ЧОЛПОНБЕК БАЗАРБАЕВ – БАЛЕТ ӨНӨРҮНҮН АК ЖЫЛДЫЗЫ

  • 05.02.2021
  • 0

Улуттук маданияттын кайра жаралуусу

Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин түптөлө баштаган кыргыз мамлекетинде СССРдин курамына кирген ар бир улуттун өзүн өзү таанып, мурдатан келе жаткан каада-салт, маданият, тарых, адабиятын окуп үйрөнүп, дүйнөлүк искусствонун айрым жанрларын өздөштүрүп, аны өз маданияты менен катары элге жайылтуусуна кам көрүлгөн. Мисалы, биздин жергебизге атайын адистер чакырылып, Манас эпосу баш болгон эпосторубузду, кенже дастандарыбызды, күүлөрдү, элдик ырларды жазып, топтоо үчүн көп эмгек кылышкан. Аларга элдик чыгармаларды жыйноо, классификациялоо менен бирге дүйнөлүк мааниге ээ болгон айрым көркөм өнөр жанрларын да акырындык менен эл арасында жайылтууну жолго салуу милдети коюлган эле. Атап айтсак, кыргыз элинин жашоо-турмушунда белгисиз болуп келген хор ырдоо өнөрү, опера, балет жанрлары, кино искусствосу, эл аспаптар оркестри алгачкы кадамдары Кыргыз ВКП тарабынан чакыртылып, Москвадан келген кесипкөй адистердин жардамы менен ишке ашырылган. Ал адистердин катарында музыканттар жана музыка изилдөөчүлөр: А.Затаевич, В.Виноградов, В.Власов, В.Ферелер менен катар кыргыз балетинин түптөлүшүнө эбегейсиз салым кошкон Н.С.Холфин да бар эле.

ЧОЛПОНБЕК БАЗАРБАЕВ – БАЛЕТ ӨНӨРҮНҮН АК ЖЫЛДЫЗЫ

Бий өнөрүнүн туу чокусу

Балет (фр. тилинде balet, итал. baleto, лат. balio – бийлейм) – окуянын мазмунун музыкалык бий образдары аркылуу туюнта турган сахна өнөрүнүн бир түрү. “Балет” термини негизинен 16-19-кылымдарда жаралып, адегенде европалык балетке карата айтылып, 20-кылымда Чыгыш бий оюндарын туюнтуу үчүн да айтыла баштаган.

Кыргызстанда бий өнөрү классикалык бийдин системасын өздөштүрүү, эл турмушунда анын үрп-адатында бий өнөрүнүн элементтерин айкалыштырып үйрөнүүнүн негизинде келип чыккан. Кыргыздын тунгуч балет бийлери 1937-жылы “Алтын кыз” музыкалык драмасында, жана “Айчүрөк” операсында (1939, балетмейстер С.Холфин) көрсөтүлгөн. Ал эми “Анар” балети (1940) кыргыздын улуттук балет өнөрүнүн алгачкы саамалыгы болгон. Кыргыз балетинин жаралышы Н.Холфиндин ысымы менен байланыштуу. М.Раухвергердин “Чолпон” балети (балетмейстерлер: Л.Крамаревский 1944; Н.Түгөлов 1958) зор чыгармачылык жеңиш катары Советтер Союзуна гана эмес, чет мамлекеттерге чейин таанылган. Кыргыз опера жана балет театрынын сахнасында орус, европалык жана советтик классикалык балеттер да көп коюлган. Ленинграддагы А.Ваганова атындагы хореографиялык окуу жайынан: Ж.Арзыгулова, Б.Бейшеналиева, У.Сарбагышов, Ч.Жаманова, Р.Чокоева, Б.Алимбаев ж.б. окуп, өнөр, билим үйрөнүшүп, кыргыз балетинин өркүндөп-өсүшүнө зор салым кошушкан.

Биз аралашып, биз күбө болуп келген мындан 30-40 жыл мурдагы эле жашоо-турмушубуз тарыхка айланып, айрым жаштарыбыз элестете албай калган өзгөрүүгө туш болуп отурабыз. Ошондуктан учурда ошол алыста калган “алтын доордун” айрым жетишкендиктери, ал бийиктикке жетүүгө салым кошкон инсандарыбыз тууралуу айта жүрүү, ал замандын күбөлөрү болгон биздин атуулдук парзыбыз деп эсептейбиз. Эмесе бүгүн биз сиздерге кыргыз элинин көркөм өнөр дүйнөсүнө совет бийлиги менен кошо аралашып, кыска мөөнөттө зор ийгиликтерге жеткен балет жанрында талыкпаган тарбия-таалим, тынымсыз эмгектин натыйжасында жарык жылдызга айланган Чолпонбек Базарбаев тууралуу кыскача эскерүүнү тартуулайлы.

Чолпонбек Базарбаевдин чыгармачылык жолу тууралуу белгилүү журналист, жазуучу Ж. Көчөрбаеванын “Тунугу өчпөйт жылдыздын” (2006) даректүү баяны, замандаштарынын эскерүүлөрүнөн турган “Чолпонбек Базарбаев” деген атайын жыйнакты искусство таануу илимдеринин доктору, КР эл артисти, профессор Р.Уразгильдеев 2012-жылы жарыкка чыгарып, ал өз окурмандарын тапкан.

Чолпонбек Базарбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу жыл сайын өзү эмгектенип, чыгармачылык жылдызы жанган А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында эскерүү кечелери өткөрүлүп, мезгил өткөн сайын анын талантына таазим эткендер арбып келет. Союз учурунда ал кездеги боордош мамлекеттеринен чыккан өнөр чеберлеринин ичинен атына заты төп келген өң-келбети, жогорку кесипкөйлүк дареметине адамдык сапаттары шайкеш келген элибиздин сыймыктуу уулу тууралуу мындан ары да айтыла турган сөздөр көп.

“САКМАНЧЫ” достордун кебинен

Чолпонбек байке менин байкем Автандил менен жакын жолдоштордон болуп, ошол аяш-достордун баш тамгаларынан коюлган “САКМАНЧЫ” аббревиатурасы менен аталган шеринелеш тобу бар болчу.

Анын чечмелениши:
Сайынбек, Асылбек, Камила, Майрам, Автандил, Надя, Чолпонбек деген аттар. Ал эми “ы” тамгасы “ынтымагы” деген мааниде кошулган.

Ал кезде Союздун шапар тепмей учуру. Алар тез-тез бири бириникине чогулуп, даталуу күндөрдө майрамдашып, өздөрүнүн туулган күнүбү, балдарыныкы болобу, Кудайдын куттуу күнү баары конокто жүрүшөр эле. Мен дагы байкемдикинде жатып окуп жүрүп, алардын колдоруна суу куюп, баталарын алып калдым. Бирок бул жерде менин айтайын дегеним Союз тарап, эл кыйналып турган бир күндөрдөгү ошондой бир отурушта коомдогу экономикалык, рухий жакырдануу тууралуу талкуулап отуруп, Чолпонбек байкенин уулуна айтып жатканы эсимден кетпей калыптыр:

– Балам, — деди ал, столдун аяк ченинде отурган уулуна колун жаңсай, – мен сага айрымдардай болуп, асман тиреген хан сарай калтыра албайм. Сен үчүн андай байлык калтырчу жолго түшө да албайм. Болгону, уулум, угуп кой. Эгер кийин соңу Кыргызстанды кыдырып калып, мен Чолпонбек Базарбаевдин баласымын десең, менин ысымым сени эшикте калтырбайт жана ачка да жаткырбайт. Мен сага элимдин мага болгон урмат-сыйын калтырып кетем. Сенин да уул-кызыңа ушундай таберик таштап кетүүңдү суранам, — деди.

Ал кез 1990-жылдардын башы болуп чындыгында Союз тараган менен элдин руханий көрөңгөсү али чайпалып, бөксөрө элек кези эле. Эл арасында илим-билимге, маданиятка, анын өкүлдөрүнө болгон урмат-сыйы али күчүндө сакталып турган. Мына ошондой көз караш менен Чолпонбек байке уулуна жогорудагы сөзүн айткан. Ал эми андан бери отуз жылга жетпеген мезгил аралыгында элибизде ошол көз караш, ошол урмат-сый калды бекен? Азыркы учурда Чолпонбек байкенин баласы ошентип Кыргызстанды кыдырса, ал кишини тааныгандар арасында: – “Оо, Чолпонбек Базарбаевдин баласы турбайсыңбы, кел боорум, заманыбыздын сыймыгы, залкардын уулу турбайсыңбы, менин сыйлуу мейманым бол! дечүлөр табылабы?”, — деген суроо мени учурда түйшөлтө баштады.

Айтайын дегеним, билим берүү, маданият тармагына жасалып жаткан азыркы мамилебиз менен жакында Манас атабыз тирилип келсе да маңыроо карап тураар “маңкурттар” артыбыздан каптап келе жаткан жокпу? Биз жалпы билим берүүчү орто мектептерде кайсыл сабактарды биринчи сорт, кайсыл сабактарды экинчи сортко бөлүп окутуп жатабыз? Элдин эл болуусу үчүн аба менен суудай керек, адабият, тарых, тил, музыка, сүрөт сабактарынын акыбалы кандай? Музыка сабагын окубаган бала үчүн Чолпонбегиң ким, Токтогулуң ким, баары бир эмеспи? ж.б. түрдүү суроолор жүрөктү эзип келет.

Эмнеси болсо да, колубуздан келишинче көргөн билгендерибизди жазып, кийинкилерге ыроолой берели.

Өр чапкан өмүр жолунда

СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, “Данакер” орденинин, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын ”MIN – ON” (Япония) эл аралык сыйлыктарынын ээси, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында жарык дүйнөгө келген. Анын чыгармачыл дүйнөгө кадам коюусуна, албетте, анын ата-энесинин салымын айтпай коюуга болбойт.

Атасы Өмүров Базарбай 1935-36-жылдары кыргыз драм театрында иштеп, кийин агартуу тармагында, партиялык, советтик, чарбалык жумуштарда жетекчилик кызматтарда иштесе, апасы Атабекова Самара физика-математика мугалими болуп эмгектенген.

Чолпонбек Базарбаевдин балалык жашоосундагы күтүүсүз бурулуш ошол кезде Ленинград шаарындагы А.Ваганова атындагы хореографиялык окуу жайына Кыргызстандан да шыктуу балдарды тандап алып кетүү үчүн келген комиссиянын купулуна толуп, аны тандоосу менен болду. Бирок айрым жагдайлардан улам ал Ленинградда эмес, Бишкек шаарындагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы Музыкалык-хореографиялык окуу жайында окуп, билим алат.

Чолпонбек окуу жайга келген күндөн баштап, тынымсыз аракеттенип, ата-энесинен алыс, жаш бала үчүн канчалык оор болсо да ар намысын бийик кармап, устат мугалими Гүлбара Данияровадан таалим-тарбия алган. Айылдан келген баёо бала, балет дүйнөсүнүн ары татаал, ары кызыктуу ааламына аралашкан. Бий элементтерин үйрөнүүдөн сырткары, терең билим алууга да бүт дитин коюп, окуу жайдагы алдыңкы окуучулардын катарында урмат-сыйга татыган.

Муратаалы Күрөңкеев атындагы Музыкалык-хореографиялык окуу жайын ийгиликтүү аяктагандан кийин 1967-жылы Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайына жиберилген. Бирок үй-шартына байланыштуу атасы каза болуп калгандыктан, ал жактан да билим ала алган жок.

Анын эмгек жолу П.Чайковскийдин “Ак куу көлү” балетиндеги па-детруаны аткарган дебюту менен башталган. “Ак куу көлү” Ч.Базарбаев үчүн анын арымдуу жолуна жаркын шоола чачкан ак жолтой спектакль болгон.

Ал өз учурунда заманыбыздын атактуу балеринасы, СССРдин эл артисткасы Айсулуу Токомбаева менен партнер катары көптөгөн образдарды жаратты. Өмүр жолу кыргыз балет искусствосунун жалпы эле театр искусствосунун гүлдөп турган маалына туш келгендиктен кыргыз, орус жана дүйнөлүк классикалык балеттердеги: “Жизелде” Альберт, “Уйкудагы сулууда” принц Дезиро,
“Чолпондогу” Нурдин, “Ак куу көлүндөгү” принц Зигфрид, “Кармен-Сюитадагы” Хозе, “Томиристеги” Кир, “Дон-Кихотдогу” Базиль,
“Макбеттеги” Макбет, “Баядеркадагы” Солор, “Саманчынын жолундагы” Касым, “Спартактагы” Спартак – ушул образдардын бардыгы анын аткаруусунда улуттук-театралдык искусствонун тарыхына кирди.

Өнөр чебери аткарган ар бир образ көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, улам жаңы бийиктиктерге көтөрүп жүрүп отурган.

Чолпонбек Базарбаев мыкты актер, мыкты бийчиликтен сырткары мыкты жетекчи, мыкты дипломат, мыкты мамлекеттик ишмер да болгон. Ал өз оюн так тайманбай айтуудан эч убакта тартынган эмес. Ошондуктан анын өз мезгилинде белгилеп өткөн айрым көз караштары учурда да актуалдуулугун жоготкон жок.

Муундар алмашканда айтар сөз

Ошол кезде театр ишмерлер Союзун сактап калуу тууралуу белгилүү искусство таануучу Сарман Асанбековдун: – “Сиз Москвада съезде сүйлөгөн сөзүңүздө муундардын алмашуусу тууралуу кеп кылыпсыз. Аны сиз белгилеген Союзду сактап калууга тиешеси барбы?”, — деген суроосуна: – “Ооба, муундардын алмашуусу тууралуу маселе өтө кылдаттыкты талап кылат. Улуу муундарыбызды консерваторлор деп жүргөн жаштарыбыздын кебин угуп жүрөбүз. Мындай терс пикирлерден улам театрларда бөлүнүп-жарылуучулук кырдаал түзүлүүдө. Жаш болсо эле жаңычыл боло бербейт. Өзүңдөн мурдагылардын баарын сыза берсең, тарыхсыз каласың. Антүүгө жаштык эч кандай укук бербейт. Жаштык деген эмне? Ал – адамдык нарк эмес, убактылуу гана артыкчылык. Ошондуктан улуу муундарга карата мамилени цивилизация өңүтүнөн гана баалашыбыз керек. Кайсы муун, кайсы конкреттүү адам Союзду же коомдуу чыңдоого кандай салым кошту жана кошот, берген баабыздын критерийи ошого байланыштуу болуу керек”, — деп жооп берген.

Чолпонбек Базарбаев өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин жетекчилик кызматтарда иштеп, кыргыз маданияты, улуттар аралык ынтымак, каада-салт, нарк-насилди сактоо багытында күрөшүүчүлөрдүн сап башында болду. “Кыргызстандын келечеги курсак кулдарынын таландысында калбаса экен”, — деп кайгырып, өз тамырыңды өзүңө каздыргандардын жетегинде калып, улуттук маданиятка жасалган мамлекеттик кайдыгер мамилеге келише албай жүрүп, акыры оор жүктөн онтогон жүрөк сокпой калды.

Урматтуу окурманым! Мына ушул көз карашынан тайбай, кайда болсо калыстык деп, чындык деп, адамдык ар-намыс деп жүрүп бул адамдар да өтүп кетти. Алар учурунда маңдай тердин күчү, ак эмгектин акыбети менен абройго жетишкен. Элдин маданияттуу, илимдүү, билимдүү болушу үчүн түн уйкуларынан кечишкен. Өз кезегинде кыргыз искусствосун дүйнөгө даңазалашкан. Менин урматтуу замандаштарым, алар баскан жолду баса алаар бекенбиз, алар ашкан ашууну аша алаар бекенбиз?! Кайрадан дүйнөгө Чыңгызды,
Чолпонбекти, Сүймөнкулду, Болотторду жарата алаар бекенбиз?!..

Эмне демекпиз, “үмүтсүз шайтан” деген. Кыргыз эли – кыдыр даарыган Эл. Эркиндикти, бийиктикти сүйгөн Эл. Алдым-жуттумдардан арылып, Ала-Тоонун айдыңын шаңга бөлөп, ак калпак элдин даңазасын чыгарып, кыргыз өнөр дүйнөсү өргө чабар күндөр тезирээк кайрылып келсин деген аруу тилек менен бул баянды аяктайбыз.

Кубатбек Жакыпов,
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Көркөм маданият жана билим берүү факультетинин деканы,
п.и.к., доцент

 

Бөлүшүү

Комментарийлер