ЧЫНЫГЫ ПЕДАГОГДУ ЧИКАГОДО ДА БИЛИШЕТ

  • 04.03.2021
  • 0

Өмүрүнүн алтымыш жылын дүйнөдөгү эң бир асыл кесип мугалимдикке арнаган тубаса педагог Марьям Ашымовна Ирисованын жүздөгөн бүтүрүүчүлөрүнүн арасында алыскы өлкөлөрдө эмгектенип жаткан окуучулары да бар.

Окуучуларынын жүрөгүнөн түнөк тапкан мугалим

Кайталангыс инсан, бөтөнчө педагог Марьям Ирисованын өз мекенинен алыста жүргөн окуучусуна мен 2010-жылы Америкага программа жеңүүчүсү катары барганымда, жолугуп калдым. Бир айга созулган унутулгус программа соңунда биз Американын эң бир кооз шаары Чикагодо болдук. Бизди кыргызстандык диаспора өкүлдөрү тосуп алып, кемеге салып, шаар кыдыртып, кечинде түрк ресторанында сый тамак беришти. Сөздөн сөз чыгып, окуган мектептери, окуткан мугалимдери тууралуу айта башташты.

— Менин сүйүктүү мугалимим  — Марьям Ашымовна. Эжейиме мен өмүр бою ыраазымын. Бишкектеги №68 орто мектепке Токтогул районунан келип, орус тилинен аябай кыйналдым. Марьям Ашымовна күндө мени сабактан кийин алып калып, сүйлөгөндү, окуганды үйрөттү. Ырларды жаттадык. Айрымдары азыр да эсимде, — деди токтогулдук жигит.

Мен Марьям эжейди жакшы билеримди айтсам, тигил бала шеригим экөөбүздү шаардын эң бийик үйүнө чыгарып, коштошордо эжейине деп атаган белегин берди.
Биз «Чыныгы мугалимди Чикагодо да билишет экен!» деп бир эсе кубансак, бир эсе таң калдык…

Педагогдук шыгы мектептеги кезинен байкалды

Кээ бир мугалимдердин педагогдук дарамети бир топ жылдан кийин билинет. Ал эми биздин бүгүнкү каарманыбыз орус тили жана адабияты мугалими Марьям Ирисованын педагогдук шыгы мектепте окуп жүргөндө эле байкалат. Мектеп окуучусу Марьям окуучу жаштар арасындагы жогорку деңгээлдеги уюштуруучулук иши үчүн Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамотасы менен сыйланат. Онунчу класстын окуучусу ошол тушта шаардагы №16 орто мектепте пионер вожатый болчу. Бул өлкө тарыхындагы чанда жолукчу окуя, анткени союз маалында тарбия ишине өтө зор маани берилгендиктен, пионер вожатый кызматына мугалимдер арасынан агартуучулук энергиясы ашып-ташып турган, тарбия ишине жүрөк отун арнаган ашкере демилгелүү чыгармачыл педагогду дайындашчу.

ЧЫНЫГЫ ПЕДАГОГДУ ЧИКАГОДО ДА БИЛИШЕТ

Болочок мугалимдердин насаатчысы

Мектеп партасынан келечек кесибине багыт алган жаш педагог азыркы Улуттук университеттин филология факультетине тапшырып, окууну бүтөрү менен өзү билим алган окуу жайда эмгектенип калат. Жөн гана тийди-качты болуп иштебестен, болочок педагогдордун кесипкөйлүгүн арттыруу үчүн университеттен алган топук билимин, күчүн, жанын аябай, билек түрүп иштеди. Жаш окутуучунун талбаган аракети, чыгармачылык изденүүсү аркасында борбор шаарыбыздын мектептеринен педагогикалык практикасын өтүп жаткан студенттери кесипкөйлүк жактан темирди кызыткандай курчуду. Марьям Ашымовнанын студенттери башкалардан илимий-методикалык деңгээли жагынан айырмаланып турчу. Өзү да студенттери үчүн ар түрдүү тематикадагы методикалык колдонмолорду, иштелмелерди түзүп сунуштап, окуу жайда уюштурулган илимий-практикалык конференцияларда кызыктуу докладдары менен байма-бай катышып турду. Ошондогу эмгектеринен айрымдарын атай кетсек: «Мектепте адабиятты окутуу процессинде аймак таануу боюнча материалдарды колдонуунун методикасы»; «Студент-филологдордун кесипкөйлүк көндүмдөрүн калыптандырууну активдештирүү методдору»; «Студент-филологдордун тандаган предмети боюнча көрсөтмө куралдарды түзүү көндүмүн калыптандыруу»; «ЭВМ жана ырдын системасын анализдөө».
Буларды санап өткөн оңой, а бирок ар бирин даярдап берүүгө уйкусуз канча түндөр кетти дейсиз!

Шеймандын шакирти

Такай изденүү үстүндөгү чыгармачыл мугалимдин иш-тажрыйбасында кыргыз педагогдорунун илим ордосу —  Билим берүү академиясы менен көп жылдык чыгармачыл байланышы өзгөчө орунду ээлейт. Марьям Ашымовна аталган академиянын орус тили жана адабияты бөлүмү жана «Русский язык и литература в школах Кыргызстана» журналынын редакциясы менен узак жылдар кол үзбөй эмгектенди. Азыр да алар менен такай кызматташып келет. Бүтүндөй союзга таанымал бул журналда педагог-экспериментатордун ондогон илимий-методикалык макалалары жарык көрдү.
Кыргыз билим берүү академиясынын орус тили жана адабияты бөлүмүнө жер-жерлерден келип түшкөн илимий-методикалык иштерге таасын рецензия жазды. Мындан тышкары, практик мугалим катары окуу программаларына, мамлекеттик билим берүү стандарттарына, окуу китептерине, окуу-методикалык колдонмолорго баа берүүгө үзбөй катышты.
Марьям Ашымовна — атактуу аалым, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандын Эмгек сиңирген мугалими Лев Аврумович Шеймандын татыктуу шакирти.
«Марьям Ашымовна Ирисова бир гана Бишкек шаарынын эмес, бүтүндөй Кыргызстандын эң мыкты орус тилчи педагогдорунун бири болуп эсептелет. Мындан тышкары ал консультант, рецензент, педагог-экспериментатор катары программаларды, мамлекеттик билим берүү стандарттарын, окуу китептерин, окуу-методикалык колдонмолорду жакшыртууга жигердүү салым кошту. Анын тыянактары ар дайым тереңдиги, предметти окутуунун теориясы менен практикасын кенен билгендиги, орус тилин жана адабиятын окутуунун түйүндүү маселелерине карата өз көз карашы менен айырмаланып турат», — деп Лев Аврумович көзү тирүүсүндө өз шакиртине жогору баа берген.

ЧЫНЫГЫ ПЕДАГОГДУ ЧИКАГОДО ДА БИЛИШЕТ

«Кутбилим сабактын» активдүү автору

Мен журналист катары издемчил педагог Марьям Ашымовна Ирисованы 2001-жылдан бери жакшы билем. Борбор шаарыбыздагы көзгө басар мектептердин бири — №68 Алыкул Осмонов атындагы орто мектептин орус тили жана адабияты мугалими Марьям Ирисова башкалардай «Алымчасын алып, кошумчасын кошуп, эптеп чыгарып койгула!» дебестен, материалды кайсы рубриканын астында берүүнү, текстти газетага даярдоодо кайсы шрифттерди, сүрөттөрдү колдонууга чейин өз сунуштарын берип, дагы кайсы күнү келип, гезитке даярдалып жаткан текстти окуп берерин айтып кетчү. Азыр да ошентет.
Марьям Ашымовна ай сайын болбосо да, эки айда бир биздин редакцияга келип, мугалимдердин ишенимдүү жардамчысы, сүйүктүү гезити «Кутбилим сабакка» биринен-бири мыкты сабак иштелмелерин  жарыялап турат.
Азыр эстесем, жалгыз гана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окутууга арналган жыйырмадай иштелмелерди даярдаптыр. Башкасына сан жетпейт. Мыкты иштелмелеринин, адабий-музыкалык композицияларынын арасында улуу «Манас» эпосун, Пушкин менен Лермонтовдун, өзгөчө талант ээси Алыкул Осмоновдун, мекенчил акын Жоомарт Бөкөнбаевдин, фронтовик акындар Темиркул Уметалиев менен Сүйүнбай Эралиевдин, кийинки муундардан Рамис Рыскуловдун чыгармаларын окутууга арналган усулдук эмгектери бар. Бул иштелмелерге сабактын планы катары кароого болбойт. Алардын ар бири өзүнчө изилдөө, өзүнчө эксперимент, өзүнчө ачылыш!

Менин баамымда, педагогдук кесип үчүн гана жаралган адамдар болот. Алар үчүн мектеп — экинчи үйү, окуучулары — Билим дүйнөсүндөгү курдаштары, мугалимдер — таалим-тарбия ишиндеги пикирлештери.
Марьям Ирисова — мына ушундай башкаларга окшобогон, чанда жолукчу педагог. Ал өзү да чыгармачылыгын бөтөнчө сыйлаган замандашы Рамис Рыскулов поэзия дүйнөсүнө баш оту менен берилгендей, билим-тарбия ишине, окуткан окуучуларына жүрөгүн бүтүндөй арнап келет. ..

А. Алибеков, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты (2017), «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер