COVID-19 УЧУРУНДАГЫ ОНЛАЙН МЕКТЕП ПЛАТФОРМАСЫ

  • 23.04.2022
  • 0

2020-жылы  COVID-19 оорусунун күч алышынан өлкө карантинге жабылып, Билим берүү министрлиги чукул чара көрүү менен билим берүү системасын онлайн окутууга өткөрдү.  Буга чейин анчейин тааныш болбогон «Онлайн билим берүү», «аралыктан окутуу», «вебинар», «видеопрезентация», «мультисабак», «видеоконференция», «ZOOM» ж.б. cөздөр коомчулукта кеңири кулачын жайды. Ошол учурда  Назарбаев Университетинин профессору Дүйшөн Шаматов «Онлайн мектеп» платформасын иштеп чыгуу менен мугалимдерге алгачкы «ОНЛАЙН ОКУТУУ» деген түшүнүктү берген. 

COVID-19 УЧУРУНДАГЫ ОНЛАЙН МЕКТЕП ПЛАТФОРМАСЫ

ОНЛАЙН ОКУТУУ — виртуалдуу класс порталына компьютер, планшет же чөнтөк телефон аркылуу кирсе болот. Порталга сабак материалдарын жүктөсө, окуучулурга сабак өтсө, аткарылган тапшырмаларды кабыл алса болот. Окуучулар окуу порталдарына кирип, материалдар менен таанышып, берилген тапшырманы аткарып, кайра жүктөсо болот.

2020-жылы 24-мартта  алгачкы  «Онлайн сабак өтүүнүн методикалары» деген тема бир эле учурда фейсбукта жана ютубда  көрсөтүлдү. Түз эфирде катышуучулардын суроолоруна жооп берген Дүйшөн Шаматовдун айтымына караганда эфир бүткөндөн кийин сакталып калган эфирди көргөндөрдүн саны  37 миң  болгон.

“Бара-бара бул көрсөткүч 40 миңден ашты. Биздин баштаган ишибиз мугалимдер үчүн абдан чоң жаңылык болду. Биринчи эфирде «эч сарсанаа болбоңуздар, коркпоңуздар, аракет кылыңыздар, ката кетирсеңиздер да кайталап, аракет кыла бериңиздер» — деп айткан сөзүбүз көптөгөн мугалимдерге дем бериптир.  Эфир учурунда  бир топ комментарийлер келди. Биринчи түз эфирге чыккандан кийин, коом биздин кийинки эфирди күтүп калды” деди Дүйшөн Шаматов.

 Онлайн мектептин максаты билим берүү тармагына салым кошуу болуп саналат. Онлайн эфирлердин темалары Тынчтыкбек Жанадыл, Кеңеш Сайназаров, Асылбек Жооданбеков менен биргеликте түзүлдү. Алгачкы эфирге  мектеп мугалимдери көбүрөөк катышса, кийинкисинде ЖОЖдордун окутуучулары катыша баштады.

Мектеп мугалимдери аракетчил, чыгармачыл, жаратуучу келишет экен. Алар бири-бири менен байланышып, видео сабактарды жасап, социалдык тармактарга жүктөп, алгылыктуу иштерди аткарып жатышты. Мектепте иштеген мугалимдердин аракеттери, изденүүсү, жаратмандыгы чындыгында бизди кубандырды. Санариптештирүүгө качан өтөбүз деп жүргөндө пандемияга байланыштуу капысынан өткөнүбүз  мугалимердин маалыматтатык сабаттуулугун арттырды. Жаш мугалимдер гана эмес, тажрыйбалуу мугалимдер да санарип ыкмаларын колдонууга аракет кылып жатышты. Жаш мугалимдер улуу муундагы мугалимдерге жардам берип, билбегенин үйрөтүп, тыгыз кызматташып иштегендиктери бизди кубантты.

Онлайн окутуу көйгөйү айрыкча алыскы аймактарда байкалды. Себеби, интернет менен камсыз болуу, тиешелүү мультимедиалык каражаттардын жетишсиздиги эң башкысы мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин бул багытта сабатсыздыгы, психологиялык жактан даяр эместиги ыңгайсыздык жаратты. Бирок мугалимдер кыйын кырдаалда четте карап турбастан бар болгон аракеттерин жасашты.

 Асылбеков Казыбек, Нарын районунун Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин мүдүрү. «Онлайн мектеп» платформасынын алыскы аймактагы колдонуучуларынын  бири.

COVID-19 УЧУРУНДАГЫ ОНЛАЙН МЕКТЕП ПЛАТФОРМАСЫПандемиянын күтүүсүз башталышы билим берүү системасында онлайн окутууда тез чечим чыгарууга түрткү берди. Биздин мектеп республикадагы инновациялык 30 мектептин катарында иш алып барып жаткандыктан, бул багытка жаңыдан кадам таштаган болчубуз. Бирок реалдуу онлайн окутуу башталганда көп көйгөйлөр жарала тургандыгын билдик. Кырдаалга жараша пландарды иштеп чыгып, окуучуларга онлайн билим берүү менен катар, Нарын районунун башка мектептерине дагы тажрыйба бөлүшүүнү туура деп таптык. Алыскы аймактарда интернет жок болгон учурлар болду. Биздин айылдан 20 км алыстыкта Кара-Үңкүр кыштагында он чакты түтүн эл жашайт. Алардын көбү ДЭУнун кызматкерлери. Кыштакта интернет эмес свет жок. Мүмкүнчүлүгү барлары балдарын туугандарына жиберип, калганы айылга келип мугалимдерден тапшырмаларды жазуу жүзүндө алып кетип жатышты.

Пандемия билим сапатынын төмөндөшүнө алып келгени менен, бир катар жаңы көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн өбөлгө болду.  Дүйнө жүзүндө онлайн окутууга арналган бир топ платформалар сунушталды. Бирок ага карабастан, «Онлайн мектеп» платформасынын өзгөчөлүгү кыргыз педагогикасына ыңгайлаштырылган, пайдаланууга жеңил жана оңой болду.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин кандидаты Абдуллаева Райхан:

Онлайн окутуу тууралуу биринчи укканда баардыгыбызда кабатырлануу болду. Офлайн өтүп көнүп калгандыктан, онлайн сабак өтүүдөн корктук.  Онлайн окутуу жөнүндө ойлонуп, изденип жаткан учурубузда «Онлайн мектеп» платформасы тууралуу социалдык тармактар аркылуу билип калдык. Платформанын негиздөөчүлөрүнүн бири Казакстанда Назарбаев университетинде иштеп жаткан мекендешибиз, профессор Дүйшөн Шаматов экен. Бир топ жылдан бери коңшу өлкөбүздө эмгектенип келсе да, билген тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендиги, өлкөбүз үчүн агартуучулардын бири катарында салым кошуп жаткандыгын биз кубануу менен кабыл алдык. Биз мындай окуу платформаларын тынымсыз пайдалануунун натыйжасында маалыматтарды угуп, методикалык жактан берген сунуштарын өз ишибизге пайдаланганга аракет кылдык.

Маектешкен Мансапова Гулира

Бөлүшүү

Комментарийлер