«ЧЫГЫМ ЭМЕС, ИНВЕСТИЦИЯ». МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЗАМАНБАП ПРАКТИКАСЫ

  • 10.04.2024
  • 0

Бишкекте өткөн “Мектепке чейинки билим берүүнүн заманбап практикасы: реалдуулук жана перспективалар” илимий-практикалык конференциясында бала бакча тарбиячыларына жана педагогдоруна инновациялык мамиленин баалуулуктарына ылайык окутуу жана STEAM илимий-техникалык чыгармачыл чөйрөнү түзүү боюнча тажрыйба алмашуу жана жайылтуу сырлары жөнүндө кеңири сөз болду. Республикабыздын булуң-бурчунан келген катышуучулар Ф.Фребелдин дидактикалык системасы (STEAM), лего-конструкциялоо, робототехника, санариптик мультстудия, МЧББ санариптик технологиялар, этнопедагогика, көп тилдүү билим берүү программасы, балдар үчүн туура сүйлөө технологиясы, насаатчылык ж.б. бүгүнкү күндө мектепке чейинки жаш курактагы балдарды өнүктүрүү багытындагы технологиялар көргөзмөсү менен таанышты.

"ЧЫГЫМ ЭМЕС, ИНВЕСТИЦИЯ". МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЗАМАНБАП ПРАКТИКАСЫ

Бала мээримге, билимге жана эркиндикке муктаж

Бала  бакча кызматкерлерине арналган иш-чарада катышуучулар Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору п.и.к Алмаз Токтомаметовдун “Балдардын эрте өнүгүүсү”, ф.и.к., КМТнун доценти Анвар Самсалиевдин “12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн актуалдуулугу жана STEAM технологиялары, мамлекетибиздин жана жаштардын алдында турган милдеттери” жана РПККЖКДИнин тилчи мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу инновациялык технологиялар борборунун башчысы Гүлмира Артыкбаеванын “Заманбап мектепке чейинки билим тренддери” аталыштарындагы баяндамасына күбө болушту.

Анда ошондой эле Бишкектеги №22 бала бакчасынын  STEAM технологияларынын призмасы аркылуу “Орбиталь” технопаркы долбоорунун алкагында иш алып баруусун камтыган видео презентациясын көрүштү. Катышуучулар арасында “Көп тилдүү билим берүүнүн жаңы технологияларынын үстүндө иштөө тууралуу баш калаабыздагы №3 бала бакчанын видеобаяны да зор кызыгууну жаратты.

 

Бала тарбиялоо – эң оор бизнес

Мектеп жашына чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген КБ укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева өлкө башчысы акыркы эки жылда мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө, балдарды бала бакчалар менен камсыздоого өзгөчө маани берип жатканын белгиледи.

— Президент тарабынан да, Министрлер Кабинетинин Башчысы тарабынан да балдардын бала бакчага, өнүктүрүү программасына тартуулусуна олуттуу көңүл бурулуп жатат. Айрыкча акыркы эки жылда бала бакчаларды курууга бөлүнгөн акча каражаттары, ресурстар буга айкын далил. Билим берүү жөнүндөгү былтыр кабыл алынган жаңы мыйзам бала бакчаларды ачууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет, анын негизинде кыска мөөнөттүү бала бакчалар, үй тибиндеги бала бакчалар ачылып иштеп жатат. Өтө тез өнүгүп жаткан коомдо биз өзүбүз да артта калбай балдарыбызды эрте жаштан өнүктүрүп, заманбап билим менен камсыздашыбыз керек. STEAM, жаңы технологияларды үйрөтүүгө жалпы киришели. Биз балдардын өсүп-өнүгүүсүн, коопсуздугун камсыздоо, алардын укуктарын коргоо боюнча өзүбүздүн да, балдарыбыздын да билимин өркүндөтүп турушубуз керек.

Балдарыбызды кичинесинен эле кара жумушка, эмгек мигранты болууга даярдаганды токтотушубуз керек. Биз балдарыбыз интеллектуалдык эмгек менен иштеп, акча табуусуна кам көрүүгө милдеттүүбүз. Ошол милдет бала бакчадан башталат. Бала бакчалар эң күчтүү билим берүүгө тийиш, ал эми тарбиясын ата-энелери берет. Бала тарбиялоо – бул эң оор бизнес, ал тынымсыз изденүүнү талап кылат, — деди.

"ЧЫГЫМ ЭМЕС, ИНВЕСТИЦИЯ". МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЗАМАНБАП ПРАКТИКАСЫ

Бала бакчанын интеллектуалдык жагын байыталы

КР Жогорку Кеңешинин социалдык саясат боюнча комитетинин бөлүм башчысы Чатыркүл Бекишева:

— Ата-энелер педагогдор менен жакындан иш алып барса, баарлашып, алардын абалдары менен кабардар болуп турса, ортодо кайтарым байланыш түзүлмөк жана көчөдөн келген блогерлерге арыздануулар токтомок деп ойлойм. Биз көрсө, бала бакчалардын курулушуна гана көңүл буруп, алардын ичин заманбап интеллектуалдык материалдар менен камсыздоо деген өтө олуттуу маселе бар экенине маани бербей келиптирбиз. Мен бул маселе боюнча комитетке жеткирем деп убада беремин. Ата-энелер, бала бакча кызматкерлери менен кайтарым байланышы болушу үчүн мына ушундай жолугушууларды көбөйтүп, өнүккөн бала бакчаларды кыдырып, тажрыйба алмашуу визиттерин уюштуруу зарыл.

Инклюзивдүү билимге муктаж балдар көбөйүп баратат

Өзгөн районунун Куршаб айылындагы №5 “Наристе” бала бакчасынын директору Элмира Бусурманкулова 2023-жылы Индира Дууланова менен таанышып, STEAM технологиясына кызыгып калган. Куршаб айыл өкмөтүнүн жардамы менен 150 миң сомдук балдарды өнүктүрүүчү жабдууларды сатып алган. Ал логопед адис катары акыркы мезгилде ден соолугунан жабыркаган балдар көбөйүп баратканын, аларга ата-энелер жетиштүү көңүл бурбай жатканын белгиледи.

— Акыркы жылдары инклюзивдүү билимге муктаж балдар көбөйүп баратат. Мисалы, биз бала бакчага кабыл алып жаткан балдардын ичинен 15-20 бала инклюзия менен келет. Негизинен ал балдар ДЦП — церебралдык шал оорусунун жеңил түрү, аутизм менен жабыркагандар. Анын себептери көп. Ата-энелер өзүнүн жана балдарынын ден соолугуна жетишерлик кам көрбөгөндүгү, боюнда бар кезде анемия менен жабыркагандыгы негизги себептердин бири деп ойлойм.

Мурда бизде медициналык-педагогикалык комиссия деген бар эле, ал балдарды бала бакчага, мектепке кабыл алуу учурунда текшерүүдөн өткөрчү. Ошону кайра түзүп берсе жакшы болот эле, ар бир райондо бирден болбосо да, үч-төрт районго бирди түзүп берсе жакшы болмок. Мисалы, 40 баланын ичинен 3-4 бала инклюзивдүү болсо, алардын окуу деңгээлине жакшы көңүл бурулбай калат, демек, ага билим да жетишсиз — дейт.

Элмира Бузурманкулова өзүнүн демилгеси менен жеңилдеткен варианттагы көндүмдөр камтылган атайын программа иштеп чыккан. Ошонун негизинде балдарды так сүйлөөгө үйрөтсө болот. Конференцияда балдарга туура сүйлөө технологиясын үйрөтүү боюнча презентация өткөн адистин айтымында, мындай көндүмдөр, тажрыйба алмашуулар тарбиячылар үчүн өтө зарыл жана байма-бай уюштурулуп турушу керек.

"ЧЫГЫМ ЭМЕС, ИНВЕСТИЦИЯ". МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЗАМАНБАП ПРАКТИКАСЫ

Биздин кадрларга муктаждар көп

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледждин директору Уланбек Турдалиев:

— Билим берүүнүн башаты – мектепке чейинки билим берүү. Мектепке чейинки билим берүүчү педагогдордун билими, жетишкендиктери балдардын билимине түздөн түз таасир этет. Азыр ата-энелердин көйгөйү эмне? Мурда эшикте чуркап ойноп жүргөн балдарды үйгө киргизе албасак, бүгүнкү күндө балдарыбызды колундагы телефондон ажырата албай, кыймылдуу оюндар менен ойното албай убарабыз. Балдардын тарбиясын үйдөн, бала бакчадан, мектептен туура баштоого көңүл буруу керек.

Биздин окуу жай жыл сайын мектепке чейинки билим берүүчү 70-80 адис даярдайт. Бирок алардын бала бакчаларды толук камсыз кыла албайт. Бул кенемтени толтуруу үчүн окуу жайларга мектепке чейинки адистикке көбүрөөк кабыл алууга уруксат берүү керек. Биздин кызматтык телефонго чалган 10 кишинин бешөө мектепке чейинки билим берүү кесибин аяктаган адистерди сурайт. Демек, бул бүгүнкү күндүн суроо-талабы.

"ЧЫГЫМ ЭМЕС, ИНВЕСТИЦИЯ". МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЗАМАНБАП ПРАКТИКАСЫ

Балага жумшалган акча чыгым эмес, ал — инвестиция

П.и.к. Алмаз Токтомаметов балдарды эрте курактан өнүктүрүү темасын 15 жылдан бери изилдеп келатат. Эне менен баланын ортосундагы байланыштын феноменалдуу өзгөчөлүгүнө иликтөө салган адис бир топ изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таң калганын жашырбайт.

— Улуу ата мекендик согуш маалында Ленинград блокадасында миңдеген адамдар өлүп, аягында бир ууч гана адам тирүү калган. Окумуштуулар изилдегенде алардын кичинесинде жакын адамдары болгонун, кичинесинен эне мээримине, сүйүүсүнө каныгып чоңойгонун аныктаган.

Кыргыз элинин акылмандыгы, даанышмандыгы — жаңы төрөлгөн балага эне сүтүн эмизип, эне мээримине бөлөп, бешик ырын ырдап чоңойткондугунда. Биз ошолорду жайылтышыбыз керек, анткени баланын тагдыры, келечеги, бактысы түздөн-түз энеге байланыштуу.

Баланы эрте жаштан өнүктүрүүнүн экономикалык жана социалдык мааниси кандай жана эрте өнүктүрүүгө жумшалган ар бир сом канчалык кайтарым берип жатат? Мисалы, баарыңыздарга белгилүү “Үч жаштан кийин кеч” деген китепте 8 долларга чейин кайтарым берет дейт, азыр 16 долларга чейин кайтары айтылып келет. Демек, эрте өнүктүрүүгө салынып жаткан акча чыгым эмес, бул ийгилик жараткан инвестиция.

Кандай тарбиячынын, мугалимдин таалими жугумдуу? Бала өзүн анын чөйрөсүндө эркин сезсе, демек, ал эң мыкты педагог жана анын билими кайтарымдуу.

Биздин усулчулар колдоого муктаж

Чынара Майтикова, Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси:

— Мен бүгүн айрыкча усулчулардын эмгегин баса белгилеп кетким келет. Усулчулар учурда эбегейсиз чоң жумуш аткарат, бирок алардын эмгеги татыктуу бааланбайт. Ошондуктан бизге усулчулар токтобойт. 2019-жылы Москвага барганда шаардын мэри инновациялык технологиялар менен иштеген педагогдордун эмгек маянасын үч эсе көтөрүп берем дегенин укканбыз. Бир жылдан кийин чын эле эмгек акысы да, эмгек кайтарымы да жогорулаганына күбө болдук. Биздин усулчулар да колдоого муктаж. Бизде 0,5 эмес, кээ бири 0,1, 0,25 ставка менен иштейт. Анан алардан кайдагы кайтарым болот?

Усулчулардын статусун, эмгек акысын эки, үч эсе көтөрүш керек. Алар өз казанында эле кайнай бербей, эки жакка чыгып тажрыйба үйрөнүп келмейин, иш алдыга жылбайт. Ошого карабай усулчуларыбыз патриоттук менен иштеп, ийгиликтерди жаратып келатат. Бишкектин бала бакчаларында негизинен расмий тилдүү балдар көп, аларга сөзсүз этнопедагогиканы терең окутуп үйрөтүшүбүз керек.

Бала бакча тарбиячыларынын айлыгы көтөрүлөбү?

Мектепке чейинки билим берүү педагогдоруна арналган конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, министрликтин өкүлдөрү жер-жерлерден келген адистердин суроолоруна жооп беришти. Аларды бала бакчада кыргызча китептердин, усулдук материалдардын жетишпей жаткандыгы, айылдарда орус тилчи мугалимдердин, музыканттардын тартыштыгы жана ошондой эле эмгек акысына байланыштуу суроолор кызыктырды.

Били берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова Билим берүү жөнүндө  мыйзам жаңы кабыл алынгандыктан, мыйзам алдындагы ченемдик-укуктук актылар жаңыдан иштелип, мурунку стандарттар, программалар жана материалдардын баары жаңыланып жатканын, алардын  баары эки тилде жеткиликтүү түрдө жакынкы арада таркатыларын айтты.

— Катышуучулар сөз өнүктүрүү боюнча кыргыз тилинин хрестоматиясы китеби көптөн бери басылып чыга электигин, Орбиталь технопаркы менен аймактардагы бала бакчаларды камсыздоо үчүн каражат керектигин жана эмгек айлыктын көлөмү жогорулайбы-жокпу деген суроолорду узатышты. Бала бакчалардын базасын Орбиталь сыяктуу технопаркы, дидактикалык материалдар менен жакшыртууга аракеттер көрүлүп жатат. Бул багытта Дүйнөлүк Банктан колдоо болушу күтүлүүдө. Ал эми тарбиячылардын эмгек акысы боюнча өзүңүздөр күбө болгондой, республикалык бюджеттин биринчи жарым жылдыгына киргизилген жок, бул маселени экинчи жарым жылдыкка киргизүү боюнча Жогорку Кеңешке сунуштайбыз, — деди.

"ЧЫГЫМ ЭМЕС, ИНВЕСТИЦИЯ". МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЗАМАНБАП ПРАКТИКАСЫ

Расмий маалыматтар боюнча учурда республикада 1834 бала бакча иштейт.  Мектеп жашына чейинки балдардын 26,4% бала бакча менен камсыз болгон. 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында бул көрсөткүчтү эки эсе көторүү, тагыраак айтканда, бала бакча менен камсыздоону 40% жогорулатуу тапшырмасы белгиленген. Ал үчүн бир топ кадамдар жасалып жатат. Алсак, кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу, бала бакчаларда бош турган имараттарды эффективдүү пайдалануу, үй тибиндеги бала бакчаларды жеңилдетилген шартта ачуу сыяктуу бир топ алгылыктуу аракеттер көрүлүүдө.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер