ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ ЖАЗ ТЕМАСЫ

  • 20.04.2022
  • 0

Жаз…Жер  көпчүп,тирүүлүк ойгонуп, көк кылтайып, дарактар бүртүп, айылдар ууз сүт жыттанса,  аңыздардагы адамдардын дабыштары шаңдуу чыга, жер айдалып, үрөн себилип, Чыгыштын жылнаамасына ылайык, жаңы жыл башталды.

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ ЖАЗ ТЕМАСЫЖаз темасы Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгында өзгөчө чоң орунду ээлейт. Анын  алгачкы чыгармаларындагы жүрөктөрү романтикага, жаратмандыкка жык толгон кейипкерлери жазында алдыларына өзгөчө чоң милдеттерди коюшуп, дың жерлерди өздөштүрүп, эгин себишет. Өзөндөрдү буруп, кайракы жерлерге суу чыгарышат.Эгин-тегин мол болуп, эл токчулукта жашоосу үчүн жан аябай күрөшүшөт. Алар- 1952-жылы жазылган “Биз андан ары барабыз” деген аңгемесиндеги мурап Бейшеналы, анын Волга-Дон каналын курууда өзгөчөлөнгөн баласы Самсалы, “Кайракыда” деген аңгемесиндеги жүздөгөн гектар дыңдарды бузууну максат кылышкан   Эралы, агроном Кожомкулов,  “Ак жаандагы” Саадат менен  Касымжан, “Асма көпүрөдөгү” Нурбек.  “ Түштөн мурун  жабалактаган кар, түштөн кийин күн жарк этип, бир заматта көл-шал эриген кардын астынан жабыла байчечекей атып, кечке жер тоборсуп калат. Түндө болсо кадимкидей муз тоңот. Эртең менен туруп карасаң, күн чайыттай,  жуунуп, таранып, жаңы көйнөгүн кийген кызга окшош. Уйкудан ойгонгон шүудүрүм, жер жапжашыл, көгүлтүр асман эң эле бийик, кыйкырсаң күү  алган үнүң абаны жарып алда алда кайда угулат. Жаз ушул.Мейли туман уюп, кар, жаан болсун, жаз кадамынан тайбай, сайдан-сайга, белден белге дүүлдөгөн жашыл өрт сыяктуу улам жогорулап, улам жогору жүрүп отурат… ”— деп сүрөттөлөт “Асма көпүрөдө” жаз мезгили.

Айтматовдун романтиктеринин баардык ой максаттары эле ишке аша бербейт, керини да айдоону чечкен Нурбектин трактору кулап, өзү араң аман калат. Бирок, кыйынчылыктардан жалтакташпайт,  качышпайт, жоопкерчиликти  өздөрүнө алышат, дайыма адеп-ахлактык жактан тазарып, өз иштерин жакшыртууга умтулушат.

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ ЖАЗ ТЕМАСЫ“Ботогөз булактагы” трактористтин жардамчысы Кемел романтик гана эмес, жаш болсо да тарыхый аң сезими жана тарыхый эстутуму ойгонуп, философиялык темаларда кыялданганды жакшы көргөн ойчул. Тракторист Абакир үчүн Анархай көптөгөн ээн талаалардын бири болсо, Кемел үчүн өз ичине көп сырларды каткан тарыхтын окулбай жаткан барактары. Анын талааны аралагандагы сезим-туюмдары төмөндөгүдөй сүрөттөлөт: “Ошондо мен илгерки замандын доошун уккандай болом.Жер майышкан калың кол.Найзалары кылкылдап, асаба-туулар желбиреп, көчмөн элдин миң-сан аскери ач айкырык –куу сүрөөн менен жер дүңгүрөп ат коюп келет.Көз алдыман кара чаңга көк менен жер бириккен кандуу согуш жүрүп жатты.Кылычтар жаркылдап, жоокерлер ураан таштап кыйкырып, буудандар жер тепкилеп азынайт.Ошол кызыл кыргын, кара сүргүндүн ичинде мен да жүрөм…”

Повестте жаз да  өзгөчө романтикалуу маанайда чагылдырылган: Жашыл ыраң жамынган талаада жүлгөсү араң билинген кара жол менен машине зымырап келет.Көз учунда көгүлтүр закым ойнойт.Жер жаңы көөп, эриген кардын заги урат. Ага аралаш буулуу абадан былтыркы куураган шыбактын түбүнөн кылтыйып чыгып келаткан жаш шыбактын кермек жыты каңылжаарды кытыгылайт”.

Автордун “Гүлсарат” романында жаш Гүлсарынын жаздын демине мас болуп, жээликкен убактары өзгөчө симпатияда,  психологиялык тереңдикте ачылып берилген.

“Эрте келген турналар” повестине байыркы Индостан адабиятындагы:

Кошчулар удаа-удаа жер аңтарып.

     Дыйкандар удаа-удаа үрөн септи.

   Көк Теңир үстү-үстүнө жамгыр төктү…

        Адамдар үмүт менен жер оодарат,

     Адамдар үмүт менен үрөн себет,

    Адамдар үмүт менен деңиз чалат… деген саптар эпиграф кылынып алынган. 

Повесттеги негизги кейипкерлер- Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде айылда алардан башка эркектер калбагандыктан мектептеги сабактарын таштап, алыскы  Ак-Сайдагы аңыздардын бирине жер айдап, эгин себүүгө чыккан өспүрүмдөр. Алардын маанайлары романтикалуу, ал эми жүрөгүн сүйүү сезимдери уялай баштаган  башкы кейипкер Султанмурат жыл маалы кыш түшпөй, дайыма жай болуп, маймылдары бакта ойносо, пилдери токой жойлоп, банандары ийилип, дүр-дүйнө жайнап, өсүмдүк атпайдын баары мөмө байлаган Цейлон аралы жөнүндө кыялданат. Анда өзү жактырган кызга, башка адамдарга  гана эмес, айланасындагы табийгаттын көрүнүштөрүнө, жан-жаныбарларга карата да симпатиялуу  боордоштук сезимдери күчтүү. Ал куйту түлкүгө зыян келтиргиси келбеген эпизоддон ачык көрүнөт. Повесттин аты эле айтып тургандай, тоо арасындагы жаз да чоң орунду  ээлейт, ал жаш өспүрүмдүн симпатиялуу өнөктөштүк сезими менен сүрөттөлөт:  “Сыдырым жели жок болсо, жонуңу магдырата нымшыткан көктөмдүн маңыроо күнү аркаңдан тийип, түш маал болуп, бууга толгон аба нымтырап турат.Кыш этегин жыйнаганы менен толук кетпей, жаз келгени менен күчүнө кире албай, эки тарап тең тайлашып турган чак.Теребел таптаза, кеңирсип ээн, магдырап жымжырт.Коңул-колтукта, тескей беттеринде калган үзүк кар кирдеп, өзүнөн өзү жүдөгөн.Тунарган көк асмандын шаңында тигил ак карлуу тоолор бараандуу. Жай дем алып, айланада кең көкүрөк жер жатат.Жер үстүндө түйшүгү түгөнбөй кыбырап адам жүрөт”.

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ ЖАЗ ТЕМАСЫПовесттеги эрте келген турналар-  жаздын күчүнө кирип бараткандыгынын, үмүттүн, жакшылыктын жышаанындай кабылданат. Повесттин акыркы бетиндеги Султанмурат карышкыр менен кармашуу алдында тургандагы баталгалык эпизоддон жыйынтык чыгаруу  окурмандын өзүнө калтырылат.

Жаңыланып, жашарып, тирүүлүктү, сүйүүнү жана  көбөйүп өсүүнү даңазалаган жаздын мотивдери  автордун кийинки  “Кылымга тете күн”, “Кыямат” ж.б. романдарында да бар.Бирок, алардан жазуучунун жаш кезинде жазган чыгармаларындагыдай күчтүү романтикалык- оптимисттик маанайды кезиктирбейбиз. Аларда романтикалык эмес, социалдык, философиялык ой жүгүртүүлөр басымдуулук кылат.Сыягы, адамдын өмүрүндө жаз болуп турганда баары жаздагыдай көрүнсө, өмүрү күзгө кайтканда айланадагылар да ошол курактын өңүтүнөн каралып, чечмелене баштайт окшойт.

Ооба, өзүнүн өмүрүндөгү эң бир романтикалуу курактай эле улуу жазуучунун чыгармачылыгында да жаз болгон. Өмүрүндөгү жаз өзү менен кошо кетти, ал эми  чыгармачылыгындагы жаз  окурмандарга  анын тирүүлүктү ойготуп, адамдарга не бир  ыйык, таза сезимдерди, кыялдарды тартуулаган деминдей  түбөлүккө бизде калды. 

                            

                                         Папан Дүйшөнбаев,

Жазуучу, адабиятчы, “Манас” жана Ч.Айтматов улуттук академиясынын башкы адиси, Эл аралык Айтматов сыйлыгынын ээси

                                              БЫТПЫЛДЫК 

Ал түшүндө  мештин жанында жатыптыр.Чоюн мешке арчанын дүмүрү же жаш катыраңкынын ноголосу бүкүлү салынгандай, улам  табы  күчөп, бут жагы ысыганда төр жакка жылды.Ысык тизесинен өткөндө дагы төргө жылайын деди  эле, бирок  канча умтулса да бүткүл денесин  чырмап, уютуп бараткан  ысыктан алыстай албады. Демиктирип бараткан  таптан качып,  салкыныраак төр жакка жылгысы келет, бирок  буту-колу уктап калгандай же жип менен таңып салгандай, негедир кыймылдабайт.Ысык төшүнө жетип, деми кыстыкканда  чоочуп ойгонду.

Мезгил түштөн ооп, шалайлуу алмуруттун көлөкөсү чыгыш тарапка узарып, батыш тарабы кыскарып, Мотойдун башы көлөкөдө жаткан менен төшүнө чейин күндө калыптыр. Боргулданган Мотой алдындагы таар куржунду сүйрөп, алмуруттун көлөкө узарган жагына өттү.

Ал бир тесте кургак чөптүн үстүнө куржунду узунунан таштап,  жеңи менен маңдай терин аарчына,  эшектин  токумун жаздана, кайра  жатты. Ысык эми күчөп, сай жактан билинер билинбес керимсел эле урбаса, аба коргошундай уюп, үп. Абада бир да булут жок, көк асман жайдын аптабында мурдагыдан да бийиктеп кеткендей  мунарыктап, чазырайт. 

Бешимге чейин күндүн табы кайтпайт, ага чейин  чөптөгүлөр көлөкөлөрдөн  чыгышпайт. Ал көзү илинип баратканда, эсине бир нерсе  кылт эте, ордунан ыргып туруп, алмуруттун түбүн карады. Анын айланасындагы  супарадай чаңдуу жерде, андан арыдагы жоон тамырлардын түбүндөгү кичинекей үңкүрчөдө ал издеген  көрүнбөдү. 

-Бытпылдык! Бытпылды-ык!  

Ал канчалык дитин коё тыңшабасын жондун күңгөй тарабындагы боолонуп, ар жерлерде жыйылган чөптөрдүн же тескей тараптагы бадалдардын арасынан ал күткөн дабыш чыкпады. Ысыктан саратандар да жүдөгөндөй; кечки салкындагыдай бири-бирине эрегише үн салышпайт, билинер-билинбес  чырылдагандары гана  угулат.

-Бытпылды-ык! Бытпылды-ык!

Тескейди аралап барып, кыйкырганына да жооп болбогондо Мотойдун биротоло уйкусураганы таркап, Бытпылдыкты бир нерсе илип кеттиби дегенде ыйлагысы келе түштү. Ал тескей тараптан үмүтүн үзүп, каптал жолдон ылдыйдагы кашаттын башына жүгүрүп келип, дагы чакырды: 

-Бытпылды-ык! Бытпылды-ык!

Кашат тараптан да дабыш чыкпаса, ал ыйлап жиберет беле,  ичи ачыша, көзү жашылданып, ысыкка туурулган эриндери титиреп кеткен. Бирок, ал дагы эки-үч жолу  чакырганда, кашаттын сай жагындагы табылгы, чийе аралаш өскөн бадалдардын арасынан жаш балапандын “чыйп”, “чыйп” эткен уйкусураган дабышы чыкты. Аны укканда  сүйүнгөнүнөн Мотойдун көзүнүн жашы кылгыра түштү. “Кыдыгыйдын салкын жерди тапканын кара!” деди ичинен балапандын коктунун таманынын салкындыгын билгенине таң кала. 

-Бытпылдык! Бытпылды-ык! Кайда жүрөсүң,  кыдыгыйым?

Ага жооп иретинде балапан “мен бул жактамын” дегендей жанагыдан бийигирээк  чыйпылдады. Бирок, “кыдыгыйынын” аман-эсен экенине эреркеген Мотой бир чети аны эркелетсе, бир чети  жинине тиймекке, добушун бирде бийиктетсе, бирде төмөндөтө  аны чакыра берди. Ал ысыкты да, аптыктырган керимселди да сезбеди. Кечке  чейин деле антип тургандан жадамак эмес.  

Бир эмес, бир нече ирет жооп берсе да Мотойдун аны укпаганына балапандын жини келгендей  чыйпылдаганы жанагыдан ачуулуу, бийик чыкты. Мотой жымыңдай бир аз туруп, дагы  чакырганда балапан өзүнүн эгедеринин  ушунчалык баамсыздыгына ачыктан ачык эле кейип-кепчип, ага кошо  уйкусун бузуп, салкындан козгогонго дыкаты аша,  өз тилинде сөгүнүп-тилденип, кызыл от, гүлкайыр,  сарандыздарды аралай ордунан тура, бирде жеңгелге чалынса, бирде араларынан сойлой, бери көздөй жөнөгөнү,- анын  жакындап келе жаткан үсүл-кесил, буула чыккан дабышынан билинди.

Чын эле бир аздан кийин кашаттын кырынан өткөн бир таман  жолдон чоңдугу  бөдөнөдөй, куйрук, канаттарынын учтары көгөрүп, эми темир канатка айлана  баштаса, мойнундагы, төшүндөгү, буттарындагы  боз тыбыттары  тегиз түлөй элек, улактын эмчегинин үрпүндөй кичинекей тумшугу эми карайып ката баштаган, чаңга аралашкан тырмактары  иймейген  кекиликтин балапаны көрүндү. Анын  таарынчы  ушунчалык ашкандыктан Мотойду көргөн менен демейдегидей утурлап чуркамак түгүл, карап да койбоду.  Тынч уйкусун бузуп, ысыкта убара кылганына чындап ачуусу келе  канаттарын жерге сүйрөлтө таштап, тумшугунун үстүндөгү  чымчым жүндөрүн урпөйтө, акактаган алкымынан анда-санда кыжына   чыйп-чыйп эткен үн чыгара, жондогу алмурутту көздөй жөнөдү. Бирок,  башын бир жагына ачуулуу кыйшайта, Мотойду көз кырынан чыгарбай, ал өзүн көздөй басса, чуркай качканга даяр баратты. Ысыкта салкын жерден козгоп, жондогу ысыкка чакырганга  балапан нааразы, ачуулуу  эле.

Мотой аны чакырбады, артынан басса, таарынган  балапан чөп-чарларды аралай качып, тикендерге , чөңөрлөргө чалынып  кыйналарын   ойлоп, жан дүйнөсүндөгү  бардык жылуу сезими төгүлө, башбармактай боз башы чөңөрлөрдөн бирде көрүнсө, бирде көрүнбөй, тыбыт чөптөргө чалына   жогору чыгып бараткан балапанды  карап турду.

Мотой жонго чыгып келгенде балапан алмуруттун түбүндөгү такырда  жумуртка баскан тооктой бөк түшүп жаткан.Мотойдун шыбырты угулганда, ал бозоргон көздөрүн жүлжүйтө ача  аны көпкө аңдыды. Эгерде Мотой өзүн көздөй басса, тура качканга даяр экенин билдире, бошошкон канаттарын жыйнай,  кыжына чыйп-чыйп эткен үн чыгарды. Анын ачуусу дагы деле таркай элек болчу.Мотойдун андай ниети жоктугуна биротоло ишенгенден кийин канаттары акырындап бошошуп, шалбырай, башын кыйшайта, көздөрү жумула уйкуга кирди. Бирок, дагы деле ызасы  тарабадыбы, же түшүнө бир нерселер кирдиби, айтор, бир топко чейин денеси анда-санда диртилдеп, былкылдаган көмөкөйүнөн билинер-билинбес  кыжынган дабыш чыгып турду. 

Мотой таар куржунга кыйшайды.

                                    Хххх        хххх       хххх

Өзөгү чирий баштаган карт  алмуруттун жерге батпаган тамырларынын  көңдөйүндөгү көлөкөдө жаткан кекиликтин балапанынын аты чын эле—Бытпылдык болчу. Аны эрте жайда Мотой Карагайдын Чоң-Конушунан Жантыкка чыгып баратып кармаган.

Ал тик өйдөдөгү  ойрума жолдун  бурулуштарынын биринен чыкканда, эне кекилик  “чыйк” эте бир канатын сүйрөп жөнөсө, анын ончакты бармактай көгүш балапандары куш тийген таандардай бириндеп, жолдун алды-үстүндөгү   жеңгелдерди аралай  качышкан. Ал эне кекиликтин алдагысы келгенине көңүл да бурган эмес. Балапандарын суук колдордон,ийри  тумшуктардан арачалагысы келген паренделер кандай аргаларды гана жасашпайт? Айрымдары өлүмүш болуп тыпырап да калышат.Жетип кармаарыңда,   андан ары качып барып тыпырайт…
  Артынан куубасын түшүнгөн эне кекилик өзү Мотойго жакын келип чаңдуу жолдо бырпырады, тыпырады.  Бирок, Мотой ага алданбады. Ал  балапандар кире качкан жерди аралай, аюу шашырлардын, алардын арасындагы марал оттордун түптөрүн ачып, балапандарды шашыла издеп кирди. Шашырдын куураган сөңгөктөрүнүн арасына башын тыгып бекинип жаткан бир балапанды таап, анын иймейген тырмактарына мыкчылган кургаган чөптөрдү чыгарып,   койнуна салды. Ага  сүйүнгөн Мотой,  экинчи шашырдын түбүнө өткөндө  чыйп эткен дабыштан бут жагын караса, чоң түп марал оттун  желкесине  бекинген балапанды чала басыптыр. Ал  тумшугун улам ача, жан далбастап кирди. Балапанды бөөдө өлтүргөнүнө   ичи ачыша, жини келе сөгүнүп, дагы тебелеп албайын деген ойдо,  аны көрүнөө жерге коюп, этияттай баса марал отторду, шашырлардын түптөрүн бирден ача карап жүрүп дагы бирин тапты.

Ал ошол күнү  койнуна кекиликтин   үч балапанын салып келгенде, Зыйнат энеси чындап кейиди:

— Ушу балапандарга тийишпе деп канча жолу айтам. Буларды мине кыласың? Башыңа тартасыңбы? Булардын да убал-сообу бар. Балапандарга тийишпей, Шоной экөөңөр чосмоңорду атып  жүрө берсеңер болбойбу?  Кекиликтин балапандары  араң жан болот. Бөөдө баарын өлтүрүп, убалына каласың…Сага айта берип, жаагым да тешиле турган болду го. Же сенин эки кулагыңдын  ортосу ийиктин ташындай  тешикпи? Бир кулагыңан  кирген сөз, экинчи жагынан чыгып кетеби?

Ал күнү  энесинин айтуусу менен балапандарга нандын жумшагынан  сүйрү ничке кылып тоголоктоп, ар бирине үч-төрттөн берип, эски тебетейге салып, үстүн жүн жоолук менен жапты. Эртеси алардын бири канаттарын жыйганга алы келбей калган экен, күнгө чыгарышса,  ошерде көзүн ача албай өлдү. Экинчиси кечке араң жетти. Энесинин чындап ачуусу келип, Мотойду дагы бир жолу каарый кейип-кепчип, анан эски кийизден кесип, аны шоона жип менен  чабалекейдин уясындай кылып тигип, ичин кара жүнгө толтуруп,  ага балапандын башы гана көрүнө турган кылып киргизип,  уяны эски көрпө тебетейге салып,  жүн жоолукка ороду. 

Мотой эртеси турары менен уяны ачты эле, балапан уядан чыкканга умтулганда шашыла кайра жапты.Бир аздан кийин дагы ачканда, энеси:

— Сенин  эмне андан башка эрмегиң жокпу? Эмнеге эле аны кайра-кайра  ачасың? Шамалдатсаң, мунуң да өлөт.Күн чыгып, жер жылымдагыча чыдай турсаң болбойбу,-дегенде  анысын койду. Бирок, койлорду кайрыганы кеткиче коңулдагы балапан  салынган тебетейден  көзүн албады. Улам эле тебетейди алып чыгып, балапанды кармалагысы келет, бирок бир жагынан энесинен корксо, экинчи жагынан  “шамалдаса өлөт”дегенин ойлоп, өзүн  карманат.

Ал эрте шашкеде өргөн койлорду кайрып келгенде, энеси сыртта күн чубакта балапанга жем берип отуруптур. Ал каймакка көөлөнгөн талканды буудайдай  сүйрү кылып тоголоктоп, анан сууга малып, балапандын тумшугун ачып, оозуна салат. Мотой анын жанына келип, карап калганда, энеси:

— Өзүңчө жем бербегин. Ченеми менен бербесең аш кыла албай өлүп калат.Анан  кармалай бербе. Аны балапандар көтөрө албайт…

Анан ал уяны тебетейге салып, күнөскө койду.

Үч-төрт күндүн ичинде Мотой да балапанга  жем бергенди, күнөстөткөндү, кечинде тебетейди кантип жылуулаганды  үйрөндү. Бара-бара ага энеси киришпей да калды. Ал Мотойдун балапанга жем берип жатканын бир аз карап турат да, анан жүн тытканга же ийигин ийригенге кирет. Ар үч-төрт күндө балапанды уядан чыгарып, корголдорун тазалап, жаңы жүн салышат. Бир жолу энеси балапандын майланышкан корголдорун көрүп:

-Май талкан бере берип, ич өткөк кылып жибере жаздаппыз. Таруу же буудай болсо жакшы болот эле, жайлоодо аны кайдан табабыз. Шилбинин, чийенин ашынан да берип тур,- деди. 

Балапан тез эле торолду. Адегенде тумшугун зордоп ачып жем беришсе, жума айланбай колдон жем талашканга өттү.

Ончакты күндөн кийин күн ачык убактарда балапанды уясынан чыгарып, үйдүн жанына коё беришчү болду. Ал тирикараак эле, коё беришер замат  жер чокулап, жем издегенге кирет. Үйдү айлана кумурскаларды, чимейилдерди, майда курттарды терип жейт да, жагжагы толгондо андан көз албай отурган Мотойго келип, этегине бөк түшө үргүлөйт. Мотой колуна алса, тырмактарын, тиштерин, мурундарын чокугулайт. Каштары, көздөрү жакка да умтулат, бирок Мотой ал жагына жакындатпайт. Мотой кармап келгенден бери аны бөдөнөгө окшоштуруп “бытпылдык”дей бергендиктен ”Бытпылдык, бытпылдык!”  деп чакырганга  көндү. Андай дабышты укса,  жүгүрүп келет. Ал келген сайын тумшугун ачып,  көөлөнгөн талкандан же чийенин ашынан салат.

  Бир жолу чегирткени кууп баратып, кемегедеги ысык күлгө аралашып кетип, боорундагы акгүп түктөрүнүн жармысын күйгүзүп,  үч-төрт күн чолоңдоп  жүрдү. Балапан  темир канат болгондо чөп чабык башталып, Мотой менен энеси аны кыштоого ала келишкен.  

Алар күнүгө эрте заар сур эшекке бир жагына-жарма, нан, экинчи көзүнө- суу толтурулган канистр, балта,орок, эки кыл аргамжы  салынган куржунду арта салып,  чөп байлаганы жөнөшөт. Эшекти дайыма Мотой минет. Энеси өйдөбү, ылдыйбы жөө басканды жакшы көрөт. Мотой айылдан узагыча дейди ит-мышыктар тиштей качпасын деп, Бытпылдыкты койнунан чыгарбайт. 

Бир аз чоңойгондо Мотойдун койну  балапанга жакпай калды. Ал  ачуулуу чыйпылдай, коюн-колтуктарын чокугулап, улам жака жагына тырмыша,көбүнчө кытыгысын келтирсе, кээде тырмактары чийген жерлери ачышып да кетет. Мотой жонго чыгып, бир таман жолго түшкөндө балапанды коё берет. Үчөөсүн  ээрчиген балапанды тез эле жадатат, ал жолдун эки тарабына чыгып, чөптөрдүн, бириндеген бадалдардын арасынан чегирткелерди кууп, анан адаша түшүп, кайда барарын билбей калганда, жүрөксүгөн дабышта үнү жетишинче чыйпылдайт. Ал корккондо эмнегедир үнү жооноруп, жалооруп, бийиктей түшөт. Мотойдун аны менен ойногусу келсе, бир аз укмаксан болуп турат да, балапан тынбай чыйпылдап ыйлап жиберчүдөй болуп кеткенде гана дабышын чыгарат. Ал шашып-бушуп, мойнуна, буттарына илинген чөп-чарларга чалына,  бир капталдан чыгып келет. Кээде ал көрүнбөй,  дабышы   угулбай калганда, Мотой чакырса, аларга катарлаш эле жеңгел чөптөрдүн арасынан үнү чыгат. Балапан энеси менен эшек үчөөсүнүн бирин көрүп турса, же дабыштарын укса,  коркпойт, чоочулабайт. Алар көрбөй чакырышса; “мен жаныңарда эле жүрбөйүмбү, мага тынчтык бересиңерби  же жокпу” дегендей,  нааразы боло дабышын бийиктете чыйпылдап алат. 

Бир ирет Мотой узун жондун Ортоңку –Ойунда аны биротоло жоготуп жибере жаздады. Калың мартты аралап кеткен балапандын  ыйлаактап, чоочулаган үнү  угулганда,  эми кантип мени таап келер экен тейде унчукпай койду. Балапандын дагы үч-төрт жолу ыйлаактаган  чыйпылдагы угулуп, анан  ал алыстагандай болуп барып, дабышы угулбай  калганда Мотой өзү  шашып, тескейдин четине барып, аны чакырды эле  Бытпылдык ага жооп кылбагандан кийин кара марттарды аралай барып, үнүнүн жетишинче:

-Бытпылды-ык! Бытпы-ылдык!- деп кыйкырганда гана тээ алыстан, балапандын үсүл-кесил чыйпылдагы угулуп, ал тынбай чакыра бергенден кийин, анын үнүн улай жүгүрүп,  акактап чарчаган неме бадалдардын арасынан чыга келди. Мотой балапанды колуна алып, тумшугун жыттагылап жатканда сайдын аркы бетинде атчан, эшекчен бараткандардын жаң-жуң эткен дабыштары угулду.Кара марттардын арасында кай жакка барарын билбей калган балапан, алардын дабыштарын улап, ошол жакка жүгүргөнүн Мотой дароо түшүндү. Ал ошондон кийин энеси айткандай, балапан менен ашыкча ойношконун койду. Чын эле Бытпылдык башка бирөөлөрдүн дабыштарын ээрчий жүгүрүп, биротоло жоголуп кетсе эмне болот? Бадалдардын, токойлордун арасында ит-куштар  да аз эмес.  

                                           Ххх   ххх      ххх

Тескейдин өлөңдүү  кермек, жер буурчак, кашка коңуз, доңуз чөп сыяктуу  морт чөптөрүн чабуу жеңил. Чалгыны шилтегенде   анын мизине илинбей, алкымына ороло түшкөнү деле  ыргымактын сабагындай  үзүлө, солдун жээгине додолоно берет. Чөп канчалык  үйүлгөн сайын, адамдын  ошончолук чалгыны кененирээк шилтегиси келет. Андай аңыздар чабылып, чөбү жыйналганда биротоло топурагы чыгып, жаш кыздар топташ ойногудай болуп калат. Ал эми гүлкайыр, коён томук аралашкан күңгөйдүн  кызыл отун   чапкандан оор иш жок. Алардын сөңгөктөрү  катуу.Таң заарда жаңы чыңалган  чалгы кызыл отту  мизилдете сыдыра алган менен тыбыт чөптөгү шүүдүрүм кургагандан кийин ал  андан да катып, анын үстүнө чалгынын мизи да кайтып, чалгы шилтөө оорлойт. 

Жондун кызыл отун чапканда солдун аягына чыккыча акесинин бели майыша, эки-үч ирет токтой, чекесинен терин шыпырып, чалгысын кайраганын көрүп,  Мотойдун кээде ага боору да ачып кетет. Кырка жондун баары кызыл от. Кээде ал ороктой болгон алтынчы чалгысын алып акесинин аркасынан солго түшөт. Алгач ага чалгы чапкан кургаган чөптөрдү жыйнап, боолаганга караганда  оңойдой көрүнөт, бирок солду ортологондо  эле деми кыстыгып, куюлган терлерин төшү ачык көйнөгүнүн эки этеги менен аарчыганга чамасы келбей, энтиге баштаганда  акеси, аны кайра чөп боолаганга жөнөтөт. Энеси ага унчукпайт, аз-аздан болсо да чалгы шилтегенди үйрөнө берсин дейт.

Тескейдин чөбү таза чабылса, чөңөрлөрү да калбайт. Анча-мынча калгандары жумшак, жылаңайлак бассаң деле оорутпайт. Ал эми күңгөйдүн кызыл отун чапкандан калган чөңөрлөр аярлап баспасаң, кызыл ашыктарыңды сайгылап, кээде кепичтин таманын да тешип кетерин Мотой көп көрдү. Ал дайыма кирзо өтүкчөн жүрөт, кээде таман алды майда отундарды тебелегендей кырсылдап кеткенде, же жалаң кепиччен энеси кызыл ашыгынын бир жерин сыйпалап сүйлөнүп калганда гана чөңөрлөр эсине келет.

Жондун чөңөрлөрү  Бытпылдыктын  азабын берди. Ал  чөптү тестелеп, боолаган энеси экөөсүн ээрчип, ал ортодо чегирткелерди кубалап жүрүп,  боорундагы жүндөрүнүн баарынан айрылды. Балапан чоңураак болсо, сан жүндөрү  чөңөрлөргө шыпырылса да, төшүнө жетмек эмес. Бирок, балапан өтө эле жаш, анын үстүнө  чегирткелер толгон жагжагы жерге тийчүдөй салаңдап  жүргөндүктөн төшүндөгү, канаттарынын түптөрүндөгү жаңы чыгып келаткан жүндөрүнүн баары чөңөрлөрдө калды. 

Мотой дем алганы отурганда Бытпылдыкты колуна алып, анын таза кырылган баштай жылтырап, ичке кызгылт каралжын тамырлары көрүнүп турган  төшүн карап,кокус кыя чабылып, учу найзадай болуп каткан чоңураак  чөңөр тийип кетсе, жагжагы жарылып кетеби деп  коркуп да   жүрдү. Балапан бөдөнөдөй болгон менен жармысы жагжак эле. Ал чегирткеден көп жегенде жагжагы жер чийип, жүгүрө да албай калат. Анын бир жоругун эстесе, дайыма күлкүсү  келет.

Ал чөп тестелеп жүрүп, бир маалда балапанды таппай калды. Ага чейин ал кээде ары-бери жүгүрсө, кээде тестелердин биринин түбүнө көлөкөлөй, анан Мотой узаганда артынан ээрчий чыйпылдап, алардан калбай  жүргөн. Ал көрүнбөгөндө Мотой эки-үч жолу чакырды. Жооп болбогондон кийин тестелердин бирине басылып  калдыбы, же бир нерсе илип кеттиби деп тынчы кете  түштү. Жакындан ит-куш деле өткөндөй болгон  эмес…

Дагы эки-үч жолу чакырганга балапан  жооп кылбаганда чөптү да, энесин да унутуп, тынбай чакыра, ары-бери чуркаган Мотой Бытпылдыкты тебелеп ала жаздаган. Балапан акыркы боо байланган жерден арыдагы бир таман чаңдуу жолдо жатыптыр.  Мотой энеси кыйыктанып, сүйлөнгөнүнө карабай аны чакырып көрсөткөндө, чарчаганына карабай Мотойго кошулуп ал да күлгөн.    

Бытпылдык чоң адамдын колунун  ортонокойундай канаттуу көк чегирткени артынан тиштегенде, чегиртке  жан аргада  арбайган  буттары менен жолдун аркы бетиндеги чөптөрдү чеңгелдептир. Ага алы жетпей сүйрөлгөн балапан жолдун берки бетиндеги жеңгелге бекем жабышып,чегиртке ары тартса, ал бери тартып, жамгырларда сарыккан суулар ага берип,  таманы чукурайган  бир таман жолдо  экөөсү кир жайган жиптей  керилип турушуптур.

  Тиштегенин коё берсе, чегиртке ары секирип, өзү чаңга оонап туруп кетмек. Бирок, балапан чегирткени оозунан чыгаргандан көрө, антип  асылып турганды артык көрсө керек.Мотой ошондон бери Бытпылдыктын ал жоругун айылдагыларга айтып түгөтө албайт. 

Дагы бир жолу энеси экөөсү алмуруттун көлөкөсүнө дем алганы отурушканда, демейде дароо жүгүрүп келип, пиаладагы суудан ичип, дүмүрдүн түбүнө чаңдачу  балапан чакырганга да келбей, чөп аңыздын ортосунда  чыйпылдап туруп алды. Ал алмурут жакка басат да, бир нерседен корккондой  чыйпылдап  кайра артка качат. Ары көздөй  барып, жанагыдан да катуурак безелене кайра бери жүгүрөт. Бери келип, кайра артына кайтып, ары-бери тегеренет. Добушу жалооруй чыкканына караганда ал бир нерседен корккондой. Мотой туруп барып караса, ал  эшек аркандалган аргамжыдан өтө албай жатыптыр. Аттын куйрук-жалы аралаштырылып өрүлгөн кыл аркан ага кара чаар жыландай көрүнүп, жакындаса эле жутуп жиберчидей сезилсе  керек. Ага чейин көрбөсө, ал жыландын коркунучтуу экенин кайдан билет, ага Мотойдун акылы жеткен эмес.

Тесте жыйнагандан  тажаган Мотой жамгыр жаашын тилейт.Күн жааганда чабылган чөптөр кургагыча  жонго чыгышпайт. Айылда дейди иттер, мышыктар, үндүктөр  көп.Короонун четиндеги корумдардын арасында  сары жыландар, келемиштер да бар. Андай учурларда Мотой балапанды сыртка чыгарбайт.Алардын биринин тумшугуна илинсе, Бытпылдыктан  айрылмак.

Күн жааганда Мотой төркү  бөлмөдө китеп окуу менен убакыт өткөрөт. Жаңы китеп таппаса, кайра мурда окугандарынын биринин башынан түшөт. Ал китеп окумайынча тура албайт. Бирок, бөлмөдө камалып жата берген тез эле балапандын бугун ашырат. Ал адегенде бөлмөнү бир нече жолу кыдырып, жыйылган жүктүн, сандыктардын арттарын да карап  чыгат, анан дөрбөлжүндүн оюуларын, көрпөчөлөрдүн тигиштерин, деги койчу көзүнө эмне көрүнбөсүн баарын  чокулап, айрымдарын чукуп алчудай  тырмактарына илип, тарткылап да  көрөт. Андан жадаганда жарык түшкөн жакка умтулат. Мотой аны терезеге чыгарып койсо, пардаларды, айнектердин четине кагылган майда мыктарды да чокугулап, тарткылайт. Эгерде терезеге камалган чымындар болсо, аларды кубалап, кээде  жерге да  кулайт, Мотой аны кайра чыгарат. Мен булардан жададым дегендей  ачуулуу чыйпылдаганда Мотой аны жерге түшүрүп,  кичинекей топту ары-бери тоголотсо, аны бир топ кубалап эрмектейт.

Мындай оюндарда Мотойду таң калтырганы; ал ичи желим, сырты кийиздей түктүү топту  тоголоткондо балапан аны кууп жетип, чокугулап, тумшугуна илиндире албаган соң жөөлөп ары-бери тоголотуп ойногон менен аны Мотойго алып келгиси келчү эмес. Бирок, нандын жумшагын тоголоктоп кийиздин үстүнө тоголотсо, балапан тиштеп, дайыма Мотойдун алдына алып келип таштайт. Беш-алты жолу алып келгенден кийин балапан андан да жадап,  ачуусу келе, үнүн жоонойто чыйпылдайт. Андай учурда  жаан болбосо, Мотой балапанды сыртка алып чыгып, эшиктин алдына коё берет. Ал тамдын алдындагы даңгырда эле чимейилдерди кубалап жүрө берсе кана. Анда бир бурчка күрсүнү коюп, балапанды көзүнүн кыйыгынан чыгарбай, кечке чейин  китебин окуй  бермек. Аны үч-төрт жолу чоң жол, өзөн жактан кармап келгенден кийин Мотой аны кайра үйгө алып кирет. 

Балапан аны дагы канчага кыйнамак, ал күндөн күнгө тынчы  кетип, кээде учканга да аракет кылып, Мотой аны кууганда канаттарын күүлөй кача баштаган. Бирок, ал акесине зымдан капас жасатып, ага балапанды салгандан  кийин жаткан-турганда Бытпылдыкты басып албайын деп  чоочулагандан, күндүз андан алыстай албай кыйналгандан  кутулду. Ага чейин ал энесинин же Мотойдун жанында эски тебетейде жатчу. Балапанды капаска камайт да жемин чачып, суусун коюп, далиске чыгып китеп окуйт  же балдар менен ойноп кетет. 

Балапандын алгачкы күндөрү ага көнгүсү келбей, ачуулуу чыйпылдап,  зым тордун арасына башын тыга жулкунуп,  нечен ирет  чыкканга аракеттенди. Тордун зымдарына өйкөлө берип,  мойнундагы жүндөрү да күбүлдү. Акыры андан чыгып кете албасына көзү жеткенде,  ага көндү. Капаска киргизишсе, мурдагыдай сыртка  качпай, жемдерди чокугулап, кайра  таштап, өзү менен өзү ойнойт, андан жадаганда канаттарын шалбыратып үргүлөгөнгө кирет.

                                             Ххх           ххх         ххх 

Мотой ойгонгондо күн бешимге жакындап, аба аз да болсо салкындап, кашаттан шамал ура баштаган. Энеси жанында жок эле. Ал дайыма эрте турат да Мотой ойгонгуча чөптөрдү тестелейт. Мотой канистрдеги жармадан крүжкеге куюп  ичти. Алмуруттун түбүндөгү такырда чаңдап жаткан балапан бир нече ирет эстеп, канаттарын кагынып, анан шашпай келип, Мотойдун тизесине ыргып чыгып, оозу, мурду жакка умтулду. Жөн койсо ал Мотойдун оозу-мурдун жалмалап, анан каш-көздөрүнө өтмөк.  Таарынып уктаган  бала турганда мурдагыларын эсинен чыгарып жибергендей эле, Мотойдун ысыкта убара кылганын унуткан  балапандын көңүлү да жайдары, куунак. Ал пиаладагы сууну  ырахаттана ичти; тумшугун сууга тийгизет да башын көтөрө  көпкө чейин көмөкөйүн, тумшугун кыймылдатып турат. Ал ортодо  канаттарын кагынып, таранып, Мотойдун  тырмактарын чокугулап, кайра тумшугун сууга тийгизет. Мотой кайрадан жүн чыгып келаткан төшүн, мойнун акырын тырмаласа, көздөрүн жүлүйтө көөшүп  туруп калат. Ар жерлерин акырын тырмалап, сыйпалаган ага майдай жагат. Анткенде көзүн чала жума, канаттарын жая, мойнун созо тура берет. Мотой улам анын тумшугунан, мойнунан жыттагылап, бошой түшкөн жагжагын, көгүш тарта баштаган канаттарын, батперектин бир жагындай чокчоюп келаткан куйругун сылагылап отургандан жадабайт, бирок антип отура берейин десе тестелерди ким чогултат?

                        Ххх      ххх    ххх    

Окуусун аяктагандан бери  Мунарбек  шаарда. Аны жылдан жылга азайып бараткан классташтарынын айрымдары  эле кээде бала кезиндегидей Мотой деп калышпаса, калгандары Мунарбек  Эркинович же жөн эле Моке деп коюшат. Аны бир убакта эркелетип, Мотой атка кондурушкандар  жарыкчылыктан эбак өтүп кетишкен. Айрымдарынын мүрзөлөрү да билинбей баратат.

Анын   башынан көп нерселер өттү, ага түбөлүктүүдөй көрүнгөн улуу держава  кыйрап, ал чыр-чатактан башы арылбаган, жарыбаган, марыбаган бир сыныгында калды. Андан кийин үч төңкөрүшкө күбө болду, жаш кезиндегилердин көбү унутулду. Ал убактагы эңсеген ой-тилектеринин айрымдарына жетишсе, көбүнө жетпеди, эми жетпейт да окшойт… Өмгөктөгөн жылдар көбөйгөн сайын күч-кубаты, алдыга өзгөчө ишеним, үмүт менен караган деми кайтып баратканын өзү да сезет. Ага ар кандай ооруулар кошулганда,кокту-колотторду, жылга жыбыттарды жыттагылап жойлогон  жөө  тумандардай пессимисттик ойлор да жан дүйнөсүнун ар жагынан жылжып чыга баштайт..

Жылдар арылаган сайын бала чагындагы айрым окуялар, нерселер кудум дүрбүдөн карагандан бетер жакындап, майда бараттарына чейин көз алдына тартылып, кечээги окуялардай улам  эсине көбүрөөк  келе баштаганына ал  өзү да түшүнбөйт. Ал мезгилдеги айылдаштарынын айрымдары элес-булас гана эсинде калды,  бирөөлөр сөз кылганда аларды кайра-кайра такташтырып сурап  жатып араң элестетет. Айылдаштарынан  да  бир убакта багып, өзү  Бытпылдык деп ат койгон   кекиликтин көбүрөөк эсине келе бергени кээде ыңгайсыздандырып да жиберет. Бирок, адам учурундагылар менен эртеңкилерине жарым жартылай кожоюндук кыла алса да, өткөнгө андай укугу, бийлиги жок.  Алар жердин түбүнөн сызылып чыккан башаттан  бетер  өзүнөн өзү  көңүлүндө пайда боло берсе, адамдын  колунан эмне келет?

Бытпылдыкты эстегенде эле ал акгүп балапан кезинен -тырмактары, тумшугу четиндей кызарып, кыздар кынаа койгондон бетер эки көзүнүн үстү коюулана  каралжын  тартса, моюн, төшүндөгү  кызгылтымдары боз чыбырларга айланып канаттарына өтүп, куйрук, башы койкойгон чоң кекилик болгонго чейинкиси көз алдына тартылат. Кекиликтер өздөрүнө гана мүнөздүү  өзгөчөлүктөрү, мүнөздөрү  бар, көркөмдүү гана эмес, сулуу   паренделерден. Ал эми Бытпылдык чындыгында адам карап эле отура бергидей келишимдүү  паренде эле. Ал жарашыктуу кызыл тумшугу менен канаттарынын түптөрүнө чейин таранып, кагынып, сыланып, анан  майлагандай жылтылдаган кызгылт, көгүш, чыбыр жүндөрүн күнгө чагылыштыра туурдагы куштай созулуп отуруп калганда,  Мотойдун карап эле отура бергиси  келчү. Кынага боёгондой кыпкызыл  тумшугу, буттары, кермекаш көздөрү ага өзгөчө көрк берип турчу.Канаттарынын бир жерин уйпалап, андай сулуулукту бузуп  албайын деген ойдо, Мотой кээде кармагандан тартынчу. 

Ошол жылы күздө  интернатка кеткен Мотой биринчи каникулда үйүнө  келгенде Бытпылдыктын  күндүз  көбүнчө короонун тескейинде жүрсө, түнкүсүн жыйылган жүктүн үстүнө түнөрүн көргөн. Ал эсинен чыгарып жибергенби, же салабаттуу парендеге адамдын колунан үмтөткөн уят нерседей сезилдиби, айтор, Мотой бир нече жолу чакырганда араң келген менен, алаканындагы  жүгөрүнү караган да эмес. Ал экинчи каникулга келгенде Бытпылдыкты таппай калып, өңгүрөп ыйлаган. Ал алгачкы  кардын алдындагы бир кечте жоголуп кетиптир. Эртеси үйдөгүлөр тескейди түрө издешкен менен, өзүн же изин табышпайт. Мунарбек  ошол күндү эстегенде азыр  деле маанайы чөгө түшөт. 

Бардык эле адамдардай Мунарбектин оюнда да балалык кыялдар, энсөөлөр бар. Алардын бири – ал көптөн бери эңсеп жүргөндөй, кийинки жайда өзү чоңойгон  жайлоого баруу. Өздөрүнүн журтун, Шоной экөөсү ойногон үйдөй кара корумдарды, уй кымыздыктуу, ак соктолуу, шашырлуу күңгөйлөрдү, алагүү-бактектер, ар түрдүү чымчыктар  бапырап жүрчү шилбилүү, катын жаңгактуу    жылгаларды аралап, анан ийри жолдордун биринде  Жантыкка же Чоң-Корумдуга чыгып баратканда бала кезиндегидей, кекиликтин   балапанын кармап алса, кандай сонун болмок! Анда ал тээ өспүрүм кезиндегиден да көбүрөөк сүйүнмөк.

Жарым кылымдан мурда Бытпылдыкты  кантип бакканы күнү бүгүнкүдөй жадында, аны Бытпылдыктай кылып аспеттеп  чоңойторуна эртең кайрадан  таң атарына ишенгендей эле бекем ишенет. Бир жолу  бозого кызып, ак көңүлү кармаганда  ал жөнүндө үйдөгүлөрүнө айтса, баласы менен келини кабак алдыларынан бири-бирин жымыя сырдуу тиктешип алганын көрүп, экинчи ал оюн үйүндөгүлөргө айтпай  калды. Бирок, жакшы көргөн небереси ошондон бери качан кекиликтин балапанын кармап келесиң деп кыйнап жүрөт…

 

                                                  Папан Дүйшөнбаев, Эл аралык Айтматов сыйлыгынын ээси

Бөлүшүү

Комментарийлер