ЧОҢ-АЛАЙ: АБАЛ ТЫНЧ, БИРОК КООПТУУ
- 21.09.2022
- 0
2022-жылдын 14-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Чек ара кезметтеринин ортосунда атышуу башталып, тажик тарап минометторду колдонгон. Кыргызстандын Баткен облусунда төрт күн бою Тажикстандын агрессиясы уланып, ал Чоң-Алай районуна чейин жеткен.
Жергиликтүү бийликтин жардамы
ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5 миң 34 жаран эвакуацияланган. Алардын ичинен 68 адам райондук борбордук мечитке, Кашка-Суу айылынын Тилекмат Эшената мечитине 24, калган 4 миң 942 жаран жакындардыкына жайгаштырылган. Эвакуациялагандарга тамак-аш менен жергиликтүү бийлик камсыздады. Чоң-Алайда Баткендегидей жабыркагандар болгон жок.
Чоң-Алай району боюнча эвакуациялоо иш-чараларына Жарандык коргонуу кызматтарынан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жалпы 185 кызматкер, 12 техника, ошондой эле жергиликтүү тургундардан 673 жаран, 149 техника тартылган.
ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан Чоң-Алай районуна 80 матрас, 44 жаздык, 500 даана жууркан бөлүнүп берилгенин, азыркы тапта атышуу токтогонун УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.
Чоң-Алайдагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлеринин командачысы Раджабали Рахмонали ортосунда сүйлөшүү болуп, анын жыйынтыгында тажик тарап кыргыз чек арачыларынын Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы позицияларын миномет жана артиллериялык түзүлүштөрдөн аткылоосун токтоткон.
Айрым мектептерде окуу токтоп турат
Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Динара Абдрахманованын берген маалыматына карасак, райондук 17 орто мектепте 5961 окуучу билим алат. Ал эми 23 мектепке чейинки билим берүү уюмунда 1502 тарбиялануучу бар. Мындан сырткары 1 Балдардын чыгармачылык борборунда 720 бала тарбияланат.
— 2022-жылдын 16-сентябрынан бери Чоң-Алай району менен Тажик Республикасынын чектешкен аймагында кооптуу абал жаралып, Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу беш айылдын жашоочулары (карылар, аялдар жана балдар) эвакуацияланды. Анын ичинде айыл аймагындагы жайгашкан 5 орто мектептин 1497 окуучу, 5 мектепке чейинки билим берүү уюмундагы 327 бала да бар. Тажик-кыргыз чек арасында жайгашкан Кара-Мык, Кара-Тейит, Жекенди айылдарына тажик тараптан минометтор менен маал-маал ок атылып, жайыттар өрттөлдү. Учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынч, бирок кооптуу бойдон калууда. Анткени сүйлөшүүлөр аягына чыга элек. Азыркы мезгилде Жекенди айыл аймагынын жашоочуларына үйлөрүнө кайтууга уруксат бериле элек. 5 мектеп, 5 бала бакчада окуу процесси токтоп турат, — деди Д.Абдрахманова.
Ал эми калган мектептерде жана бала бакчаларда балдар окуй башташты. 19-сентябрда Аза күтүү күнү белгиленип, желектер түшүрүлдү. ”Мекеним – ыйык тирегим”, ”Мекенди коргоо – ыйык милдет”, ”Мекеним – Кыргызстан” деген аталыштагы тарбиялык сааттар өткөрүлдү.
Эрдигиңер түбөлүк эстен кетпейт
Чоң-Алай районундагы Нажимидин Кармышев атындагы орто мектебинин мугалими Гүлшан Коңурбаева 10-класска “Эрдигиңер түбөлүк эстен кетпейт” (Баткен согушунда курман болгон аскерлерди эскерүү) деген темада тарбиялык саат өттү. Сабакты алар Баткен согушунда курман болгон аскерлерди бир мүнөттүк аза күтүү менен эскеришти.
— Балдар, баарыбызга белгилүү болгондой, 2022-жылдын 14-сентябрь күнү Достук чек арада ок атышуу катталып, анын кесепетинен бир канча эр азаматтарыбыз Мекенибиздин, эли-жерибиздин тынчтыгы деп өмүрлөрү менен кош айтышты. Ата Мекенди коргоо — ар бир атуулдун ыйык милдети. Жогоруда Мекен үчүн жан берген эр азаматтарыбыз да атуулдук милдетин аткаруу менен элдин эсинде түбөлүккө сакталып калды, — деп мугалим сабакты баштады.
Андан соң ал патриоттуулук деген таяныч сөз менен окуучуларга кластер түзүүнү сунуштады. Ошондой эле мугалим Кыргыз Республикасынын Гимнинин коштоосунда өлкөнүн символдору, каада-салт, үрп-адатынан тартып, Ата Мекенге өмүрүн арнаган инсандар тууралуу слайд көрсөттү.
— Патриот деген сөз кайдан келип чыккан? Бул сөз грек тилинен келген, кыргыз тилине которгондо “патриа” – “Ата Мекен”, “Эл жер” – Ата Мекенге өз эл, жерине болгон сүйүү. Өз учурунда патриот бул – Ата Мекен эл-жери жөнүндө гана кооз сөздөрдү сүйлөө гана эмес, ал жеке керт башынын камын гана ойлобостон, кыйынчылыктарды чечилбеген маселелерди көрүп туруп кабагым-кашым дебестен, бардык күч-кубатын жумшап, ошол кыйынчылыктарды чечүү үчүн аракет кылган адам. Бир сөз менен айтканда өз Ата Мекенине, өз элине берилгендик, аларды чексиз сүйүү, ал үчүн ар кандай баатырдыкка, курман болууга даяр тургандык. Мына ошол чыныгы патриоттуулук. Билим берүү тармагынын бардык аракеттерине карабастан мекенчилдик түшүнүгү учурда жаш муундардын жүрөгүнөн түнөк таппай келет. Ал турсун араңарда мекенчил балдарды патриот болгондугу үчүн шылдыңдап, алардын Мекенди сүйүүгө болгон ыйык сезимдерин тепселөө учурлары да көп кездешкендиги өкүндүрбөй койбойт. Чындыгында биз азыр Батыштын, Чыгыштын эч кандай тарбиялык мааниси жок, тасмаларын көрүп, эч кандай сындык тордон өтпөгөн чыгармалар менен көрөңгөбүздү толтуруп жатканыбыз айтпасак да белгилүү, — деди мугалим.
Кыргыз патриоттуулугунун булагы кайдан башталат?
— Ата Мекенди сүйүү, туулган жерди, элди, тилди, улуттук үрп-адаттарга байыр болуу менен көздүн карегиндей сактоо кыргыз элинде тээ алмустактан бери бар. Курама жыйып журт кылган Манас баатырдын жана башка көптөгөн элдик баатырлардын эл-жери үчүн кашык канын аябаган эрдиги кылымдар бою бизге тарбия. Ошондуктан кургак сөз менен гана “мен патриотмун” деп ооз көптүрбөй өз Ата Мекенине болгон сый-урматты, сүйүүнү белгилүү инсандардын өмүрү жана чыгармачылыгы менен таанышуу аркылуу, дал ошолордой болууну калыптандыруу керек, алар менен сыймыктана билүү керек, — деди Гүлшан Коңурбаева.
Андан соң ал академик Д.С.Лихачевдун сөзүнө окуучулардын көңүлүн бурду: “Азыркы учур менен тең карасак: анан эсибизге төмөнкүнү салышыбыз керек. Ата Мекенге, улуттук маданиятка, эне тилге болгон сүйүү – өз үй-бүлөсүнө болгон, үй-жайына, мектебине болгон сүйүүдөн башталарын эстөө керек. Кийинчерээк бул сүйүү кеңейип олтуруп өз Ата Мекенин, анын тарыхын, мурункуга жана азыркыга, жалпы адамзатка болгон сүйүүгө айланыш керек”.
Ошентип, тарбиялык саатта мугалим жакында чек арадагы согушта каза болгон Эламан Ураимовдун сүрөтүн балдарга көрсөтүп, анын эрдиги тууралуу айтып берди. Эң башкысы патриоттуулук – бул Ата Мекенине чын дили менен кызмат кылуу, анын кызыкчылыгы үчүн жан аябай күрөшүү керек экенине токтолду.
— Биз баарыбыз Кыргыз жараныбыз, Кыргыз мамлекети үчүн кызмат кылабыз, мамлекетибиз биз үчүн баарынан ыйык, баарынан бийик, — деп мугалим сабагын жыйынтыктады.
Ошентип, Баткенден Чоң-Алайга жеткен агрессордун ташы талкан болуп, ойлогон ою ишке ашпай калды. Э.Ураимов сыяктуу биздин замандын чолпонбайлары баскынчыларды жерибизден кууп чыгып, чепти бекемдешти.
Учурда Кыргыз Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды улантууда.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер