ДИРЕКТОРЛОРДУ ТАНДОО СЫНАГЫ: АЛГАЧКЫ ЖЫЙЫНТЫГЫ

  • 01.09.2022
  • 0

Ошентип, жаңы окуу жылы башталды. Ал быйыл көпчүлүк мектепте министрлик тарабынан жарыяланган мектеп директорлорун конкурстук тандоонун жыйынтыгында жогору упай топтогон директорлор менен башталды.

Сынактын биринчи турунун соңкусу 30-августта Бишкек шаарында болуп өттү. Баш калаадагы 61 мектептин жетекчилигинин бош ордуна 181 талапкер (!) документ тапшырган. Ар кандай себептер менен иргелип отуруп тестке катышкан 129 талапкердин ичинен 42си директордун ордуна отурду.

Конкурста эң жогору баллды Е.Б.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин жетекчилигине талапкер Эрмек Усекеев алгандыгы маалым болду. Ал 87,5% балл менен аталган мектептин директору болуп калды. Э.Усекеев КМУнун информатика жана прикладдык математика факультетин артыкчылык диплом менен аяктап, ошол эле ЖОЖдон юриспруденция адистигине ээ болгон. Санкт-Петербургдагы мамлекеттик университеттин прикладдык математика факультетинин жогорку математика кафедрасынын стажер-изилдөөчүсү, аспиранты, 1992-жылы физика-математика илиминин кандидаты окумуштуулук даражасын ийгиликтүү жактаган.

Бишкек шаарындагы Биринчи май районуна караштуу №19 мектептин директору Гүлзат Курманбаева да 42 жеңүүчүнүн ичинде. 20 жыл педагогикалык стажы бар Гүлзат Акматовнанын тесттик көрсөткүчү 75% болду. Аталган мектепти сегиз жылдан бери жетектеп келаткан Гүлзат айым 1990-жылы борбор шаарыбыздагы В.Маяковский атындагы педагогикалык институтту аяктаган. Анын пикиринде конкурс ачык, адилет өтүп, баардыгында бирдей шарт, бирдей мүмкүнчүлүк болгон.

— Конкурстун жүрүшү жана жыйынтыгы башынан аягына чейин айкын көрүнүп турду. Суроолору да баардыгына бирдей деңгээлде болду. Мен бирок мындан да көбүрөөк балл алмакмын деп ойлойм. Себеби менеджмент боюнча адабияттарды таппай, жеткиликтүү даярдана албай, өзүмө канааттанбай калдым. Ал эми IT жагынан даярдыктарым жакшы, пандемия учурунда көптөгөн программалар менен иштеп, тажрыйба топтоп калган элек, — дейт ал.

Баш калаабыздагы мектептерде директордун ордун ээлегиси келгендер арбын болгону таң калычтуу эмес. Калк жыш жайгашкан борбор шаарыбыздын мектептеринде эгемендик жылдары ички миграциянын агымы менен айыл жергесинен агылып келгендердин эсебинен мектептердеги орундар таңсык болуп, анын айынан коррупция гүлдөп өсүп, колунда барлардын балдары статустуу мектептерде окуп, колунда жоктор айланчыктап кире албай калганын айтышат. Оош-кыйыштуу 31 жыл аралыгында жетишпеген бирдей шарттагы мектептердин кээ бири жетекчилеринин кыйындыгынанбы, айтор материалдык жагын оңдоп-түзөөгө жетишип алдыга озуп чыкса, кээ бир мектептер алигүнчө өз жолун таба элек.

Конкурстун жүрүшүнө саресеп салганда, Бишкек шаарындагы статустуу мектептерди кыйла жылдан бери жетектеп келаткан кээ бир жетекчилер конкурска катышуудан баш тартканын көрүүгө болот. Тизмеден №65, №68, №9 мектеп гимназия жетекчилери көрүнбөйт. Ошол эле учурда он жылдаган жетекчилик тажрыйбасы бар директорлор жогорку көрсөткүчтөрү менен өздөрүнүн мыкты экендигин көрсөтө алды. Сынакта 77,5% көрсөткүчкө ээ болгон Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын директору Сайрагүл Атаеванын эмгек стажы 40 жылдан ашты. Ал беш атаандашынын ичинен жеңип чыкты.

— Сынак абдан так жүргүзүлдү, бирок суроолор абдан татаал деп айта албайм, биздин ишибизге эле тиешелүү суроолор болду. Логикалык суроолорго тажрыйбабызга таянып жооп бердик. Компьютердик сабаттуулук боюнча бир аз кошумча сабак алууга туура келди. Эми “жөжөнү күзүндө сана” демекчи, тандоо туура болдубу же жокпу, жыйынтыгы бир-эки жылда көрүнөт. Билим берүү тармагында 40 жылдан ашык иштеген педагог катары бир катар ой-сунуштарымды да айта кетким келди. Чындыгында тест, конкурс аркылуу кадрдык тандоо өткөрүү туура ыкма деп эсептейм. Бирок тестти жапырт өткөрбөй, бош орундарга өткөрсө болмок. Адамдардын кийлигишүүсү жок, компетенттүүлүктү баалаган сынак болгону ырас, ошол эле учурда билимдүү, бирок адамдар менен иштей албаган адамдар келип калышы мүмкүн деген күмөнүм бар. Жетекчинин адамдык сапаттарын, жамаат менен иштеп кете аларын аныктаган ыкманы табыш керек. Анткени директордун кызматы ар тараптуу, эл менен сүйлөшө билген, практикалык иш жөндөмдүүлүгү жогору практик, психолог жана тажрыйбалуу адам болууга тийиш. Менин жеке пикиримде, мектепте завуч болуп иштебеген адам директор боло албайт, — дейт Сайрагүл Токтосуновна.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 26-июлундагы буйругунун негизинде мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыяланган. Ага ылайык өлкөдөгү 2333 мектептин ичинен 966 мектептин директорлугуна сынак башталган. Анын 600дөн ашыгы азыр бош калды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, тестке кирген талапкерлердин 65% суроолорго жооп бере албай калган.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер