ЧЫНЫГЫ МУГАЛИМ ЧЫГАРМАЧЫЛ БОЛУУСУ КЕРЕК

  • 08.02.2023
  • 0

Чыгармачылык изденүүсү, педагогдук жөндөм-шыгы  менен мыктылардын катарын толуктаган Адилет Амангулов —  учурда өзү эмгектенген  Бишкек шаарындагы №66 мектеп-гимназиясынын, бүтүндөй  борбор шаарыбыздын көзгө басар алдыңкы мугалимдеринин бири.

Орустун улуу окумуштуусу Дмитрий Лихачев туура баамдагандай бала чак адам баласынын келечегин түптөгөн эң бир асыл  доор болуп эсептелет.

«Бала кезде эле кошуналарымдын балдарын чогултуп алып, аларга ырдап берип, барактарга жаздырып, кол тамгамды коюп, короонун дарбазасын түркүн түстүү боер элем. Ойлоп көрсөм, бала кезде эле мен мугалимдикти тандап алыпмын, — дейт борборубуздагы №66  мектеп-гимназиянын информатика мугалими Адилет Амангулов.

Жаштын тилегин берет демекчи, балалыктагы аруу кыялы орундалып,  университетти аяктаган соң, алгач мектепте дене тарбия мугалими болуп эмгектене баштайт.

ЧЫНЫГЫ МУГАЛИМ ЧЫГАРМАЧЫЛ БОЛУУСУ КЕРЕК

Мектепте иштеген агай-эжейлер өспүрүмдөр менен иштеген жеңил эмес экенин жакшы билишет. Адилет агай муну өз ишинде мектептеги  биринчи күндөн жакындан туюп билди.

— Бул учурда ата-энелердин үйүнө чейин барып, балдар менен сүйлөшүп, тыгыз байланышта болдум. Байма-бай анкеталарды алып,  балдардын психологиясын оңдой алдым, алардын эмнеге кызыгарын билип, ийримдерге катыштырдым, — деди Адилет.

Айтуусунда классында терс лидерлер болбогону менен сабакка кызыкпаган тартипсиз балдар көп учурады.

— Мындайда китеп окуганымдын пайдасы тийди.  Кыялбек Акматовдун бир нече китептерин окудум. Автордун бала тарбиялоодогу жаңы ыкмалары классымдагы  балдар-кыздардын турмушта адам болуп тарбиялануусуна жол көрсөтө алды, — дейт жаш педагог.

Мугалим бир эле учурда актёр, сүрөтчү, спортчу, психолог болушу керек  деп айтып жүрүшөт. Биздин каарманда мына ушул  сапаттардын баары бар. Мугалимдин тынымы жок издемчил сапатын мектептегилердин баары бирдей баалашат. «Жаш болсо да, өз билгенин балдарга үйрөтөм деп талпынып иштеп жаткан Адилет агай менен баарыбыз сыймыктанабыз» дешет кесиптештери. Жаш педагог өзү да чыныгы мугалим чыгармачыл болуусу керек деп эсептейт.

ЧЫНЫГЫ МУГАЛИМ ЧЫГАРМАЧЫЛ БОЛУУСУ КЕРЕК

Адилет Амангулов мугалимдик кесипте эле эмес, сахнада да талантын ачып, теледе, кыргыз элинин тойлорунда, райондук, шаардык иш-чараларда алып баруучулук жумушту аркалап келет. Муну менен эле чектелбестен, коңур үнү менен ырдап, тойлордун да көркүн ачат. Адилеттей жаңы муундагы мугалимдер өлкөнүн билим берүүсүнө аба менен суудай керек деп ойлойм, себеби азыркы билим берүү тармагы мына ушундай чарчабаган, изденген, креативдүү жаштарга  муктаж.

Жыл сайын Бишкек мэриясынын Билим берүү  башкармалыгы “Жүрөгүмдү балдарга арнайм” кароо-сынагын өткөрүп келет. Мында “Мыкты мугалим”, “Мыкты жаш мугалим”, “Мыкты класс жетекчи” аныкталып,  чыгармачыл, издемчил, таланттуу, өз кесибин сүйгөн, жеңүүчү мугалимдерге байгелүү орундар берилип, акчалай сыйлыктар тапшырылып жүрөт.  Адилет Амангулов дагы “Мыкты класс жетекчи — 2022”  аталмасында Бишкек шаары боюнча 2-орунду ээлеп,  100.000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Аракетчил педагог улан-кыздарга билим эле бербестен, жашоого багыттап, акыл-кеңешин аябайт. Үч жыл классы менен майнаптуу иштеп, аталган сынакта жеңишке жетти.

— Бул сынакка үч жыл даярданып катыштым. Классым тогузунчу класста болчу. Жалгыз эле ачык сабак өткөн жокмун. Ата-энелер менен тыгыз байланышта болуп, үзүрлүү иштедим. Окуучуларды ар кандай кайрымдуулук иштерине катыштырып, кесипке багыттадым. Тарбиялык иштин ар бир багыты боюнча портфолио түздүм. Ушул иштеримдин негизинде райондук баскычтан ийгиликтүү өтүп, шаардык турга катышып, калыстар тобунун чечими менен «Мыкты жаш класс жетекчи — 2022» номинациясында жеңүүчү аталдым, — деди ийгиликтүү мугалим.

Азыр коомчулукта мектептеги балдардын тартибинин сакталышы бул агайлардан көз каранды экендиги көп айтылууда. Бул сөз да жөн жерден пайда болгон жок. Мектептерде эркек мугалимдердин саны кескин азайып кетти.

—  Агайлардын мектептерде көп болушу, албетте окуучуларга жакшы таасирин берет. Бирок акыркы жылдары кесиптин түйшүгүнөн, жашоонун татаалдыгынан агайларыбыз башка жумуштарга ыктап кетип жаткандыгы ырас.  Кудайдын кулагы сүйүнсүн мугалимдердин айлык акысы көбөйгөндөн бери мектепте иштеген агайлардын саны арбып баратат. Бул албетте, жакшы көрүнүш, — деп айтат келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш педагог.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер