БОЛОЧОК ПЕДАГОГДОРДУН ОРДОСУНДАГЫ ЖОЛУГУШУУ

  • 05.02.2021
  • 0

Санжарбек Данияровдун коомдук фонду жыл сайын өткөрүп келаткан “Биринчи мугалим” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Айылдык мектептердин башталгыч класстар мугалимдерине арналып 9-жолу өткөрүлүп жаткан сынактын экинчи туру жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты Бишкектеги И.Арабаев атындагы КМУда болуп өттү.

 

БОЛОЧОК ПЕДАГОГДОРДУН ОРДОСУНДАГЫ ЖОЛУГУШУУ

Айылдарга чөлкөм таануу музейи эмне үчүн керек?

“Биринчи мугалим” сынагынын биринчи турунда – дилбаян жазууда эң жогору упай топтоп, экинчи турга чыккан жети катышуучу адегенде эле дилбаяндын темасына ылайык, айылдарда жана мектептерде уюштурулган музейлердин мааниси жөнүндө тапшырмаларды аткарышты. Алар калыстар тобунун мүчөлөрү тарабынан берилген суроолорго жооп беришип, өздөрүнүн бул багыттагы билген-уккандарын ортого салышты.

Сынактын уюштуруучусу, С.Данияровдун коомдук фондунун директору Асель Даниярова , катышуучуларды жана келген меймандарды куттуктоо сөзүндө, сынактын экинчи туру пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам, ушул мөөнөткө туура келгендигин, жаңырган жылы өтө турган сынак юбилейлик болоорун белгиледи.

– Республикабыздын башталгыч класстар мугалимдерине арналган “Биринчи мугалим” сынагы быйыл 10-жолу өткөрүлмөкчү. Ал эми мында биз 2020-жылдагы сынакта эң көп упай топтогон жети мугалимдин арасынан жеңүүчү мугалимди, тагыраак айтканда, “Биринчи мугалим” аталышына ээ болгон мугалимди аныктоо жана биринчи, экинчи жана үчүнчү орунду ээлегендерге байгелерди ыйгаруу үчүн чогулуп отурабыз. Катышуучулар өздөрүнүн айылдарындагы, мектептериндеги мурда түзүлгөн же алдыда түзүлө турган чөлкөм таануу музейлери, алардын жаш жеткинчектерди тарбиялоодогу маанисин, мекенди, жаратылышты, улуттук каада-салттарды кадырлап сүйүүдөгү ролун айтып беришет. Калыстар тобу өздөрүнүн калыс баалоосу менен жеңүүчүлөрдү жаңылбай аныктайт деп ишенебиз. Андан башкача болушу да мүмкүн эмес, анткени мугалимдер ачык, бетме-бет чыгышып, баш байге ээси калыстар тобунун эле эмес, билим берүү тармагынын, мугалимдердин ишине кайдигер эмес адамдардын көз алдында аныкталат, — дейт Асель Санжарбековна.

БОЛОЧОК ПЕДАГОГДОРДУН ОРДОСУНДАГЫ ЖОЛУГУШУУ

Калыстардан калыс пикир

Калыстар тобунун мүчөсү Чынара Батракеева бул жолку катышуучулар мурдагыдан да активдүү жана шайдоот катышып жаткандыгын белгилеп өттү.

– Мен бир топ жылдардан бери ушул сынактын калыстар тобунун мүчөсүмүн, мүчөсү эле эмес, туруктуу күйөрманымын десем да болот. Бул жолу эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кезектеги турунун өтүшүн көпкө күтүп калдык, балким ошондуктанбы, катышуучулар өзгөчө дем-күч, даярдык менен келишкенин байкап жатабыз. Менин жеке баамымда, дилбаяндын темасы да өтө кызыктуу тандалган. Ар бир катышуучу өздөрү катышып, уюштурган музейдин ишин элестүү айтып беришти. Баардыгы мыкты даярданып келишиптир, алардын арасынан эң кыйынын тандоо биз үчүн татаалыраак болчудай. Кандай болгон күндө да баардыгы жакшы баага татыктуу, умтулгуч, изденгич мугалимдер экендигин көрүп, биз ыраазы болдук, — дейт Чынара айым.

Байге эмес, баарлашуу баалуу

Уюштуруучулардын айтымында, бул жолку сынакка баардыгы болуп 60ка жакын мугалим дилбаян жазышкан. Жолдун алыс-жакындыгына, аба ырайынын сууктугуна карабай, өздөрү жол кирелерин каржылашып, атайын келишкен мугалимдердин арасында Ош облусунун Кара-Суу районунан үч мугалим бар. Алардын бири Тажыкан Токтосунова
И.Арабаев атындагы университетти (мурунку В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институту) аяктаганына 37 жыл болду. Ал ушундай көөдөндөн кеткис жолугушууга чакырган сынактын уюштуруучуларына терең ыраазычылыгын билдирди.

— Бизге күбөлүк алуу үчүн эле барасыңарбы дегендер да болду. Эң баалуу сыйлык – башка аймактардан келишкен кесиптештерибиз менен баарлашып, тажрыйба бөлүшүп, анан дагы эң башкысы – көптөгөн педагогдорду даярдаган билим ордосуна дагы бир жолу келип, таазим этип кетүүнүн өзү эле биз үчүн чоң сыймык! Мисалы, мен ушул окуу жайда билим алгам. Жаштык кезим өткөн жайга келип, кесиптештерим менен учурашып жатканым, мен үчүн кош майрам болуп жатат. Биз бекер келбептирбиз. Бул жерден музейлерди мындан да кызыктуу, пайдалуу кылып кантип уюштурса болоорун сынактын ардактуу конокторунун өз оозунан угуп, ынандык. Сынактын уюштуруучулары баардыгын эске алышыптыр, мисалы, Динара Чочунбаевадан улуттук баалуулуктар багытында кызыктуу кеп-кеңештерди угуп, өнөрлүү кыздарыбыз Бегай менен Касиеттин жагымдуу музыкасына балкып, жан дүйнөбүз болуп көрбөгөндөй эс алды. Ал үчүн уюштуруучуларга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз, — дешти алар бир ооздон.

БОЛОЧОК ПЕДАГОГДОРДУН ОРДОСУНДАГЫ ЖОЛУГУШУУ

Каармандар менен беттешүү

Катышуучулар сынактын ардактуу коногу Динара Чочунбаеванын айткандарын бир дем менен муюп угушту. Ал кадимки Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повести боюнча тартылган “Мен – Тянь-Шань” кинотасмасында Аселдин ролун аткарган. Кино тармагында ийгиликтүү башталган дебютуна карабай, Динара Чочунбаева сүрөтчүлүк кесипти тандап алып, көп жылдардан бери музей таануу коомчулугуна жана эл аралык уюмдарга материалдык эмес маданий байлыктар боюнча кесипкөй эксперт катары белгилүү. Андан тышкары, ал жыл сайын өткөрүлүп келаткан “Оймо” фестивалынын генералдык директору.

БОЛОЧОК ПЕДАГОГДОРДУН ОРДОСУНДАГЫ ЖОЛУГУШУУ

Динара Чочунбаева биздин маданий мурастарыбызды, уз-чеберлердин кол эмгектерин сактоо эмне үчүн маанилүү экендигин, музейдин экспонаттарын жыйнап-чогултуу процессин, жаш муундарды тарбиялоодо жана алардын чыгармачылыгын калыптандырып өстүрүүдө музейлердин пайдалуу ролун таасын сүрөттөп берди.

Анын айткандарын кереметтүү көл кылаасынын Түндүк жээгинен атайын келген, Курманжан Датка атындагы көчмөн цивилизация музейинин реставратору Турдукан Усубалиева кошумчалап, биздин өлкөбүз үчүн чөлкөм таануу жана этнографиялык музейлердин ченемсиз баалуулугу, экспонаттарды жыйноонун эле эмес, аларды туура сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө ойлору менен бөлүштү.

Азыркы учурда көл жээгиндеги көчмөн цивилизациясы музейиндеги экспозициялардын негизин Динара Чочунбаеванын көп жылдардан бери чогултуп, музейге берген баалуу этнографиялык коллекциясы түзөөрүн баарыбыз эле биле бербесек керек.

Жалпы билим берүүчү мектептер тармагынын “Билимкана” фондунун директору жана кинорежиссер Эльнура Осмоналиева бул теманы өзүнчө аспектиде чагылдырып өттү. Эльнура өз сөзүндө окуучуларды мектептен тышкаркы программанын алкагында чыгармачыл активдүү процесске кантип тартууга боло тургандыгы жөнүндө идеялары менен бөлүштү. Анын өзүнүн жеке тажрыйбасынан алынган баяны катышуучулардын зор кызыгуусун жаратты.

Сынактын дагы бир салттуу бөлүгү — сыйкырлуу музыка ыргактары аркылуу катышуучуларга чыныгы майрамдык маанай тартуулоо. Мугалимдер бул жолу Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы симфониялык оркестринин музыканттары, республикалык жана эл аралык сынактардын лауреаттары, Кыргыз мамлекеттик консерваториясынын 4-5 курсунун студенттери Ниязбекова Касиет (виолончель) жана Сталбек кызы Бегайдын (скрипка) жандуу концертине күбө болушту.

БОЛОЧОК ПЕДАГОГДОРДУН ОРДОСУНДАГЫ ЖОЛУГУШУУ

“Биринчи мугалим – 2021” сынагынын жеңүүчүлөрү

1-орун жана “Биринчи мугалим” наамы менен баш байге — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Дөбө айылындагы К.Карачев атындагы №21 мектептин мугалими Үмүт Узаковага ыйгарылды. Ал баш байге ээси катары Москва шаарына маданий-маалымат арттыруучу он күндүк саякатка барат. Сынактын лауреаттары: Жанара Бекташова – Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы Т.Мойдунов атындагы мектептин мугалими; Фарида Суранчиева — Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы мектептин мугалими. Ал буга чейин эки жолу сынактын лауреаты болгон.

БОЛОЧОК ПЕДАГОГДОРДУН ОРДОСУНДАГЫ ЖОЛУГУШУУ

Жеңүүчүлөргө Жаңыл Абдылдабек кызынын “Шабдан баатыр. Доорлор тогошуусу” тарыхый романын, Болот Шамшиевдин “Каба Храброе сердце” жана “Эсимде” жана Г.Нуркулованын “Турсун” аңгемесин баалуу белек катары тартуулашты.

Андан тышкары, сынакка 5-жолу катышып жаткан Ат-Башыдан келген мугалим Гүлүмкан Турганбаева, сынактын алып баруучусу, башталгыч класстын мугалими Таалайбек Мырзабаев фонддун Ардак грамотасы менен сыйланды.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер