ДИН ТААНУУ: ОРУС ТАЖРЫЙБАСЫН ҮЙРӨНӨЛҮ

  • 18.03.2021
  • 0

Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов менен КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Россиянын жана Кыргызстандын мугалимдеринин  ортосунда дин маданиятынын тарыхын окутуу боюнча тажрыйба алмашууга макулдашышты.  

ДИН ТААНУУ: ОРУС ТАЖРЫЙБАСЫН ҮЙРӨНӨЛҮ

Россияда бул предмет он жылдан ашуун убактан бери окутулат. Курс «Диний маданияттын жана светтик этиканын негиздери» деп аталып, «Дүйнөлүк диний маданияттардын негиздери», «Светтик этиканын негиздери», «Православдык маданияттын негиздери», «Ислам маданиятынын негиздери», «Буддизм маданиятынын негиздери», «Еврей маданиятынын негиздери» деген алты модулдан турат. Окуучулар эркин тандоо укугуна ээ. Алар үчүн тандоону ата-энелери жасап берет. Окуучу 3-класска жеткенде ата-энелер чогулушу болуп, аларга бул курс боюнча толук маалымат берилет. Андан кийин гана ар бир ата-эне мектеп директоруна арыз жазып, баласынын кайсы модулда окуй тургандыгын көрсөтөт. 4-класста ар бир модул боюнча топтор түзүлөт. Бир модулду бир эле окуучу тандаса дагы топ ачылат. Балдар кайсы модулду тандаганына карабастан, башында жалпы  курсту окушуп, жалпы дин тарыхы боюнча билим алышат. Андан кийин гана топторго бөлүнүшөт. Курстун аягында алар кайрадан биригишип, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгышат.

Сабак жумасына бир жолу өткөрүлөт. Жалпы 34 саат бөлүнгөн. Сабакты атайын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курсунан  өткөн мугалимдер гана өтүшөт жана алар жыл сайын атайын окуулардан өтүп турушат. Бул предметке баа коюлбайт.

Окутуунун методикасына байланыштуу практикалык сабактар ​​ жеке же топтордо чыгармачыл долбоорлорду даярдоо, презентацияларды  жасоо, конкурстарды өткөрүү сыяктуу ыкмалар менен өткөрүлөт. Окуучуларга динди окутууга, диний ырым-жырымдарды аткартууга, диний иш-чараларга катыштырууга тыюу салынат.

Бул предметтин мугалимдери бири-бири менен  тажрыйба алмашуу максатында атайын клубдарды да түзүп алышкан. Алар клубдун сайтында методикалык колдонмолорду, сабактардын иштелмелерин, өтүлгөн сабактардын видеолорун жүктөп, керектүү материалдар менен бөлүшүп турушат. Методикалык жактан камсыздоо үчүн эксперименталдык сабактар да жүктөлүп турат.

  • Россиянын бул предметти окутуудагы окуучудан мурда ата-энелерди даярдоо ыкмасы жакты. Сабак  4-класстан баштап кире турган болсо, ата-энелер бир жыл мурун даярдалып башталат экен. Алар үчүн атайын китептер даярдалып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын чогулуштар өткөрүлүп, окутула турган модулдар боюнча маалыматтар берилет. Аны ата-энелер бир жыл бою окуп, баардык диндер боюнча маалымат алып, анан баласын кайсы модулга берерин аныктап, ошого жараша баласын даярдап баштайт экен.  Эң негизгиси аларда динге эмес, мекенчилдикке, ар башка диний көз караштагы адамдарды сыйлоого, ынтымакта жашоого, биримдикке, улууну урматтоого, толеранттуулукка тарбиялайт экен. Бизде болсо ата-энелер даяр эмес болуп, көп жерден түшүнбөстүктөр чыгып калган учурлар болгон. Ошондуктан Россиянын ушул методикасын алсак болчудай экен деп калдык. Орустардын баардык модулдар боюнча даярдалган окуу китептери менен да таанышып чыктык. Бизге “Дүйнөлүк диндердин маданиятынын негиздери” жана “Светтик этиканын негиздери” деген эки китеби жакты. Бирок биз буларды толук көчүрүп албайбыз. Башка мамлекеттердикинен да биздин  менталитетке ылайыктууларын гана алып, улуттук баалуулуктарды сактап, каада-салттарыбызга ылайыктап  иштеп чыгабыз. Ал үчүн азыр жумушчу топ түзүлүп жатат. Жакынкы аралыкта бул китептердин авторлору менен онлайн байланышып, тажрыйба алмашабыз, — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы  билим берүү башкармалыгын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова.

 

КЫРГЫЗСТАНДА

Кыргызстанда дин маданиятынын тарыхы сабагы КР Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы жарлыгы менен бекитилген 2014-2020-жылдардагы КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында киргизилген. Окуу китебин даярдоо Билим берүү жана министрлигине тапшырылган.  Министрлик окуу китебин даярдоо боюнча сынак жарыялап, анда  Асланова И., Иманкулов М. ж.б. авторлор иштеп чыккан  “Дин маданиятынын тарыхы” деген окуу китеби жеңип чыккан. Ал  2017-2018-окуу жылдары 56 мектепте  9-класстарда апробациядан өткөн. Азыр апробация учурунда киргизилген  сунуш-пикирлер эске алынып, окуу китеби даярдалууда. Бул предметти тарых сабагынын мугалимдери берет. Учурда алар дагы  даярдыктан өтүүдө.

Бул сабак ошол учурдагы диний кырдаалдарга байланыштуу көп талкуулардан кийин киргизилген. Сабакта окуучулар дүйнөдө диндин орду жана ролу, түрдүү тарыхый доорлордо дин менен саясаттын өз ара мамилеси жана азыркы дүйнөдөгү дин жана саясат, экстремизм сыяктуу темалардын алкагында билим алышты.

 

АДИСТЕРДЕН БИР ООЗ КЕП

Мурат Иманкулов, Кыргыз билим берүү академиясынын Социалдык биилм берүү лабораториясынын кызматкери, “Дин маданиятынын тарыхы” окуу китебинин авторлорунун бири:

  • Россияда «Дүйнөлүк диний маданияттардын негиздери», «Светтик этиканын негиздери», «Православдык маданияттын негиздери», «Ислам маданиятынын негиздери», «Буддизм маданиятынын негиздери», «Еврей маданиятынын негиздери» деп бөлүп алып окутушат. Биз булардай болуп бөлүп алып окута албайбыз деп, баарын эмес, Дин маданиятынын тарыхы, светтик этика дегенин алганбыз. Анткени бизге кайсынысы ылайык келсе, ошону гана алышыбыз керек болчу. Анын үстүнө Россияда динди изилдеген миңдеген жылдардан бери келе жаткан илимий мекемелер бар. Бизде болсо калыптанган диний мектебибиз, диний көз карашыбыз жок. Ошондуктан бул жагынан кылдат мамиле керек.

Россиядан мазмунун эмес, окутуу методикасы боюнча тажрыйбаларын алсак болот.  Себеби аларда күчтүү мугалимдер, методисттер бар. Анын үстүнө алар он жылдан бери бир топ тажрыйба топтошту. Биз үчүн пайдалуу болгон варианттарды тандап алып, ошол боюнча кызматташсак жакшы болот. Бирок башка мамлекеттердикин дагы, өзгөчө ислам дининин таасири күчтүү мамлекеттердин дагы тажрыйбаларын алышыбыз керек.

Дин маданиятынын тарыхы окуу китеби сынактан өткөн. Аны окута турган мугалимдерди да даярдашыбыз керек.

 

Ажимаматов Зайлабидин, Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы:

  • Дин таануу сабагы боюнча Россиянын тажрыйбасы жаман эмес, он жылдан ашуун убактан бери мектептерде окутуп келе жатышат. Бирок биз алардан баарын эмес, бизге ылайыктуусун гана тандап алышыбыз керек. Кайсы бир өлкөнүкүн толук көчүрө албайбыз. Анткени анын түрдүү себептери бар. Биз өзүбүздүн өзгөчөлүктөрүбүздү, баалуулуктарыбызды, тарыхыбызды, менталитетибизди, үрп-адат, каада-салттарыбызды дагы камтый тургандай кылышыбыз керек. Азыр биздин коом, биздин эл буга муктаж.

Россияда бул сабакты атайын даярдыктан өткөн светтик мугалимдер гана берет. Бизде болсо бул сабакты өтө ала турган, атайын даярдалган мугалимдер жок.  Эгерде бул сабак биздин мектептерге толугу менен кирип калса, биздин окуу жай  даярдап жаткан адистер иштеп бере алат деп ойлойбуз. Негизинен биздин бүтүрүүчүлөр теолог деген квалификация алат. Мурун педагогикалык багытта эмес экенсиңер деген жүйөлөр айтылып, биз бул маселенин үстүндө иштеп, талапка ылайык педагогикалык, психологиялык, методикалык сабактарды киргизгенбиз. Жалпы педагогиканы, психологияны, методиканы кошо окутуп жатабыз.  Биздин окуу план дин таануу сабагына абдан туура келет. Мисалы, эң көп саатыбызды диндердин тарыхын окутууга беребиз. Салыштырмалуу диндер, дин философиясы, дин психологиясы, дин социологиясы, дин педагогикасы, динди окутуунун методикасы деген сабактар бар.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер