Дөөлөткан Кабыкова, психолог: «ЗӨӨКҮРДҮ БААТЫРГА АЙЛАНДЫРУУ ӨЗҮБҮЗДӨН»

  • 08.07.2021
  • 0

Кийинки жылдары коомдун алсыз катмарына карата зордук-зомбулук күч алды. Айрыкча аялдарды уруп-соккондор көбөйдү. Атүгүл балагатка жеткен кыздарды ала качып, өлтүрүп коюп да жатышат. Мунун негизги себеби эмнеде, андай каргашалардан жакындарыбызды кантип сактасак болот? Ушулар тууралуу Ош шаарындагы «Нейролайф» эмканасынын психологу Дөөлөткан Кабыкова эже менен маектештик.

Дөөлөткан Кабыкова, психолог: "ЗӨӨКҮРДҮ БААТЫРГА АЙЛАНДЫРУУ ӨЗҮБҮЗДӨН"

– Айзаданын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү баарыбызды нес кылды. Айрыкча бойго жеткен кыз балдардын үрөйүн учурду. Менин он биринчи класста окуган кызым бир канча күнгө чейин жалгыз-жарым көчөгө чыгуудан коркуп калды. Ала качууга байланышкан кырсыктар ушуну менен эле тыйылса кана эми. Бейиши болгур Айзаданын трагедиялуу тагдыры баарына сабак болду, мындай каргаша эми кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анткени отуз жылда биз түптөгөн жапайы коом Замирбек Теңизбаев өңдүү кара өзгөй муунду жаратты. Кокус Айзаданын жагдайына тушукпаш үчүн кыздар эмне кылышы керек? Эгер, Кудай бетин көрсөтпөсүн, ошол абалга кабылса, кантип өзүн сактап, кантип аман калса болот?

– Албетте, Айзаданын канына забын болгон жигиттин ошондой мыкаачы болуп калышы үчүн коом (ата-энелер, мектеп, чөйрө ж.б.у.с) күнөөлүү. Аны да бирөө тарбиялады же тескерисинче, тарбиялабай койду. Өзүңөр билесиңер да, түрмөдөн эч качан адам тарбияланып чыкпайт, ал эми түрмөдөн чыккандан кийин аны бирөө түзөткөнгө аракет кылган жок да, туурабы. Андыктан эгер колдон келсе ал жигит сыяктуу абакка түшүп чыккандардын психологиясын, дегеле зөөкүр балдардын табиятын изилдеп үйрөнүш зарыл. Улан-кыздарыбыз ошондой кара мүртөз болуп калбашы үчүн кандай иштерди жүргүзүү керек, кандай программаларды түзүп, долбоорлорду ишке ашыруу абзел – ушул жөнүндө ойлонуу абзел. Бактыга каршы, биздин коомдо азыр буга кызыккан эч ким жок. Адаттагыдай эле бу саам да аны жетер жерине жеткире каргап-шиледик, сөктүк. Бирок ал эмне үчүн ушундай үрөйдү учурган кылмышка барды? Аны мындай жолго эмне түрттү –ушул тууралуу ойлодукпу? Негизги себеби – ал өтө бактысыз адам болгон. Анткени бактылуу адам зөөкүр болбойт. Жакшы үй-бүлөдөн чыккан, жакшы тарбия алган, мээрим көргөн бала эч качан зөөкүр болбойт. Ал эми бала күнүндө мээрим эмне экенин билбеген баладан же зөөкүр чыгат, же андай бала корунчаак, коркок бир байкушка айланат.

Эми маркум Айзаданын кайгылуу тагдыры жөнүндө (жаткан жери жайлуу болсун). Менин угушума караганда тигил неме көп жылдан бери аркасынан калбай асылып жүргөн экен. Балким, кыз коркконунан ага убада берип койгондур, коркконунан кескин жооп кайтара алган эместир. Эгер кыздар капысынан ошондой нерсеге кабыла турган болсо, өзүнө кол тийгиздирбей, жакшы сөз менен алдашка аракет кылышы керек. «Болуптур, мен макулмун, үйдөгүлөргө айтайын, кеңешип көрөлү» деген сыяктуу сөздөрдү айтууга тийиш. Мен ошол капсалаң учур жөнүндө айтып жатам. Албетте, андай кырдаалда кыздын жүрөгү түшөт: бакырат, өкүрөт, жалынат, же айрымдары сөгүнөт, туталанат дегендей. Ал эми зөөкүрлөр курмандыгы канчалык албууттанган сайын жаны кашайып, кантип уруп өлтүрүп койгонун өзү да билбей калат.

Тигил бир эмес үч жолу түрмөнү көрүп келиптир. Демек, анын психологиясы таптакыр бузулган. Негизи мындай окуяларды тыкыр изилдеп-иликтемейинче ушундай болгон деп так кесе бүтүм чыгарыш кыйын. Бирок божомолдоп айтчу болсок, бул жерде курмандыкка жырткыч кол салгандай окуя жүз берген. Мүмкүн, кыз аны жакшы сөз менен алдап-соолаганда, ушундай каргашага жетпей, экөө тең аман калмак. Менимче, ал жигит жөн эле кара өзгөй болгон эмес. Анын психикасы да жабыркаган (б.а. акылынан айныган). Себеби акыл-эси жайында адам бирөөнү да өлтүрбөйт, өзүн дагы өлтүрбөйт. Эгер кыз ошону байкап, ошого жараша мамиле кылганда, мүмкүн, тирүү калат эле.

Ал байкуш жалгыз бой эненин көзгө басар кызы болуп жатпайбы. Бейиши болгурдун ишене турган, коргоп ала турган кишиси жоктугун билгендиктен, тигил ушундайга барды да. Күчтү күч жеңет дейт ко. Эгер кыздын ишенген бирөөсү болуп, жигитти жакшы сөз менен же катуураак айтып тыйып койгондо, бул даражага жетпейт эле. Кээ бир кыздарды коргой турган адамдардын жоктугунан жана зөөкүрлөрдү теске сала турган тийиштүү мыйзамдар аткарылбагандыктан, эң өкүнүчтүүсү, коомдун кайдыгерлигинен ушундай каргашалар жүз берип жатат.

Эми кыздарга келсек. Мен деле кыз болгом. Ата-энелерибиз бизге жалгыз жүрбө, караңгыда көчөгө чыкпа, тартиби жок балдар менен таанышпа-сүйлөшпө, аларга убада бербе деп кулагыбызга куйган. Бүгүн да уул-кыздарыбызга ушул нерселерди байма-бай айтып турушубуз зарыл. Ал эми башыңа ушундай иш түшүп калса, жаман сүйлөбө, бакырып-өкүрүп ызы-чуу салба, мейли, болуптур, ата-энеме кабар берейин дегин деп, опурталдуу кырдаалдан чыгуунун жолдорун үйрөтүш керек. Каршылык көрсөтпөй, эптеп жакын адамына кабар жеткирүүнүн аргасын издеши зарыл. Дегеле ала качууну салт дебей, такыр жоюп салыш керек, буга жалпы коом каршы турушу абзел.

– Кичи автобустарда, көчө-көйлөрдө, ж.б.у.с. жерлерде ичип алып кыз-келиндерге тийишкен, кээде абдан агрессивдүү мамиле кылган эркектерди көрүп калабыз. Тилекке каршы, мындайда арачалагандын ордуна көрмөксөн-укмаксан болуп кете бергендер да жок эмес. Ушундай кооптуу кырдаалдан чыгуунун ыктары тууралуу кеп салсаңыз.

– Өкүнүчтүүсү, кийинки учурда коомубузда зордук-зомбулук иштери аябай көбөйүп кетти. Аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулук күчөдү. Соңку жылдарда жүз берген окуялар буга күбө. Кыздарды ала качып, ал аз келгенсип өлтүрүп дегендей. Жогоруда айтканымдай, ушулардын баардыгынын түбүндө биздин кайдыгерлигибиз жатат. Кайдыгерлик – коомдогу эң жаман касиеттердин бири. Сен мага тийбе, мен сага тийбейм деген түшүнүктөн улам коомубуз коркунучтуу акыбалга кептелди.

Эгер биз турмушубуздагы жакшылыктарга да, жамандыктарга да кайдыгер карабай, жакшылыкты жакшылыктай даңазалап элге көрсөтүп, жамандыкты жамандыктай бетин ачып турсак, мындай болмок эмес. Көчө-көйдө кыздардын тамеки чегип отурганын, балдардын арак ичип тополоң кылып кыздарга тийишип жатканын көрсөк да (жок дегенде бир киши көрөт да, болбосо көчөдөгүнүн баары көрөт), кайдыгер карап өтүп кетип жатканыбыздан улам ушундай кейиштүү жагдайга туш болуудабыз. Биздин түбүбүзгө кайдыгерлик жетип жаткандыгын, адамдык касиетибизден ажыратып жаткандыгын жалпы коом аңдап-түшүнүшү абзел. Маселен, мас болуп же мас болбосо да башка жаман иштерди жасаган кишилер биздин кайдыгерлигибизден улам ушуну жасай берсе болот экен деп ойлойт. Демек, турмушубуздагы жаман иштердин жүз беришине өзүнүн көңүлкоштугу менен кайдыгер адам дагы «салымын кошот».

Кайдыгер элдин, кайдыгер улуттун адеп-ахлактык баалуулуктары калбай, андай коом чирип, эл, улут катары жок болуп кетиши ыктымал. Ошондуктан көчөдөгү кичинекей көрүнүшкө дагы кайдыгер карабай, өз мамилебизди билдире жүрүшүбүз зарыл. Коомго жат, коомду бузушу мүмкүн болгон жаман көрүнүштөргө жооп кылганыбызда гана коом оңолот.

«Башталат баары майдадан, Байкабайт аны майда адам», — деп Р.Шүкүрбеков жазгандай, биз өтө майдаланып да кетип баратабыз, өтө кайдыгер да болуп кетип баратабыз. Мына ушунун айынан турмушубузда жакшы иштерден көрө жаман иштер көп болууда. Кайдыгерлик ошол жакшылыкка да тиешелүү болуп жатат. Тактап айтканда, жакшы нерселерге да кайдыгерлик кылып жатабыз. Мисалы, жакшы окуган балдарыбызды, жакшылык кылган кишилерибизди мактап, элге көрсөтүп турсак эмне үчүн болбосун. Союз маалында кандай эле элге үлгү, өрнөк боло турган адамдар дайыма даңазаланып турчу. Азыр андай болбой калды.

Өйдөдө айтып өткөнүмдөй, жакшы адамдарга да, жаман адамдарга да кайдыгер болуп калдык. Ошон үчүн коом ушул абалга келип такалды. Психолог катары айтарым, биз ушул кайдыгерликтин туткунунан тезирээк чыкпасак, улут катары уюткубузду жоготуп алышыбыз анык.

– Психологияда жалаң кара күчүнө сыйынган зөөкүрлөрдү жоошута турган, алардын тилин таба алган практикалык ыкмалар, жол-жоболор көп эле болсо керек. Ошолорду балдарыбызга үйрөтө жүргөнүбүз оң го дейм.

–Албетте, бул үчүн балдарды үйдөн үйрөтүш керек. Эң оболу балдарды жакшы балдарга жандаганга, жакшы дос тандаганга үндөө керек. Балдарды коркпос, кайраттуу, эрктүү кылып тарбиялоо абзел. Ал үчүн эмне кылыш керек? Ал үчүн баланы үйдө ээн-эркин, өз оюн кысынбай айта алгандай кылып өстүрүш абзел.

Негизи, баланы басмырлаганга болбойт. Анткени үйдө басмырланган бала корунчаак болуп, келечекте зөөкүрлөрдүн курмандыгына айланат. Ошол корунчаактыктын айынан баланын жан дүйнөсү жабыркайт. Коркуп, бүжүрөп турган баланы зөөкүрлөр дароо байкап, аларды каалагандай пайдаланат. Ал эми бала өзүнө ишенип, эч нерседен коркпой, жанына келген кишиге токтоо, такалбай, так жооп берсе, кара санатайлар андай балдарга көп тийише бербейт. Жаратылышта жырткычтар өзүнөн алсыздарга кол салгандай эле, зөөкүрлөр да корунчаак адамдарга көп жабышат.

Кыздар-балдарга, колуңардан келишинче, алардан алыс болгула, аларга теңелип, жаман сөз айтпагыла деп үйрөтө жүргөнүбүз оң. Ошондой кысталаң учурда «болуптур, сеники туура» деп кутулууга аракет кылуу абзел. Бирок бала андай зордукчулга өзү күчү жетпесе да аны коргоп ала турган кишилер (ата-энеси, тарбиячылар, мугалимдер, ички иштер органдары ж.б.у.с) бар экенин билиши керек. Ошон үчүн балдарды эч нерседен коркпо, эгер сага бирөө тийишсе, жаман кеп айтса, сөзсүз бизге кабарлап тур деп такай айтып туруш зарыл. Бала ишене турган кишиси бар экенин билүүгө тийиш.

Зөөкүрдүн зөөкүр болуп калышына эң биринчи үй-бүлөсү күнөөлүү. Үйүндө зомбулук көргөн балдар эки түрдүү болушат: же, биз жогоруда айтып өткөндөй, зөөкүрлөрдүн курмандыгына айланат, же өзү кара мүртөз болуп чыгат. Үй-бүлөсүндө зордук-зомбулук көп көрүп, ата-энесинен, ага-инисинен өч ала албай ызаланып, кийин кегин өзүнөн алсыздардан чыгарат. Мындайча айтканда, андай зөөкүрлөрдү да, алардын курмандыгын да коом тарбиялайт, алар да биз жашап жаткан коомдун туундусу.

Эгер курмандыкты корунчаак, коркок кылбай, эрктүү тарбиялаганыбызда, ал курмандык болмок эмес. Зөөкүргө дагы убагында кысым көрсөтпөй, урбай-сокпой, жанын ачытпай өстүргөндө, эгер кайраттуу, күчтүү бала болсо, «балам, сен өзүңдөн алсыздарды кордобой, аларды коргошуң керек» деп насаат кылганыбызда, ал бала баатыр болмок, туурабы. Андыктан баары келип тарбияга такалат.

Балдарга алардын көзүнө чалдыкпа, алардан оолак жүргөнгө аракет кыл деп, андайлар тууралуу айта жүрүш керек. Эгер сен ошондой зөөкүрлөргө туш келип калсаң, аларга кескин каршылык көрсөтпөй, алардын өтө зыян келтирбегидей айтканына макул болуп эптеп кутулганга аракет кыл деп үйрөтүшүбүз зарыл. Бирок кутулгандан кийин андан күчтүүрөөк кишиге келип сөзсүз айткын деп көндүрүшүбүз шарт. Анткени зөөкүрлүктү тыйбасак, ал уланып кете берет.

Кээде балдар коркконунан айтпайт. Себеби зөөкүрлөр коркутат да, ата-энеңе айта турган болсоң өлтүрөм дейт, башка кылам дейт. Андайда балдардын көз карашынан, жүрүм-турумунан байкаш керек. Андай бала маанайы чөгүп, түнт болот, көчөгө чыккысы келбей, сабакка баргысы келбей, үйдө дагы күлбөй калат. Ошондой учурда эмне болуп жатканын баладан сураш керек. Албетте, бала айрым убакта эч нерсе айтпайт. Балага акырын байкоо салып, тели-теңтуштарынан сурап, же баланын өзүнө билдирбей аңдып болсо да эмне болуп жатканын ата-эне милдеттүү түрдө аныкташы шарт.

– Дөөлөткан эже, интернеттен тааныш күтүү опурталдуу экендигине баарыбыз күбө болдук. Ал эми бүгүнкү күндө балагатка жеткен ар бир улан-кыздын колунда смартфону бар. Алардын ким менен таанышып, кимдер менен байланышып жатканына эртеден кечке көз салганга айрым ата-энелердин убактысы чектелүү. Бул жаатта кандай кеп-кеңештерди бересиз?

– Ооба, эми аны баарыбыз эле билип калдык окшойт. Бирок, ошондой болсо да, жаштарда бул нерсе мага тиешелүү болбойт, мен эч качан жамандыкка кабылбайм деген сыяктуу өзүнө ашкере ишенүүчүлүк болот. Бул жаштыктын ушундай бир албуут курагы.

Эми ата-энелердин балага убактысы жоктугу тууралуу. Ата-эне балам үчүн убактым жок деп эч качан айтпашы керек. Мен иштеп жатам, эртеден кечке чейин жумуштамын, үйгө келгенде тамак-аш жасайм, болбосо же алыс сапарда көп жүрөм, ошон үчүн балдарымды көп көрбөй калам деген сөз – бул жөн эле шылтоо. Балагатка жетти, акыл-эс кирди, эми өзү да түшүнүшү керек деген сөздөр да жаңылыштык. Алардын тагдырына, келечегине, ар бир кыймыл-аракетине биз дайыма жооптуубуз.

Азыр маалымат жана санарип дүйнөсүндө жашап жатабыз. Баланын ар кадамын текшерип турса болот. Бирок сөзсүз артынан түшүп аңдый берген да жакшы эмес, себеби балага эркиндик да бериш шарт. Бала анча-мынча жаңылсын, өз катасын өзү оңдосун. Бирок өтө чектен чыгып кетпеши үчүн ата-эне аны дайым көзөмөлдөп турушу абзел. Ошентсе да бул көзөмөлдү түрмөнүн күзөтчүсүндөй жүргүзүүгө болбойт.

Мен ар дайым чарчабай айтып келем – биринчи кезекте баланы сүйүш керек, балага чексиз мээрим төгүш керек. Ата-энелер өз балабызды кантип эле сүйбөйлү деп айтып калышат. Бирок мени адис катары таң калтырганы, баласын жакшы көрө турганын айта албаган ата-энелер бар. Анын сүйүүсү ичинде катылып, бала аны сезбесе, күн нуруна жылынгандай анын мээримине балкыбаса, ал сүйүүңдөн пайда жок да.

Анан сөзсүз аны жакшы иштерге үндөш керек. Анын колунан жакшы иштер келерине, жаман балдар менен кыздарга кошулбай турганына ишенерине ата-энеси ынандырышы шарт. Эң башкысы, анын менен дос катары сырдашуу абзел. Антпесек ал бизге ишенбей, бизден качып калат. Жакшы сөз менен, укпай жатса, бир аз катуу айтып болсо да, анын ким менен жана эмне кылып жүргөнүн текшерип турууга милдеттүүбүз.

Аким Кожоев

 

Бөлүшүү

Комментарийлер