«ЧЫҢГЫЗ АТАСЫН ЧЫН ЖҮРӨКТӨН ИЗДЕДИ»

  • 18.04.2023
  • 0

Роза АЙТМАТОВА, Аялдар кыймылынын көрүнүктүү өкүлү

"ЧЫҢГЫЗ АТАСЫН ЧЫН ЖҮРӨКТӨН ИЗДЕДИ"

Роза Төрөкуловна бүгүн да билгенин жаштар менен бөлүшүп келет. “Депутаттык бош орунга ат салышып жаткан кыз-келиндер менен онлайн пикир алышам. Ошондон кийин Чыңгыз агамдын эстелигинин жанынан жолугалы” деди. Айтканындай эле, кечки саат беште телефон чалды. Анан жолугуп, маектештик.

 

— Роза Төрөкуловна, Чыңгыздын келечегине байланыштуу бир окуяны уктум эле. Жалгыз уюн уурдап кеткенде, мылтык алып, ууруларды атам деп жолго чыкканы чынбы?

— Чын. (Күлүп) Эми ал мындай болду да. Согуш жылдары биз Жийде деген айылда жашадык. Чыңгыз Шекерде Каракыз апанын колунда селсоветтин секретары, финагент болуп иштеп жүрдү. Айтматтын улуу агасы Биримкул деген болгон. Биз Москвадан Шекерге көчүп келгенде, Биримкулдун баласы Алымкул бизди өз үйүнө киргизет. Өзүнүн үй-бүлөсүн боз үйгө чыгарат. ​ А кездеги үйлөр эмне бир эле бөлмөлүү да. Төрт бала менен баары батпайт. Атамдын Айымкүл деген эжеси болгон. Ошол Айымкүл апанын күйөөсү Момунбек жезде «Балдарга сүт керек, саап ичкиле!» деп саан уйдун торпогун апама алып келип берет.

— Бул ошол Төрөкул ата камалгандан кийинби?

— Ооба, ошондон кийин. Ошентип жашап жатканда эл душманынын үй-бүлөсүн багып жатат деп Алымкул атанын үстүнөн арыз түшөт. Анан аны камашат. Ал ошону менен келбей калды. Дагы эки иниси бар эле. Бирөөсүнүн аты Өзүбек болчу. Ал тууганы да камалып, келбей калат. Төрөкулдун эң кичүү Рыскулбек деген иниси болгон. Ал да сүргүнгө айдалып, дайынсыз болуп кетет. Биз Жийдеде жашайбыз. Апамдын эжеси бар эле, апам жумушка кеткенде бизди карачу. Биз болсо кичинекейбиз. Чыңгыз бир айда бир келип, бизди көрүп кетет. Анын бир жакшы жери сельсоветте иштегени үчүн Чыңгызга 30 сотых жер берет.

— Жаштайынан эле үй-бүлө баккан турбайбы?

— Ошентти. Ошол жерге жүгөрү айдайт. Ошол жүгөрүнү алып келип берет, ошентип бакты да бизди. Чыңгыз бир күнү үйгө келет. Жездебиз берген уйдун торпогу кунажын болуп калган кез. Чыңгыз келип кунажын кантип атат дейт. «Мына жакында тууйт, буюрса сүт, каймак болуп балдар жыргап калат» дейт апам. Өзү жалгыз уйубуз болсо, аны байлаганга орун жок, камаганга сарай жок. Уйду сыртка да байлай албайсың, уурулар көп ал кезде. Анан апам башкарма менен сүйлөшөт, «Колхоздун фермасына байлай турайын, ошол жерде саанчылар бар да, ошолор саап берип турсун, мен эмгек акымдан төлөп берем» дейт. Себеби апамдын колу ревматизм менен ооручу. Ошентип биздин кунажын колхоздун фермасына байлана баштайт. Ал жерде кароолчу бар. Анан бир күнү Чыңгыз келип, уйду көрүп келейин деп фермага барат. Барса уй ордунда жок. Кароолчудан сурайт каякта деп. Ал болсо, «Билбейм, ушул жакта эле турган, мүмкүн бошонуп кеткендир» деп жооп берет. Анан болгон жерди кыдырып издейт. Азыр менин эсимде, ошол кезде Таластын жээгинде окоп казылып калган. Согуш ушул жерге чейин жетип калса деп даярдык катары казып коюшкан. Ошол окопторду карайт, уй түшүп кеткен жокпу деп, ал жакта да жок, эч жерде жок. Анан бирөө уурдаган ​ турбайбы деп, Темирбек деген тракторист кошунабызга барат. Барып «Мылтыгынызды берип туруңуз» дейт. Ал киши ооруп жаткан болот, «Макул, ал» дейт. «Эгер оорубасам, ал ууруларды өзүм барып атып өлтүрөт элем» дейт. Ошентип мылтыкты алып, жөө издеп жөнөйт. «Көрсөм эле токтоосуз атам деп баратам» дейт Чыңгыз. Анан Жамбыл жакка кеткен жолдон эшекчен аксакал жолугуп калат. «Ай балам, эмне болду сага, бирөөнү өлтүргөнү баратасыңбы?» деп сурайт аксакал. Чыңгыз «Ооба!» дейт. Эмне болду десе, анан айтып берет, ушундай үйдө төрт бала бар, жалгыз уюбузду уурдап кетишти деп. Анан ал киши «Кой балам, уй үчүн адам өлтүрбө, мындай ойдон алыс бол! Сен бактылуу болосуң, сенин жүз уюң болот, келечегиң жакшы болот, сен азыр үйүңө кайт! Апаңа айт!» деп бастырып кетет. «Бир убакта жүрөгүм лакылдап, бакырып-өкүрүп ыйладым. Ыйлап, анан басылып калдым. Анан үйгө кайттым» дейт агам.

— Ыйлап ички бугун чыгарган турбайбы. Ошол киши Кыдыр ата эмеспи?

— Ошондой​ дешет.​ ​ Шаханов экөө сүйлөшүп жатканда, Шаханов сурайт эмеспи “Анан жүз уюңуз болдубу?” деп. (Күлүп) Чыңгыз “Ошол жүз уй ​ менин чыгармаларым болушу керек” деп жооп берген.

— Рахмат сизге. Сонун баяндап бердиңиз.
Сизди эл көрүнүктүү төрөкултаанучу катары билет. Атаңыз тууралуу китебиңизге токтолсок.

— Биринчи чыгарылышын архивдик материалдарга таянып кайрадан иштеп чыктым. Китептин кыргызчасы “Атам жөнүндө эскерүү“ болсо, орусчасы “Мой отец как государственный деятель” деп аталат. Мен эми ойлоп жатам, быйыл Төрөкулдун 120 жылдыгы, Чыңгыздын 95 жылдыгы болот. Муну өткөрө турган болсо, анда экөөнүкүн бирге өткөрүш керек. Жана мен айтып бербедимби, атамдын жардамы менен бурч түзгөнбүз деп. Атам Чыңгызга көп көңүл бурган экен. Агамдын айткан жерлери бар. “Москвада биринчи-экинчи класстагы окуума атам жардам берчү эле. Күнүгө сурачу эле. Эмнени окудуңар, эмнени үйрөндүңөр деп». Ошентип атам баласынын келечегине негиз салып коюптур. Бул бир жагы. Кийин атасын сагынып, куса болуп, анан ошону “Эрте жаздагы турналарда”,, Саманчынын жолунда” өзүнүн кусалыгын көрсөттү болушу керек. “Саманчынын жолунда” “Ата, мен сенин көмүлгөн жериңди да билбейм. Эстелик орното албайм. Ушул чыгармамды сага арнайм” деп жатпайбы! Элдин арасында тигиндей-мындай дегенине болбой, атасын сагынып, куса болуп жатпайбы! Бул ата-баланын тагдыры, өз ара мамилеси деп ойлойм. 37-жылы репрессия болгондордун кээ биринин балдары комсомолдук жыйналышта элдин алдына чыгып: “Мен ушундай чыккынчы атамдан баш тартам!” деп айтышкан да. Атасынын көмүлгөн жерин таппай, анан 1971-жылы апам кайтыш болгондо, Чыңгыз анын мүрзөсүнө экөөнүн сүрөтүн коюп, гранит ташына “Атабыздын көмүлгөн жери белгисиз болгондуктан, апамдын эстелигине кошуп жаздык” деп жаздырат. Атабыз 34 жашында камалып, 35 жашында атылып жатат. Чыңгыз атасын чын жүрөктөн издеди. Эстеликти ачып жатканда биз да биринчи жолу көрдүк. Бизге айткан жок. Өзү жасады баарын. Ошондо айтты, «Экөөнө койдук» деп. Баарыбыз ыйладык…

— Кийин сөөгү Ата-Бейитке коюлду да…

— Ал мындай болду. 91-жылы гезиттерге чыгып калды. «Шаарга жакын жерден казуулар болуп жатат. Массалык көмүлгөн адамдардын сөөгү табылды» деп. Мен ошондо Францияга жумуштап барып калдым. Анан кайра келе жатып, Люксембургга кайрылдым. Анда Чыңгыз ошол жерде элчи болуп иштеп жаткан. Агама айтсам, «Уктум» деди. Көрсө Илгиз агам телефон чалган экен. Эми анда билбейбиз да кимдин сөөгү экенин. Ал айтты. «Эми муну кантип аныктайбыз? Балким 16-чы жылдагы адамдардыкыбы, мүмкүн ачарчылыктан өлгөндөрдүн сөөгүбү, инфекция болуп көп кишини бир жерге көмүп коюшкандыр, билбейбиз да?» деди. Ошону менен унчукпай калдым. Бул жакка келсем, айтышты «Төрөкулдун өкүм кагазы табылды» деп. Агам менен телефондон сүйлөштүк. Ал келем деп жаткан. Анан эле ГКЧП болуп калды. Москвадан телефон чалып, эч жакка кетпей туруңуз дешет. Ошентип Чыңгыз келалбай калды. Бизде дагы Акаевдер Москвага барышмак, үч жолу которушту. Үчүнчү жолу 30-августка которушту. 30-августта сөөктөр кайра көмүлдү. Ага карата Чыңгыз келип калды. Анан 31-августта Кыргызстан өз эгемендүүлүгүн жарыялады. Мына ошол эгемендүүлүктү негизин түзүп берген кишилердин кайра көмүү зыйнаты 30-августта болуп жатпайбы. Чыңгыз укту. Келди. Келгенде баарыбыз тосуп алдык. Мен абдан кыйналдым. Мен өмүрүмдө эскерүү темасында бир макала жазган эмесмин. Физикадан илимий макалаларды жазчумун. Эч кандай оюмда жок болчу. Жанагыдай иш болгондон кийин, кагазы табылды дегенден кийин, мен үчүн ушундай кабар болду. Күн-түн башканы ойлоно албай калдым. Анан Керез жеңе телефон чалды, «Алтымышка чыгып жатам, той берип жатам келгиле» деди. «Баралбайм» дедим. «Эмнеге?» дейт. «Атама аза күтүп жатам» дедим. «53 жыл мурун өлгөн атаңа эми траур болуп жатасыңбы?» деди. “Мен үчүн бүгүн өлгөндөй болуп жатат» дедим. Таарынды мага. Бир жумадан кийин бардым жеңеме. Ошондо Чыңгыз чет өлкөдөн келип, КГБга барган окшойт. Анда Асанкулов жетекчи болчу. Анан ал киши баарын түшүндүрүп айтса керек. Мен өзүм жакшы билбейм. Менин жээним Асан «Документтерди Москвадан алып келген» деп айтат. Ал КГБда иштеген. Бул жерди ачканда маселе турат да, казалыбы, казбайлыбы, элге жарыялайлыбы, же кайра көмүп коёлубу деп. Коллективде иштегендердин жарымы, негизинен орустар өткөн ишти казбай эле коёлу деп каршы болушат. Асанкулов ачалы, эл билсин дейт. Бул жерде Асанкулов чоң эрдик жасады. Эч бир республикада мындай ачылыш болгон жок. Кийин кайра көмүү болгондо, ал кишини киргизбей коюшат. Ал киши чет жакта турган экен күйүп-бышып. “Бизден мурунку чекисттердин күнөөсүн мойнубузга биз алалы!’ дегени үчүн жумуштан алып коюшат.

— Сиз да КГБда болдуңузбу?

— Мен Люксембургда болдум дебедимби, ага чейин балдарынын баарын чакырып айтышкан экен. Чыңгыз телефон чалган го, ушинтип карындашым кейип жатат деп. Чакыртыптыр. Бардым. КГБга биринчи жолу кирип жатам. Ой бой кире беришиндеги Джержинскийдин эки метр эстелигинин алдында жапжаңы үзүлгөн гвоздикалар жатат… Ошону көрүп, экинчи кабатка чыктымбы, иши кылып, абдан эсим ооп кирип бардым. Жардамчысын чакырды. Ал келди. Атамдын тергөө ишин алдырды. Ошондо Асанкуловго абдан ыраазы болдум. Баарын көрсөттү, айтты. Атамдын военный билети бар экен тергөө ишинде. Ошол военный билетти кармаласам, “Алыңыз, атаңыздан эстелик болсун!» деди. Алдым аны. (Айтып жатып ыйлап ийди) Көзүмөн жаш куюлуп эчтеке көрүнбөй калды. «Чоң-Ташка алып барып келейин» деди. Анда табылган сөөктөр кайра көмүлө элек. Барсак, чуңкурдун түбүндө омуртка, кабыргалар жатат. Аны көрүп аябай жаман болдум. Андан кийин алып коюшту окшойт. Ошонун сүрөттөрү да бар. Кааласаң берейин. Эч жерге чыга элек. Анан Асанкулов өзү куран окуду.

—Кээ бир адамдар саясий туткундарды Чоң-Ташка кара машинелерге жүктөп барып , анан ошол жерден башка атып өлтүргөн дешет.

— Андай эмес. Азыркы кардиология институтунун ордунда түрмө болгон. 5-ноябрда башташкан. Тезирээк атыш керек да. Жетиси майрам да. Ошого чейин атып бүтүшү керек да. 7-ноябрда Лоцманов трибунага чыгып өтүп бараткан элге эч нерсе болбогонсуп, колун булгалап турат.

— Кандай эки жүздүүлүк!

— Болгондо да кандай дейсиң! 10да баарын Чоң-Ташка алып барып көмүшөт. Жергиликтүү эл тизип койгон тезегине бекинип, бул эмне болуп жатат деп карап турушкан.

— Ошолордун баары айтып чыккан жок да. Коркушту. Бул жагынан Бүбүйра апага баа берсек болчудай.

— Туура айтасың. Ал кишиге анан Абдрахманов Болотко баатырдыкты берсе болот деп ойлойм.

Маектешкен: Алимжан АЛИБЕКОВ, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты (2017)

Бөлүшүү

Комментарийлер