ЧҮЙ УНИВЕРСИТЕТИ – МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН МАРТАБАСЫН КӨТӨРГӨН БИЛИМ ОРДОСУ

  • 10.12.2021
  • 0

Бүгүнкү күндө билим берүү тармагында окутуунун сапатын жакшыртуу, кыргыз тилинин баркын көтөрүү боюнча асыл ой-максаттарын ийгиликтүү жүзөгө ашырып жаткан жогорку окуу жайы менен жеринде таанышуу максатында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Душекович Купешев салт болуп калган жумушчу иш сапары менен С.Мамбеткалиев атындагы Чүй университетинде болду. Алгач окуу жайы жана андагы окуу процесси менен таанышып, С.Мамбеткалиевдин үй-музейин көрүп чыкты. Жолугушууга министрдин биринчи орун басары К. Шадыханов, Чүй университетинин президенти Б. Эгембердиева, окуу жайдын ректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Т.Асанакунов жана окуу жайдын окутуучулары катышышты. Министр Б. Купешев менен эмгек жамаатынын ортосундагы жолугушуу окуу жайдын кечээки, бүгүнкү күндөгү ийгиликтери жана келечектеги ой-максаттары, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө кенен, эркин ой бөлүшүү, пикир алышуу форматында өттү. Негизги тема мамлекеттик тилдин мартабасын көтөргөн билим ордосу – Чүй университетинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу жана анын негиздөөчүсү, Кыргыз Эл мугалими Султан Мамбеткалиевдин 80 жылдыгын 2022-жылы 23-сентябрда белгилөө жөнүндө сөз болду.

Баарыбызга белгилүү болгондой, 1989-жылдын 23-сентябрында республикада «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган. Ошондо бул мыйзам тилди үйрөтүүдө зор ишмердиктин кең мейкиндигин ачкан. Натыйжада мамлекеттик тилди үйрөтүүгө, окутууга шарт түзүлүп, Султан Мамбеткалиев кыргыз тилин тез үйрөтүү ыкмасын жолго коюп, 1991-жылы 17-октябрда «Университет» тилдерди тез үйрөтүүчү республикалык борборун түзүп, 1992-жылы 1-декабрда Республикалык жогорку колледжин ачкан.

Элге билим берүүнү өркүндөтүүнүн демилгечиси, өтө шыктуу педагог, алдыңкы ойлор менен жаңы иштерди жаратуучу белгилүү илимпоз Султан Мамбеткалиевдин демилгеси, туруктуу аракети менен башка эч бир окуу жайына окшобогон Чүй университети 1996-жылдын 25-январында жаралып, ошондон бери бүгүнкү күнгө чейин жаңы ыкма, методика менен жогорку даярдыктагы билимдүү адис кадрларды окутуп, даярдап келүүдө.

Алгач кыргыз тилин тез үйрөтүү ыкмасы боюнча окутуу менен ишмердүүлүгүн баштаган окуу жайда изденүүдөн чоң ийгиликтер жаралып, университет өлкөбүздөгү эне тилин үйрөтүүнүн асыл озуйпасын аркалаган, окуу-тарбия иштерин эң эле кызыктуу, өзгөчө ыкма менен жүргүзгөн студенттердин сүйүктүү билим уясы болуп калды. Ошондуктан бул окуу жайдын мыкты билим бергенине, чоң изденүүлөр менен Мекен жүгүн көтөрүп, билим берүү тармагында асыл ойлорун аткарып жатканына сүйүнбөй койбойсуң. Муну Чүй университетинде болгондор өз көздөрү менен көрүп, терең билим берүүнүн педагогикалык түйшүктүү жолунда билим сересинин бийиктигине көтөрүлгөнүнө ыраазы болосуң.

Чүй университетинин артыкчылыгы, окутуунун өзгөчөлүгү окуу процессинде кыргыз тилин, дегеле тилдерди тез үйрөтүү ыкмасын колдонуусу болуп эсептелет. Окуу жайдын максаты — сапаттуу билим берүү. Себеби, эгемендүү мамлекетибизди сапаттуу кадрларсыз элестетүүгө болбойт. Ошондон улам аталган окуу жай окутуунун жаңы ыкмаларын өркүндөтүүгө, жаңы ачылыштарга багытталган илимий иштерди жолго коюуга өзгөчө көңүл бөлүп, изденүүчүлүк менен билим берүүнү жогорку деңгээлге көтөрүүнү ишке ашыра алды.

Күн сайын окуу жайдын баркы өсүп, башында тилдерди тез үйрөтүүчү борбор болуп түзүлсө, эми Чүй университети деген статусу бар бийик урматка жетип олтурат. Биздин кыргыз тилин бийиктетип көтөрө турган билимдүү адамдар, окутуучулар, мугалимдер. Ушул жагдайда алып караганда бул улуу милдетти ишке ашыруунун башында кыргыз тилин ыкчам үйрөтүү усулунун чебери, жаңы методиканын автору, новатор-усулчу тилчи Султан Мамбеткалиев башында турган. Кыргыз тилинин кадыр-баркын жогору көтөрүүдө мыкты ой-пландары менен көрсөткөн зор эмгеги эбегейсиз.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында эне тилибиз үчүн Султан агай күйүп-бышып, жарандарыбыздын патриоттук сезимин, көз карашын ойготуп, өзүнүн бийик идеясы, бай тажрыйбасы, терең билими менен кыргыз тилин тез үйрөтүүнүн интенсивдүү ыкмасын иштеп чыгып, кадыр-баркын көтөргөндүгү үчүн сыймыктанабыз. Натыйжада, кыргыз тили Союз мезгилине караганда азыркы коомдо өз ордун табууга шарт түзүлдү. Бул жогорку окуу жай Султан Мамбеткалиевдин иш билги жетекчилиги жана уюштуруучулук жөндөмү аркасында тез эле республикабыздын бүт аймагына таанылып, атак-даңкы чыгып, кучагын кенен жайып, кадырлуу университеттердин бирине айланды.

Университет кыргыз тилин тереңдетип окутуу менен ЖОЖдордун арасында лидер катары таанылса, ошону менен бирге республикалык телевикторина, конкурстардын жеңүүчүсү болуп келген. Мисалы, «Эне тилим – эне сүтүм» конкурсунда финалга чыгып, 1-орунду ээлеген.

Султан Мамбеткалиев касиеттүү кыргыз тилин тез үйрөтүү методикасынын автору. Анын ыкмасы менен, кыргыз болуп туруп орус болуп калган белгилүү инсандарыбыз кыргыз болбодубу. Ал гана эмес, бөлөк тилдерди үйрөнүү методикасын да үйрөнүү кыргыздын баласына тилди тез үйрөнүү методикасы менен көп тилди тез үйрөнүүгө шарт түздү. Агайдын бул залкар эмгеги кыргыз журтчулугуна кеңири тарады. Өз пешене тер мээнети менен Чүй университетин түптөп, өнүгүү жолуна салып, келечек муундарга мамлекеттик кыргыз тилинин актуалдуу экендигин даңазалап, кыргыз элине жана башка элдерге да касиеттүү кыргыз тилин тез үйрөнүүгө, аны ар тараптуу урматтоого шарт түзүп, мамлекеттик кыргыз тили үчүн чоң эмгек жаратып кетти.

Кыргыз тилин тез үйрөтүү методикасын ишке киргизүү менен Султан агай кыргыз элине, өз Мекенине, өз эне тилине чоң эмгеги менен ак кызмат кылып, элдин урмат-сыйына ээ болуп, эң жогорку деңгээлдеги орунду ээледи.

Эң башкысы – Кыргызстанда кыргыз тилин тез үйрөнүү ыкмасын ачуу менен негизги идеясы калктардын арасында, өзгөчө жаштардын жүрөгүнөн орун алды. Илимдеги тилдерди өздөштүрүүнүн тез ыкмасын ачуу менен керемет илимге, көп адамдарга жол ачты…

Баарлашуу учурунда министр Болотбек Купешев төмөндөгүлөргө токтолду:

–Чүй университетиндеги чоң ийгиликтердин башында Султан Мамбеткалиев агай болгон. Ал билим берүү тармагына кошкон салымы зор, таасири күчтүү, тажрыйбалуу, адамгерчилиги бийик, ыймандуу инсан болчу. Кыргыз тилине күйгөн окумуштуулардын мыктысы эле. Турган турпаты, сүйлөгөн сөзү менен эле жаштарды тарбиялап, үлгү көрсөтүп келген. Өз учурунда демилгелеп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн методикасын кеңири жайылткан. Дегинкиси, республикада болобу, ушул окуу жайда болобу кыргыз тилин өнүктүрүүнү Султан Мамбеткалиев өзү демилгелеп, ишке ашырып келген.

Тил – ыйык нерсе. Учурда эне тилде сүйлөгөн патриоттук сезим жоголуп бараткандай. Себеби, биз мамлекеттик тилди башка баалуулуктарга алмаштырып жатабыз. Ошондуктан кыргыз тилди өнүктүрүүнү дагы өркүндөтүү бардыгыбыздын башкы милдетибиз. Мектептерде кыргыз тили боюнча адис кадрлар жетишпегендигине байланыштуу максаттуу багытта адистерди окутуп даярдоо кажет. Союздан бери келе жаткан педагогикалык ишмердүүлүктү андан ары өркүндөтүп, жаңылап өстүрүү мезгилдин талабы. Себеби, билимди өркүндөтүүнүн ыкмалары, тажрыйбалары Советтик педагогикага алмаштыргыс. Бардыгыңыздар биримдикке, ынтымакка келип, сунуштарыңыздарды бериңиздер. Мугалимге чоң урмат көрсөтүп, мугалимдерди бардыгы сыйлап турган деңгээлге жеткенде гана билим берүү системасы өнүгөт. Ошондуктан, билим берүүнүн улуттук баалуулуктарыбызга ылайыктуу, улуттук менталитетке төп келген методикаларды кеңири жайылтуу багытында иш алып баруу абзел. Чоң максатты көздөгөндөн кийин ошого жетишүүгө аракет көрүү алдыбыздагы милдет болуп саналат. Учурда министрлик окутуунун заманбап, алдыңкы технологияларын киргизип, санариптештирүү боюнча билим берүү системасын өркүндөтүүнүн үстүндө иш жүргүзүүдө. Мугалимдердин социалдык жактан абалын оңдоого көңүл бурулуп, мектепке чейинки, орто жана жогорку окуу жайларына колдоо көрсөтүлүп, билим берүү тармагына эл аралык каржы булактарын тартуу аракеттери жасалууда. Чүй университети Кыргызстандагы ЖОЖдун ичинен татыктуу орунду ээлеп, алдыңкы окуу жай болуп келет. Келечекте Чүй университети улуттук баалуулуктарды аздектеп, аны элге кеңири жайылткан, илимий жактан дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келген, окутуунун заманбап, электрондук жабдуулары менен жабдылган дүйнөлүк масштабдагы алдыңкы окуу жайларына айланарына ишеним зор, — дейт министр Болотбек Купешев сөзүн жыйынтыктап.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында Чүй университетинин ректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Т. Асанакунов тарабынан Кыргыз Республикасынын С.Мамбеткалиев атындагы Чүй университетинин 2021-2025-жылдарга Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн программасы иштелип чыккандыгын баса белгилөөгө болот.

Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» аттуу чыгармасындагы Дүйшөндөн айырмаланып, өз каражатына чоң университетти түптөп салган Султан агай «Мугалим» деген сөздү чоң тамга менен жазып кеткен. Эгерде, Чүй университетине министрлик тарабынан дагы чоң мүмкүнчүлүктөр берилсе, анда бул окуу жайдын өсүп-өнүгүшүнө дагы чоң шарттар түзүлмөк. Себеби, кең Сары-Өзөн Чүйдүн, Кыргыз Республикасынын эл мугалими Султан Мамбеткалиевдин атын алып жүргөн Чүй университети билим берүүнүн даңгыр жолунда өзүнүн ишмердүүлүгүн татыктуу улантууда.

 Данияр ШАБДАНОВ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер