БИЗГЕ КАНДАЙ САПАТТАГЫ МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУ КЕРЕК?

  • 14.07.2022
  • 0

Билим берүү министрлигинин мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо демилгесинен улам кыргыз коомунда мектеп жетекчилерине болгон талап болуп көрбөгөндөй жогорулады.

Сөз башында бир маанилүү аксиоманы белгилей кетели. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында бул маселе коомчулуктун талкуусуна биринчи жолу коюлуп жаткан жок. Буга чейин деле Билим берүү министрлигинин бир топ жетекчилери мектептердеги эсепсиз акча жыйноолор тууралуу коомчулуктун кайрылууларына жооп иретинде бир канча ирет мектеп директорлорун алмаштыруу, которуштуруу демилгелери менен чыгып келген. Тилекке каршы, ал демилгелердин баары Жогорку Кеңештин отурумдарынан ары узабады. Тескерисинче, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан бул көйгөйгө көңүл бурган министрлер көп учурда өз кызмат орду менен коштошкону кызык болчу. Билим берүү тармагындагы мындай кырдаал айрыкча, 2000-чи жылдан кийин, күчөгөнү маалым. Бул убак кыргыз коомунда коррупция тамыр жайып, гүлдөгөн доор эле…
Кудайдын кулагы сүйүнсүн, Садыр Жапаров башында турган жаңы бийлик мектеп маселесине өзгөчө көңүл бурду. Апрель айынан тартып мугалимдердин айлык маяналары эки-үч эселеп көбөйдү. Мектептерди санариптештирүү  аракеттери кынтыксыз жүрүүдө. Балдарды бала бакчага, мектепке кабыл алууда колдонула баштаган электрондук каттоо өз жемишин берип жатат. Ушундай жагымдуу шартта биздин коомдо мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо маселеси кайрадан көтөрүлүп отурат. Мен, билим берүү тармагында жазып жүргөн журналист катары, бул маселеге карата өз пикиримди билдирип коюуну туура көрдүм.
Коомдо бул көйгөй бир күндө жаралган жок. Өзүбүз бейкапар билим алган союз доорунда деле директорлордун иш билгиси, авторитары, аристократы бар болчу. А кездеги жетекчилердин көпчүлүгү жетекчиликтин авторитардык стилин карманышар эле. Директордун айтканы айткан, дегени деген доор болчу. 80-жылдар… Химия сабагын бизге мектеп директору окутчу. Директор эжейибиз чогулуштан башы чыкпай, көбүнчө химия сабагы болбой калчу. Анан бир күнү баштапкы аскердик даярдык мугалиминен, ал жаш агай болчу, мектеп директору тууралуу сурап калдык. Ошондо жаш агайыбыз: “Мектеп директору – бул мектептеги номур биринчи мугалим. Билими, маданияты, сабак өтүү методикасы жагынан ал баарына үлгү болууга тийиш” деп жооп берген болчу. Азыр ойлосом, эң туура айткан экен. Агайдын айтканы бүгүн да актуалдуу болуп турат. Анткени мен билген, сиз билген директорлордун басымдуу бөлүгү “мектептеги номур биринчи мугалим” милдетин унутуп коюшкандай. Көп жылдар бою биз мектеп директоруна окуу-тарбия ишин уюштуруучу, башкаруучу, чарбакер, менеджер катары карап келдик. Ушундан улам дүйнөлүк жана советтик педагогикада бул маселеге кандай карашканы кызык. Улуу орус педагогу К.Д.Ушинский мектеп директорун “Мектептеги башкы тарбиячы” деп атаса, советтик гуманист педагог В.А.Сухомлинский он жылдык мектептеги мугалимдик тажрыйбасынан соң, Павлыш орто мектебин жетектеп, К.Д. Ушинскийдин окуучуларды мугалимдер аркылуу тарбиялоо идеясын өз тажрыйбасында чыгармачылык менен өнүктүрдү.
Гуманист педагог өзүнүн “башкы тарбиячы” милдетин аткаруу балдар менен жандуу баарлашуусуз мүмкүн эмес деп эсептейт. Демек, мектеп директору бир гана мугалимдер жамааты менен түздөн-түз иш алып барбастан, окуучулар менен да тыгыз байланышта болуусу керек экен. Бизде болсо окуучулар менен тарбиялык иштерди алып барган мектеп директорлору өтө сейрек. Мектеп жетекчиси окуучу менен качан анын тарбиясында кандайдыр бир көйгөйлөр жаралганда гана жолукпаса, бул иштерди негизинен класс жетекчилер, соцпедагог же мектеп психологу жүргүзөт. Сөздүн ачыгын айтканда, бизде директорлор “балдардын деңгээлине чейин” (Януш Корчак) көтөрүлө албай жатат. В.А. Сухомлинский туура баамдагандай, “мугалимдин столу окуучунун жан дүйнөсүн түшүнүүгө тоскоол болгондой, директорлук орун да мектеп жетекчисине балдардын ой пикирлерин, кызыгууларын, суроо-талаптарын билүүгө кедерги болуп келет. Ошондон улам бизде окуучу балдардын сүйүүсүнө, текши урмат-сыйына арзыган мектеп директорлору аз. Көпчүлүк мектеп директорлору мектептеги мугалимдер, окуучулар жамааттарын буйрук аркылуу башкарууга көнүп калышкан. Авторитардык мамиленин албетте аягы, жыйынтыгы жакшы болбойт. Ушундан улам мектептерде окуучулар ортосунда гумандуу мамилелерди кой, мугалимдер арасында да сый-урмат мамилелер азайып баратат. Мектепти демократиялаштыруу, гумандаштыруу маселеси “мугалим-окуу бөлүмүнүн башчысы”, “мугалим-директор”, “мугалим-мугалим” мамилелеринин гумандаштыруусуз мүмкүн эмес. Мектепте иштеген баардык мугалимдер, ээлеген кызмат ордуна карабай бир максатка умтулбаса, тарбия ишинде бири-бирине “дос”, “пикирлеш”, “талапташ”, “кызматташ” болбосо, анда окуу-тарбия ишинен майнаптуу жыйынтыктарды күтө албайбыз. Азырынча биздеги мектептерде жогорудагыдай мамилелер чанда жолугат.
Журналист катары дагы бир байкаганымды айта кетейин. Азыр шаардагы кайсы мектепке кирбе, мектеп жетекчиси “Видеокөзөмөлчү” милдетин аткарып калганына күбө болосуң. Мектепте тартип маселеси биринчи орунда экенин айттырбай сезсе болот. “Бизде телефон колдонууга болбойт!”, “Танапис учурунда коридордо чуркоого болбойт!”, “Кыйкырууга болбойт!” – дейт директор. Бул окуучу үчүн ойлоп табылган чектөөлөрдүн чекеси гана! Ушинтип жатып алар балдар болбосо, мектеп болбошун, мектеп болбосо, мугалимдик кесип болбошун эсинен чыгарып салышат өңдүү. Эгерде унутпаганда мектеп баланыкы экенин, мектептин кожоюну бала экенин билишмек…
Улуу устат мугалим, экспериментатор директор Гапыр Мадаминовдун Арка айылындагы мектебинде болгонумда көп нерсеге таң калгам. Бизди мектептин ийгиликтери менен директор же мугалимдер эмес, жогорку класстын окуучулары тааныштырды. Берилген маалыматтын кыска-нускалыгына, биз үчүн пайдалуу жагына, ошондой эле кыргыз, орус, англис тилинде баяндап жаткан окуучунун сүйлөө дикциясына таң калып угуп жаттык. Баяндоочулар мектептеги АЭМ жана Энелер мектеби табылгаларынын окуучулардын окуудагы жетишкендиктерине кошкон салымын айкын мисалдар менен көрсөтүп беришти. Эң башкысы, окуучулар мектеп жетишкендиктерине мугалимдерден кем эмес кызыгышарын билдик. Ар бир окуучу менен Гапыр агайдын ортосунда бизге байкалбаган, бирок таалим-тарбия ишинде маанилүү делген руханий байланыш бардыгын сездик. Гапыр агайдын мектеп мугалимдери менен мамилеси өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Ал ар бир мугалимге ушунчалык жөнөкөй мамиле кыларын байкадым. Ошол эле учурда устат ар бир мугалимге АЭМди окутуу процессинде чыгармачылык менен колдонуусуна дем берет. Кээде өзү да кеңеш сурайт. Бирок устат мугалим көпчүлүк директорлордой “Видеокөзөмөлчү” эмес. Ал көп убактысын иш бөлмөсүндө өткөрөт. Түнү бою китеп окуп чыккан күндөрү болгонун өзү да айтып калат. Ал эми агайды ушундай бийиктикке көтөргөн мындагы китептердин санына эсеп жетпейт! Коменский, Дистервег, Песталоцци, Ушинский, Макаренко, Сухомлинский, Амонашвили… Толгон-токой энциклопедиялар, сөздүктөр, маалымдамалар…
Гапыр агайдан улам бир ой келди. Мектеп директорлору тынымсыз китеп окуп турууга тийиш деп жарыя кылып койсок. Китепке жакын жетекчи мугалимдерге өрнөк болсо, мугалимдер бул жагынан окуучуларга үлгү боло алышмак. Ал эми китеп окуган жерде ар убак алдыга жылуу, изденүү, жаңыны жаратуу көбүрөөк учурайт. Китеп – жаңы ойлордун башаты.
Сөзүмдүн аягында, жогоруда айтылгандарды жыйынтыктап койсок дейм. Демек, бизге өзүнүн “башкы тарбиячы” вазийпасын жакшы билген, балалыгын унутпаган, окуучулардын жан дүйнөсүнө жол таба алган, билимдүү, терең маданияттуу, адилеттүү, калыс, жаратман директор керек.

А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер