ТЕЛЕГРАММДАГЫ ИНЦИДЕНТ, ЧЫНДЫК ИЗДЕГЕН ОКУУЧУ

  • 04.03.2021
  • 0

Жер-жерлерде республикалык олимпиаданын II баскычы болуп өттү. Бирок тарых сабагы боюнча берилген тапшырмалар Телеграмм тармагына белгисиз бирөө аркылуу жайгаштырылып, тарап кеткен. Ошондуктан  тарых сынагы жокко чыгарылып, кайрадан тапшырмалар даярдалып жатат. Ошол эле кезде Базар-Коргон районундагы бир мектепте олимпиада жыйынтыгына окуучу Тимурлан Мелисбековдун нааразы болгону Фейсбукта талкуу жаратты.

ТЕЛЕГРАММДАГЫ ИНЦИДЕНТ, ЧЫНДЫК ИЗДЕГЕН ОКУУЧУ

Телеграммдан тараган тапшырма

24-февралда жер-жерлерде мектеп окуучуларынын олимпиадасынын 2-баскычы болуп өттү. Быйылкы жылкы сынакта тарых сабагы боюнча тапшырмалар Телеграмм тармагына республика боюнча тарап кеткендигине байланыштуу токтотулду.

  • 24-февралда олимпиаданын 2-баскычы башталган. 25-февралда тарых боюнча тапшырмалар региондорго саат 14.00 бармак. Бирок саат 11.00до Телеграммга жүктөлүп калганы боюнча маалымат келди. Олимпиаданын экинчи күнүндө дагы  тапшырмалар Телеграммга жүктөлгөн. Тапшырмаларды Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору даярдайт, бирок алардын ачкычы менен ачылбаптыр. Демек кайсы бир мугалим даярдап, жүктөп койгон окшойт. Азыркы учурда тапшырмалар кайра даярдалып жатат, — деди Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектептен тышкаркы башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жетекчиси Инна Валькованын айтымында, 24-25-февралда эртең мененки саат 7.00до баардык региондорго тапшырмалар жөнөтүлгөн.

  • Эртең менен эрте салганыбыздын себеби, ар бир катышуучуга тапшырмалардын бирден экземпляры тапшырылышы керек. Тапшырманын ачкычын саат 14.00 салмакпыз. Бирок Нарын облустук усулдук билим берүү борборунан телефон чалып, Телеграмм тармагындагы тарых тайпасына тапшырмалар Ноокен районунан таратылганын билдиришкен. Алардын айтуусу боюнча, эртең мененки саат 8.00 тапшырмалар жүктөлгөн. Ошондуктан биз Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганыбызда тарых сабагы боюнча олимпиаданы токтотуу чечими чыккан. Менимче, азыр министрлик кайсы мугалим таратканы боюнча изилдөө жүргүзүп жатат, — дейт Инна Валькова.

Чындык издеген окуучу

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев райондук олимпиаданы ачып жатып, окуучулардын алдында олимпиада так, чыныгы, адилеттүү өтөөрүн баса белгилеген. Бирок ага карабай олимпиаданын жыйынтыгы бурмаланып, окуучунун чыныгы билими бааланган эмес экенин орус тили сабагынан олимпиаданын катышуучусу Тимурлан Мелисбеков  Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан.

  • 24-февраль күнкү жыйынтык боюнча бир окуучу 33 упай алган. Ал эми 25-февралдагы жыйынтыкта 14 упай алган. Бирок 1-күндүн жыйынтыгын экинчи күнү жазганда окуучуга 0.9 упай кайдан кошулган? 26 упай алган окуучуга 26.5 упай жазылган. Ал окуучу 3-орунду алган. Демек, ал окуучуга 0.5 упай кошулган. Упайы жетпеген үчүн кошулганбы? Эмне үчүн башка окуучуларга упай кошулбайт? – деп жазган окуучу.

Ушул суроо Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариевге берилди.

  • Министрлик тарабынан келген тапшырмаларды өзүм чыгартып, көз алдымда таркатып бердим. Окуучуларга эч кандай жооптор берилиши мүмкүн эмес. Кошулуп калган упай боюнча териштирип, мүчүлүштүк кетирген комиссия мүчөлөрү керт башы менен жооп берип, жоопко тартылат, — деген С.Сариев.

Ошол эле кезде Тимурлан Мелисбеков Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуевге, райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариевге кайрылган.

«Сиздер адилеттүү өткөрөбүз деген олимпиада адилеттүү өткөн жок. Жыйынтыктар белгисиз себептер менен ар түрдүү. Ал эми жарым жартылай жазылган иш менен толук жазылган иштин бирдей упай алуусун кантип түшүнсөк болот?  Мен олимпиадага 8-классыман бери даярданып келем. Былтыркы жылы эки упай жетпей калган. Быйыл жыл бою даярдандым. Мен максатыма жетемин дедим. Бирок комиссиянын мындай кадамы, менин оюмду түп тамыры менен өзгөрттү. Билим берүүдө коррупция бар десе ишенчү эмесмин. Коррупциябы же таанышпы, айтор, менин билимим бааланган жок. Жок дегенде 3-орун болом дегем. Бирок асмандан, жерден алынган ашыкча упай кошуулар дал ушул кайрылууну жазуума түрткү берди», — дейт кайрылуусунда Т.  Мелисбеков.

1-март күнү райондук билим берүү бөлүмү кетирилген кемчиликтерди териштирип чыккан. Олимпиаданын төрагасы Мурат Буркановдун айтуусунда, биринчи күнкү жыйынтык чыгарууда жаңылыштык кеткенин байкап, упайлар кошулуп эсептелгенин мойнуна алган. Ошентип кемчилик кетирген комиссия мүчөлөрүнө райондук билим берүү башчысы эскертүү берди.

Жакшы демилге

Ал эми Ак-Талаа районунда 400гө жакын окуучу 2-турга катышты. Жобого ылайык байкоочулар курамы түзүлгөн. Айылдын тургуну, мектепти салып берген  жеке ишкер Мурадил Сыдыков олимпиадада алдыңкы орунга чыккан окуучулардын республикага бара турган жол киресин ж.б.у.с. чыгымдарын чечип бермей болду.

  • Облустук, республикалык олимпиадада алдыңкы орунга сыккан окуучуларга ноутбук, ал эми мыкты окуучуларды даярдаган мектепке жеңил автоунааны жеке ишкер Мурадил Сыдыков тарабынан жыл аягында  сыйлыкка берилмей болду, — дейт райондук администрациясынын  акими  С.Д.Кулубаев.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер