БИШКЕК ЖЕ ПИШБЕК БААТЫРДЫН ЖАШАГАН ДООРУ ТАКТАЛДЫ

  • 04.11.2021
  • 0

2021-жылдын жазы тарыхчылар үчүн жаңы табылгалар менен толукталды. Бул илимий-санжыралуу чыгарма жалпы коомчулуктун кызыгуусун туудурары шексиз. Сөз чыгаан тарыхчы, профессор Дөөлөт Сапаралиевдин «Бишкек жана Пишбек баатыр: тарыхый даректер менен уламыштар. Тарыхый изилдөө» (Б.: Maxprint,- 2021) аттуу монографиясы жөнүндө болуп жатат.

Тарыхый инсандардын, жер-суунун, фольклордук чыгармалардын, санжыралардын аттарын жана мазмундарын так өзүндөй кылып сактап калуу жана муундан-муунга өткөзүп берүү моюнубуздагы милдетибиз. Так ушул таризден алып караганда Д.Сапаралиевдин эмгеги баа жеткис барктуу жана салмактуу.

1980-жылдары СССР империясынын чөлкөмүндө улуттук-боштондук кыймылы жаңыча көтөрүлө баштаган. Буга 1985-жылдан баштап, ЦК КПСС Генералдык секретары, М.Горбачевдун 1990-жылы СССРдин биринчи жана акыркы Президенти) кайра куруу, сөз эркиндиги жана акыйкаттык идеологиясы чоң түрткү болгон.

Мына ошол заманда кыргыз тилин мамлекеттик тилге айландыруу, анын көрөңгөсүн сактап калуу, жат тилдердин таасиринен коргоо, кийинки жүз жылдын ичинде калыптанып калган адабий тилибизди андан ары өнүктүрүү (1989-жыл) саясий жактан курч жана инсандык жактан опурталдуу маселе болуп коюлду, анткени, метрополия мындай суроо-талап койгондорду «улутчулдар”, “бөлүнгүчтөр”(сепаратисттер), “космополиттер” деп жекирип турду. Биз бир мамлекеттин ичинде туруп эле улутубузду сактап калалык деген оюбуз эске алынган жок. Буга кошул-ташыл болуп, айыл-кыштактарга тарыхый аттарын кайтарып берүү, кыргыздын эл кызматына жараган чыгаан инсандарын бай, кедей, манап, кулак, эл душманы деп жик-жикке бөлбөй өз орду менен сактап калуу, коммунисттик идеологияга кызмат кылуу үчүн бурмаланган маданиятыбызды, (мисалы, дин, салт, той ж.б.) калыбына келтирүү процесси ийгиликтүү жүрө баштады.

Ошол жылдары борбор калаабыздын атын өзгөртүү маселеси чоң талкууга айланган. Бири Фрунзени калтырабыз десе, бири Пишпек кылабыз деп, дагы бири Манас деп атайлы, ал түгүл дайыны жок экзотикалык аттарды сунуш кылууга да жетишишкен. Аягында, Пишпек аталышы Бишкек сөзүнүн орустар тарабынан бузулуп айтылышы жана жазылышы деген ой басымдуулук кылып, 1991-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (легендарлуу парламент) өлкөбүздүн борбору Бишкек деп аталсын деген чечимин кабыл алган.

Көрсө, Россия империясынын (XIX к.) саякатчылары, изилдөөчүлөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул жерде Пишбек баатырдын коргону, темир устаканасы (Кузнечная крепость) болгон, ошон үчүн Пишпек деп аталып калган деп туура эле жазышкан экен. Бул маалыматтарды Россия администрациясынын архивдик материалдарына таянып, Д.Сапаралиев коомчулуктун колуна тапшырды. Бул карандай чындык. Эч кандай өз уруусун, өз ата-бабаларын, өз туугандарын жасалма даңазалоо жок. Айтмакчы, эл кызматына жараган инсандар болсо эмне үчүн даңазалоого болбосун.

Жыйынтыгында, ордо калаанын чок ортосунда Бишкек баатырдын айкели орнотулду. Бул жерде үч суроо тактоону жана талкууну талап кылат.

Биринчиси, Пишбек баатырдын жашаган доору. Аны китептин автору болжол менен 1758-1838/45 жылдарга такайт. Айтарыбыз, 1825-жылы Кокон хандыгы тарабынан
Пишпек чеби курулгандыгы маалым. Андай болсо, коргон Пишбек баатырдын көзү тирүүсүндө чепке айланып, өзү Кокон ханынын сардарына баш ийип берген деген жыйынтык чыгат. Бул окуяны окумуштуу эмнегедир көз жаздымында калтырат. Ошондой эле, “илимде таанылып, кеңири колдонулган ыкма боюнча ар бир муундун жаш аралыгы 25 жылга барабар деген бүтүмгө ылайык”, автор ар бир муунга механикалык эсеп менен 25 жылдан кошот. Бул жалпы муундарга карата орто эсеп, ал эми жеке кишинин тагдырына келгенде бул эсеп тактоону талап кылат. Анткени, адам 60-70 жашында балалуу болушу боло келген көрүнүш. Мисалы, ошол эле Пишбек Кенендин токолунан төрөлөт. Ага чейин улуу аялынан Кемпирек, Темир деген уулдары болгондугу айтылат (мүмкүн, кыздары да бар чыгар). Анда, Пишбек туулганда Кенен өзү канча жашта болду экен?

Андан тышкары, автор В.Дублицкийдин 100 жыл мурун жазып алган маалыматына “жаңылыш берилген” деген бир беткей бүтүм чыгарат. Ага да ошол кездеги санжырачылар айтып берген да. Алар кандай айтса, ошондой жазып алган. Демек, айтуучулар да жаңылышы мүмкүн. Кийин, С.Абрамзон да ошол ыкманы колдонгон. Айрымасы, ошол айтып берген кишилердин аты-жөнүн өз эмгегинде жазып калтырган. Андан тышкары автор Н.Пантусов менен Белек Солтоноевдин калтырган кабарларын жокко чыгарууга аракет жасайт. Алардын айтымында, Бишкек баатыр Д.Сапаралиевдин эсебинен 100 жыл чамасында мурунураак жашаган. Бул дагы бир жолу тактоону талап кылуучу олуттуу айрыма.

Кыргыздарда бир баласын агасына же инисине тарбияга (же түбөлүккө) берип койгон учур демейдеги эле салттуу көрүнүш. Мүмкүн, Кенен дагы Пишбекти Белекке убактылуу же баш-оту менен берип койгон чыгар.

Экинчи маселе. Пишбек, Пишпек, Бишкек аталыштарына лингвистикалык жактан көз жүгүртүп көрөлү. Бул сөздөр эки муундан турат: Пиш+бек, Пиш+пек, Биш+кек. Эгерде, пиш сөзү фарси тилинен, бек сөзү кыргыз тилинен алынып, антропоним же топоним пайда болгон десек талаш жок, ынанымдуу. Айтмакчы, Д.Сапаралиев «пиш» сөзү фарси тилинен тоонун этеги же бактылуу деген маанилерди берерин мурунку эмгектеринде да айтып келген (караңыз: “da. Кыргызстан” журналы, 2007, 21-23 б.).

Кыргыз эли менен Иран калкынын (фарси, тажик, пуштун, тофалар ж.б.) алмустактан бери коңшу турарын, X-XI кылымдарда Чүй өрөөнү Карахан мамлекетинин карамагында жана Саманиддердин таасиринде болгонун эске алсак, анда Аламүдүн суусунун боюндагы жер (же чеп, же кербен-сарай) Пишбек же Пишпек болуп аталышы толук ыктымал жана фарси тилинин фонетикалык өзгөчөлүгүнө толук жооп берет. Бирок, азырынча бул пикирге тарыхый далил жок.

Демек, негизги сөз Бишкек аталышы жөнүндө. Бишкек – кымыз бышуу үчүн, айрандын, каймактын майын алуу үчүн колдонулуучу бышкыч курал. (Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү, 2011, 286-б.). Эл кеңири пайдаланган эмгек куралы «быш» деген сөздү түшүндүрөрү талаш туудурбайт. Ал эми сөз жасоочу -кек мүчөсү -как мүчөсүнүн фонетикалык варианты болуп саналат. Мисалы, алма+как (айтылышы: алмагак), опкок, көпкөк, өткөк, тепкек (комуздун тепкеги), бишкек, эркек. Кыргыз тилинин үндөштүк (сингармонизм) мыйзамы боюнча бышкек же бишкак болуп айтылбайт. Ошондуктан, бишкек формасы бүгүнкү күнгө чейин айтылып жана эмгек куралы катары колдонулуп келе жатат.

Арийне, бишкек сөзү пишбек же пишпек болуп аталып калышы мүмкүнбү? Мүмкүн. Кыргыз тилинде [п] тыбышы сөздүн ортосунда же аягында кеңири колдонулат, ал эми сөздүн башында көөнө кыргыз тилинде колдонулушу мыйзам ченемдүү эмес. Аталган тыбыш көбүнесе ошол эле фарси же араб тилдеринен кирген сөздөрдө колдонулуп келет. Мисалы: пахта, пияз, пияла, пайда, пенде, пикир ж.б. Менин жеке пикиримде [п] тыбышынын сөз башында колдонулуп калышы илгертен келе жаткан көнүмүш адат жана буга кошумча көрүнүш ошол Бишкек баатырдын жашаган дооруна туура келет.

“Кыргыз Гысар качканда, Казак кайың сааганда” элибиз Джуңгар баскынчыларынан (XVII-XVIII-к.) Каратегинге жана Фергана өрөөнүнө кире качканы тарыхый факт.Эл ичинде бул окуя “калмак кыргын” деген афоризм менен генетикалык код болуп сакталып калды. Ал жакта 100 жылдан ашуун туруп калган калк сөзсүз түрдө жергиликтүү элдин салтын, тилин үйрөнөт, кабыл алат, боюна сиңирет. 1740-60-жылдары калмактарды (джуңгарларды) сүрүп чыгып, өз жерине кайтып келген кыргыз бишкек сөзүн пишкек же пишпек деп айтып калуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Андан тышкары, Кокон хандыгы жоюлуп, кыргыздар Россия империясына баш ийип калганда адам ысымдары, жер-суу аталыштары араб тамгасынан кириллицага которулуп жазып аткан убакта Бишкек (Пишкек) Пишпек болуп жазылып калышы толук ыктымал. Муну тил илиминде аллитерация деп белгилешет. Жыйынтыгында айтарыбыз, биринчи айтылышы (же оригиналы) БИШКЕК – башкача болушу да мүмкүн эмес!

Ат коюу жөрөлгөсү боюнча учкай кеп. Кыргыздар көчмөн турмушта мал багуу аркылуу күн көргөндүктөн үй турмушуна эмне керек болсо ошону тилек кылып ат коё беришкен. Көпчүлүк убакта бул ырым катары да кызмат кылган. Мисалы: Койчуман, Жылкычы, Арстан, Теке, Кылыч, Камчы, Балта, Чот, Тезек, Очок, Отунчу, Коргол ж.б. Мына ушул багыттан алып карагандаБишкек ысымы эң жакшынакай эле аттардын бири. Жылкылуу болсун, кымыздуу болсун, элин бакканга жарасын деген тилек менен коюлган да. Ушул сыяктуу түпкү маданиятыбыздан далилдүү кабар берген аттарыбызды түбөлүккө сактап кала алсак, келечек муунга жакшы мурас калтыра алат элек.

Сөздүн кезегинде айтып коюучу дагы бир гипотеза. Кербендер же көчүп келе жаткан эл бир күндө 25-30 км. жол жүрөт. Анан кербен сарайга же суунун боюна токтоп, эс алып, түнөп, соода-сатык кылышат. Салыштырып көргүлө: Боомдон чыккан кербен же көч Кан жол (“кан жол” — мамлекеттик жол деген түшүнүктү берет, хандын көзөмөлүндө. Улуу Жибек жолу – котормо сөз айкашы. Кыргыздар антип айткан эмес – А.С.) менен келе жатат дейли. Жогоруда айтылган аралыкты эске алганда, кербен Токмокко токтоду. Ал жерде жыгачтан жасалган буюмдарды сатуучу устакана бар. Андан кийин Ысык-Ата. Жүргүнчүлөр мүрөктүн суусунан каниет алышты. Кийинки токтой турган жери Аламүдүн, Ала-Арча сууларынын бою. Жергиликтүү эл кымыз, сүт, айран, курут, жарма ж.б. тамактын түрлөрү менен соода кылышты. (Эмне үчүн ошол жердин же кербен-сарайдын аты Бишкек болуп аталбашы керек?). Андан соң Сокулукка токтошту. Соку деген данды жанча турган буюм. Демек, бул жерде арпа, буудай, таруу менен соода кылышат. Кийинки токтоочу жери Кара-Балта. Темир-тесек менен соодо кылышкан деп божомолдосок болобу? Анан Чалдыбар суусунун жээги. Чалдыбар ошол эле фарси тилинен эски-уску буюм-терим деп эле түшүндүрүлөт. Орусча: барахолка же толкучка. Айтайын деген ой: мурун эле Бишкек деген жердин аты бар болсо керек. Андай болгон күндө жердин атынан кишинин ысымын коюп коюу кыргыз элинин салтына толук жооп берет.

Үчүнчү маселе. Китепти элге тартуу кылуу аземинде (презентация) айрым саясатчылар жана демөөрчүлөр тарабынан ордо калаабызды Пишбек деп атабайлыбы деген сунуштарын да киргизишти. Кажети барбы? Биздин оюбузча, мындай олуттуу саясий маселени элден суроо керек.

А.Сыдыков,
филология илимдеринин доктору

 

Бөлүшүү

Комментарийлер