ДАРЫГЕРЛЕРДИ ДАЯРДОО: УКУКТУК ЖОЛДОН ЧЫКПАЙЛЫ

  • 04.03.2022
  • 0

Жакында республикадагы дарыгерлерди даярдаган окуу жайларды текшерип чыккан ведомство аралык комиссия лицензиялык жана аккредитациялык талаптарга туура келбеген окуу жайларды жабуу сунушу менен чыкты. Бул демилгени Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев колдоп, жабыла турган окуу жайларды тизмектеп, коомчулукка жар салды. Окуу жайларга лицензия берген Билим берүү жана илим министрлиги болсо бул маселеге кылдат мамиле керектигин жана аларды эч ким каалаган учурда жаап сала албай тургандыгын эскертүүдө.

Жабылууну эмес, оңолууну ойлосок

Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Шербек Султанбековдун айтымында, мыйзамга ылайык окуу жайларга лицензия мөөнөтсүз берилет жана ал үч учурда гана артка кайтарылат. Биринчиси — юридикалык жак өзү расмий түрдө юридикалык жак катары жабылып жатабыз деген кат менен кайрылганда, экинчиси — юридикалык жак болуп кала берип, бирок билим берүү ишмердигин токтотуп жаткан болсо, арыз менен кайрылганда, үчүнчүсү — соттун чечими менен.

– Министрлик окуу жайларды атайын пландын негизинде текшерет. Планда мынча окуу жайы текшерилет деп саны көрсөтүлөт. Биз ошол бекитилген пландын негизинде гана текшеребиз. Башкача айтканда, каалаган учурда барып текшере албайбыз. Текшерүү учурунда лицензиялык талаптар сакталбаса, алгач кемчиликтерди жойгула деп үч айга чейин эскертүү берилет. Үч айдан кийин комиссия кайра текшерет. Эгерде ал кемчиликтер жоюлбаса, анда айып пул салынат. Ал дагы аткарылбаса, үч айга ишмердигин токтотобуз. Ал учурда студенттер кааласа арыз жазып башка окуу жайына которулуп кете берсе болот. Андан да майнап чыкпаса, анда биз берилген лицензияны жокко чыгарып бергиле деп сотко кайрылабыз. Акыркы чечимди сот гана чыгарат, — дейт Шербек Черикчиевич.

Лицензия алып жатканда Билим берүү ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу жобого ылайык, медиктерди даярдай турган окуу жайлар Саламаттыкты сактоо министрлигинен №6 форманы алышат. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги бул форманы кайра артка кайтарып алган күндө дагы берилген лицензия күчүн жоготпойт. Окуу жайлардын билим берүү ишмердигин көзөмөлгө алуу Саламаттыкты сактоо министрлигине эмес, Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлгөн.

Негизи талап боюнча окуу жайлар бүтүрүүчү чыгарып жаткан жылы көз карандысыз агенттиктерден
аккредитациядан өтөт. Ошондо гана билим сапатына баа берилип, беш жылдык ишинин жыйынтыгы билинет. Азыр болсо аты аталып жаткан көп окуу жайлар бүтүрүүчү чыгара элек. Ал тургай студенти жоктору да бар. Анын үстүнө бул айтылып жаткан окуу жайлар жалаң чет элдиктерди окутат.

ДАРЫГЕРЛЕРДИ ДАЯРДОО: УКУКТУК ЖОЛДОН ЧЫКПАЙЛЫ

Медалдын экинчи жагы да бар

«Медалдын эки жагы бар» дегендей, окуу жайларды текшерген комиссия дагы, Саламаттыкты сактоо министри дагы медалдын экинчи жагын унутта калтырып жаткандай. Себеби биринчиден, чет мамлекеттен келген студенттер кандай окуу жайда окуй турганын өздөрү тандашат. Алар үчүн эл аралык аккредитациядан өткөн, сапаттуу билим берген окуу жайдан билим алуу маанилүү болсо эч качан талапка жооп бербеген окуу жайга барбайт. Окуткан студенти жок болсо окуу жайлар өзүнөн өзү жабылууга мажбур болот. Анын үстүнө чет элдиктер окуусун бүткөндөн кийин өзүнүн мамлекетине барып, ал жактан комиссиядан өткөндөн кийин гана жумушка орношо алышат. Аны өздөрү билишет. Эгерде начар окушса же талапка жооп бербеген окуу жайдан билим алса, залакасын өздөрү тартат. Ошондуктан алар деле сапаттуу билим берген окуу жайды тандоого кызыкдар. Анын үстүнө 2020-жылы Пакистан медициналык комиссиясы Кыргызстандын медициналык окуу жайларын категорияларга бөлүп койгон. Ал жактан келе тургандар окуу жайларды категориясына жараша тандап ала беришет.

Экинчиден, билим экспорту жогорку окуу жайлардын гана негизги булагы болбостон, мамлекеттин экономикасынын өсүшүнө дагы олуттуу салым кошкон тармак. Башкача айтканда, Билим экспорту Кыргызстан үчүн туруктуу кирешенин булагы болуп саналат. Борбордук Азия университетинин ага илимий кызматкери, эксперт Нурбек Жеңиш 2012-жылы жасаган баяндамасында чет мамлекеттик студенттер жылына отуз миллионго жакын акча короторун, он беш миллион сомдон ашыгы мамлекеттин капчыгына түшөрүн белгилеген. Бул он жыл мурунку маалымат. Азыр болсо сырттан келген студенттердин саны жетимиш миңден ашты. Демек, бул сандар бир канча эсеге көбөйдү дегенди түшүндүрөт.

Бул сөзүбүз куру болбошу үчүн чет мамлекеттен келген бир студенттен мамлекетке канча акча кала турганын болжолдуу эле эсептеп көрсөк. Окуу акысын орточо эки миң АКШ доллары десек, негизи чет мамлекеттиктер үчүн окуу акысы ар бир окуу жайда ар башка жана жетимиш миң сомдон төрт миң долларга чейин. Келип-кеткен жол киреси менен визасын дагы беш жүз доллардан миң долларга чейин десек, кеминде он миң сомдон төлөп, он ай батирде жашаса, күнүмдүк ичип-жегени, кийгени, баскан-турганы болуп отуруп айына дагы он миң сомдон коротсо, натыйжада бир эле студенттен жылына кеминде 400-500 миң сомдон ашуун акча калат. Бул каражат мамлекеттин да, окуу жайдын да казынасын толтуруп, жүздөгөн жарандар иш менен камсыз болуп, бир катар үй-бүлөлөр жанын багып жатат дегенди түшүндүрөт.

Мамлекеттин өзүнө канча акча түшөт

Медициналык академиянын проректору Кеңешбек Ырысовдун 2020-жылы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маалыматында академияда студенттердин окуу акысынан 498 миллион сом түшсө, анын теңинен көбүн, б.а. 278 миллион сому чет элдиктерден түшкөндүгү айтылат. Окуу жай 2019-жылы Социалдык фондго 105 миллион сом, киреше салыгына 35,9 миллион сом төккөн. Бардыгы болуп бир жылда мамлекетке 141 миллион сом төлөгөн.

Ош мамлекеттик университети акыркы беш жыл аралыгында (2019-жылдагы маалымат) өлкө бюджетине 1 миллиард 391 миллион сом которгон. Бул каражаттардын бир канча бөлүгүн чет мамлекеттерден келген студенттердин окуу акысы түзөрүн айтпасак да белгилүү.

Демек, бизде билимди экспорттоо менен чет мамлекеттик жаштар үчүн билимдин очогу, мамлекет үчүн кирешенин булагы болууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Чет элдик студенттердин саны жетимиш миңден ашты

Кыргызстандан билим алууну каалаган чет мамлекеттиктердин саны жылдан-жылга көбөйүп баратканын төмөндөгү цифралардан көрүүгө болот. Алардын саны 2016-жылы 12 миң болсо, 2019-жылы 20 миңге чукулдаган. Азыр болсо 70524 чет элдик окуйт.

ДАРЫГЕРЛЕРДИ ДАЯРДОО: УКУКТУК ЖОЛДОН ЧЫКПАЙЛЫ

Чет мамлекеттик жарандардын көпчүлүгү медициналык билим алуу үчүн келишет. Ушул тапта жетимиш жарым миңден ашуун студенттин 31786 медициналык окуу жайларда билим алат. Учурда Кыргызстанда медиктерди 23 жогорку окуу жайы даярдайт. Анын он жетиси жеке окуу жайлар. Үч окуу жай лицензия алганы менен, аларда азырынча студенттердин контингенти жок.

Кыргызстанга келген чет элдиктердин алдында Индиядан келгендер турат (14456 студент). Экинчи орунда болсо пакистандыктар, бул мамлекеттен келип окугандардын саны 9725 түзөт. Калган кийинки орундарда:

— Өзбекстандын жарандары – 5174;

— Тажикстандын жарандары – 357;

— Казакстандыктар – 571;

— Россиядан келгендер – 668;

— КМШнын башка өлкөлөрүнүн жарандары – 363;

— башка алыскы чет мамлекеттердин жарандары — 472.

Алдын ала маалыматтар боюнча быйыл медициналык ЖОЖдор 4386 адисти, анын ичинде 351 бюджеттик жана 4035 контрактта окуган студенттерди бүтүрөт.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер