эне тилдин душманы өзүбүз, кыргыздар болуп калдык.

Мындайча айтканда, айтылуу уламыштагы душмандын колунда тарбия көрүп, кийин өз элине кылыч көтөрүп келген жүз жигитке айланып баратабыз.

Анан дагы акыл үйрөтүп, «Тил жоголсо, улут жоголот» дейбиз!..Муну балабызга эмес, жанагы иш-чарада отургандарга айтабыз!

Алардын да балдары эбак орус мектебин бүтүрүп, неберелери ошол эле мектепте окуп жатышканын жакшы билсек да айтабыз.

Бирок айта беребиз… Айта беребиз… Айтканыбыздын баары иш-чара үчүн гана!

Ал эми тышка чыксаң, абал башка.

– Бишкектеги элдин көбү орус тилинде сүйлөйт экен. Ушундан аябай кыйналып жатам, — дейт борборубузга билим алганы Өзбекстандын Жиззах облусунан келген боордошубуз Муратбек Сангир уулу.

Муратбек айткандай, бизде чоң-кичине дебей, баары бөтөн тилге ооп кетти.

Коомдук транспортто ата-энеси менен бала бакчага бараткан балдардын өз эне тилинде сүйлөгөнүн көрбөйсүң. Баары орус тилинде! Балдарды коштоп бараткан чоң энеси небереси орусча сүйлөсө, кубанганын айтпа!

Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарында канча кожолук жашайт, көчөдө эне тилинде сүйлөп ойногон кичинекей балдарды жолуктура албайсың. Баары бөтөн тилде!

Анткени алардын баардыгы шаардагы орус тилдүү бала бакчаларга барышат. Жаштайынан орус тилинде сүйлөгөн балдарды, албетте, ата-энелери орус мектепке алып барышат.

– Менин балдарым орус тилдүү бала бакчага барышты. Тили орусча чыгып, орус мектепке айла жок бердик, — дейт шаар тургуну Сабыр мырза.

Бирок арасынан кыргыз мектебин тандаган ата-энелер кыялын орундата албаганын айтып келишет.

– Мен союз маалында орус мектепте билим алдым. Уулумду кыргыз мектепке берейин десем, тесттен өтөсүңөр дешти. Ошентип, кыялыбыз ишке ашпай калды, — дейт өзү педагог Нурия.

Ал эми шаардагы райондордун билим берүү жагын тескеген адистери жылдан-жылга кыргыз класстарын тандаган ата-энелердин саны азайып баратканын белгилешет.

– Райондогу 30 мектептин арасынан 28 мектепте биринчи класстар үчүн кыргыз класстары ачылган. Ата-энелер электрондук каттоо аркылуу алып келишсе болмок. Тилекке каршы, кыргыз класстарына каттоо солгун жүрүүдө. Мисалы, №25 мектептин 36 бала окуй турган кыргыз тилдүү класска үч бала гана катталган. №13 мектеп-гимназиядагы кыргыз классына каалоочу жок болгондуктан, орус класс болуп өзгөрүү коркунучу жаралды. Анткени шаарыбыздын кыргыз тилдүү калкы баласы үчүн орус тилдүү класстарды тандоодо, — дейт борбордогу Ленин райондук билим берүү борборунун башкы адиси Г. Алымкулова.

«Эл өзү тандап жатат» деген да туура эмес деп ойлойм. Мамлекеттин алысты көздөгөн саясатын аныктоо карапайым элдин милдети эмес. Эл азыр өзүн багуу менен алек.

Мамлекеттин, улуттун жүзү болгон эне тилинин келечегин аныктаган мамлекеттик деңгээлдеги тил саясаты азыр бизге аба менен суудай зарыл болуп турат.

Европаданбы, Грузияданбы, же жаныбыздагы Өзбекстандан бирөө келип, «Борбор шаарыңардагы мектептердин, бала бакчалардын канчасы бөтөн тилде?» десе, «Баары эле бөтөн тилде! Арасынан азыраагы өз тилибизде!» деп кантип айтабыз? Чындыгы ошондой болуп жатпайбы!

Эне тили билим берүүнүн тили болмоюн, мамлекеттүүлүккө доо кете берет. Анткени ошончо тилдин арасынан бир гана кылым карыткан кыргыз тили өз Ата мекенинин мекенчил уул-кыздарын тарбиялай алууга кудуреттүү!

Ушуну эстен чыгарбасак.

Бул ойдун аксиома экенин кыргыз мектебинин алдыңкы педагогдорунун табылгалары кынтыксыз көрсөттү.

Азыр биз кыргыз мектеби дегенде, биринчи эле болуп таластык үлкөн педагог «Манасты» окутуунун кынтыксыз системасын окуу-тарбия процессине киргизген Бектур Исаковду, Коменскийдин «Энелер мектебин» ата-энелерге жайылтып, окуучуларын билимди казуу жолдоруна үйрөткөн лейлектик мугалим Гапыр Мадаминовду, улуттук мектептин артыкчылыгын автордук мектебинин тажрыйбасында көрсөтө алган Орозали Сайдилкановду коркпой көрсөтө алабыз.

Алардын табылгалары, ийгиликтери — жанагы «Кыргыз мектеби артта, мугалимдеринин кесиптик деңгээли начар» дегендерге айкын жана ишенимдүү жооп деп ойлойм.

Азыр бизге, «Эне тил мектебинин келечеги бар!» деп башкаларды эмес, өзүбүздүн улутташтарыбызды ишендирүүгө туура келүүдө.

Маселенин пародокстуу жагы ушунда…

– Акыркы кезде өкмөттүк деңгээлдеги чоң жыйындардын баары мамлекеттик тилде жүрүүдө. Мурда, өзүңөр билгендей, расмий тилде болчу. Жаңы бийлик жаңы тил саясатына багыт алды. Бул бизди көп нерседен үмүттөндүрөт, — дейт Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун башчысы Алмаз Токтомаметов.

Чындыгында эле Садыр Жапаров баштаган жаңы бийликтен элдин үмүтү чоң.

Бизге азыр мамлекеттик тил болгон кыргыз тилинин коомдогу ордун бекемдеген таасирдүү мыйзамдар керек.

Алардын эң эле биринчи катардагысы «Борбор шаарда жана облустук борборлордо бала бакчалардын 90%, мектептердин 80% эне тилинде болсун» деген мыйзам зарыл. Бул мектептерге жетиштүү адистерди даярдоого биздин жогорку окуу жайлардын мүмкүнчүлүгү жетет. Анткени бизде эмне көп, ЖОЖ көп! Мугалим адистерди кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу институттары да жетиштүү санда бар.

Бизде, эгемендүү Кыргызстанда, эне тилинде жаза билген, сүйлөй билгендерге мыйзам тарабынан бир топ артыкчылыктар берилүүгө тийиш. Балким, айлыгына акча кошулабы же карьера жагына жардам болобу, ушул жагын карап көрүү керек.

Мындай чечкиндүү кадамга барбасак, жүз жыйындан пайда жок! Мамлекеттик тилибиз баягы «Кызыл китепке» кирген бойдон, пайдасыз иш-чаралардын тили болуп кала берет. Биз болсо, дүйнөнү таң калтырып, өз мекенибизде туруп, бири-бирибиз менен «Кел, кыргызча сүйлөшөбүз!» дей беребиз…

 

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер