БИРИ-БИРИН ТОЛУКТАГАН ПЕДАГОГ ЖУБАЙЛАР ЭЛЕ

  • 16.06.2021
  • 0

Кемин районундагы Ак-Түз орто мектебинин директору Конуров Медетбек Аттокурович кечээ жакында жол кырсыгынан каза болгонун угуп, көңүлүм чөгө түштү. Аны былтыр Токмоктон бир китептин бетачарында көргөнүмдө, өмүрлүк жары, өзүнүн кесиптеши Айгүл Саякбаева бул жалган дүйнө менен кош айтышканын айтып: “Силер мугалимдердин гезити эмессиңерби, эжеңер узак жылдар ушул кесипте ак эмгек өтөдү эле, бир эскерүү жазып берейин” деди эле. Эми минтип өзү акка моюн сунган экен…

Мен бир жылдары Медетбек Аттокурович директор болуп иштеген Кемин районунун эң алыскы Ак-Түз деген ак кар, көк муз мекендеген тоо койнундагы мектепке барып, ал мектепте билим очогун өчүрбөй тутантып улап келаткан мугалимдер менен таанышып, алар жараткан ийгиликтери жөнүндө жазып кеттим эле. Ошондо бир туугандай болгон бир ууч эмгек жамааты биз менен бирге Кеминдин борборуна келишип, мугалимдер күнүнө карата мурдагы окуучулары майрамдатып чакырышканын айтышып, агынан жарылып кубанышканына күбө болгонум бар. Кайран кишилер, окуткан окуучуларынын көңүл бурганына көкүрөгү жарыла кубанганы, ошол нерседе бир чымчым болсо өздөрүнүн салымы бар экендигине эрдемсип турушканы алигүнчө көз алдымда. Көрсө, башкаларга билинбеген, байкалбаган бирөөнүн баласынын жасаган-эткенинин баары мугалимдердин жүрөгүнөн сызылып өтүп, ичтен сыздырганы да, маңдай жара толкундатканы да ошол өздөрү окуткан окуучулары болот турбайбы.

Коңуров Медетбек Аттокурович 1959-жылы Ак-Түз шаарчасында туулуп-өсүп, Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келген соң, борбордогу СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети) география факультетин аяктаган. Алгачкы эмгек жолу 1980-жылы Боролдойдогу жардамчы мектебинде дене тарбия мугалими болуп иштөөдөн башталган. Андан соң ошол эле айылдагы орто мектепте уюштуруучу окуу бөлүм башчысы болуп иштеп жүрүп, 2000-жылдын башында өзү туулуп-өскөн Ак-Түзгө которулуп, ал жердеги мектептин директору болуп узак жылдар иштеди. Ал ортодо “Кыргыз химия металлургиялык заводу” ААКсында кадрларды даярдоо инженери, гидротехникалык жабдуулар боюнча мастер болуп эмгектенген. 2013-жылдан баштап М.Тарыхбаев атындагы Жол-Булак орто мектебинин директору кызматын аркалады.

Тажрыйбалуу, билимдүү, уюштургуч, жоопкерчиликтүү жетекчи кайда болсо да бааланат турбайбы, анын агартуу тармагындагы ак дилден жасаган аракеттери эч качан көз жаздымда калган жок. Чындыгында мектептин түйшүгүнө чанда гана эркектер чыдап иштешет, ошондон болсо керек, кай жерди алып карабаңыз, билим берүү тармагында аялзаты басымдуу келет.

Үйдө да, иште да эриш-аркак бирге жүргөн жубайлар Айгүл Супаровна менен Медетбек Аттокуровичти айылдаштары, эмгек жамааты бири-бирин толуктап турган, куп жарашкан түгөйлөр деп билишчү. Алардын жакын кошунасы, мектептеги комуз ийриминин жетекчиси Клара Аилчиеванын эсинде жубайлар бири-бирисиз жашай албаган, тиги дүйнөгө бирге ээрчишип кете берген эгиздердей сакталып калаары анык.

— Биз кошуна жашадык. Экөө тең эмгек жамаат ичинде абройлуу, сыйлуу адамдар болгон. Аялзаты болгондон кийин айрыкча, Айгүл эже менен жакын сырдаш элек. Ал жаркылдаган жаркын маанай жан эле. Жолдошунун жумушу жооптуу экендигин жакшы билгендиктен, ар дайым колдоп, көмөктөшкөнгө аракеттенип, агайдын ден соолугуна тынчсызданып турчу. Медетбек Аттокурович өз ишине берилген, тартипти, анан тазалыкты аябай сүйгөн, катуу талап кое билген жетекчи эле. Балдарга география сабагын да окуткандыктан, аны жеке эле директор катары эмес, мугалим катары да сыйлап тураар элек. Менин уулум Тилек быйыл география сабагынан райондук олимпиадага катышып, биринчи орунду ээлегенде, менден биринчи агай сүйүнгөнү эсимден кетпейт. Ал көрөгөч жетекчи катары балдардын жөндөмүн көрө билчү.

БИРИ-БИРИН ТОЛУКТАГАН ПЕДАГОГ ЖУБАЙЛАР ЭЛЕ

Айгүл эже экөө эки уулду тарбиялап, эрезеге жеткиришти. Небереси Алихан мен жетектеген комуз ийримине катышып, республикалык “Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам” сынагынын облустук турунда байгелүү үчүнчү орунга ээ болгондо да, аябай ыраазы болуп, сүйүнүшкөн. “Биздин мектептин комузчулары мурда-кийин сынактарга катышкан эмес, байгелүү орундарга илинип, ийгиликтерге жетишели” — деп, ар дайым балдарды алдыга сүрөп, намыска чакырып тураар эле” – деп эскерди.

БИРИ-БИРИН ТОЛУКТАГАН ПЕДАГОГ ЖУБАЙЛАР ЭЛЕ

Медетбек Конуров мектепте иштеп жүргөндө да, поселкалык кеңеште иштеп турганда да, кийин ошол аймакка депутат болгондо да, өзүн заман талабын таасын сезген, азыркы заманбап технологияларды туура колдоно билген жетекчи катары таанылган. Анын агартуу тармагына сиңирген эмгеги, топтогон тажрыйбасы, коомдук иштерге активдүү катышкан мекенчилдиги жердештеринин, айрыкча, өзү окуткан жаш муундардын эсинде түбөлүк сакталып калмакчы.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер