БММ: ЖЕТИШКЕНДИКТЕР, КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА ПЕРСПЕКТИВАЛАР

  • 18.10.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын октябрынан 2022-жылдын октябрына чейинки мезгилде аткарылган иштер, анын ичинде тармактагы жетишкендиктер/ийгиликтер, көйгөйлөр жана аларды чечүү боюнча көрүлгөн чаралар, пландар жана перспективалар жөнүндө журналисттерге “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда министрдин орун басарлары Н.Жусупбекова менен Расул Абазбек уулу маалымат берип, суроолорго жооп беришти.

БММ: ЖЕТИШКЕНДИКТЕР, КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА ПЕРСПЕКТИВАЛАР

Мектепке чейинки билим берүү

Мектепке чейинки билим берүүнүн бардык түрлөрү жана формалары менен камтуу 3-6 жаштагы балдардын санынан 48,6% жетти. Анын ичинен типтүү бала бакчалар менен камсыздоо 23,9% түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1,9 пайызга көп. Бала бакчалардын саны 64 бала бакчага көбөйүп, 1648ден 1712ге жетти. Бул мектепке чейинки типтүү билим берүү уюмдарында камтууну дээрлик төрт миң балага көбөйтүүгө, аны мектепке чейинки типтүү билим берүү уюмдарында дээрлик 200 миң балага жеткирүүгө мүмкүндүк берди.

Биринчи жолу бала бакчага электрондук кезек өлкө боюнча жайылтылып, ага 1500 бала бакча кошулду.

— Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү мугалимдер үчүн патент берүү менен, жеке ишти жүзөгө ашыруу үчүн сертификациялоо механизми түрүндө жөнөкөйлөштүрүлгөн система иштелип чыккан. Мындан тышкары, «Билим берүү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын бириктирилген мыйзамынын долбооруна «кесиптик компетенцияларды сертификациялоо» түшүнүгү киргизилген. Социалдык жөлөкпул алган 110 миң үй-бүлөнү камтуу менен бала бакчаларды нормативдик ваучердик каржылоо системасы иштелүүдө, — деди Надира Жусупбекова.

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар менен камтууну жогорулатуу үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Келечек үчүн билим» жана «Окутуунун негиздерин чыңдоо» долбоорлору ишке киргизилип, ага ылайык аймактарда 560 кыска мөөнөттүү бала бакчалар түзүлөт. Бул иш мектепке чейинки билим берүүнүн бардык формалары менен камтууну 55% жеткирет. Республиканы бала бакчалар менен камсыз кылуу үчүн, гендердик сезимталдыкты жана инклюзивдүүлүктү эске алуу менен окуу, дидактикалык, өнүктүрүүчү материалдар иштелип чыгууда.

Мектептеги билим берүү

Маалыматка ылайык, мектептердин саны 37ге көбөйүп, 2296дан 2333кө жетти. Ошол эле учурда мектеп окуучуларынын демографиялык саны дээрлик 50 миң балага өсүп, 1 миллион 407 миңди түзөт.

2022-2023-окуу жылынан баштап бардык республиканын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына мектеп жашындагы балдарды кабыл алуу автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырылып жатат.

Билим берүүнүн мазмунун жана билим берүү стандарттарын, окуу пландарын иштеп чыгууга болгон мамилени олуттуу өзгөртүүнүн үстүндө министрлик иштеп жаткандыктан, Мамлекеттик билим берүү стандарты, ошондой эле башталгыч мектептердин жаңы предметтик стандарттары иштелип чыкты. Ошондой эле, инфраструктура жана окуу материалдар жеткиликтүү болгондон кийин жакынкы жылдарда системаны 12 жылдык окууга өткөрүү мүмкүнчүлүгүн камтыйт.

— Жаңы стандартта, башталгыч класстарда бир сааттык натыйжасыз сабактардан алыстап, кыргыз, орус жана англис тилдерин өздөштүрүү үчүн деңгээлдүү ыкманы киргиздик. Эми мектептерде, кадрлар жетиштүү болсо, предметтер ар кайсы тилде окутула баштайт. Ошого жараша университеттердин алдында эки-үч тилде сүйлөгөн мугалимдерди даярдоо милдети турат. Медиасабаттуулук жана жашыл көндүмдөр ар кандай предметтер ичинде киргизилген. Башталгыч класстар үчүн мотивациялык баалоо киргизилди. «Кыргыз жараны» деңгээлиндеги «Өзүн-өзү таануу» сыяктуу компетенттүүлүк камтылган, — деди министрдин орун басары.

12 жылдыкка  өтүүнүн Жол картасы бекитилди

Министрликтин 2022-жылдын 29-апрелиндеги буйругуна ылайык 12 жылдык билим берүү мөөнөтүнө өткөрүү боюнча Жол картасы бекитилген. Аталган буйруктун алкагында жакынкы арада аткарылчу иштер пландаштырылды. Алар: 1-5-класстардын предметтик стандарттарынын 12 жылдык окутуу форматында даярдоо; балдарды мектепке даярдоо боюнча документтерди толук анализдеп, ченемдик укуктук документтердин (санитардык–эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер, стандарт ж.б.) пакетин даярдоо; 12 жылдык окутууну этап этабы менен киргизүү үчүн инфраструктураны (имараттар, класс-кабинеттер, материалдык жана техникалык камсыздыгы ж.б.) анализдөө; 12 жылдык окутууда колдонулуучу окуу китептерин басып чыгаруудагы жол-жоболордун аткаруу мөөнөттөрүн карап чыгуу; жогорку 11-12-класстардын окуучуларын үч-алты айлык программалар менен кесипке даярдоочу максатында өндүрүштүк окутууну камсыздоону көп талап кылбаган кесиптердин жана алардын программаларын тандоо.

“Электрондук китепкана” платформасы түзүлдү

Билим берүү уюмдарын окуу китептери менен кошумча камсыз кылуу максатында «Электрондук китепкана» платформасы (https://kitep.edu.gov.kg/kg) түзүлүп, анда кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдериндеги 538 окуу китептеринин электрондук көчүрмөлөрү жайгаштырылган.

2021-2022-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 329300 нуска окуу китептери басылып чыгарылып жана жеткирилген (предметтер: «Физика» 7-класс, «Химия» 8-класс, «Кыргыз адабияты» 5-6-класстар, «Орус тили» 5-6-класстар, «Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы» 5-класс, «Биология» 6-класс, «Орус адабияты» 5-6-класстар үчүн).

Көрүүсү начар балдар үчүн дээрлик үч миллион сомдук 2320 даана китеп чыгарылып, жеткирилди («Геометрия 10-11-класстар үчүн; «Орус адабияты» 5-11-класстар үчүн).

БИМ тиешелүү буйругуна ылайык, мындан ары шаардык/райондук билим берүү бөлүмдөрү /башкармалыктары мектептерден келген расмий кайрылуулардын негизинде окуу китептерин сатып алышат. Бул мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуунун деңгээлин жогорулатууга жардам берет.

PISA-2025 даярдык

— Окуу пландарын далилдүү оңдоо максатында, 15 жаштагы окуучуларды “PISA -2025” эл аралык изилдөөгө катышууга даярданып жатабыз. PISA тесттери буга чейин эле жогорку класстын окуучулары үчүн табигый-илимий предметтер жана математика боюнча иштелип чыккан жана ылайыкташтырылган. Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун көзөмөлдөө жана улуттук инструменттерди түзүү максатында, тестирлөө Чүй облусунун Сокулук районундагы 33 мектептен жана Бишкек шаарындагы 20 мектептен 2713 5-класстын окуучусуна, 2460 6-класстын окуучусуна өткөрүлдү, — деди Надира Сынташевна.

Кошумча, инклюзивдүү билим берүү жана спорт

Балдарды илимий-изилдөө иштерине кызыктыруу максатында, АӨБ Долбоорунун үнөмдөлгөн каражаттарына республиканын жети облусунда «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалдары техникалык каражаттар менен жабдылды (окуу эмеректери, техникалык моделдөө үчүн машиналар жана шаймандар, компьютерлер, 3D принтерлер, видеопроекторлор жана экрандар, ошондой эле робототехника класстары үчүн LEGO конструкторлору).

Кыргызстанда инклюзивдик билим берүүгө көңүл буруу күчөтүлдү.

— Республиканын 20 мектебинин башталгыч класстарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 54 окуучуга пилоттук колдоо көрсөтүүнү киргизүү болуп саналат, бул балдарга кадимки мектеп шарттарында өздөрүн коопсуз жана ыңгайлуураак сезүүгө мүмкүндүк берет. Жакынкы арада Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Краснореченск көмөкчү мектеп-интернатынын базасында тиешелүү Ресурстук борборду, ошондой эле И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Борборду ачып жатабыз, — деди ал. — Спорт — инсандын гармониялуу өнүгүшүнүн зарыл компоненттеринин бири эмеспи. Ал эми «Мектеп лигасы» спорт долбоорун ишке ашыруу менен биз сыймыктанабыз, анын алкагында спорттун үч түрү боюнча 1778 – мектеп командалары түзүлдү (анын ичинде 554 — футбол, 960 — волейбол жана 264 — баскетбол командалары). Биринчи орунду алган командага 500 миң сомдук сертификат ыйгарылды. Экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген командалар 200 жана 100 миң сомдук сертификаттарга ээ болушту.

Билим берүү тармагынын жүрөгү – жогорку квалификациялуу мугалим

Билим берүү жана илим министрлигинин милдети –  ыйык  кесипти кадыр-барктуу, урматтуу, эң көп талап кылынган жана жогорку акы төлөнүүчү кесиптердин бирине айландыруу экенине басым жасалды.

Өлкө жетекчилигинин колдоосу менен биринчи жарым жылдыкта мугалимдердин айлыгы 80% көтөрүлүп, ошол эле учурда, табият-математикалык предметтер боюнча мектеп мугалимдеринин эмгегин стимулдаштыруу максатында, алар башкаларга салыштырмалуу 20% көбүрөөк алышат. Оптималдуу максималдуу жүктөм 27 саатты (же бир жарым ставка) түзгөн эмгек акынын тарифтик системасы түзүлдү. Ошондой эле, мугалимдерге республикалык жана эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин даярдоо үчүн олуттуу кошумча төлөмдөр каралган (эл аралык олимпиадалар үчүн 100 миң сомдон 500 миң сомго чейин бир жолку кошумча төлөмдөр жана 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин ай сайын кошумча акылар).

Категорияларды берүү калыбына келтирилди

Педагогикалык кызматкерлерге категорияларды берүү калыбына келтирилип,  ага ылайык квалификациялык категория үчүн кошумча төлөмдөрдүн өлчөмү 1000, 1500 жана 2000 сомдон 2000, 3000 жана 5000 сомго чейин көбөйтүлдү. Андыктан мугалимдерди аттестациялоонун тартиби жөнүндө жаңы Жобо иштелип чыгып, КР Министрлер Кабинетинин жыйынында каралды. Эми бул адам факторун жок кылган автоматташтырылган процесс экени талашсыз. Мугалимдерди аттестациялоонун жыйынтыгында «Экинчи категориядагы мугалим», «Биринчи категориядагы мугалим», «Жогорку категориядагы мугалим» категориялары ыйгарылат.

Мугалимдик кесипке шыктандыруу

Жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү мугалимдик кесипке шыктандыруу максатында, мыкты окугандарга 1-курста 1000 сомдон, 2-курста 2000 сомдон, 3-курста 3000 сомдон жана 4-курста – 4000 сомдон төлөп берүү боюнча министрликтин идеясын Министрлер Кабинети бир добуштан колдоду.

2022-2023-окуу жылга педагогикалык багыттарга 1918 гранттык орун бөлүнгөн. Педагогикалык багыттар боюнча  гранттык негизде кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги тестинин босого баллы – 115 балл болуп бекитилген (мындан башка багыттарга – 110 балл) болчу.

Ошентип, 2022-2023-окуу жылында педагогикалык багыттар боюнча окууга кабыл алынган студенттердин жалпы саны 5138 студентти түзүп, 2021-2022-окуу жылына салыштырмалуу 22% көп экени анык болду.  Ошол эле учурда педагогикалык адистиктерге тапшыргандардын жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги тестинин максималдуу упайы 219 балл деңгээлинде, орточо балл 180 баллга жакын экендигин белгилей кетүү керек.

Канча мугалим жетишпейт?

2022-жылдын сентябрына карата республиканын мектептеринде 839 мугалим жетишсиз (Баткен облусунда – 113, Чүй облусунда – 253, Бишкек шаарында – 235, Ысык-Көл облусунда – 41, Таласта – 30, Жалал-Абадда – 69, Ош шаары — 23, Ош облусу — 65, Нарын -10). Бул 2021-жылга салыштырмалуу 3,3 эсеге аз.

Жетекчилерди тандоо сынагы

— Эми райондук, шаардык бөлүмдөрдүн, билим берүү башкармалыктардын жетекчилерин системалуу түрдө баалайбыз. Иш-чараларды пландаштыруу жана мониторинг жүргүзүү, аймактагы билим берүүнүн сапаты, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү жана санариптештирүү боюнча 13 көрсөткүчкө негизделген биринчи рейтинг, биз тараптан 2022-жылдын февраль айында коомго ачык жарыяланган. Азыркы учурда модернизациялоонун фазасы — билим берүү уюмдарын башкаруучу адамдардын кесипкөй командасын түзүү болуп саналат, — деди Н.Жусупбекова.

Кыргызстанда биринчи жолу мектеп директорлорун сынактык тандоо процесси толук компьютердик технологиянын негизинде, натыйжасын тез чыгаруу менен уюштурулду. Бул директорлордун ишин жана алардын ондогон жылдарга созулган коррупциялык схемаларын сынга алуу маселесин чечүүгө мүмкүндүк берди. Ал эми бул иш, билим берүүнүн башка баскычтарында да уланаары баса белгиленди.

Мектептерди керектүү компьютердик техника менен камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында, республиканын 1200 мектеби тандалып алынып, 2022-жылдын аягына чейин 24168 компьютер менен камсыздалат.

Баштапкы кесиптик билим берүү

Министрдин орун басары Расул Абазбек уулунун айтымында, баштапкы кесиптик билим берүү тармагында — лицейлердин 11% өнөктөштөрдүн өндүрүштүк базаларын пайдалануу менен окуучуларды дуалдык окутуп жатышат. Мисалы, «Легпром», коомдук тамактануу ишканаларынын жана сулуулук өнөр жай ишканаларынын Ассоциациялары.

— Формалдуу, формалдуу эмес жана информалдуу окутуу, көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо Борборун түзүү башталды. Бул миңдеген адамдарга формалдуу эмес түрдө алган кесиптик тажрыйбасын ырастоого жана тийиштүү билим берүү документтерин алууга мүмкүндүк берүүчү өтө маанилүү социалдык-экономикалык демилге. Алар эмгек рыногуна, анын ичинде чет өлкөгө расмий түрдө чыга алышат. Жарандар, баштапкы кесиптик билим берүүнүн жети багыты боюнча онлайн түрдө арыз бере алышат. Биринчи жолу 92 кесиптик лицейде жалпы предметтердин мамлекеттик бүтүрүү экзамендери онлайн байкоо режиминде өткөрүлдү. Окутуунун нормативдик мөөнөттөрү да үч жылдан эки жылга кыскарып, жаштардын эмгек рыногуна эртерээк киришине шарт түзүлөт, — деди ал.

Кесиптик лицейлерге абитуриенттерди онлайн кабыл алуунун автоматташтырылган программасы иштелип чыкты.

Онлайн кабыл алуу колледждерде жана университеттерде туруктуу иштейт. Отчеттук мезгилде, нормативдик актылар иштелип чыккан жана кабыл алынган, аларга ылайык ЖРТ жана кабыл алуу жылына эки жолу — жайкы жана кышкы мезгилдеринде жүргүзүлөт. Ошондой эле, окууга чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу жана кабыл алуу үчүн автоматташтырылган маалымат системасы иштелип чыкты (www.edugate.edu.gov.kg).

Жалпысынан алганда, министрликтин артыкчылыктуу багыты – адам факторунун таасирин жалпысынан жок кылуу.

— Коррупциялык тобокелчиликтерди кыскартуу максатында пилоттук режимде «Лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган система» (АСУЛА) маалыматтык системасы иштеп жатат asula.edu.gov.kg. 2022-жылдын 7-октябрында Министрлер Кабинетинин чечими менен “Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” Өкмөттүн 2018-жылдын 23-июлундагы токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун долбоору жактырылган. Мамлекеттин алдында балдарды мектеп жана мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис милдет турганын эске алып, токтом менен жогоруда аталган программаларды лицензиялоонун жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү, атап айтканда, ижара мөөнөтүн үч жылдан экиге чейин кыскартуу бекитилди. Жогорудагы өзгөртүү, арыз берүүчүгө кадастрдык органдарда, ижара келишимин каттоо процедурасынан өтпөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары штаттык педагогикалык кадрлардын болушунун ченемдери кыскартылды, — деди Р.Абазбек уулу.

ЖОЖдордун рейтинги

Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн жаңы стандарттары иштелип чыккан, аларда окуу жайлардын академиялык эркиндиги 90% түзөт жана 10% гана милдеттүү мамлекеттик компонент болуп саналат. Бул билим берүү системасы иш берүүчүлөрдүн муктаждыктарына ийкемдүү жана тез жооп бериши үчүн жасалууда.

Бир нече жылдан бери ЖОЖ рейтинги түзүлүүдө, эми жаңы окуу жылынан баштап республикадагы колледждердин рейтингин ишке киргизүү пландаштырылган.

Жогорку окуу жайлары үчүн кадрларды даярдоонун инварианттуулугу боюнча, дүйнөлүк практиканы эске алуу менен жети багыт аныкталды, анын алкагында профилдердин түйүнүндө жаңы окуу жылынан баштап адистерди бир нече квалификациясы менен даярдоо башталат. Мисалы, «Табигый-илимий билим берүү» багытынын алкагында «Информатика, физика жана математика мугалими» болот. Ал мектептерге STEM ыкмасын ишке ашырууга мүмкүндүк берет, бул жактан студенттер илимий ыкмаларды практикада кантип колдонууга болоорун түшүнө баштаган аралаш чөйрөнү билдирет.

Өлкө жетекчилигинин түздөн-түз колдоосу менен, өлкөдө жогорку квалификациялуу кадрдык потенциалды жогорулатуу максатында Президенттин Жарлыгы менен “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы уюштурулуп, эми жаны окуу жылынан баштап, мамлекет каржылык жактан дүйнөдөгү эң абройлуу университеттерде кадрларды даярдоону колдойт.

Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча тогуз абитуриент эл аралык стипендияга ээ болушту.

Стартап

2022-жылдын 1-сентябрында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн тартипте өткөн стартап борборлорун ачуу аземин өткөрдү.  Мамлекеттик жогорку окуу жайларда Бизнес-инкубаторлор ачылды.

Мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтүү долбоорлорду ишке ашырууга карата стартап долбоорлору конкурстардын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган стартаптарга акча формасында грант берилет (жалпысынан 100 миллион сомго чейин).

Өзгөчө статуска ээ окуу жайлар

Мындан тышкары, өлкөнүн беш университети, т.а. Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргыз агрардык академиясы, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Ош мамлекеттик университети кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны камсыз кылууну караган өзгөчө статуска ээ болушту. Алар инновациялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү илимий борборлорго айланмакчы. Илим тармагына 2022-жылы мамлекеттик буйрутманын (заказдын) алкагында, артыкчылыктуу — айыл чарба, медицина жана техникалык илимдерге 146 миллион 352 миң сом бөлүнгөн.

— Тандоодо өтүнмөлөрдү жана долбоорлорду баалоо онлайн режиминде жүргүзүлөт. Илимий ишмердүүлүктү децентралдаштыруу максатында, республиканын региондук университеттерине илимий ишмердүүлүктү тигил же бул аймактын экологиялык, инфраструктуралык жана антропогендик өзгөчөлүктөрү менен байланыштыруу тапшырылды. Ошондой эле биринчи жарым жылдыкта Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган илим жана илимий кызматтардын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды. Жылдын экинчи жарымында үч негизги багыт боюнча иштөөнү дагы улантабыз: билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, билим берүүнүн сапатын кепилдөө, билим берүү системасында натыйжалуу башкаруу жана каржылоо, — деди министрдин орун басары.

Кайсы идеялар ишке ашат?

Маалыматка ылайык, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө биринчи жолу республикалык бюджеттен төрт миллиард сом бөлүү пландаштырылууда. Бул деген жакынкы келечекте айтылган идеяларды ишке ашырганга мүмкүндүк берет. Алсак,  окуу-методикалык кабинеттердин штаттык санын көбөйтүү; формалдуу, формалдуу эмес жана информалдуу окутууну көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо Борборун ачуу; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга, мигранттардын балдарына мамлекеттик документ берүү менен билим ала тургандай «Электрондук мектепти» түзүү;  «Көп профилдүү түзөтүүчү жана өнүктүрүү педагогикасы борбору» долбоорун ишке ашыруу; «Ата-энелер мектебин түзүү»; бала бакчалардын, мектептердин, башталгыч жана орто кесиптик уюмдардын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстарды өткөрүү; «Санарип Билим» мамлекеттик мекемесин түзүү;  12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча Программаны ишке ашыруу (жаңы муундагы окуу китептерин басып чыгаруу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо, мектеп стандарттары, окуу комплекттери, мугалимдердин эмгек акысы, PISAга даярдоо); химия, биология жана физика кабинеттерин жабдуу;  чыгармачыл технологиялар борборун түзүү (Tumo билим берүү платформасын түзүү); орто мектептерде медициналык кабинеттерди түзүү жана жабдуу; мектептер үчүн электрондук окуу китептерин жана интерактивдүү доскаларды сатып алуу жана 25 кесиптик лицейдин устаканаларын жабдуу идеяларын ишке ашырганга жумшалмакчы.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер