БИЗДИН МЕКТЕПТЕРДИ КАНТИП ӨНҮКТҮРӨБҮЗ?

  • 11.11.2021
  • 0

Коомубузда болуп жаткан чоң көйгөйлөр (оору-сыркоо, сабатсыздык, жетишсиздик) баары айланып келип билим берүү тармагына келип такалат. Биздин мектептерди жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн бир-эки сунушумду ортого салгым келет.

Ички ресурсту колдонолу

Кесипкөй мугалимдердин жетишсиздиги, окутуу материалдарынын аздыгы биздин билим берүү тармагын өксүттү.

Бүгүнкүдөй шартта бул маселени чечүүнүн бир жолу катары өзүбүздөгү болгон ресурсту колдонолу деп сунуш кылам. Биз мугалимдерди үч муунга бөлүп карасак болот. Улуу муун, орто муун жана кичүү муун. Улуу муундун тажрыйбасы көп, орто муундуку дагы топтолуп калды, ал эми кичүү муундун тажрыйбасы аз, бирок жаңыча көз карашы бар. Бул үч муундун бири-бири менен тыгыз иш алып баруусу өтө маанилүү. Айрыкча азыркы биздин кырдаалда.

Биз дайыма бирөөлөр алыстан келип жаңы нерселерди үйрөтөт деп күтүп калганбыз. Бирок өзүбүздүн эле жакын жайгашкан мектептердин тажрыйбасын үйрөнсөк да болот эмеспи. Жакын жайгашкан мектептердин предметчи мугалимдери ай сайын же жарым айда бир жолудан чогулушуп семинар өткөрүшөт. Мисалы, математик мугалимдер ар башка мектептерден келишет. Алар өз ара сүйлөшүп, бирөө бир темага бет ачар жасайт. Калгандары ал теманы талкуулап, керектүү маалыматтарды, жаңы материалдарды алмашат. Ар бир семинарга даярданып жатып, биринчи кезекте бет ачар даярдагандар өздөрү өсөт.

Кичүү муундагылар улуулардан көптү үйрөнүп, өз сабактарында колдонот. Улуу муун кичүүлөрдөн маалымат технологияларын колдонуу жолдорун үйрөнөт. Жаштар менен улуулардын иштешүүсүнөн эки жак тең пайда көрөт.

Баарыбыз билгендей, жыл өткөн сайын билимдер улам жаңыланып келет. Ага жараша методиканы да өркүндөтүп туруу зарыл. Жашоодо алга илгерилебесек, артка кетебиз.

Долбоор аркылуу биргеликте иш алып барганда да ар бир предметтин мугалимдери жаңы маалыматтар менен камсыз боло алат. Биринен бири тажрыйба алышат жана улуу муундан кичүү муун сабак алып, ыкмаларды үйрөнүшөт. Окутуу методикаларды иштеп чыгышат, идеяларды жаңыча көз караштарды колдонот. Мугалимдердин окутуу деңгээли ар тараптан өсөт жана окуучунун билим сапаты жогорулайт.

Сырттагы ресурсту да унутпайлы

Дүйнөлүк стандартта окутуу жана билим алуу алда канча жогору экенин баалап келээрибиз белгилүү. Азыркы учурда биз үчүн дүйнө ачык, бул жагынан көп мүмкүнчүлүктөр бар. Дүйнөлүк масштабда ой жүгүртүп, аларды ишке ашыруу биздин да колубуздан келет. Биз билгендей, канчалаган жарандарыбыз билим алып чет өлкөлөрдө окуп, иштеп, алды университеттерде профессор, доктор же чоң-чоң компаниялардын, уюмдардын биринде кесипкөй адис болуп эмгектенип жүрүшөт. Алар биз үчүн даяр кадрлар деп айтсак болот.

Кесипкөй кадрлардын айрымдары мекенине келип иштеп атса, айрымдары башка өлкөлөрдө иштеп тажрыйба топтоп жүрүшөт. Алыстан болсо да биздеги билим берүүнүн өнүгүшүнө салым кошуп, жардамын аябай келишет. Мисалы, өзүбүз Германиядан түптөгөн Kyrgyz Network академиялык уюмубуз аркылуу жүргүзүп жаткан иш-чараларыбызды айтсак болот. Германиянын ар кайсы шаарларында 10 – 20 жыл мурда кеткен мекендештерибиз билим-билимге багытталган конференцияларда биздин мекендештерибизди бир аянтчага топтоп, Кыргызстандын өнүгүүсүнө багытталган ар кандай темаларда сунуштарды жана долбоорлорду талкуулап келет.

Дүйнөнүн ар тарабында биздин жарандарыбыз университеттерде, мектептерде илим изилдөөчү жайларда иштешет. Алар чет өлкөлөрдүн тажрыйбасындагы өзгөчөлүктөрдү жакшы билип, практика жүзүндө өздөштүрүп жатышат. Бул баа жеткис дөөлөт, биздин билим берүүнү өнүктүрүүгө зор мүмкүнчүлүк!

Аталган уюмубуздун маалымат базасына чет жерде окуп иштеп жүргөн жердештерибиздин байланыш даректери киргизилген. Ким кайсы өлкөдө, кайсы адистик боюнча окуп же иштеп жатканын толук билип турабыз.

Биз алыстан эле көз салуу менен чектелбестен, мекенибизге келип, “Билим – Бийиктик” деген чакан долбоорубуз менен региондорду кыдырып, окуучуларга мугалимдерге пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүп кетебиз. Барганда ар бир мектептин байланыш дарегин биздин базага кошобуз, биздеги жана чет өлкөлөрдөгү башка мектептер, уюмдар менен алака кылуусуна көмөктөшөбүз. Албетте, жакшы иштешүү үчүн ар бир мектепте проектор, компьютер ж.б. каражаттар, туруктуу Интернет ж. б. болушу зарыл.

Биздин мугалимдер башкалар менен тартынбай таанышып, баарлашып турса, дүйнөлүк деңгээлдеги табылгаларды өздөштүрө алышат. Жаңы билимдер алдыга жылганга өбөлгө түзөт.

Жогоруда айтылган ички жана тышкы ресурстарды туура пайдаланып, эриш-аркак иштешсек гана жакшы натыйжа болору бышык. Албетте, буга талыкпаган эмгек, мээнет жана колдоо керек.

Канжарбек Алдашов

БИЗДИН МЕКТЕПТЕРДИ КАНТИП ӨНҮКТҮРӨБҮЗ?

Канжарбек Алдашов, Германиянын Манхайм шаарындагы университеттин магистратура бүтүрүүчүсү

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер