БИШКЕКТЕ БАЛА БАКЧАЛАР КАЧАН КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨЙТ?

  • 14.07.2021
  • 0

Атайулуухан — «Уулумдун атын Жүз койдум» өңдүү мекенчил саптардын автору, белгилүү жазуучу жана агартуучу Шайык Жамансариевдин чебереси. Ал быйыл шаардагы орус тилдүү мектептин биринчи классын аяктады.

Нукура кыргыз жыттанган ысымы бар баланын апасы Нурия Жамансариева да борборубуздагы орус тилдүү мектептен билим алыптыр.
Ошон үчүнбү, айтор, уулунун эне тилинде билим алышын каалаганын айтат.

— Кыргыз болгондон кийин баланын өз тилинде билим алганы туура деп эсептейм. Бирок тилегибиз ишке ашпады. Былтыр уулумду №5 мектепке алып бардым. «Кыргызча билбейт экен, тесттен өтөсүңөр!» дешти. Ошентип эне тилинде окубай калдык, — дейт Нурия Эрмековна.

Баса, Атайулуухандын апасы Нурия Жамансариева өзү да билим берүү тармагында эмгектенет. Ал — шаардагы «Таберик» менчик бала бакчасынын жетекчиси.

— Биздин бакчанын бүтүрүүчүлөрү негизинен шаардагы №29, №17 орто мектептерге барып окуусун улантышат. Арасында №61 мектептен окуп калгандары да бар. Бакчабыз — орус тилдүү. Бир жагынан ата-энелер да «Балабыз орусча үйрөнсүн» деп келишет. Эгерде эне тилинде таалим берген мыкты тарбиячы болсо, токтоосуз эле кыргыз тайпасын ачмакмын, — дейт менчик бала бакчанын ээси.

Атайулуухандын окуясы мага катуу таасир этти. Эне тил маселесинде ушул отуз жыл аралыгында жетишерлик жылыш болбогону, албетте кимди болбосун, ойлондурбай койбойт. Өнүккөн өлкөлөрдө, ошол эле Батышта, Кытай менен Японияда баланын өз эне тилинде билим алуусуна ата-энелер да, жалпы коом менен бийлик башындагылар бирдей маани беришкени маалым.
Алардын пикиринде баланы куш деп элестетсек, анын оң канаты — эне тили, сол канаты — башка чет тилдери экен!
Эне тилин билген балдар узак жана бийик учат дешет!
Аалы Токомбаев, Касымалы Баялинов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Жоомарт Бөкөнбаев, Алыкул Осмонов, Сүйүнбай Эралиев, Темиркул Уметалиев, Кубанычбек Маликов, Төлөгөн Касымбеков, Байдылда Сарногоев, Турар Кожомбердиев, Жолон Мамытов, Тенти Адышева жана аты аталбаган ондогон, жүздөгөн акын-жазуучулар, ошол эле Атайулуухандын даңктуу чоң атасы Шайык Жамансариев эне тили аркылуу адабиятты бийиктете алышты. Өздөрү да таанылышты. Китеп жазып, улуттук маданиятты байытышты. Ары кетсек, улуу Айтматов да эне тилсиз дүйнөлүк классик жазуучуга айланмак эмес! Анткени Чыңгызды ошол бийиктикке англис тили эмес, жөпжөнөкөй эне тили көтөрдү. Бул тууралуу залкар жазуучу ар убак айтып келгенин жакшы билебиз.

Бирок, ошону билип туруп, көрүп туруп, кылым карыткан кыргыз тилин жээригенибиз жаман!

Эне тилин чангандардын аргументтерин угуп көрсөк, баары бири-бирине коёндой окшош:

«Азыр англис тилин билбесең, алыс баралбайсың!»;
«Биз айылда өсүп, орус тилин билбей калдык»;
«Орус тилин үйрөнүп алса, жок дегенде Москвада иштейт»;
«Кыргыз мектебинин методикасы начар, мугалимдери чабал»;
«Кыргызча бала бакча жок!»

Акыркы аргументтен улам, борборубузда эне тилинде тарбия берген канча бала бакча бар экенин билүү үчүн  Бишкек мэриясынынын Билим берүү башкармалыгынын маалымат катчысы Мээрим Халиалдаевага кайрылдым.

— Шаардык муниципалитетке караштуу 89 бала бакча бар. Жакында дагы бирөөсү ачылганы жатат. Ошондо бизде шаардык казынадан каржыланган 90 бала бакча болот, — деп жооп берди Мээрим Джомартовна.

Басма сөз жана коомчулук менен байланышты тескеген адистин маалыматына караганда шаардагы 89 бала бакчанын 17 — кыргыз тилинде, 12- орус, ал эми 60 бала бакча — аралаш тилде бөбөктөргө тарбия беришет.

— Орус тилдүү дегенибиз менен ал бакчаларда деле Мамлекеттик стандарттын негизинде кыргыз тили сабактары өтүлөт, — дейт маалымат катчы.

Менимче, маселенин төркүнү аралаш тилде таалим берген бала бакчалардагы кыргыз, орус тайпаларынын сандык жактан теңдигине барып такалат. Эгерде 60 аралаш тилдеги бакчада бирден-экиден эле кыргыз тайпалары болсо, анда бизде Атайулуухандын маселеси кайра-кайра жарала берет деп ойлойм.

Эми Билим берүү министрлигине караштуу шаардагы менчик бакчалардын «эне тилди жайылтууга кошкон салымына» азын-оолак токтолуп өтсөк. Алардын аталышы эле бир укмуш! …»Топотушки», «Умняшка», «Чудо детки», «Счастливые малыши», «Школьная академия», «Эрудит», «Я сам», «Гномик», «Почемучка», «Пеппи длинный чулок», «Антошка плюс», «Изюминка», «Гениальный малыш», «Давха малыш», «Дино», «Дом солнца», «Жемчужинка», «Зайка-знайка», «Лунтик», «Планета детства», «Звёздочка», «Карусель», «Кораблик», «Лучик», «Лесной домик», «Малыш и Карлсон» «Умничка», «Ариэл-Лиор», «Слонёнок», «Совёнок», «Созвездие», «Солнечный город», «Точка роста», «Чудо радуга», «Умка», «Непоседы», «Машенька», «Растишка», «Сальма», «Синяя птица», «Аистёнок», «Ангелочек», «Анвита», «Апельсинка», «Аришка», «Аюша», «Азбука», «Алфавит», «Волшебный город», «Волшебный замок», ‘Всёзнайка», «Мамонтёнок», «Крепыш», «Дадания», «Карамелька», «Подростайка», «Я росту», «Кораблик и Ко», «Пикколино»!

БИШКЕКТЕ БАЛА БАКЧАЛАР КАЧАН КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨЙТ?
Арасында жарымы англис, жарымы орус тилиндеги «Флиппер», «,Kinder», «Бэби лэнд», «,Tom$Jerry», «Hello kids», «Happy kid», «Архимед kids», «Bambini club», «Jip-Joly International preschool», «ABC центр», «Sunny kids», «Sunshine», «Junior park», «Junnior kids», «Indigo kids club», «Kinder city», «Kinderly», «Rainbow», «Secom kids» менчик билим берүү мекемелери бар.
«Укмуштуунун төөсү жорго» дегендей эле экенби? Эне тилинен алыс бул бакчаларда таалим алган наристелер кийин кыргыз мектебин издеп келет деп айтуу кыйын.
Билим берүү министрлигинин порталында бир гана «Аруузат» бала бакчасы «Эне тилинде таалим-тарбия берет» деп жазылыптыр. Калган менчик бакчалар «Алтын балалык», «Асылай», «Баластан», «Балдар ааламы», «Көгүчкөн», «Нур бала», «Наристе» деп кулакка жагымдуу угулганы менен, баарында таалим-тарбия иши кыргыз тилинде жүргүзүлбөгөнү өкүндүрөт. Бирок баарында Монтессори сыяктуу алдыңкы усулдарга таянып, заманбап билим, төрт маал ысык тамак берилери айтылат. Көбүндө логопед менен психологдун кызматы да каралган. Кызмат көрсөтүүсүнө жараша баасы да жогору.

БИШКЕКТЕ БАЛА БАКЧАЛАР КАЧАН КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨЙТ?
Макаланы даярдап жатып, мен менчик бакчалардын айрым жетекчилери менен да пикир алышууга жетиштим.
Бишкектин үстү жагындагы «Көк-Жар» айылында жайгашкан «Умничка» менчик бала бакчасынын ачылганына алты жыл толуптур.
— Биз Орусия программасы менен иштейбиз. Ошон үчүн кыргыз тайпалар жок, — дейт бакча ээси Нургүл Самудиновна.

Билингвалдык системадагы «Ак берекем» бала бакчасы да алты жылдан бери иштеп жатыптыр. Мында бөбөктөр эрте менен орус тилинде, түштөн кийин кыргыз тилинде сүйлөшөт. Эл аралык тил катары англис тили да окутулат дешти.

— Жапжаш, түшүнүктүү ата-энелер кайрылышат. Анан каалганы аттаганда эле: «Сизде орус тарбиячы барбы?» деп сурашат. Силердей эле билимдүү, иш десе, ишке тойбогон, орусча, англисче сүйлөй билген кыргыз тарбиячыларым бар дейм, — дейт Диля Жоробаевна.

Өңчөй кыргыздар жашаган «Рухий-Мурас» конушундагы «Нур» бала бакчасы да орус тилинде билим берет.

— Кыргыз эле балдар үйүнөн орусча сүйлөп келишет. Бул жерде көп нерсе ата-энеге көз каранды, — дейт бакча жетекчиси Гүлгакы Атаева.

Мен ушул акыркы пикирге кошулгум келет. Анткени баласы кайсы бакчага же мектепте барарын ата-эне чечет эмеспи.

— Уулубузга биз кыргыз мектебин тандап, туура кылган экенбиз. Орус тилин күнүмдүк турмуштан эле үйрөнүп алды. Тарбиясы да жакшы, — дейт англис тили боюнча «Билимкана» уюштурган республикалык сынактын жеңүүчүсү Кудурет Апсаматовдун апасы.

Ак-Өргө конушундагы №84 Жалил Садыков атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Кудурет Апсаматов улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн эл аралык көркөм окуу сынагында да коло медалдын ээси болгонун кошумчалай кетели.
Демек, ким өз эне тилинде билим алса, анда аны алдыда жалаң ийгиликтер күтүп турат экен!
Эне тили менен бийиктегиле!

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер