“ДИНДЕРДИН ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ” ПРЕДМЕТИ: МУГАЛИМДЕР ЖАНА ОКУУ КИТЕБИ ДАЯР

  • 24.08.2022
  • 0

Жаңы окуу жылынан тарта 9-класстын окуучуларына “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы окутула баштайт. Бул сабактын  предметтик стандарты иштелип чыгып, окута турган мугалимдер даярдыктан өттү. Окуу китеби да даяр.  

 

ПРЕДМЕТТИК СТАНДАРТ БЕКИГЕН

“Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети азырынча 9-класстын окуучуларына жумасына бир сааттан өтүлөт, жалпы 34 саат бөлүнгөн. Андан кийин 7-8-класстарга этап-этабы менен киргизилет. 7-8-9-класстар үчүн предметтик стандарт даярдалып,  өткөн айдын башында бекиди. Ал “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын нормаларына ылайык жана “КР мектептеринде жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын” негизинде иштелип чыкты. Стандарт республикадагы кыргыз, орус, өзбек, тажик жана башка тилдерде окуткан бардык окуу жайлар үчүн бирдей. Стандартты тарыхчылардан, диний кызматкерлерден, Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү адистеринен турган атайын жумушчу топ иштеп чыкты. Жакынкы аралыкта Билим берүү жана илим министрлигинин менен Кыргыз билим берүү академиясынын  сайтына жайгаштырылат.

 

МУГАЛИМДЕР ДАЯРДЫКТАН ӨТҮҮДӨ

Бул предметти окута турган адистер 8-августтан бери атайын окуудан өтүп жатат. Ал үчүн Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан  атайын окуу курсу иштелип чыккан. Алгач Бишкек жана Ош шаарларында 73 тренер окуудан өткөрүлүп, андан кийин алар ар бир облус боюнча мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарды өтүүгө жиберилген.  Биринчи агым 15-августтан 19-августка чейин окуудан өтсө, 2-агым 22-августтан бери окуп жатат. Алардын окуусу 26-августта аяктайт.  3-агымдын окуусу 29-августта башталып, 2-сентябрга чейин уланат. 1-агымда республика боюнча жалпы  920 мугалим курстан өттү.

  • Бишкек шаарынан – 125,
  • Ош шаарынан – 111,
  • Баткен облусунан – 85,
  • Ош облусунан – 127,
  • Жалал-Абад облусунан – 147,
  • Талас облусунан – 39,
  • Нарын облусунан – 65,
  • Ысык-Көл облусунан – 83,
  • Чүй облусунан – 138 мугалим.
  • Жогоруда өтүлгөн курстардын экинчи этабы мугалимдерге мектепке барып сабак өтө баштагандан баштап аралыктан өтүлөт. Ошондо жалпы 72 сааттык курсту 23-сентябрга чейин окуп бүтүшөт. Бирок бул эле курстар менен чектелип калбайбыз. Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун 2022-20223-окуу жылынын план-графигине да киргизилет. Азыркы уюштурулуп жаткан курстарга ар кандай себептер менен катыша албай калган мугалимдерди план-графиктеги курстардан окутабыз, — дейт Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунан окуу бөлүмүнүн башчысы  Курманбеков Жыргалбек.

Бул предметти окута турган адистер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан тандалып алынды. Алар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги тарабынан тыкыр текшерүүдөн өттү.

Талап боюнча тарых сабагынын мугалими же диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими, педагогика, психология жана окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөндүгү жөнүндө сертификаты бар адистер гана сабак бере алышат.

 

ОКУУ КИТЕБИ ДАЯР

9-класс үчүн «Диндердин өнүгүү тарыхы» окуу китеби жазылып бүтүп, тиешелүү экспертизалардан өткөрүлүп, басууга сунушталды. Азыркы учурда окуу китеби орус, өзбек, тажик тилдерине которулууда. Окуу китеби жаңы окуу жылынын башында республикадагы бардык мектептерге акысыз таркатылат. Китепте диндердин табияты, мазмуну, тарыхы жана өнүгүүсү тууралуу илимий негизделген көз караштар камтылган. Окуучулар сабырдуулукту, дин тутунуудагы салттуулукту, ар кандай диний деструктивдик багыттардын жана агымдардын таасирин алдын алууну, руханий баалуулуктарды окуп үйрөнүшөт. Китеп төрт бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмдө дүйнөлүк диндердин негиздери жөнүндө түшүнүк берилет. Экинчи бөлүм Ислам дининин негизги багыттарын жана алардын маанисин ачып берет. Үчүнчү бөлүмдө Кыргызстандагы Ханафий укуктук мектеби жана Матуридий ишеними жөнүндө маалымат берилет. Төртүнчү бөлүмдө мамлекет менен диндин өз ара кызматташуусу, Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты жөнүндө маалыматтар камтылат.

 

ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КОМПЛЕКСТЕРДИ ИШТЕП ЧЫГУУГА АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ  

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Диндердин өнүгүү тарыхы” курсу боюнча 7-8-класстардын окуучулары үчүн окуу-методикалык комплекстерди (ОМК) иштеп чыгууга ачык сынак жарыяланган. Сынакка иштерди кабыл алуу  ушул жылдын 1-декабрына чейин жүргүзүлөт.

 

КЕМЧИЛИКСИЗ ИШ БОЛБОЙТ

Кандай гана жаңы иш башталбасын аны ишке ашырууда кемчиликтер болбой койбойт. Бул предмет Кыргызстанда биринчи жолу киргизилип жаткандыктан дароо эле  баардыгы ойдогудай болот деп эч ким кепилдик бере албайт. Түрдүү кемчиликтер, оош-кыйыштар болушу мүмкүн. “Көч бара-бара түзөлөт” демекчи, убакыттын өтүшү жана топтолгон тажрыйбанын натыйжасында бир нукка түшөт деген ишенимдебиз. Бул үчүн албетте, убакыт талап кылынат. Анткени бул предметти алты жыл мурун киргизген Казакстан ушул күнгө чейин жөнгө сала албай келет. Окуу-методикалык базасы жана кадр маселеси дагы деле чечиле элек.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер