ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “ТАЗАЛАНУУГА, ӨНҮГҮҮГӨ МЕЗГИЛ КЕЛДИ”

  • 25.03.2021
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрель күнү 7 миң 560 мандат үчүн 420 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаты болууга ниеттенгендердин саны 19 миң 140 адамга жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын  билдирүүсү боюнча, бул ирет аялдарга 30 пайыздык квота берүү мыйзамы колдонулат. Анын алкагында 2 миң 943 мандат аялдарга берилиши шарт. Ошону менен бирге алгачкы жолу талапкерден орто билими (аттестат), 1000 сомдук шайлоо күрөөсү талап кылынат. БУУнун Өнүктүрүү программасынын «Кыргызстандагы 2020-2021-жылдардагы шайлоолорго көмөктөшүү» долбоорунун эксперти, билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Догдуркүл Кендирбаева аял-депутаттардын ролу, алардын өлкөнү тазаланууга, өнүгүүгө алып бараары тууралуу маек куруп берди.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “ТАЗАЛАНУУГА, ӨНҮГҮҮГӨ МЕЗГИЛ КЕЛДИ”

— Догдуркүл Шаршеевна, БУУнун 2030-жылга чейин дүйнө парламенттердеги аялдардын санын 50% жеткирүү милдеттемеси бар. Биздин өлкөдө мыйзамда каралган 30% аялдарга берилүүчү квота да аткарылбай келет. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?

— Анын бир нече себеби бар. Биринчиден, саясатка барыш үчүн аялдын колунда жок. Саясат – бул чоң акча чыгымы. Экинчи себеби, аял жакырчылыгы.  Советтик доордон рыноктук мезгилге өткөндө эркектер отуруп эле калбадыбы. Ошондо аялдар чаар баштыкты көтөрүп, ички жана тышкы рыноктун баарын кыдырып, үй-бүлөсүн да, өлкөнү да бакты. Жакыр өлкөдө өтө көп стереотиптер сакталып калган. Өнүгүүнү, өзгөрүүнү каалагысы келбеген адамдардын катмары көп. Эркектер өзүнүн өжөрлүк күчүн бербей, таап келген аялдын эмгегин баалагысы келбеген топтор бар. Аны жокко чыгарбашыбыз керек. Болбосо Кыргызстандын 50%га чукул аял миграцияда жүрөт. Мигранттардан которулган  2 млрд. акчаны  аялдар да которду деп айтылабы? Жок, көп учурда айтылбайт.  Аялдын коомдогу ролун жокко чыгарууга аракеттенген алсыз,  чабал эркектерибиз жок эмес. Жакыр өлкөлөрдө стереотиптик эскинин саркындысы тырмышып жашайт. “Тай туйлап, такка чыкпайт” деп, өздөрүнүн алсыз жерлерин чектеп койгон жерлери бар. Аталган макалдын актуалдуулугун  Айсулуунун, Мээримдин, Айдананын, Шевченконун дүйнөлүк спорт аренасында Кыргызстандын желегин желбиреткен орундары, илимдеги лидер Асель Сартбаева, 50% миграцияда мээнет кылып жүргөн аялзаты, КОВИД менен бетме-бет күрөшүүдө тайманбай чыккан аялзаттын ролу эски догмаларды жокко чыгарды!

Доор өзгөрсө дагы, аң-сезимди өзгөртпөгөн адамдар көп. Дагы бир эң олуттуу себептердин бири – азыркы мезгилде арабдардан келген ислам дининин айрыкча тездик менен өсүшү, анын ичинен аялдардын ролун аныктоого болгон таасири өтө күчтүү. “Чала молдо дин бузат” деп, толук шартын билбей жана шартын түзбөй чайналгандар көп. Дагы бир негизги тоскоолдук – бул укуктук, мыйзамдык нормативдер. Мисалы, биз иштеп турган учурда  Ысык-Көл облусунда агартуу тармагындагылар билим берүү системасында  жетпей жаткан каражатты  жергиликтүү бюджеттен алалы деп көптөгөн директорлор командасы менен депутаттыкка барышкан.  Бирок улам бийлик өзгөргөн сайын директорлорду кодулоо көп болду. Бирок директорлорду кетире албай коюшту. Анткени тың, элине кадыр-баркы бар, таасирлүүлөрү жергиликтүү кеңешке депутат болуп алышкан. Кийин ошол норма алынып калды. Алынгандан кийин дээрлик жергиликтүү кеңештин шайлоосуна аялдар барбай калды.

— Аялдар эмне үчүн жергиликтүү кеңешке барышы керек?

— Үч айдан бери тынымсыз жер-жерлердеги аял-лидерлер менен иштедик. Ушулардын ичинде да өзүнө ишенбеген, депутат болуу миссиясын түшүнбөй калган учурлар жок эмес. Быйылкы жергиликтүү кеңештерге 30% квота аялдарга берилди. Мисалы, Саруудагы окуяны эске алсак, жергиликтүү кеңешке шайлоо болуу алдында эркектер, жаштар толугу менен Президентке, Шайлоо комиссиясына кайрылып, “Аялдарды шайлоого киргизбегиле” деген ураан көтөрүп чыгышкан. Бул эмнени билдирет? Диндик, айрым сабатсыз топтордун мамлекеттик саясатка  басым көрсөтүү деп кабыл алсак болот. Мына ошол Саруудагы койгон эжейлерди, дарыгерлерди эл толугу менен колдоду, керек болсо айыл кеңешинин төрайымы болуп калды. Демек, ошондой тоскоолдуктардан өтүп кеткен баатыр айымдар бар. Тренинг учурунда дагы бир стереотипти айтышты, айрыкча Нарын облусунда “Ий сенин кайнагаң шайлоого баратат, аны менен кантип барасың?”, “Ий досубуз баратат, ага кантип каршы чыгасың?” ж.б.у.с. тыюу аракети күч. Эгерде мамлекет атайын чараларды кабыл алып, жергиликтүү деңгээлдеги лидер айымдардын шайлоого катышуусун камсыз кылбаса, анда биз саясатта, коомдо иштеген аялдарды көрө албай калабыз. Экинчиден, аялдар өздөрү түйшүктөн коркуп жатат, үчүнчүдөн, эл эмне дейт деген нерсе турат.  Ушул эски саркынды стереотиптерди жойгондо,  көп аялдар канат байлат. Аялдардын жергиликтүү кеңешке келиши үй-бүлөгө да, мамлекетке да зыяны тийбейт.

Тренингге катышкан 300 аял калктын саламаттыгы, балдардын билим маселесин көтөрүп жатышты. Ошол жергиликтүү деңгээлдеги балдардын сапаттуу өсүшүнө шарт түзүү: бала бакча ачуу, медициналык кызматты жакшыртуу, таза суу киргизүү  ж.б.у.с. орчундуу, олуттуу маселелерди көтөрүштү. Албетте, жергиликтүү кеңешке аялзаты өтсө, шайлоочулардын  суроо-талаптарын  ал сөзсүз ишке ашырат.

— Тренигде катышкандардын баары депутаттыкка талапкер болуштубу? Эмне себептен алар шайлоого баратканын түшүндүрүштүбү?

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “ТАЗАЛАНУУГА, ӨНҮГҮҮГӨ МЕЗГИЛ КЕЛДИ”

— Баткендик Арипова Айнура үй-бүлөдө он бир тууган экен. Мектепти абдан жакшы бүтүрүп, ОшМуга өз күчү менен өткөн экен. Кыялында  Рахат Ачылова  эжедей окумуштуу-мугалим же  Топчугүл эжедей жазуучу болгусу келиптир. Бирок ата-энеси кыз болгондугу үчүн окуудан чакыртып алып, жергиликтүү мектепке кыргыз тили мугалими кылып киргизип коюшкан. Анан тез эле  күйөөгө берип, андан үч кыз, бир уулду болгондо жолдошу кайтыш болуп калат. Ал мындай дейт: “Эмчектеги балам менен жалгыз калдым. Ошол күндөрдөгү кыйналган азабымды эстегим жана айткым да келбейт! Жаш балдарымды таштап коюп, көрүнгөнгө жалданып машын, насын эгип, тамеки чаап, жалбырак бутадым. Күнүмдүк алган акчама төрт балама тамак-аш, нан, суу май алып келем. Күндүз иштеп, түнү менен балдардын кирин жууйм, таң эрте туруп нан жабам. Анан  барып бирөөлөрдүн гиласын, өрүгүн терем. Ошентип, тышта эркек, үйдө аял болдум.

Эчен эл катары миграцияга барып иштеп келейин деп, балдарымды такыр таштагым келген жок. Кыялымда дайыма окуумду бүтүп алсам, минтип кор болбойт элем деп ойлоном. Акыры бир туугандардын боору ооруп, акча жыйнап беришти. Мен кайрадан  жогорку окуу жайга ОГПИге тапшырдым. Эми сырттан окуй баштадым, бирок кол арага жараган эки баламды ээрчитип, ар кимдин жумушун жасаганым уланып жатты. Мени Чоңкара мектебине чакырышты, абдан тырышып иштеп, мугалимдикке жеттим. Мугалимдер менен тил табышып, учурда соцпедагог болуп иштеп жатам.

2021-жылы аялдар да айылдык кеңешке келсе болот деген маалыматты  уккан эл жана кесиптештерим депутаттыкка баруумду үндөштү. Сенден элге күйүмдүү адилет депутат чыгат деп шыктандырышты. Мен тренингге катышып, сөзсүз өлкөнү өнүктүрүүгө пайдалуу салымымды кошкон депутат болом деп чечкем. Тилекке каршы, ооруп калып, документтеримди өткөрө албай калдым. Эгерде мен депутат болуп калсам, социалдык маселени көтөрүп, аялдарга, жаштарга жаңы жумуш ордун түзүп, чектеш чек араны бекемдөөгө салым кошмокмун. Мендей түйшүк көтөргөн мыкты жаратман аялдар Кыргызстанда көп. Эгерде аларды колдоп,  ишеним берсек, алар сөзсүз элдик, таза депутат болуп иштеп берет!”. Дагы бир Чүйдүн кызы, “Ракка каршы бирге” коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлмира  Абдразакованын да айтканын мисал келтирейин.  “Менин диагнозумду угузганда, чак түштөгү күн тутулгандай эле болду. Эмнеге? Эмне үчүн мен! Балдарым эмне болот? деген жообу жок жооптор, көкүрөгүмдү туз салгандай ачыштырып жатты. Дарыланып чыккандан кийин жашоом  өткөн, учур жана келээр чакка  бөлүндү. Кайсы учурда ооруга алдырып жибергенимди, бул жашоодогу ордумду, жасаган иштеримди жана бүтүндөй өмүрүмдү көз алдыдан өткөрдүм. Учурдагы абалыма жана тегерегиме көз чаптырдым. Айрыкча рак оорусуна кабылган аялдар менен баарлашканда, алардын  ден соолук трагедиясы аз келгенсип, күйөөлөрүнүн таштап кеткендери, каражаттын аздыгы ого бетер кошумча чексиз түйшүктөргө жана санаага  салганын көрдүм. Айрыкча көкүрөк безинин шишик оорусу  менен жабыркаган аялдардын кол менен кир жуугандарын,  бул түйшүк жашай турган өмүрлөрүн кыскартууга алып бара жаткандыгын өз көзүм менен көрдүм. Ошондо, баалуулуктарымын баары түп тамырынан бери өзгөрдү. Шишик оорусуна кабылган аялдарды колдоо көрсөтүү боюнча Ажалга арачы периштедей болгон атактуу онкохирург, маммолог Индира Кудайбергенова мага  “Ракка каршы бирге күрөшөлү” коомдук уюмун алып барууну сунуштады. Анткени адисти түйшөлткөн оор маселе, аялдардын өз ден соолугу жана аялдардын репродуктивдик оорулары боюнча дээрлик маалымдуулугунун жоктугу жана кайдыгерлиги эле. Биригип  ооруга дуушар болгон аялдардын маалымдуулугун  жогорулатуу жана өз ден соолугун күтүү жана дарыгер менен биргелешип бир багытта иш алып баруу иштерин сунуштады. Бул сунуш  мага  канат бүтүрдү. Мен  өзүмдүн  оору менен жабыркаган башка аялдарга керектигин билдим жана бул жүк  мени күчтүү болууга шыктандырды.

Ошентип, келечеккке мыкты пландарды коюп, алгачкы жолу коомдук иштерге катышып,  аялдардарга колдоо жана  маалымдуулугун жогорулатуу иштерин баштадым. Кыска аралыкта  Сорос фондунан грант алып, тигүүчү машина алып, цех ачып керектүү буюмдарды  тигип, сата баштадык.Түшкөн каражаттар   дарыланууга муктаж аялдарга  жумшалып жатты. Айрыкча иштен, аштан жана күйөөдөн  калган аялзатына чексиз мүмкүнчүлүк жана бири-бирине дем болуп, өмүр жолун узартууга жакшы багыт болду. Мен жергиликтүү кеңештин депутаттыгына барууну  чечтим. Бир гана максат, айылдык аялдарга суу киргизип жакшы шарттарды түзүп берүү. Алардын жашоо-тиричилик сапатын жакшыртуу. Аялдардын кара түйшүгү жеңилдеп, өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө болгон камкордук жогорулайт. Ден соолукка кам көрүү жакшырат, балдарга   жана өзүбүзгө кам көрүү убактыбыз жаралат!

Биз мурдагы депутаттарга суу маселесин койгонбуз, бирок бул маселени чечишкен жок.  Анткени бүт депутаттар эркек эле. Азыр мен өзүм  мамлекет  берген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, депутат болуп   үй-бүлө  жашоосун жеңилдеткен маселелерди чечем. Анткени ден соолугу күчтүү аял – үй-бүлөнүн кенчи!” деди ал.

Караңызчы, кандай каарман баатырлар бар. Чек араны кармап турган аялдар бар. Ар бир аял чексиз баян, чексиз каарман. Түп районунда  жападан жалгыз жайыт комитетинин башчысы аял. Кыйындар көп, бирок өздөрүнө ишеним жетпей турат. Эмне деген жүктү көтөрүп, эмне деген кыйынчылыкты көтөрүп атат, бирок өзүнө келгенде ишеним жок. “Доор өзгөрткөн лидер аял” деген чоң конференцияны өттүк, ошондо медик аялдардын тагдыры менен тааныштык. Мисалы, “Интергельпонун” башкы дарыгери Баялиева Анара 36 саат бою коргоо каражатын чечпей, уктабай, чай ичпей, дааратканага барбай иштептир. Кадимки согуш талаасында иштеген ушундай дарыгерлер парламентке сунушталдыбы? Жок. Же И.Ахунбаев атындагы КММАнын ректору Индира Орозбаева 12 эркектин ичинен ректорлукка өткөн шайлоодон жеңип келип, кыска аралыкта окуу жайдын инфраструктурасын мыктылап, жаңы заманбап конференц-холл салды. КОВИД менен күрөшүүдө мыкты лидерлик сапатын көрсөттү. Мыктынын мыктылыгын баалай билели.

Черчиллдин айтканы бар: “Демократия – бул эң жаман коом. Демократияда шайлоонун аркасы менен адис эмес, ар кандай адам келиши мүмкүн. Бирок демократиядан артык коомду таба элекпиз” деген. Экинчиден, ушул рыноктун учурунда демократия көп түрдүүлүктү пайда кылды. Ашкере улутчулдар, жалаң гана кыргыз тилинде сүйлөйбүз, кыргызча гана жүрүшүбүз  керек, башка улутту, башка тилди кодулагандар чыкты. Ашкере феминисттер пайда болду. Супер эркиндик керек деген. Үчүнчүдөн, ашкере динчилдер пайда болду. Бири-бирине каршы топтор чыкты. Ошонун баарын эске алып, кылдаттык менен ушул доорго чейин сактап, жашап келген кыргыз мурастарын, маданиятын, наркын-салтын аздектеп туруп, кийинки доорго өткөрүп бериш биздин, ар бир шайлоочунун, ар бир депутаттын милдети. Сатылбаш керек, өлкөбүздүн келечегине балта чапбашыбыз керек.

Бир айыл өкмөткө акча берген демөөрчүлөр чыгыптыр. Ага дагы бир мечит салабыз деп атышат. “Мечит салгандан көрө, бала бакча салбайсыңарбы?”  десем, бала бакча бар дешет. Мамлекеттин эсебинен 500, 300 сааттык бала бакча ачса болот, ал эми демөөрчүлөрдөн келген акчага эмнеге болбойт? Артыкчылыктуу багыттарды тактап алышыбыз керек. Элдин маселесин чечип, элге керектүү, элдин мамлекеттик кызматка болгон ишенимин жогорулатуу үчүн сапаттуу жергиликтүү кеңеш болуш керек.

Сапатсыз жергиликтүү кеңештердин негизинде жалпы коомдо мамлекеттик кызматка ишеним жок болуп турат. Ажырым өтө чоң. Баардык мугалимдерди, ата-энелерди чакырып кетет элем аялдарга добуш бериңиздер! Анткени аял келечек муунга шарт түзөт, бюджеттин акчасын жебейт, өз кызыкчылыгына пайдаланбайт. Аялдар коркок болот, таза иштейт. Ошон үчүн ойлонушубуз керек. Тазаланууга, өнүгүүгө, мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга мезгил келди!

Аялдардын келиши өзүбүзгө керек. Өзүбүз жашаган коомдун тазалыгы, коопсуздугу жана жок дегенде аялдар иштейт деген ишеним эстафетасын келечек муунга беришибиз керек.

Мөңгүдөн түшкөн сууга арык болгун аялзат, караңгы тар жерлерде жарык болгун аялзат! Коом мээримге, жылуулукка, камкордукка муктаж болуп турат.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер