БОЛОЧОК МУГАЛИМДЕРГЕ ЖАЛПЫ АДАМЗАТТЫК БААЛУУЛУКТАРДЫ КАЛЫПТАНДЫРУУ

  • 01.06.2022
  • 0

Редакциядан: Жакында Талас мамлекеттик университетинде «Ыйык Ата журт» фонду уюштурган «Салттуу билим жана заманбап технологиялар: баланы өнүктүрүүдөгү жана тарбиялоодогу жаңы мамилелер» темасындагы 11 эл аралык илимий-практикалык симпозиумунда мыкты деп табылган жети баяндаманын бирин сунуштайбыз.БОЛОЧОК МУГАЛИМДЕРГЕ ЖАЛПЫ АДАМЗАТТЫК БААЛУУЛУКТАРДЫ КАЛЫПТАНДЫРУУ

Коомдук өнүгүүнүн бир баскычынан башка бир баскычка өтүү процесси ар дайым жалпы адамзаттык баалуулуктарды аныктоо талабын коёт. Өзгөчө XXI кылым жалпы адамзаттык баалуулуктардын артыкчылыгын таануу маселесин актуалдаштырды. Баалуулук – адам жана коом үчүн айлана-чөйрөдөгү объектинин (жаратылыш жана коомдук турмуштун кубулуштарында кездешүүчү жыргал, жакшылык жана кара санатайлык, сылыктык жана оройлук, сулуулук жана көрксүздүк ж.б.) оң же терс маанини ачуучу өзгөчө социалдык
түшүнүк.

Үстүртөн караганда баалуулук буюмдун же көрүнүштүн өз касиети сыяктуу сезилет, чындыгында ал касиет жаратылыштын өзүндө, объектилердин ички түзүмүндө эмес, адамдын коомдук турмуш чөйрөсүнө гана таандык жана адамдын социалдык мамилелеринин бир чагылышы болуп эсептелет. Баалуулук айрым учурларда кандайдыр бир буюмдун касиети сыяктуу сезилет, бирок жогорудагы мааниси боюнча ал адамдардын чөйрөсүнө гана таандык экенине ынанабыз. Баалуулук – адамдын ички сыры, жан дүйнөсү, сезими, адамдар менен карым-катнашы, изгилиги, иш-аракетте билине турган кайрымдуулугу, туруктуулугу, мээримдүүлүк тарбиясы. Бул баалуулуктарды таратуучулар: жеке инсандар, социалдык топтор, саясий көз караштары бирдей кишилер.

Байыркы булактарды карай турган болсок, байыртадан эле Сократ, Платон, Аристотель сыяктуу көптөгөн улуу ойчул-философтор идеалдуу адамдын образын негиздөөгө умтулуу аркылуу негизги баалуулуктарга басым жасашкан.

Немец философу Р.Г.Риккерт чындык баалуулук менен айкалышып турат деген. Белгилүү Рим философу Л.А.Сенека адамзатты бир бүтүн эл катарында карап, бүткүл дүйнө – бардык элдердин Ата
Мекени деп көп айткан. Анын акылмандык жөнүндө айткандары күнү бүгүнкүгө чейин маанисин жогото элек: “Өзүңдөн жогору турган адам сага кандай мамиле жасашын кааласаң, сен да өзүңдөн төмөн турганга ошондой мамиле жаса».

Байыркы ойчулдардын философиялык кол жазмаларынан жалпы адамдардагы баалуулуктардын негизги бөлүгүн кең пейилдүүлүк, адилеттүүлүк жана жүрүм-турум нормалары ээлеп турат. Кайсы доор болсо дагы, дүйнөлүк өнүгүүнүн өзөгү катары жалпы адамзаттык баалуулуктар адамдардын турмушта биринчи орунга дайыма эмнени коёрун тандоо, жакшы эмне, жаман эмнени ажыратуу жана туура жашоо үлгүсүн көрсөтөт. Педагогика илимдеринин доктору В.А. Караковский жалпы адамзаттык баалуулуктардын билим берүүдөгү ордуна өзгөчө маани берип, аларды сегиз түшүнүккө бөлүп караган:

  • • Жер – адамзаттын планетардык деңгээлде карай турган жалпы үйү.
  • • Ата Мекен – ата-бабалардан калган эң башкы таберик.
  • • Үй-бүлө – баланын инсандыгын өстүрүп-өнүктүрүүдө негиз болуучу коомдун баштапкы уюткусу.
  • • Эмгек – адам болумушунун негизи.
  • • Билим – инсандын креативдүүлүгү, чыгармачылык өнүгүү шарты.
  • • Маданият – адамзаттын жашоосундагы топтолгон эң чоң байлык. Өз улутунун маданиятын жоготкон адам бүткүл адамзаттык маданиятты дагы түшүнө албайт.
  • • Тынчтык – элдердин жана мамлекеттер ортосундагы ынтымак жана бейпилдик.
  • • Адам – абсолюттуу баалуулук.

Ааламдашуу шартында жаш муундарды жашап жана социалдаша билүүгө даярдоо үчүн жалпы адамзаттык баалуулуктарга басым жасоо керек экендигин коомдук тажрыйба көрсөтүүдө. Тилекке каршы, изилдөөлөр көрсөткөндөй, интернет булактары жана өлкөдөгү жаңы экономикалык мамилелердин таасири астында кээ бир учурларда өспүрүмдөрдүн гана эмес, башталгыч класстардагы балдардын дагы кулк-мүнөзү өзгөрүүдө.

Баланын акылына гана таянуу менен баладагы биз күткөн баалуулуктарга жетүү мүмкүн эмес. Ошондуктан анын жан дүйнөсүн ойготуу менен сезимин өнүктүрүүбүз керек. Бала мектепке келгенден баштап аны тынчтыкты, жашоону сүйүүгө үйрөтүү менен бирге жазууга, окууга үйрөтүү жана балдарда руханий адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандыруу башкы маселелерден болуусу зарыл.

Япон ойчулу Дайсаку Икеда он бир жаштагы баланын бул ой толгоосуна байланыштуу маанилүү жыйынтык чыгарган: “Бир жарым миллиард жылдан кийин Күн өчүп, Жер жүзү жок болот экен. Андай болбошу үчүн эмне кылуу керек?. Мунун өзү
Ааламды ойлонгон жандын укмуштуу потенциалынын далили. Тынчтыкты, жашоону сүйүүгө үйрөтүү – бул бала кезде жакшы өздөштүрүлө турган илим”.

Баланын жан дүйнөсүндөгү адеп-ахлактык, руханий жана жекече инсандык баалуулуктарын калыптандырууда мугалимдин орду өзгөчө мааниге ээ. Учурдагы илимий-техникалык прогресстин өсүп-өнүгүшү болочок мугалимдерден кесиптик билим жана билгичтиктерди гана эмес, жалпы адамзаттык баалуулуктарга эгедер болуп, аларды келечектеги окуткан балдарга дагы жеткирүүгө жөндөмдүү болууну талап
кылат.

Болочоктогу мектеп мугалиминин инсандык жана кесиптик сапаттары жогорку окуу жайынан алган билиминен жана мугалимдин жалпы адамзаттык баалуулуктарга болгон мамилесинен көз каранды болот деп айтууга толук негиз бар.

Демек, жаш муундардын келечектеги алган ордун, мугалимдердин жалпы адамзаттык баалуулуктары жана мугалимдик чеберчилик менен терең байланышта кароого болот. Өзгөчө азыркы учурдагы балдардын өсүп-өнүгүшү, кулк-мүнөзү илим билимге ээ болуусу, интеллекти, жүрүш-турушу ата-эне жана тарбиячы-педагогдор тарабынан талыкпаган эмгекти, изденүүнү талап кылууда. Өлкөбүздүн мындан ары карай туура өсүп-өнүгүүсүндө дагы өз кесибинин мыкты адистери жана алардагы калыптанган жалпы адамзаттык баалуулуктардын орду абдан маанилүү десек
болот.

Келечек ээлерине кам көрүүдө алардын социалдык, экономикалык, көйгөйлөрүн чечүү менен гана чектелип калбастан, жаш муундарыбыздын жүрөгүндө ыймандуулукту, рухий тазалыкты, башкача айтканда, жалпы адамзаттык баалуулуктарды уялатышыбыз эң маанилүү жана учур көйгөйлөрүн чечүүгө коюлган талаптардын бири болуп калууда. Азыркы билим берүү чөйрөсү жалпы адамзаттык баалуулуктарга эгедер жана ошол жалпы адамзаттык баалуулуктардын үлгүсүндө билим берип жана тарбиялай турган компетенттүү мугалимдерге өзгөчө
муктаж.

XXI кылымда адамдын ишмердигинин бардык чөйрөлөрү, анын ичинен билим берүү чөйрөсү дагы чоң өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Бир канча өлкөлөр менен Кыргызстанда да акыркы учурда билим берүүнүн сапатына көңүл буруу, окутуу жана тарбиялоо иштерин модернизациялоо, татыктуу кадрларды, айрыкча болочок мугалимдерди даярдоо маселеси, даярдоодо жалпы адамзаттык баалуулуктарды эсепке алууга багытталган иш-чаралар учур көйгөйү катары алдыга чыгууда. Демек, болочоктогу мугалимдин өзүндө жалпы адамзатка тиешелүү баалуулуктар болбосо, жаш муундарга таалим-тарбия берип окутууда бир топ кемчилдиктерди жаратышы ыктымал экендигин түшүнүүгө алып келди.

Америкалык философ жана педагог Джон Дьюи: “Тарбиялоо процессиндеги борбордук фигура – бала. Бардык педагогикалык процесстер анын айланасында Күндү айланган планеталардай тегеренет. Бардык иш балада. Анын күчү чыгарылууга, кызыкчылыгы канааттандырылууга, жөндөмдүүлүгү калыптандырылууга тийиш”, — деп эсептеген.

Болочок мугалимдер бул жагынан өзүбүздүн окумуштуу педагогдордун эмгектеринен да баалуу ойлорду таба алышат. Мисалы, С.О.Байгазиев: “Билим берүүнүн түпкү пайдубалында окуучунун өздүк баалуулук принцибинин жатышы, окуучу баланын мектептин эң жогорку ыйыгы жана асыл дөөлөтү болушу, жеткинчектин адамдык, инсандык МЕНин эркин өнүктүрүү, шык-талантын гүлдөй жайнатып ачуу, бул үчүн бардык күч-аракетти жумшап, шарт түзүү жөнүндөгү философия бүгүнкү күндүн педагогикасынын туу туткан идеологиясы болуп калууга тийиш”, — дейт.

Чыныгы инсандык жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга ээ болгон мугалим гана адамдын татаал жан дүйнөсүнө сүңгүп кирип, өз кесибинин сырын ачуу менен окутуп жаткан балдардын ички өнүгүүсүн, дүйнө таанымын, шык-жөндөмүн, чыгармачылыгын, толук ачып бере алат.

Демек, мугалим ар бир баланын жашоосундагы адеп-ахлактык, руханий баалуулуктардын ордуна өзгөчө маани берип, адам өмүрүнүн маңызы андагы жалпы адамзаттык баалуулуктар менен чектеш тураарын жана келечек муундарды тарбиялоо, окутуу, калыптандыруу, өнүктүрүү вазийпасы, түздөн-түз милдети экендигине терең жоопкерчилик менен кароосу зарыл.

Ааламдашуунун алкагында жүрүп жаткан процесстер өлкөбүздүн мындан ары туура багытта өсүп-өнүгүүсү үчүн актуалдуу маселелерди жаратып, ошого жараша баалуулуктар дагы ыкчам өзгөрүп бара жатканын көргөзүүдө. Ошентип, болочок мугалимдер келечек ээлерин тарбиялаганда жалпы адамзаттын жашоосундагы негизги баалуулуктар менен улуттук көөнөргүс баалуулуктарды айкалыштырып иштеши зарыл деген жыйынтыкка келебиз.

Кыял Асаналиева,
филология илимдеринин кандидаты, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз адабияты жана манастаануу кафедрасынын доценти

 

Бөлүшүү

Комментарийлер