ДАРИКА САРТБАЕВА: МЕКТЕПТИН КОҢГУРООСУН КОМУЗ КОШТОЙТ

  • 17.09.2021
  • 0

Ысык-Ата районундагы Ч.Айтматов атындагы Ивановка №1 мектеп-гимназия окуудагы жетишкендиктери жана окуучулардын окуудан тышкаркы өздүк көркөм чыгармачылыгында көрсөтүп келаткан ийгиликтери боюнча райондо эле эмес, облустагы алдыңкы мектептердин катарында келатат. Ар жылы жакшы саамалыктар коштолуп турчу бул мектепте быйылкы жаңы окуу жылында кандай жаңылыктары бар экендигин билүү максатында мектептин деректири Дарика Сартбаева менен маектештик. Буга бир чети райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманалиевдин райондогу эң ийгиликтүү мектеп катары көрсөткөн сунушу да түрткү болду.

ДАРИКА САРТБАЕВА: МЕКТЕПТИН КОҢГУРООСУН КОМУЗ КОШТОЙТ

Алгачкы иши – гүл өстүрүү

Аталган мектеп Чүй облусундагы эң чоң мектептердин бири болуп эсептелет. Мектепте 1050 бала окууга тийиш болсо, былтыркы окуу жылында 1963 бала аяктады. Быйылкы жаңы башталган окуу жылында кабыл алынган окуучулардын саны эки миңге чукулдап калганын айткан директор айым, маегибизди өзү алгач жетекчи болуп келген мезгилден баштады.

– Мен атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ысмын алып жүргөн Ивановка №1 мектеп-гимназиясына директор болуп келгениме 12 жылга аяк басты. Адегенде эле мектептин айланасына көңүл бурдум. Анткени мектептин имараты салыштырмалуу алганда, өтө эски болбосо да, айлана-тегереги ачык, жакшы каралбай калгандай, көзүмө комсоо көрүндү. Бирге иштешкен жамаатым менен бирдикте ишти мектептин айланасын тосуп, жашылдандыруу, гүлдөрдү өстүрүүдөн баштадым. Сөз кезеги келгенде айта кетпесем болбос, менин жолдошум роза гүлдөрүнө аябай кызыгып, көптөн бери анын түрлөрүн өстүрүү менен алектенип жүрөт, үйүбүздө розанын 80-90дон ашык түрлөрү бар. Ошол розалардын көчөттөрүн алып келип, мектептин айланасына
отургуздук.

ДАРИКА САРТБАЕВА: МЕКТЕПТИН КОҢГУРООСУН КОМУЗ КОШТОЙТ

Балдар адегенде көнө албай, тебелеп кетип жүрүштү, бирок бат эле кызыгып, кадыресе аяр мамиле жасаганга үйрөнө башташты. Азыр балдар гүлдөрдүн жанында сүрөткө түшкөндү жакшы көрүшөт.

Мектеп биздин экинчи үйүбүз болгондон кийин, жасалгасы да жагымдуу, кооз, таза болуп, үйдөгүдөй маанай тартуулашы керек деп ойлойм. Балдарды да ушундай тартипте тарбиялоого басым жасайбыз. Эгерде бала босогону аттаганда эле тазалыкты байкаса, айланасындагы кооз, көркөм буюмдарды көрсө, ал бала да акырындап ошондой тарбияга көнө баштайт, — дейт Дарика Макешовна.

Көркөм дүйнөгө жол ачкан кол өнөрчүлүк

Аталган мектептин имараты 1982-жылы курулган. Окуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Чүй өрөөнүндө көп улуттуу калк жашайт эмеспи, Ысык-Ата районунда да ар түрдүү улуттун өкүлдөрү бар, айрыкча, дунган улутундагылар көп. Мектептин босогосун аттаган адамга мелтиреген тазалыгы, көркөмдүү жасалгалары, анан көзгө көрүнбөгөн бирок дароо көңүл көтөргөн жагымдуу аурасы байкалат. Окуучулардын жана мугалимдердин өз колдору менен жасалган буюмдар көз жоосун алат. Дарика Макешовна анын баары окуучуларга көркөм дүйнөнү таанууга жол көрсөткөн кол өнөрчүлүк боюнча ийримдин жетекчиси Ирина Владимировна Кудрявцеванын эмгеги экенин айтты.

ДАРИКА САРТБАЕВА: МЕКТЕПТИН КОҢГУРООСУН КОМУЗ КОШТОЙТ

– Окуучуларды окуу менен бирге эмгекти, музыканы, табиятты сүйүүгө тарбиялоого басым жасайбыз. Балдарыбыз мектептеги 50дөн ашык ийримдерге катышат. Ар түрдүү ийримдерге жан дили менен келишкенин көрүп кубанып, кубаттап турабыз. Кол өнөрчүлүккө кызыккан кыздарыбыз Ирина Владимировнанын жардамы менен көркөмдүү буюмдардан тышкары кыргыз улуттук буюмдарды жасашып, кийимдерди, кол баштыктарды тигишет, аларды кооздоп саймалашат.

Уз кызыбыз кызыккандарга кыргыздын улуттук колорити түшүрүлгөн оюуларды, сүрөттөрдү кантип түшүрүү керектигин үйрөтөт. Таланттуу адисибиздин колунан жаралган адеми буюмдар окуучу кыздарды ушунчалык кызыктыргандыктан, алар үйлөрүнөн материалдарды алып келишип, өздөрүнө жаккан кийимдерди да тиккенди үйрөнүп жатышат. Буга өзгөчө кыздардын ата-энелери ыраазы, — дейт директор
айым.

Эл аралык уюмдардын жардамы

Мектептин имараты башка мектептерге салыштырмалуу жаңы дейин десең, андан бери бир далай эле убакыт өтүптүр. Ар жылы жай айларында утурумдук майда-чүйдө иштерин жүргүзүп оңдоп-түзөп коюшат, бирок жыйындар залы сыяктуу кээ бир жерлери капиталдык ремонтко муктаж эле. Андан тышкары талапка ылайык, балдарга ашкана даярдоо, даараткана куруу деген сыяктуу маселелерди чечүү керек эле. Анын баары эле каражатка келип такалат эмеспи, бул жерде ушул көйгөйлөрдү четтетүү программалары менен иштеген чет элдик донорлордун колдоосу керек болду.

ДАРИКА САРТБАЕВА: МЕКТЕПТИН КОҢГУРООСУН КОМУЗ КОШТОЙТ

– Мектепте уюштурулган иш-чаралардын баары, мисалы, майрамдар, даталуу күндөр, ар кандай жолугушуулар учурунда жыйындар залынын жасалгасы мектептин жүзүн көрсөтөт эмеспи. Мындагы эскирген отургучтарды алмаштырсак, ашканабызды заман талабына шайкеш жабдысак, анан даараткана курсак деп пландап, аны ишке ашыруунун ар кандай жолдорун издей баштадык. Мында бизге Ивановка айыл өкмөтүнүн жетекчилиги жана Мерси Ко сыяктуу эл аралык уюмдардын жардамы тийди. Азыркы тапта жыйындар залындагы отургучтар жаңыртылып, ашканабыз толук ремонттолуп, тийиштүү эмеректер менен жабдылды. Андан тышкары, кыздарга өзүнчө, балдарга өзүнчө жана кызматкерлерге өзүнчө даараткана да курдуруп алдык, — деди Дарика Макешовна, аткарылган иштеринин баарын бир сыйра тизмелеп.

Ашкана демекчи, балдар мектептин ашканасында 4-5 нөөмөт менен тамактанышат. Директор азык-түлүктөрдү камсыздоодо ата-энелердин жардамы чоң экенин ыраазы болуу менен баса белгиледи. Жашылча-жемиш өстүрүүдө күжүрмөндүктү көрсөтүп келишкен дунган туугандарды эске алсак, бул жагынан ырасында эле тынчсызданбай коюшса болчудай. Аш тизме түзөөрдө балдардын ден соолугуна пайдалуу азыктарды, айрыкча, витаминдүү жана сүт азыктары кошулган ботко сыяктуу жеңил тамактарды даярдоого басым жасашат.

Устат-шакирт долбоорунун ийгилиги

Балдарды окутуу, тарбиялоодон тышкары, анын эстетикалык көркөм табитин өнүктүрүү багытында да көптөгөн аракеттер көрүлүп, анын алгачкы ийгиликтери көрүүчүлөрдү кубандырып жатканына токтолгон Дарика Сартбаева мектептеги ийримдерге ар бир баланы катыштырууга аракеттенишип, атайын класстарды ачышканын белгиледи.

– Бизде музыка сабагына эки саат бөлөбүз, анын бир саатын ата-энелер төлөп беришет. Комуз, ооз комуз класстары бар, бир класс комуз үйрөнсө, экинчи класс ооз комузда ойношот. Мында бизге “Устат-шакирт” долбоорунун комузчулары жакшы жардам берип жатышат. Адегенде “Устат-шакирт” долбоорунун алкагында балдарыбызга комузду Самат Көчөрбаев үйрөтүп баштаган. Азыркы мезгилге чейин Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билим алышкан 15тей бала менен иштештик, азыр да ошолор менен кызматташып келатабыз.

Мен комуз үйрөнүү боюнча баса белгилеп кетким келип турганы, төрт жыл мурда балдарыбызды комуз дүйнөсүнө аралаштыруу идеясы пайда болуп, аны ишке ашыруу үчүн көп аракеттендим, мага ошондо жардам берген комузчу балдарыбызга ыраазычылык билдиргим келет. Долбоорду баштаганда алар: “Үч күндө үйрөтөбүз, сиз үйүңүзгө бара бериңиз” — дешкен, мен чынында толук көзүм жеткен эмес. Анан чын эле үч күндөн кийин мага телефон чалып, келип көрүңүз деп калышты. Келгенде көргөн көзүбүзгө, уккан кулагыбызга ишене албай турдук. Бул өзүнчө эле укмуш болду, сүйүнгөнүбүздөн көзүбүзгө жаш алдык. Бул долбоор балдар үчүн өтө пайдалуу, ата-энелер да кубануу менен кабыл алышып, биздин балдар катышкан концерттерге үзбөй катышып турушат. Өзгөчө белгилеп, мактансам да болот, балдарыбыз өнөр жагынан Бишкектеги №69 мектептин балдарынан кийинки эле экинчи орунда турат, — деди сыймыктанып.

Дарика Макешовна айткандай эле, мектепте көркөм өнөрдүн орду чоң. Комузчулардан башка манасчылары да бар, кырк бала кырк чоро деп, манас айтышат. Окуучулар драма, бий ийримдерине жигердүү катышат. Директор айым былтыр чопо чоор, сыбызгы ж.б. улуттук аспаптарды сатып алышканын кошумчалады. Анткени фольклордук ансамбль түзгөнгө даярданып жатышат. Толук жабдылган соң, жакынкы келечекте чоң концерт берүүнү пландашууда.

– А-бу дегиче кыш да кирип келет эмеспи, окуу жылын баштап алсак, кыш камын көрүүгө киришебиз, азыркы учурда от казандарыбызды капиталдык ремонттон өткөрүүдөбүз. Жаңы окуу жылына толук даярбыз десем да болот. Бир гана көйгөйүбүз – кадр маселеси. Бизге адистер жетишпейт, айрыкча химия, физика, география, математика предметтеринен жана ошондой эле орус класстарга кыргыз тили жана адабиятынан, ал эми кыргыз класстарга орус тилчилер жетпейт. Мектепте 180ден ашык мугалим иштөөгө тийиш болсо, азыр 79 гана мугалим эмгектенет.

Чындыгында жаңы адистер тап-такыр келбейт деп айтууга болбойт. Алар келишет, бирок жашаганга ыңгайлуу шарт болбогондуктан, тез эле кайра кетип калышат. Мисалы, былтыр төрт жаш адис келген, бирок жашаганга ыңгайлуу шарттары бар батир табылбай, жер үйдө жашай албайбыз деп кетип калышты. Жашаган үйлөрү бар деп, жергиликтүү кадрларды алсак, аларды мугалимдин айлыгы ынандырбайт. Жаш адистердин арасынан: “Мугалимдердин маянасы аз, андан көрө тикмечи болуп иштегенибиз оң” дегендер да болот. Айла жок, бизде быйылкы жаңы окуу жылында жаш адистер жетишсиз бойдон калууда, — дейт Дарика Макешовна.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер